Эрте менен жегенге такыр болбогон азыктар

  Эрте мененки тамак- тамактануудагы эң керектүү азык.  Анткени ал күн бою адамдын абалына таасир берет. Бирок чындыкты айта турган болсок, таңкы тамакка дээрлик көпчүлүк маани бербейт. Эгерде эрте менен тамактана турган болушса да ал адаттагы боткого эч окшобойт. Биз колдоногон кээ бир азыктардын ашказаныбызга терс таасирин тийгизерин билесизби? Сиздер үчүн ач карын убакта жегенге такыр болбогон азыктардын тизмегин сунуштайбыз.

 

1. Цитрус жемиштери

Келишимдүү мырза эрте менен апельсин ширесин жайбаракат ичип отурганын- азыркы тасмалардан ийгиликтүү адамдын образында көрө аласыздар. Бирок чыныгы жашоодо такыр тескерисинче. Цитрус жемиштери негизинен ач турган ашказанга терс таасирин тийгизип, гастрит жана аллергиянын себеби болушат.

2. Банан

Банан -учурда өтө эле өзгөчө азык болбой калган. Азыр баарыбыз эле аны тамактануу тартибинине кошо алабыз. Бирок анын дагы пайдасы менен катар зыяны да бар. Банан акырындап сиңүүчү азык. Андыктан аны ач карынга түшүүсү ичегилерге жел толтуруп, жагымсыз абалды пайда кылат. Ушул эле себептен улам банандан кийин дайыма суюуктук же шире ичүү керек. Дарыгерлер бананды түшкү тамактануудан соң, 15 мүнөттөн кийин сунушташат. 

3. Чийки жашылчалар

Чийки жашылчалардагы кычкылдыктар ашказандын былжыр катмарын сезгендирет. Айрыкча  ашказан-ичегисинде көйгөйү бар адамдарга такыр болбойт.

4. Йогурт

Йогурт цитрус жемиштери сыяктуу өтө эле терс таасир тийгизбесе да, анын эч кандай пайдасы да жок. Йогурттун курамында бактерия болгондуктан, организмге эрте менен ашыкча бактериянын кереги жок. Аны негизинен тамактангандан соң, 2 сааттан кийин ичүү керек. Ушул учурда гана ал тамак сиңирүүгө жакшы жардам берет. 

5. Муздак суу

Суу-кубаттулуктун булагы жана тамак сиңирүүчү болуп эсептелет. Мындай ырастоо жылуу же бөлмөнүн жылуулугундагы сууларга гана тийиштүү.  Эрте менен ичилген муздак суу тескерисинче тамакты сиңирүүгө чоң тоскоолдук жаратып, абалдыңызды начарлатуусу мүмкүн.

6. Шириндиктер

Уйку бези эрте менен керектүү деңгээлде инсулин иштеп чыгара албайт. Ошого таң эртеден ага ашыкча оордукту жүктөбөгөн жакшы. Бул сиздин ден солугуңузга жасалган кылмыш катары бааланат. Анткени көбүнчө эрте менен шириндикти сүйүүчүлөрдө кант диабетинин пайда болуу мүмкүндүгү жогорулайт.

7. Кофе

Жыпар жыттуу кофе көпчүлүктүн эрте мененки жакшы көргөн суусундугу. Кофе ашказандын былжыр катмарын сезгентип, гастритке жол ачат. Ошондой эле боорго терс таасир берет. Боордун кызматы организмди тазалоо болгондуктан, дайыма кофе ичкендер ойгоно элек организмди иштетүү менен анын жабыркоосуна алып келет.

Биринчи байлык ден-солук экени талашсыз. Андыктан өзүңүзгө кам көрүүдө, таңкы тамакка жакшы көңүл бөлүңүз.

 

Жаңыл Султанова

ERKINDIK.KG\RU

 

30.03.2016 01:10

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз