Кыздар кыялданган Барселона

 Орто кылымдан бери күндүн нуру байырлап алган Барселона ар бир кыздын кыялына айланган эмеспи. Испаниядагы автоном облусу аталган Каталониянын борбор калаасы Барселона туристтердин Европа боюнча негизги багыттагы каттамынын катарында. Кыздардын кыялына айланган эң романтикалуу шаар тууралуу кызыктарды сүрөттөр баяндап берсин.

Орто кылымдагы Европалык архитектура стилиндеги имараттар азыркыга чейин сакталып калган.

Испаниялык белгилүү архитектор Антонио Гауди тургузган байыркы курулуштардын бири. Анда дагы деле жергиликтүү калк түтүн булатса, айрым жерлерин кеңсе үчүн колдонууга беришкен.

1882-жылда башталган курлуш дагы деле уланууда. Ыйык түркүмдөрдүн ибаадатканасы.

Калаадан 50 км сыртта жайгашкан Монсеррат чиркөөсү 1025 жылы негизделген. Чиркөөнүн аты Монсеррат тоолордун урматына коюлган.

Барселонанын кумжээги.

Айымдар сүйгөн тамшанткан таттуулар.

Каталониянын дагы бир официалдуу эмес символу болгон Монжиук тоосунда жайгашкан улуттук исскуства музейи.

Орто кылым архитектурасында курулган чоң чиркөө.

 Айымдар түштөнүүнү кыялданган тарыхий имараттардын арасындагы жайкы кафе.

 

Айбийке Исакова

ERKINDIK.RU/KG

02.08.2016 20:47

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз