Тургундарга акча төлөп, жумуш менен камсыздаган шаарлар

  Биздин жер шарыбызда адамдардын жашоосуна муктаж болгон көптөгөн шаарлар бар экендигин билбегендер арбын. Ал шаарлардын бийлиги өз аймагындагы адамдарга жашагандыгы үчүн акча каражат төлөп, жумуш менен камсыздоого даяр. Бул сөздөр чындык болуусу үчүн жогорудагыдай шарттарды сунуштаган шаарлар менен тааныштырабыз.

 

1. Детройд, Мичиган, АКШ

20-кылымдын жарымына чейин Детройд шаары -"Батыш Париж", "АКШнын  автоунаа борбору" деген аталыштарда белгилүү болгон. Бирок, учурда ээн калган шаар мурунку атактуулугун кайтаруу үчүн болгон аракетин жумшап келет. Бул маселени чечүү үчүн бийлик «Challenge Detroit» деген программанын негизинде, түрдүү тармактагы мыкты адистерди шаарда жашап, иштөөсү үчүн 2,5 миң доллар сунуш кылат.

 

2. Аляска штаты, АКШ

Эгерде сиз кыш мезгилин, жаратылыштын апакай кооздугун жакшы көрсөңүз, Аляскада жашоо сизге укмуштуудай ырахат тартуулайт. Улам жашоочулары азайып бараткан түндүк аймактын бийлиги, жарандарга акча каражат төлөп берүүчү атайын фонд түзгөн. Анын негизги шарты Аляскада сөзсүз түрдө бир жыл жашоо.

 

3. Саскачеван провинциясы, Канада 

Канаданын бул провинциясы жашоодо багытын али тандай элек жаш бүтүрүүчүлөргө жакшы сунуш киргизген. Эгерде жаштар 7 жыл бою ушул шаарда жашай турган болсо, 20миң доллардан акча төлөп турушат.

 
4. Ниагара шаркыратмасы, Нью-Йорк, АКШ
Дүйнөдөгү эң кооз, укмуш жайда жашоону сунуштоо мүмкүн эместей сезилет. Ага кошумча акча да төлөп берсе. Өкмөт бүтүрүүчүлөргө тажрыйба топтоо үчүн шаркыратмага жакын жайгашкан шаарларга жиберишет. Шарт боюнча, алар 2 жыл жашап, 7миң доллар сыйлык алып турушат.
 
5. Понга, Аустрия, Испания
Бул Испаниянын түндүк-чыгышындагы коруктун аймагындагы керемет айыл. Жаштардын көңүлүн бурдуруп, жергиликтүү экономиканы көтөрүү үчүн өкмөт бул жакка көчүп келген, ар бир үй-бүлөгө 3миң евро төлөп берет. Мындан сырткары, төрөлгөн ар бир балага дагы 3миң евро төлөнөт. Андыктан, экологиялык таза жана кооз жайда жашоону каалагандар үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк.
 
6. Утрехт, Нидерланд
Голландия социалдык жана гуманитардык илимий-изилдөөлөрү менен дүйнөгө белгилүү. Ушундай багытта Утрехт шаарында ар бир жашоочуга колдоо катары 1000 доллар төлөнүп турат. Жөнөкөй изилдөө үчүн гана. 
 
7. Кертис, Небраска, АКШ

Дээрлик ар бирибиз бийликтин шаарды өнүктүрүү аракеттерине нараазы пикирлерди айтабыз. Кертисте бул пикирлер бош сөз бойдон калбайт. Мында шаарды өнүктүрүү, көрктөндүрүү жана маданияты үчүн өз идеясын сунуштаган жаранга бекер жер берет.

 
Айбийке Исакова
ERKINDIK.RU\KG

 

09.08.2016 17:59

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз