Балаңыздын сүрөтүн социалдык тармактарга чыгарбаңыз

  Социалдык ааламдын тузагына түшкөн 21-кылымда көпчүлүк адамдар эсте каларлык учурларынан тарта, күнүмдүк жашоосуна чейин жалпыга жарыялап турганы чындык. Анын ичинде сүйүктүү чүрпөлөрүнүн да сүрөттөрүн жарыялоону адатка айлантып алышкан. Бирок, жаш балдарды уурдоо фактыларына социалдык тармактар түрткү болоруна көпчүлүк маани бербесе керек.

Балдарыбыздын коопсуздугу үчүн төмөндөгү эрежелерди сактоону баарыңыздарга сунуштайбыз. Социалдык тармактардын колдонуучулар такыр колдонуу керек эмес экен деп ойлобоңуздар, болгону бир аз чектөөлөрдү эске алуу керек. 

1. Балаңыздын убакыт өткөргөн жайларын көрсөтүүчү сүрөттөрдү чыгарбаңыз

Мейли, ал мектеп болобу, атайын баруучу спорттук зал же ийрим болобу алып барган багытыңызды сүрөткө түшүрүүнүн кереги жок. Бул маалыматтар кээ бир кара ниеттер үчүн даяр табылга болуп, жолуңуздан аңдып жүрүүсы ыктымал.

2. Балаңыздын кызыгуусун чагылдырган сүрөттөрдү жарыялабаңыз.

Баланын кызыгуусун билүү менен аны ыңгайлуу учурда, ыңгайлуу жайда алдоо оңой болот. 

3. Балаңыздын өздүгүн билдирген расмий документтердин сүрөтүн дароо өчүрүңүз.

Ким документтерди сүрөткө тартат деп таң калып жатасызбы? Бирок, кээ бир адамдар балдарын чет өлкөлөргө алып баргандыгын тастыктаган жаңы визаларын, күбөлүгүн жана башка документтерди мактануу иретинде жарыялоону жакшы көрүшөт. Балаңыз тууралуу маалыматтын ачык болуусу кара ниет адамдарга чоң мүмкүнчүлүк берет.
4. Балаңыз менен унаага байланыштуу окуяларды сүрөткө түшүрбөңүз.
 Биринчи кезекте мындай сүрөттөр өзүңүзгө зыян. Маселен, бул сүрөттөгү ата-эне "жарыш" оюнунан кийин темир тор артында калышкан. 
5.Канчалык сүйкүмдүү болбосун, чүрпөңүздүн жылаңач же жарым жылаңач сүрөттөрүн жарыялабаңыз
Жакындарыңыз үчүн мындай сүрөттөр кызык жана сүйкүмдүү болушу мүмкүн. Бирок, кээ бир оорулуу адамдар башка көз карашта көрүшү мүмкүн.
6. Келечекте балаңызды кызартып, уялтуучу сүрөттөрдү сактабаңыз.
Дээрлик ар бирибиздин балалыгыбыздын ыңгайсыз сүрөтү бар. Аны көрүп отуруп, ата-энем эмнени ойлогон деп калабыз. Андыктан, балаңыздын келечекте жакшы гана таасирлерди калтыруучу сүрөттөрүн сактаңыз.
7. Башка балдар менен чогуу түшкөн сүрөттөрдү чыгарбаңыз.
Мейли жакыңызыдын же досуңуздун баласы менен болсун, ата-энесинин уруксатысыз алардын сүрөтүн жүктөөгө укугуңуз жок. Сиз башка бирөөнүн баласына жоопкер боло албайсыз. 
Эсиңизде болсун, социалдык тармактарга жарыялаган ар бир сүрөт жалпы колдоно алчу маалымат болуп эсептелет. Ошондуктан, балаңыздын коопсуздугу үчүн ар бир сүрөттү, досторуңуздун арасында болсо да ойлонуп чыгарыңыз. 
 
Айбике Исакова
ERKINDIK.RU\KG
 
02.08.2016 14:00

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз