Окурмандан суроо, юристтен жооп

   ERKINDIK.RU сайты мындан ары юридикалык багытта суроолоруна жооп издеген окурмандарга көмөк берүү ниетинде жаңы рубрика сунуштайт. Жеңил же балким маанилүүбү, сурооңузду узатып юристтен тиешелүү жооп алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланыңыз. 

Берилген суроолорго Ош шаарындагы "Мен жана мыйзам" юридикалык компаниясынын жетекчиси Болот Баетов жооп берет.

Суроо: Мен жолдошум менен 18 жылдан бери бирге жашабайм. Ал дайынсыз жок болуп кеткен ЗАГСты кантип ажыратам?

Жооп: Эгерде сиздин жолдошунуз 18 жылдан бери дайынсыз жок болсо, сотко дайынсыз жолдошунузду таап берүү арызы менен кайрылыныз. Ошол эле арызга ЗАГСты кыркуу талабын кошо жазсаңыз болот.

Суроо: Кредиттин пайызын токтотууга жана узартууга болобу?

Жооп: Кредит алып жатканда кредитор менен кредит алуучунун ортосунда келишим түзүлөт. Эгерде сиздин ушул учурда каражат төлөөгө кудуретиниз жетпесе, банктын жетекчилиги менен сүйлөшүп, бир пикирге келүүңүз. Мыйзамда кредитти төлөбөй коюу жана анын пайызын азайтып берүү каралган эмес.

Суроо: Менин иним 2013-жылы оорудан каза болуп калды. Аялы да бир кызы менен таштап кетип калган эле. Азыркы убакта кызы мени менен инимдин кызын опекумство дайындатып өзүм алсамбы деп жатам. Апасы дале дайынсыз. Кимге кайрылам? 

Жооп: ЖК 70 ст негизинде опекумду  балдарды коргоо жана үй-бүлөлөргө жардамдашуу уюмуна арыз менен кайрылыңыз. Бул уюм бир ай ичинде сиздин турмуш шартынызды жана балага ынгайлуулуктарды карап опекумство дайындайт.

Суроо: Алимент алуу учун кандай документтер керектелет?

Жооп: Алимент алуу үчүн баланын ден соолугу жөнүндө медициналык справка, күбөлүктүн көчүрмөсү, энесинин паспортунун көчүрмөсү, жашаган жерден тактама, үй-бүлө курамы жөнүндө тактама жана сотко алимент өндүрүү боюнча арыз кагазы керектелет.

Суроо: Сотто менин катуушумсуз эле мени алимент төлөөгө милдеттендирип коюптур. Ушул туурабы?

Жооп: КР ЖП кодексинин негизинде балдардын сиздики экендиги аныкталса, анда сиздин катышууңузсуз сот органдары соттук буйрук чыгарууга  укуктуу. Эгерде сиз соттук буйрукка макул болбосоңуз, анда жүйөлүү себептерди келтирип соттук буйрукка каршы пикир жазсаңыз болот. Бирок сиз бул мүмкүнчүлүктү ошол убакыттан тарта 10 күн ичинде гана жасай аласыз.

Суроо: Чоң атам каза болордон мурун мага үйүн мурастоо аркылуу өткөрүп берген. Азыр чоң атамдын кичүү уулу үйдү бересиң деп талашып жатат. Чоң атамдын үйүн алууга ким укуктуу боло алат? 

Жооп: Эгерде чоң атаныз өз эрки менен сизге үйдү мурастоо аркылуу өткөрүп берген болсо, анда үй сиздин жеке менчигиңиз болуп эсептелет. Сизден үйдү тартып алууга эч кимдин укугу жок. 

Суроо: Күйөөм менен 2 жыл мурун ажырашкам. Чогуу жашаган кезде күйөөм экөөбүз жер тилкесин сатып алып, ага времянка салган элек. Эми ошол чогуу салган үйдүн жарым акысын доолай аламбы?

Жооп: Эгерде ЗАГСка катталган болсоңуздар, мыйзамдын негизинде сиз үйдүн жарым акчасын же үйдүн жарымын доолай аласыз. Мыйзам ажырашкандан кийин 3 жыл ичинде доолап алууга жол берет, эгер мүлк чогуу жашап жаткан кезде салынган(сатып алынган) болсо.

Суроо: Мурастоо үчүн берилген үйдү өзүмө канча күн аралыгында каттап алсам болот? Эки жуманын ичинде жасасам кечикпеймби?

Жооп: Албетте, болот. Сиз мамлекеттик каттоо кызматына кайрылуунуз керек. Алар мурастоо келишимин 1 күндүн ичинде түзүп берет. Ал үчүн сиз бардык документтерди ала барууңуз зарыл. Каттоону тез  жана жөнөкөй тартипте каттоого алдырсаңыз, анда акча каражаты көбүрөк коротулуп калышы ыктымал. Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып, алардан да толук маалымат алып койсоңуз болот. 

Суроо: Эгер мен жарандыгымды алмаштырсам, менин жер үлүшүм эмне болот?

Жооп: КР ГК, 283-ст. Эгерде Сиз жарандыгыңызды алмаштырсаңыз, анда бир жылдын ичинде жериңизди Кыргызстандын жаранына сатышыңыз керек. Эгерде бул убакыт ичинде жериңизди сатпасаңыз, анда ыйгарым укуктуу орган ал жер тилкесин сатууну уюштура алат. Бирок, алар жерди сатууга кеткен чыгымдарды кармап калып, калган акчаны сизге берүүгө милдеттүү. 

Суроо: Ата-энебизден мураска калган жерди саталы деп жатабыз. Бирок жер агам экөөбүзгө таандык болуп эсептелет. Ал эми агам чет өлкөдө жүрөт жана тилкени сатууга макул. Жерди кантип сата алабыз? 

Жооп: Агаңыз чет мамлекетте болсо, мурасталган жерди сатуу боюнча сиздин атыңызга ишеним кат жазып берүүсү керек. Ишеним каттын негизинде сиз жерди сатууга толук түрдө укуктуу болосуз.

Суроо: Менин атам жакында каза болуп калды. Бир аял менен 1 жыл бирге жарандык никеде жашаган экен. Учурда атамдан калган машина жана үй бар. Ал эми жарандык никеде жашаган аялы менден "машинаны же үйдү бересиң, болбосо атаң менен чогуу жашагандыгыбызды далилдеп, сотко кайрылам" деп жатат. Жарандык никеде жашаган атамдын аялы мурастоо укугуна ээ боло алабы?

Жооп: Эгерде сиздин атаңыз  жазуу түрүндө мурасын бир адамга каттоо катын калтырып кетпеген болсо, анда мыйзамдын негизинде мурас бөлүштүрүлөт. КРЖК 1142 ст негизинде биринчи орунда балдарына бирдей өлчөмдө, аялына багып алган балдарына жана ата-энесине бөлүштүрүлүп берилет. Бирок, атаңыздын жарандык никедеги аялы ЖААК бөлүмү тарабынан каттоодон өтпөгөн болсо, анда ал мурастоо укугуна ээ боло албайт.

Суроо: Мен жолдошум менен 5 жыл жарандык никеде жашадык. Ортобузда 2 бала бар, учурда ажырашканбыз. Жарандык никеде жашаган күйөөмдөн алимент алсам болобу? 

Жооп: Сиз жарандык никеде жашаган күйөөңүздөн алимент ала аласыз. Бул үчүн сиз жашаган аймактагы сотко арыз (арызга балдардын күбөлүк жана медициналык справкасы керектелет) менен кайрылыныз. 

Суроо: Айыл чарба багытындагы жер үлүшүмө үй кура аламбы?

Жооп: КР ЖК, 74-ст. Сиз ал жайга үй кура албайсыз. Жер үлүшү айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн берилген. КР ЖК, 66-ст.  Жер үлүшүнө курулуш куруу - аны максатка каршы пайдалануу болуп эсептелет. Бул аракет жерди алып коюуга негиз болуп берет. Эгерде айыл чарба багытындагы жер тилкеси абдан эле алыс аймакта жайгашкан болсо, анда сиз капиталдык жерпайы (фундаменти) жок, бузууга оңой айрым курулмаларды (алачык, жеркепе) тикелей аласыз. 

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU

07.05.2015 19:08

Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз