Материалдык жактан жардам сураган окуучу ыраазычылыгын билдирет

  ERKINDIK.RU сайты маалымат берүү менен гана чектелбестен Форум бөлүмү аркылуу дүйнөнүн төрт бурчундагы кыргыз атуулдары менен баарлашып турат. Балким көпчүлүгүңүздөр мындан кабардар болсоңуздар керек. Сайт жаңы ачылганда жетекчилик кайрымдуулук иштерине колдоо көрсөтүү максатында Кайрымдуулук бөлүмүн ишке киргизген эле. Анда кыргызстандыктар гана эмес, АКШ, Австрия, Дубай жана Германиядан кирген форумчулар муктаж адамдарга дайыма көмөк көрсөтүп келишкен.

Ушул жылдын май айында Форумдун Кайрымдуулук бөлүмүнө Салтанат аттуу колдонуучу “Материалдык жактан жардам сурайм” деген аталыштагы тема ачкан. Анда Салтанаттын ата-энеси ажырашып, кийинчерек Орусияда иштеп жүргөн апасынан айрылып, инилери менен таята, таенесинин колунда калганы жазылган. Бир буту жок төрөлгөн 17 жаштагы Салтанат жардамга муктаж экенин баса белгилеп, жалпы форумчулардан жардам сураган.

Сайттын башкармалыгы, форумчулар бул темага кайдыгер карабай, Салтанат менен байланышып, жыйынтыгында бардык социалдык тармактарга төмөндөгүдөй кайрылуу жарыяланган болчу:

  “Урматтуу мекендештер! Колдон келсе, ушул кызга жардам колун сунуп коелучу. Биз үчүн арзыбаган тыйын булар үчүн чоң нерсе экен. Кыргызда оорукчанды эч качан таштабайт эмеспизби. Жок дегенде жактыны басып, жардам көрсөтчү адамдарга жеткирели!

“Саламатсыздарбы? Мен Жалал-Абад облусунун тургунумун. Атым Салтанат, 17 жаштамын. Азыркы учурда 10-класстын окуучусумун. Үч бир тууганбыз, ата-энем ажырашып кетишкен. Апам өткөн жылы Орусияда иштеп жүрүп, оорудан каза болуп калды. Иштеп жүргөн убакта тапкан ачкасын бизге жумшап, жашообуз бир аз жакшы болчу. Бирок, ал да ажалга моюн сунуп, бизди таштап кете берди. А биз таене-таятамдын колунда калдык. Улуусу мен, ортончусу 15 жашта, кичүү иним 10 жашка чыкты. Мен жана кичүү иним экөөбүз тубаса оорулуу болуп төрөлгөнбүз.

Чоң инимдин гана ден соолугу чың. Биздин оорукчан болушубузга атамдын оорусу себеп болгонун туугандарыбыз айтышат. Азыр атам аялы менен жашайт. Ал менден кийинки инимди талашып, өзүнө алгысы келет.

Өткөн жылы апам Орусияда иштеп жүргөндө Бишкек шаарынан менин бутума операция жасатып, бутуму кестиргенбиз. Бирок, врачтар ар 6 ай сайын дарыланып, бутума протез жасатышым керектигин айткан. Бүгүнкү күндө каражаттын жоктугунан улам ден соолугум начарлоодо.

Карыган таятам менен таенемдин пенсиясын карап отурабыз. Эгерде менин төрт мүчөм түгөл болгондо өзүмдүн, инилеримдин келечеги үчүн колумдан келген аракетти жасамакмын. Ага да мүмкүнчүлүгүм жок. Ошондуктан, менин абалыма кайдыгер карай албаган боорукер инсандардан жардам сурайм. Урматтуу мекендештер, эки иним менен карыган пенсионерлердин колун карап отуруу бул чоң азап экен! Сиздерден суранаарым мага материалдык жактан жардам бериңиздер. Ишенем, кыргыз элинде боорукер адамдар көп. Алар менин жана инилеримдин тагдырына кайдыгер карашпайт деп үмүт кылам. Жалынып суранарым, бизге - үчөөбүзгө боорукер адамдар кайрылыңыздар! Үмүтүм эки инимде, алар билимдүү, мыкты адам болушун каалайм! Мүмкүн болсо колдон келген жардамыңыздарды аябайсыздар деп ойлойм. Жараткан жолуңуздарды ачсын!

Дарегим: Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Дейрес айылы.

Байланыш телефонум: (0776) 67 59 27.

АКБ Кыргызстан банкы. Счеттун коду: 1033420200325501.

ОKPO: 21146825, BIK: 103034,

INN: 41710201310041. Бактыбек кызы Саламат»

  Кайрылуу жарыялангандан соң башка бир катар маалыматтык сайттар Саламатка жардам көрсөтүүнү колго алышкан эле. Мунун жыйынтыгы менен каарманыбызга мигранттар тарабынан жана Мекенибиздин ар кайсы аймагынан активдүү жардам көрсөтүлө баштаган. Кийинчерек Саламат топтолгон каражаттын негизинде Бишкекте операция жасатып, протез койдурганын бизге сүйүнчүлөдү. Учурда каарманыбыздын ден соолугу жакшы, дарыланып жана окуусун улантып жатат. Өз учурунда боорукер, кайдыгер эмес адамдарга терең ыраазычылыгын жолдойт:

   "Урматтуу мекендештер! Сиздерге чоң рахмат! Мен ушунчалык ыраазымын сиздерге. Бул окуя аркылуу көп жакшы адамдар менен тааныштым. Дүйнөдө жаман адамдардан да боорукер адамдар көп экенине ишендим! Сиздерге канчалык көп рахмат айтсам жетпес. Кудайдан баарыңыздардын ишиңиздер жүрүшүп, тилеген тилектериңиздерге жетишиңиздерди тилеп, дуба кылам. Рахмат! Баарыңыздарга Алла ыраазы болсун!

Мага акча каражатын жиберген адамдардын аты-жөнүн жарыялап коюууну туура көрдүм. Алар:

Мадина Мухаммадиер Кызы (коду 1007230100052222 )– 3000 рубль

Батырбеков Тан (1003400100074051) – 1000 рубль

Давлятова Зарифа (509702333) – 2000 рубль

Анарматова Айгуль (1006990100040957) – 2000 рубль
Тажибаев Улукбек  (1006600100005218) – 1000 рубль
Айтиев Дурусбек - 10 000сом

700456370 – 1000 рубль

867075716 – 1000 рубль

1002680100072904 – 1000 рубль

1002830100018880 – 1000 рубль
1009580100000615 – 3000 рубль
1004920100108208 – 2000 рубль
1006470100041988 – 1000 рубль
1003610100080124 – 1500 рубль
245466013 – 2000 рубль

430475065 - 10 000 рубль 

Рустөм, Данияр аттуу жана дагы эки агаларым келип 4000 сом, дагы бир эже 2000 сом, Жоробаева Гүлнура аттуу эже 3000 сом беришти. Ошондой эле ар кайсы уюмдардан гуманитардык жардамдар жиберилип, "Жардам берүү оңой" коому, "Кызыл жарым ай коому" жана да Эмгек партиясы да көмөк беришти. 

Учурдан пайдаланып, өзгөчө ыраазычылыгымды ERKINDIK.RU сайтынын жалпы жамаатына жолдогум келет. Эгер сиздер болбогондо мен мындай жакшы адамдарга жолукмак эмесмин! Жардамыңыздарды аябаганыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем! "

Мына окурман, "көп түкүрсө көл болот" деген ушул белем. Муктаждыктан мүнкүрөп, дени соо эместиктен кайгыга муунуп турган дагы бир адамдын жүзү жылмайды. Ал бактылуу адамдардын, маанайы жакшыргандардын катарына кошулду. Жашоого болгон үмүтү тикеленди. Мындай учурда жардам алган адам гана эмес, көмөк берген киши да бактылуу болот десек жаңылышпайт чыгарбыз. Анткени алар бир кишинин тагдырын өзгөртүүгө себепчи болушпадыбы? Мындан улам дүйнөнү сулуулук эмес жакшылык сактайт дейт чыгарбыз. Айтор, жакшы адамдар бар болсун, жашоодо жакшылыктар гана жашасын! Тирүүлүктүн ар бир бекетинде муктаж кишиге жардамын берген кайрымдуу кишилерди, бизди, сизди, дегеле баарыбызды жакшы адамдар өз жакшылыктары менен күтүп турсун дейли.

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU

06.10.2015 21:19

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз