Окурмандан суроо, юристтен жооп

  ERKINDIK.RU сайты мындан ары юридикалык багытта суроолоруна жооп издеген окурмандарга көмөк берүү ниетинде жаңы рубрика сунуштайт. Жеңил же балким маанилүүбү, сурооңузду узатып юристтен тиешелүү жооп алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланыңыз. 
Берилген суроолорго Ош шаарындагы "Мен жана мыйзам" юридикалык компаниясынын жетекчиси Болот Баетов жооп берет.
Суроо: Ош шаарында жумушка  орношойун десем эле  шаардык каттоомду сурап, эч жерде каттоодо жоктугумду билишери менен мени жумушка алуудан баш тартышат. Каттоосу жок жумушка орношуунун жолу жокпу?
Жооп: Эмгек кодексинин 64-беренесинде эмгек келишиминин негизинде ишке кирчү адам жумуш берүүчүгө төмөндөгү документтерди көрсөтүшү керек: 
Паспорт же жеке адамга тиешелүү эмгек китепчеси жана сиз орношчу жумушка тиешелүү талап кылынган документтерди тапшырышыңыз зарыл. Эгерде биринчи жолу жумушка орношуп жатсаңыз, жумуш берүүчү эмгек китепчеңиз менен социалдык коргоо күбөлүгүн ачып берет. Жумушка алууда шаардык каттоонун болушу зарыл деп жазылган эмес. Сиздин кайсы аймакта каттоодо тургандыгыңыз паспортуңузда көрсөтүлгөн.

Суроо: Араван районунан Ошко келгениме  беш жылдан ашты. Үй-бүлөмдү багуу үчүн жумуш чыга калса эле ылгабай иштеп жан багып келебиз. Эч жерде каттоого турган эмесмин. Менде паспорт ,күбөлүк да жок. Мага окшогон көмүскөдөгү адамдарды кайда, кантип жүрөт деп мамлекет тарабынан көзөмөлдөй турчу кызмат барбы? Же биз эптеп-септеп жан багып, эл ичинде сандалып жүрө беребизби?
Жооп: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 9-беренесинин 2-пунктуна ылайык, социалдык жактан корголбогон жарандарга эмгек акынын кепилденген өлчөмү төлөнүп, эмгекти жана ден соолукту коргоого колдоо көрсөтүлүшү керек. Ошол укугуңуздан пайдалансаңыз болот. Ал үчүн тиешелүү органдарга: Социалдык фондго, Эмгек миграциясы жана жумуш менен камсыздандыруу бөлүмүнө, ЗАГСка каттоого коюуга, документтерди кайра жасатууга арыз менен кайрылыңыз.

Суроо: Мен коңшу Тажикстан  Республикасынын  жараны болчумун. Турмушка Кыргызстандын жаранына чыккам. Жолдошумдун паспорту жок болуп, нике күбөлүгүн алган эмеспиз. Тажикстан  республикасынан  алган паспортумдун мөөнөтү да бүтүп калды. Туугандарыма баруу үчүн чек арадан өтө албай кыйналуудамын. Кантип паспорт алышым керек?
Жооп: Паспорт боюнча Кыргызстандагы Тажикстан  элчилигинин дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрылыңыз. Ошол жерден сизге тиешелүү жол-жобосун көрсөтүп беришет. Нике күбөлүгүн алуу үчүн паспортуңузду калыптандырып, каттоого турууңуз керек.

Суроо: Агам Ош шаарынын  жер тилкесин алып берем деп айылдан каттоодон чыгарып келген болчу. Кийин көзү өтүп кетти. Кайсы жерге каттоого тургузганын билбей жатам. Айылга барып айып пул төлөп, кайра каттоого тургам. Бир учурда эки жерде каттоодо болсо эч нерсе болбойбу? Эгер агам  кайсы бир жерге каттатып койгон болсочу деп кабатырмын.
Жооп: Эгер сиз кайсы бир аймакка жер тилкесин алам деп каттоого турган болсоңуз, сиздин ал жерде каттоодо тургандыгыңыз, жашагандыгыңыз тууралуу далил керек. Жаран бир учурда эки жерде каттоодо турууга болбойт.

Суроо: Мен көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашайм. Жакында антенна алып үйдүн тамбашысына орнотойун десем, дом. ком  уруксат бербей койду. "Жашоочуларга  үйдүн ачкычын бербе деген токтом чыккан" деп, койдурбай койду. Чындап эле ушундай токтом барбы?
Жооп: Сиз жашап жаткан көп кабаттуу үйдүн тамбашысы бардык жашоочуларга таандык. Аны көп кабаттуу үйдө жашаган бардык жашоочулар ар кандай шартта пайдаланууга укуктуу. Шаардык мэрия тарабынан андай токтом чыккан эмес. Кийинки ирет дом.комдон токтомдун көчүрмөсүн сурап көрүңүз. 

Суроо: Менин кошунам 5-кабатта жашайт. Үйүнүн ортосундагы дубалды бузуп, жашаган үйүн кеңейтип жатканда "менин үйүмө жарака кетти, бул эмне кылганың? Үйүмдүн жаракасын жаап бер десем "мен органда иштейм, колуңдан эч нерсе келбейт" деп жатат. Кимге кайрылам?
Жооп: Сиз биринчи кошунаңыз архитектура менен макулдашып бузуп жатабы, ошону билиңиз. Эгерде жарака кеткен болсо, анда 2 же 3 кошунанын катышуусунда  АКТ түзүү керек болот. Кошунаңыз менен тынчтык жолу аркылуу чечишип көрүңүз, эгер ага да көнбөсө, анда шаардык архитектурага кайрылууңуз туура болот.

Суроо: Күйөөм менен 2 жыл мурун ажырашкам. Чогуу жашаган кезде күйөөм экөөбүз жер тилкесин сатып алып, ага "времянка" салганбыз. Эми ошол чогуу салган үйдүн жарым акысын доолай аламбы?
Жооп: Эгерде ЗАГСка катталган болсоңуздар, мыйзамдын негизинде сиз үйдүн жарым акчасын же үйдүн жарымын доолай аласыз. Мыйзам ажырашкандан кийин 3 жыл ичинде доолап алууга жол берет, эгер мүлк чогуу жашап жаткан кезде салынган(сатып алынган) болсо.

Суроо: Эки неберемди 10 жылдан бери багып-өстүрүп, тарбиялап келем. Аларды кичине кезинде эле келиним аракка берилип кетип, мага таштап кеткен. Ал эми уулум үйлөнүп, азыр өзүнчө турат. Балдары менен иши да жок. Кийинки аялы балдарды көргүсү да келбейт. Ушунча жылдан кийин балдардын энеси пайда болуп, аларды менден талашып жатат. Келиним баягыдай эле ичет экен. Жашай турган үй-жайы да жок. Мен балдардын келечегин ойлоп, расмий түрдө аларга камкор катары документ алсам деп ойлойм. Кантип алсам болот?
Жооп: Сиз мэриянын же райондук мамлекеттик администрациянын астындагы Балдарга камкордук көрүү бөлүмүнө кайрылсаңыз болот. Алар комиссия түзүп, бардык жагдайды ар тараптан изилдеп чыгышат. Балдар 10 жашка чыгып калышкандыктан, алардын оюн да угуп, сизге расмий түрдө балдардын камкору катары чечим чыгарып берүүлөрү мүмкүн.

Суроо: Күйөөм менен жашабай кал­га­ныма эки жылдан ашты. Ортодо эки балабыз бар. Экөө тең мени менен жашачу. Алты ай мурун мыйзамдуу түрдө сот аркылуу ажырашканбыз. Кичүү уулум мени менен ал эми улуусу атасынын колуна кеткен. Улуу баламдын начар багылып, тескери тарбия көрүп жатканын көрүп, кайра колума алайын дегем. Бирок күйөөм мага “сен баладан баш тарткансың, мына, колуң турат бул жерде” деп бир документ көрсөттү. Көрсө, мен орус тилин түшүнбөгөндүгүмдөн сот учурунда “баламдан баш тартам” деп кол коюп берип коюптурмун. Эми кайра кантип уулумду колума алам?
Жооп: Балаңызды кайтарып алууга толук мүмкүнчүлүгүңүз бар. Биринчиден, ал үчүн далилдөөчү документтерди толук чогултуп, сотко доо арызы менен кайрылышыңыз керек. Экинчиден, ЖПКга ылайык, эгерде тараптардын бирөөсү орус тилин түшүнбөсө, анда котормочуну соттук процесске катыштырууга тийиш эле.

Суроо:  Сиңдим залалсыз шишик оорусу менен ооруйт. Бишкектеги дарыгерлерге көрүнүп, дарыларды ичип жүрөт. Бир жолу ага өзү­бүз жактык дарыгер жолугуп, “жакшы таасир берет, айыгып кетесиң” деп бир топ дарыларды карызга бериптир. Сиңдим аларды бир топ күн ичсе да таасир бербей жатканын айтып мага телефон чалды. Барып дарылар менен таанышсам, баары биологиялык активдүү кошулмалар (БАД) экен. Эми биз ал дарыгерди БАДды дары деп алдап сатканы үчүн сотко бере алабызбы?
Жооп: Сиңдиниз өзү жашаган райондогу прокуратурага арыз менен кайрылуусу керек. Арыздын негизинде тергөөчү керектүү адамдарды сурактан өткөрүп, жыйынтык чыгарат. Жыйынтыкка карата токтом түзүлөт. Эгер кылмышка карата фактылар табылса, анда кылмыш иши козголот. Акырында чечимди сот чыгарат.

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU

27.02.2015 18:51

Ой-пикирлер (1)
28-фев. 2015 17:12
Кантип,кай жактан суроо бере алабыз
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз