Бала чактан бери биз ишенген, жер шарындагы кызыктар

  Жер шары тууралуу кичинекейибизден бери, ишенип жүргөн көптөгөн далилдүү фактылар, түшүнүктөр айтылып келет. Эч кимдин бул далилдердин туура эместигине күмөн саноосу болгон эмес. Бул макаладан, сиз ааламды башка тараптан көрүүгө мүмкүндүк алып, жер шарынын канчалаган укмуштуу жайлары, сырлары бар экендигине дагы бир ирет ынанасыз. 

1. Дүйнөдөгү эң бийик тоо-Эверест тоосу. 

А чындыгында дүйнөдөгү эң бийик тоо-Гавайядагы Мауна-Кеа жанар тоосу. Анын бийиктиги 10 203 метрди түзүп, көп бөлүгү суу алдында жайгашкан. 

2. Улуу Кытай сепили-адам колу менен жасалган космостон көрүүгө мүмкүн болгон жалгыз түзүлүш.

Бирок бул мүмкүн эмес. Кытай сепилинин туурасы болгону- 6 метр. Андыктан ал космостон такыр көрүнбөйт. 

3. Сахара чөлү-дүйнөдөгү эң чоң чөл.

Эң чоң чөл-бул Антарктика. Анын аянты 869045 чарчы метрди түзүп, ал эми кээ бир аймактарында 2 млн.жылдан бери туунма болгон эмес. 

4. Лондондогу белгилүү сааты бар Биг-Бен мунарасы. 

Биг-Бен бул саатты каккан коңгуроонун аталышы. А мунара Сен-Стивен деп аталат. 

5. Булуттардын салмагы жок. 

Булуттар өтө майда, жалпы салмагы- 500 тоннага жеткен тамчылардан турат. 

6. Чагылган бир түшкөн жерине, экинчи ирет түшпөйт. 

Түшөт. Эмпайр-стейт-билдинг шиш чокусуна чагылган жылына 25тен ашык, кайталанып уруп турат. 

7. Дүйнөдөгү эң бийик шаркыратма- Анхель шаркыратмасы.

Жер шарындагы эң бийик шаркыратма Дат кысыгынын тереңинде жайгашкан шаркыратма. Анын бийикти 3505 метр. Негизи, океандын түбүндө шаркыратма, көл, дарыялар бар. Аларды сүрөткө тартууга мүмкүн болбогондуктан, аталышы да жок.

8. Суу- электр тогун өткөрөт.

Чындыгында суу өзү электр тогун өткөрбөйт. Сууда эриген минералдардын жардамы менен электр тогу өтөт.

9. Алмазды сындырууга болбойт.

Балканын "жеңил" соккусу алмазды майдалап жиберет.

10. Бардык бак-дарактар тамыры аркылуу сугарылат.

 

Африкадагы Набиб чөлүндөгү укмуштуу дарак, жалбырактары аркылуу суу менен камсыздалат.

11. Улуу Британия-Европадагы эң жамгырлуу өлкө.

Лондондо жылына 500 мм жаан-чачып түшсө, Италиянын шаарлары, Рим-760мм, Милан-1000 жана Генуеде жылына-1100 мм жаан-чачын катталат. Бирок Улуу Британияда жыл бою жамгыр жаап турса, Италияда кыш жана күз мезгилинде көп жаайт.

12. Нил-дүйнөдөгү эң узун дарыя

Амазонка дарыясынын узундугу Нилден 400 км узун. Анын жалпы узундугу- 7100 км.ди түзөт. 

13. Дүйнөдөгү эң туздуу дениз- Өлүк деңизи.

Бирок, Антарктиканын кургак өрөөнүндөгү Дон-Жуан дарыясынын туздуулугу абдан жогору болгондуктан, аба ырайынын 50 градус суугунда дагы тоңбойт.

 

Айбике Исакова

ERKINDIK.RU

26.07.2016 20:21

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз