Чыңгыз Айтматов

Кызыл жолук жалжалым

55 беттин 1 - бети

Пролог ордуна

   Кесибим журналист болгон соң үйгө байыс албай кыргыз жергесин   кыдырып жүргөнүм жүргөн. Ошондой бир жолу Нарында жүргөн элем, Фрунзеге редакциядан чукул чакырып калышты. Автостанцияга жетип келсем, автобус менин алдымда эле жүрүп кетиптир. Кийинкиси беш сааттан соң жөнөйт экен. Жол улаш бир машинеге түшүп кетиштен башка ылаажы калбады. Жүгүрүп шаардын этегиндеги  кара жолго чыктым.

   Жолдун бурулушундагы бензокалонкада жүк машине туруптур. Шофер жаңы эле май куюп бүтүп,  бензобактын капкагын толгоп жаап жатыптыр. Кубанып кеттим. Кабинанын айнегинде Балыкчы автобазасынын белгиси бар экен. Аерге жетсем, андан ары Фрунзеге машине байма-бай каттап турат эмеспи.

   -Сиз азыр жөнөйсүзбү? Мени Балыкчыга чейин ала кетиңизчи!-деп өтүндүм шофердон.

   Шофер кылчайып бир карап алды да, моюн толгоп кетти.

   -Жок, агай, ала албайм.

   -Антпесеңиз. Фрунзеге шашылыш чакыртыптыфр. Шофер дагы бир жолу түксүйө карап койду.

   -Түшүнүп атам, бирок  капа болбоңуз агай. Жан баласын албаймын.

   Таңыркап туруп калдым. Кабинасы бош эле экен, ала кетсе эмне болмок?

   -Журналист элем... Шашгып баратам. Канча болсо төлөйүн...

   -Кеп акчада эмес, агай!-Шофер корс этти да, дөңгөлөктү бир тепти.-Башка учурда бекер алып кетейин. Бу жолу.... болбойт.  Капа болбоңуз. Дагы далай машине өтөт,  бирөөнө түшүп кетерсиз. Мен алып кете албайм...

   Жолдон ала кетчү бирөөсү бар го деген ой кетти.

   -Кузовуна деле...

   -Болбойт.. Кечирип коюңуз агай....

   Шофер саатын карады да жөнөөгө шашты.

   Айлам түгөнгөндөн кийин ийин куушуруп, бензин куюучу мокоол орус катынды таңыркай тиктедим. Ал баятан бери терезесинен бизди телмире карап отурган.  Мага башын чайкады, кантесиз, тынчын албаңыз дегенсиди. Таң.

   Шофер кабинасына отуруп, тутанбаган папиросун тиштеди да, моторун от алдырды. Отуздар чамасындагы күржүгүй далы, узун бойлуу жигит экен. Рулдун алкагын аткый кармаган шадылуу колдору, кабагы салаңдаган чарчаңкы көздөрү али күнгө көз алдымда турат. Чү дээр алдында алаканы менен бетин бир сүртүп алды да, оор күрсүнүп, алдыдагы тоо боорлоп кеткен жолду олурая карап койду.

   Машине жүрүп берди.

   Бензин куюучу катын будкасынан чыкты. Сыягы мени жубаткысы келди бейм:

   -Ирежибеңиз, азыр сиз да кетесиз,-деди.

   Мен унчукпадым.

   -Кусалыкка жабырап жүрөт алиги байкуш... Айтса, узун сөз... Бир кездерде ушул базада турчу.

   Бензин куюучу катындын сөзүн аягына чейин уга албадым. Жол улаш "Победа"  чыгып калды.

   Алиги жүк машинени биз Долндун этегинен араң кууп жеттик, жүк машине катуу жүрүп баратыптыр. Тянь-Шандын жолуна канык болгон шоферлорго да мынчалык катуу жүрүш опурталдуу эле. Катуу бараткан күүсүн басаңдатпастан боор талашкан кыя жолдун чукул бурулуштарынан  шарт-шурт бурулуп, салаңдаган аска таштардын астынан күркүрөп өтүп, бирде кайкыга чыга калса, кайра көрүнбөй түшүп кетип, брезенти далбактап бортун чапкылып кайра чыга калып, машине алдыбызда бара жатты.

   Канкен менен "Победа" жеңилдигин кылды. Акырындап басып өтө бердик. Өлөр-тирилерине карабай арылдаткан бу кандай неме деп мен карап өттүм. Аңгычакты жамгыр аралаш мөндүр төгүп жиберди.



1 | 2 | 3 Кийинкиси Аягы


Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз