Атаке, мен сени сөзсүз издеп табам!

 Бүгүнда түшүмө кирдиң атаке! Биз кубалашып, дайыма өзүн алып барчу бала бакчанын алдында сен менин кулагымдан чоюп ойноп жатыптырбыз. Анан эле куюн болуп кетип, адашып калдым. Абдан коркуп, ыйлап баштадым. Бирок, эч таппадым. Көзүмдүн жашын куюлтуп, шамалды да сезбей отура бердим. Бир убакта чочуп ойгонуп кеттим. Себеби, сенин карындашың, менин эжем тарткылап жаткан экен. Чебелектеп, коркуп алыптыр. Көзүмдөгү жашымды аарчып, көкүрөгүнө кысып алып, бир топко ыйлады. Анын да азабы меникинен кем эмес экенин билем.  Ордуман туруп, Ак-Буураны көздөй жөнөдүм. Эч ким жок жерге барып орун алып, көз жашымды көлдөтүп алдым. Азыр 14 жашта болсом, 7 жыл мурун атам үйдөн жумушуна чыгып кеткен бойдон кайтпай калган. Анын дайынын эч кайдан таппай койгонбуз. Ошол 7 жылда мен ар бир күндү күтүү менен өткөрдүм. Мектептен шашып келчүмүн атам келип, мени күтүп калбасын деген ойдо. Апам болсо, атам жоголгондон кийин Орусияга иштегени кеткен. Ал кетип жатканда “Апа, кетпе! Атам келсе жини келет. Үйдө эле отурчу. Мен сени өзүм багам!”-дегем. Бирок, аны укпады. Ошондон бир жыл өтпөй телефондо башка адамга турмушка чыкканын угузуп, эжем менен жашашымды айтты. Бирок, ага капа болбодум. Кичинемден эле атама жакын болчумун. Апам мени көп деле эркелетпегенинен болсо керек. Ал эми атам мени катуу  жакшы көрчү.  Күндө кечинде жумуштан келгенде шоркурата жыттап, өпкүлөп алаар эле. Дайыма "Жалгызым"-деп айтып калчу. А мен туугандарыма: “Мени атам тууган”-дечүүмүн. Алар кайра-кайра айтырышаар эле. Ал экөөбүз жетелешип алып, дал ушул Ак-Буурага балык уулаганы келчүбүз. Өзү милиция кызматкери болгондуктан, убактысы да ченелүү болчу. Бирок, мага сөзсүз убакыт тапчу. Дүйнөдө мага атаман кымбат жана идеалдуу адам жок эле. Менин жашоодогу кыядарымдын баары атама байланыштуу...

Убакыт өтүүдө, сенден кабар жок. Өзүңдүн мээнетиң менен алган үч бөлмөлүү үйдө эжем экөбүз жашайбыз. Ал мени багат, мээрим төгөт, кирими жууйт,  сабактарыма жардам берет. Кээде аны жыттагым келет. Себеби, ал сенин бир тууганың жытың бар бар болсо керек деп ойлойм. Бирок, тартынам. Сенин жаштык кезиңди сурай берем. Алда эринбей айтып берет. Мага окшоп, дайыма сууга түшкөндү жакшы көрчү экенсиң. Аялзатын эч качан капа кылбай, аяп турчу экенсиң. Карындашыңды абдан жакшы көрүп, болушуп эле жүрчү экенсиң. Анан да биз ата-бала тамчы суудай окшош экенбиз. Билесинби, атаке? Экөбүздүн окшоштугубузду көп айтышат. Мени сага окшоткон учурда мурдумду көтөрүп, сенин уулуң болгонум үчүн сыймыктанып алам.

Сени каттуу сагындым. Тирүүсүнбү же өлүүсүнбү билбеймин! Кээде, өлүп калсачы деп ойлоп алып, менда өлгүм келип кетет. Кайдасын? Кайсы күнөөң үчүн дайынсыз жоголдуң? Билем сен мыйзамсыз иш жасабайсың! Көрө албагандар бир нерсе кылдыбы сени?!!! Ушул ойлор менен күн өткөртуп келем.

 Мен убакыт өткөн сайын сени издеп табышым керектигин ойлоп жатам. Өлүүсүңбү же тирүүсүнү табышым керек! Эгер өлүү болсоң, алакан жайып бата кылгым келет атаке, тирүү болсоң бактылуу күндөрдү чогуу өткөргүм келет. Жакында сенин досуңдун үйүнө бардым. Ага сен жөнүндө айтып берүүсүн талап кылдым. Ал “Сен сүрүштүргөнгө жашсың! Шашпа балам”-деп жолго салып койду.

Бирок, мен сени сөзсүз табам! Ишен мага! Мен сенин уулумун! Сенин ушул бойдон дайынсыз жок болуп кетишиң мүмкүн эмес атаке! Билем, сен да мени сагынгансың!

Ал эми мектепте сен айткандай жакшы окуйм. Менин да милиция кызматкери болуу тилегимди миң жолу уккансын! Ал оюмдан дагы эле кайтпадым. Азыртан интернеттен милициянын укуктарын, милдеттерин окуп, жаттап жүрөм. Бир күнү сени таап, күндө көз жаш төккөн карындашыңды кубандырам, сөз берем атаке!

                                                                                                                                           Дастан

16.07.2015 14:59

Ой-пикирлер (1)
4-авг. 2015 23:21
Байкуш 14 жашында эле азап коруп коюптур
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз