Маанилүү жаңылыктар:
Булак
26.10.2017    Жан дүйнөнүн изи менен
Аруулуктун символун дүйнөгө даңазалаган, Айжан Акылбекова

Дүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөрдүн жетишкендиктерине сутканышыбыз мүмкүн, бирок, ошол өлкөлөрдүн айрымдарында Кыргызстандын тарыхындай байлыгы жок экендигинен улам Кыргызстан каада-салты, үрп-адаты менен чексиз бактылуу өлкө десек жаңылышпайбыз. 

"Айымдардын аруулугунун, бийиктигинин символу ак элечек"-деп дүйнөгө даңазалаган Айжан Акылбекова 2013-жылдан бери "Аруулук", "Тарыхка кайрылуу", "Мен элечекти сүйөм", 100 жана 1 элечекчен айым", "Элечек ээсиз турбасын" аттуу долбоорлордун алкагында эмгек сиңирип. аны менен биргеликте "Элечегим сыймыгым", Аалам, Аял, Аруулук" аталышындагы флешмобторду өткөрүп келет. 

Аталган долбоорлор жана флешмобторду демилгелөө менен биргеликте Акылбекова өз сөзүндө "аялдардын аруулугун бийиктигин даңазалап, кыргыз элинин маданияты ушундай керемет-деп сыймыктанчуу элбиз"-деп белгилейт. 

Айжана "учурда "Аалам, Аял, Аруулук" атуу флешмоб Орусиянын баш калаасы Москва шаарында "Айым KG" клубунун төрайымы Шахризада Аданованын көмөгү менен ийгиликтүү башталды жана мындан кийин көптөгөн өлкөлөргө барчуу жол алдыда"-деп билдирди. 

Жалпы элдин көз жоосун алган кыргыздардын улуттук кийими керемет экендигин ааламга жайылтуунун өзү сансыз кылымдар бою тарыхта кала турган демилге болушуна тилектешпиз. 

 

Orozaiym Narmatova

ERKINDIK.RU

 

...
     Толугу менен окуу
Акыркы макалалар