Москва: Бала-бакыт

Буга чейин “Жаштар коому” коомдук бирикмеси ар тараптан коомчулуктагы көйгөйлөргө кайдыгер карабай үн кошуп, материалдык жактан жардамга муктаж жаш жеткинчектерге аз да болсо кубаныч тартуулап келген.  Ал кадамды улай эле 1-июн балдар күнүнө карата “Жаштар коому” коомдук бирикмеси  “Кыргызстан аялдар” фонду менен биргеликте 4-июн күнү Орусиянын баш калаасында кыргыз мигранттарынын балдарына  жогорку деңгээлдеги жаркын кече уюштуруп берди.

Уюштуруучулардын бири “Кыргызстан аялдары” фондунун төрайымы Бурулча Төрөбекова “Мен үчүн наристе-бакыт, балдар-келечек. Ал эми бөтөн журттагы коомдук иш чараларга, кайрымдуулуктарга ар бир кыргыз атуулу кайдыгер карабай өз салымын кошуусу атуулдук милдет”-деп  билдирет.

Кечеде Москванын активдүү айым-мырзалар да четте калбай белектерин тартуулап, аксакалдар бата берип, майрам шаңдуу оюн-зооктор менен коштолду. 

“Жаштар коому” бул сыяктуу арбын аракеттерди дагы да жасай берээрин бышыктап, кечеге конок болгон Москвадагы кыргыз илипоздоруна, балдарга белек берип жакшы маанай жараткан активсттерге алкыш баракчасын тартуулады.

 

Айбийке Исакова

ERKINDIK.RU/KG

06.06.2016 04:05

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз