Биз кабардар болбогон дүйнөдөгү 5 керемет

Атактуу Улуу Кытай сепили жана  Таж-Махал тууралуу дүйнө кереметтерин укпагандар жокко эсе. Ал эми назар салбоого болбой турган, деги эле дуйнөдөгү эң саякатчы адамадар да билбеген беш кереметти сиздер менен төмөндө тааныштырабыз.

 

Дүйнөдөгү эң чоң чопо шилендисинен жасалган Женнен мечити, 1988-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.  1996-жылы Vogue журналы тарыхий имаратта ачык  фотосессия кылгандыгы үчүн Женнен мечити туристтер үчүн жабылган. 

 

Индиянын Абанери кыштагында жайгашкан архитектуралык Чанда Баори комплекси, дүйнөдөгү эң байыркы терең тепкичтер менен түшүүчү кудук болуп саналат.  Кадимки оодарылган пирамыданын элесин берген бул курулуш 3500 тепкичтен туруп,  жер астындагы сууга 3 тараптан түшөт . Кудук окумуштуулар арасында “IX жана XI кылымда же биздин заманга чейин 600 жыл мурда курулган”-деп, азыркыга чейин талашка түшүүдө.

 

Бухаресттин эң белгилүү архитектуралык эстеликтери Рымуниянын Социалдык Республика учурунда курулган. Белгилүү сарай дүйнөдөгү  эң чоң жарандык административдүү имарат жана парламенттин эң чоң имараты  болуп саналат. Имарат 12 кабаттан туруп, анда 1100 бөлмө бар, ченеми 270ке 240м болсо, бийиктиги 86м. Ал эми жер түбүндөгү бөлүгүнүн тереңдиги 92м түзөт.

 

Мостаре шаарындагы Неретву жееги аркылуу өткөн жалгыз аяк көпүрө, 1993-жылы хорват баскынчылары тарабынан жок кылынган байыркы көпүрөнүн заманбап көчүрмөсү. Көпүрө ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Туристтер көңүл ачуу үчүн Босния көпүрөсүнөн сууга секирип түшүшөт.

 

Ар бир Пакистандык биле бербеген сепил 1733-жылы квадраттык формада тургузулган. Деравар коргону Пакистандын чөлүнөн ашып, 40 бастиондон турат.  Коргондун айрым жерлеринин бийиктиги30 метр болсо, узундугу 1500 метрди түзөт.

 

Айбийке Исакова

ERKINDIK.RU/KG

30.05.2016 23:40

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз