Согушта жеңе албасак азыркы муундун алдында уялып, жер карап калмакпыз

  Мекенди коргогон эр-азамат, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Турду Сатыгуловго жараткан бешенесине быйыл 90 жаштын туз-даамын таттуу бактысын буюруптур. Ал 1925-жылы Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылында туулган. 8 жылдык мектебин бүтүргөн соң алгачкы эмгек чыйырын катардагы жумушчулуктан баштаган кезде согуш ааламатына жол тарткан. Учурда уул-кызынын төрүндө, кадырлуу карылыктын доорун сүрүүдө.

Согушка чакыруу келгенде кубанган элем

  1943-жылы 18 жашка толорум менен  Советтик Армиянын катарына чакыруу келди.  Ал мезгил согуштун эң катаал учуру эле. Айылда аялдар, балдар жана карыялар калган учур болчу. “Баары фронт үчүн”-деген ураандын алдында колубузда барын согушка айдап, ачка-ток калган балдар, тишинин кирин соргон карылар... Айтор тылда да жашоо оор болчу. Элет жеринде алдуу-кучтүү эркектердин баары согуш талаасына кеткендиктен 18 жашка чыгып, айылда жүргөнүм үчүн намыстанып кетчүмүн. Чакыруу келгенде менин кубанганымды айтпа. Көкүрөгүмдөгү оюм ишке ашып, жөнөп кеттим. Оюмда айылымдагы курман болгон агаларымдын, санаалаш досторумдун өчүн алуу гана бар эле.

Алгач даярдоо курсунда окуй баштадык. Даярдоо курсунан өтүп жатканда командирибиз согуш тууралуу маалыматтарды, биздин милдетибизди кулагыбызга кумдай куюп турчу. Алыста жүрдүм, согушка кире элек болчумун, ошондо Мекендин кадырын сездим окшойт. Кечинде мышыгуулардан соң, ак карлуу Ала-Тоону, шылдыраган тунук сууну, кыргыздын кымызын эстеп, куса болор элем. Бирок, ал кезде бардык аскерлердин мойнунда бир гана жүк бар эле - Ата-Мекенди коргоо деген. Даярдоо курсу бүткөн соң биз согуш майданына аттандык. Тактап айтканда, 277-аткычтар дивизиясында жоокер болдум. Бул “катардагы жоокер” деген наам мен үчүн сыймык болчу. Согуш майданына киргенде катарыбыз суюлуп чыгар эле, Мекен деп өлүп жаткан журтташтарымы көрүп жүрөгүм тилинчү, ыйлачу. Аларды көрүп тишими кычыратып, өч алууну максат кылбай коюу мүмкүн эместей эле. Ал учурда ачка калуу, кийимибиздин жыртык болгону маанилүү болбой, автоматты кармаганымда ар бир окту бекер кетирбей, душмандарды дал бутага атып өлтүрүү мага максат болчу.  

Согуштун эң катаал учурлары дайым көөдөнүмдө турат

  Бир күнү согуш майданында фашисттер менен салгылашып жатканбыз. Ошол учурда биз артка кайтуубузга туура келди. Бирок, ошол жердеги жоокерлердин баардыгы артка кайтууну каалабадык. Себеби, артка кайтуу биз үчүн өлүмдөн да каттуу, уят болчу. Кайтпадык. Куралдарыбыз, окторубуз да саналуу гана калган. Немецтер да оңой менен баш иймек беле? Салгылашуу кызуу жүрүп жатканда арттан кошумча жардам келип калды. Биздин ошондогу кубанычыбызды сөз менен жеткире албайм. Өлүмгө башыңды сайып кирип барганда, сени ажалдын чеңгелинен куткарганда кандай сезим болору дайын болсо керек. Ошентип, биз душманды тыптыйпыл кылдык. Бирок, катарыбыздагы адамдарыбыздан айрылдык. Мындан да оор жагдайлар болду. Кан жыттанган талаада 2 жыл жүрүп,  Латвияны, Литваны, Эстонияны бошотууга катыштым.  Ар бир шаарды бошоткон учурда бүткүл фашистерди жеңгендей кубанып калар элек. Кудайга шүгүр кандай кыйынчылык болбосун жеңишке жеттик.

Жеңишти Калининград шаарында тостум

  Согуштун аяктап, биз жеңишке жеткенибиз сезиле баштаганы менен согуштагы абал оорлошуп, ачкачылык каптап келди. Бирок, жеңиш бизге нандан артык болуп, шапкебизди асманга көтөрүп, көөдөнгө батпаган кубаныч менен тостук. Ошол учурда мен 20 жашка эми чыккан болчумун. Чогуу согушка кирген казак, орус, тажик айтор баарыбыз бир тууган болуп, бизди максат, дилдеги тилек жана милдет бириктирип турар эле. "Жеңиш" деген сөздү укканда ошол досторубуз менен кучакташып, кубанычтан өксүп ыйлаганбыз. Себеби, согуш майданына кирип баратканда тирүү көрүшөт экендигибизге бир аз да үмүт болчу эмес да! Мен ишенүү менен айта алам, ал учурда бизге жаныбыздан да Мекен кымбат экен да!

Мекенге кайтуу

  Тынчтык орногон соң Кыргызстанга кайттым. Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктерим үчүн орден, медалдарга татыдым. Туулган жериме кайтып келгенден кийин бир жылдык куруучулар курсун бүтүрдүм. 1946-1967-жылдары Көлдүк айылында бригадир, склад башчысы, прораб болуп иштедим. Андан ары 10 жыл Көлдүк айылдык Кеңешинин төрагасы, 17 жыл айылдык кеңештин башкы эсепчиси болуп эмгектендим. Эмгек менен гана элди кыйынчылыктан алып чыгаарыбызды түшүнүп, кайраттанып иштей баштадык. Мен айылдык кеңештин төрагасы катары калктын жашоо-турмушун жакшыртууга күч жумшадым. Айылдагы жолдордун оңдолушуна, электр жарыгынын коюлушуна, мектептин курулушуна колумдан келишинче аракет жумшадым. 

Согуштан келип, өмүрлүк жарым Тургун менен баш кошуп жашап, турмуштун оорун, женилин көрүп дале жашап келе жатабыз. 7 уул, 4 кыздын ата-энеси болуп, аларды эрезеге жеткирдик. Бүгүнкү күндө уул-кыздарыбыз өздөрүнчө бир айыл десем болот, 40 небере, 40 чеберебиз бар.

Согуш тууралуу сүйлөп бергим келбейт 

  Неберелерим согуш ааламаттары тууралуу сураганда негедир эстегим да, айткым да келбейт. Себеби, согуш алааматы эч бир жанга жылуулук алып келбейт. Ал адамдын денесин муздатып, көзүнөн жашын агызганга гана даяр. Силер ал апаатты көрбөй, билбей калдыңар. Кудай сактасын, билбей эле койгула. Мына, арадан канча жылдар өтсө да согуштун жүрөктө калган тагы айыга элек го! Ылайым, андай мүшкүл күн эми эч качан кайталанбасын. Биз ушул күндөр үчүн, балдардын бактылуу күлкүсү үчүн кармашканбыз. Мамлекеттин ар бир ташын тепсетүүдөн намыстанып, кан кечкенбиз. Тилегеним эле ошол, жарандарыбыз барчылыктын, тынчылыктын кадырына билсе экен! Бул Мекенибиз, Кыргызстаныбыз келечектеги нечендеген муундарга бүтүн бойдон жетсе экен!

Эгерде ошол согушта биз жеңишти камсыздай албасак, анда азыркы муундун алдында жер карап, уяттан калтырап турмакпыз да. Ылайым дүйнөдө тынчтык жана ынтымак болсун!

Каныкей Жороева

ERKINDIK.RU

08.05.2015 18:28

Ой-пикирлер (1)
12-май. 2015 14:18
оо менин авамго буларга таазим этиш керек жениш ушундай патриот адамдардан келген бизге.
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз