Жагымдуулуктун илимде далилденген алты сыры

Илимий изилдөөлөрдүн негизинде жагымдуулуктун  6 сыры менен кабардар болуп, жеке жашооңуздагы мамиледе колдоно жүрсөңүздөр болот.

1-Кызыл түстөгү кийим.

Жалпыга маалым болгондой эле, кызыл  түс байыркы учурдан бери жогорку  мартабаны билдирип турууга кызмат кылган.

АКШ, Англия, Кытай жана Германиянын  өкүлдөрү катышкан изилдөөдө "өзгөчө кызыл түстөгү кийим адамдардын көңүлүн тартып, айрыкча айымдарды ажарлуу көрсөтүүгө салым кошкон түс"- деп табылган.

2-Жүзүңуздөгү жагымдуу эмоция.

2011-жылда, илимпоздор миң адамга изилдөө жүргузүп,алардын сүрөттөрүн карама каршы жыныстагы адамга көрсөтүшкөн.

Жыйынтыгында; айымдарга токтоо жана оор басырыктуу болуп сүрөткө тартылган жигиттер жакса, эркектер “токтоо эмес жылмайып, бактылуу болуп түшкөн айымдарды жагымдуу “-деп билдиришкен.

3-Жаңсоону да жагымдуу жасаса болот.

Илимпоздор 144 видеодо тартылган кыскача кезигишүүлөрдү талдоо максатында изилдөө жүргүзүп, анда 3 миңге жакын таанышуу сайтына сурамжылоо кылган.

Жыйынтыгында; кезигишүүдөгү адамдардын бир тобу өздөрүн эркин алып олтуруп, көпчүлүк учурда ачык-айкын түрдүү жаңсоолорду жасагандар, экинчи топтогу капастагы куштай олтургандарга караганда, эки эсе жагымдуураак көрүнөөрү аныкталган. Ал эми, сүрөткө ар кандай позада колдорун көтөрүп түшкөндөр, жакты белгисин көп алышкан.

4-Бир-биринин көзүнө кароо, аз гана мүнөт ичинде берилүүгө алып келет.

Массачусттагы жогорку окуу жайдын психологу-Джоан Келлерман карама каршы жыныстагы 36 студент арасында изилдөө жургузуп, аларды бири-биринин көзүнө 2 мүнөт карап турууга чакырган.

Жыйынтыгында; изилдөөнүн катышуучулары бири-бирине терең берилип кеткендиктерин айтышкан. Изилдөөчүлөр жыйынтыктан улам “көпө чейинки созулган көз караштар буга чейин тааныш эмес инсандар ортосунда махабат жаралуусу да мүмкүн”- деп белгилешкен.

5-Сиз камкорсуз

Израиль кыздарынын арасында да изилдөө жүргүзүлуп, аларга эркектер тууралуу кыскача баяндарды окутушкан. Анда кыздар “үй жаныбарын баккан жигиттерди жагымдуу”- деп белгилеп өтүшкөн.

Жыйынтыгында; үй жаныбарын багып, аларга камкордук көрсөткөн эркек, ар бир ишинде жоопкерчиликтүү жана үй-бүлөөдө да камкор боло алат экендиги белгилүү болгон.

6-Ак ниеттүүлүк

Коомдо өзүн үлгүлүү алып жүрүү менен жаратылышка кам көрүү эң жагымдуу адамдардын катарын толуктайт экендиги изилдөөсүз эле белгилүү. Ал эми, кыз-жигиттин ортосундагы мамилени көпкө уланткысы келгендер,  башкалардан айырмаланып туруучу экологиялык белектерди тартуулашат.

Кымбат баалуу белектер чектелген кызыкчылык үчүн же келечеги жок мамилеге жетелеши белгилүү болгон.

Айбийке Исакова

ERKINDIK.RU/KG

13.12.2016 16:46

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз