Хиджапты корккондуктан эмес, ишенимден кийүү керек

  2014-жылы, 3-майда ирандык журналист Масих Алинеджад “Менин жашыруун эркиндигим” деп аталган онлайн-кыймылын уюштурган. Иранда 1979-жылы “Ислам тартибине ылайык аялдар чачтарын к­­­өрсөтпөй, милдеттүү түрдө хиджап кийип жүрүүсү керек»-деген мыйзам кабыл алынган. Бирок, ирандык аялдардын көпчүлүгү коомдук жайларда кандай жүрүү ар бир адамдын жеке тандоосу деп эсептешет. Ислам дининде ар бир инсандын жеке тандоосу бар экендигине карабастан, Ирандын бийлиги аялдардын сырткы көрүнүшүн катуу көзөмөлдөшөт. Анын натыйжасында, хиджап кийбеген ирандык аялдарга айып пул салынып, эркиндигинен ажыратуу жазасын колдонушат.  

Ирандык аялдарга жардам берүү максатында Масих Алинеджад интернет баракчалардын бирине «Менин жашыруун эркиндигим» деп аталган онлайн-кыймыл уюштуруп, анын негизинде аялдар хиджапсыз сүрөттөрүн жүктөшкөн.

"Мен өз мамлекетимде эркин жашоого татыктуумун"

"Бул аябай өкүнүчтүү, менин чачтарым күндү, шамалды жана карды сезбестен агарып кетип жатат"

"Хиджапты мажбурлап кийгизүү-адамзатты акарат кылууга тете"

"Көпчүлүк аялдар хиджапты ишенимден эмес, корккондуктан кийишет"

Ошондой эле хиджапты колдоп чыккан аялдар, хиджапты мажбурлабай өз каалоо менен кийүү керектигин айтып билдиришкен. 

 

Айбике Исакова

ERKINDIK.RU\KG

15.07.2016 23:06

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз