Чыңгыз Айтматов

Ботогөз булак

18 беттин 1 - бети

 Буудан жетпей арыган,

 Куш канаты талыган,

 Кырк күнчүлүк жолу бар,

 Кайнатылуу шору бар,

 Анаркай деген жер ошол... (Элден)

  

    Кайнар булактан  чаканын кап ортосунан суу суза бергенче ээн талааны жаңырткан ач айкырык чыкты:

    -Э-эй! Академик, тумшугуңду канжалатам!

    Селейе каттым. Кулак төшөдүм. Чынында менин атым Кемел, бирок тиги кыйкырган неме "академик" деген атка кондуруп ийди. Тыңшасам, наркы беттеги трактордун үнү өчүптүр. Менин тумшугумду канжалатчу ошол трактордун ээси Абакир. Ал мага дагы өкүрүп-бакырып берет, кала берсе муштум кезеп тап берип калат. Трактор экөө, мен жалгыз. Ошол эки тракторго мен бу жалгыз аттуу араба менен суу да, май да, майлаар май да, дагы бар балакеттин баарын жеткирип туруш милдетин. Тракторлор болсо, бу аймактагы жалгыз ушу булактан күн сайын алыстап баратат. Учу-кыйырына көз жетпеген жур үстүндөгү жалгыз коштон да, коштогу жанар май куйган цистернадан да акырындап алыстап баратат. Цистернаны сүйрөтүп, тракторлорго жакындатып коймок элек, кайдан, ал да жалгыз башатка байлануу. Тиги Абакир деген неме аны түшүнгүсү жок. Качан болсо: "Трактор туруп калса, тумшугуңду канжалатам! Кайдагы бир бокмурун студент сөрөйдүн айынан убактымы бошко коротоюн деп жүргөн мен жок!" -деп бакырганы бакырган.

    Мен студент да эмесмин. Институтка өтүү капарыма да кирген эмес. Мектепти бүтөөрүм менен ушу Анархайга келдим. Бизди быяка жөнөтөөр алдындагы жыйналышта (ичинде мен бармын) бизди "дың буза турган эр-азаматтар, жаңырган чөлкөмдүн тайманбас баштоочулары" деп атаган. Эмичи? "Академик" атка кондум. Уят! Аны чыгарган Абакир. Өзүдө да бар. Аңкоо башым, бала кыялданып, оюма келгенди абайлабай айта салам. Анан уккан журтка күлкү болом. Бирок бул кыялкечтигиме жалаң өзүм эмес, тарых мугалимибиз Алдыяров да күнөөлүү экенин буердегилер кайдан билсин. Өлкө тааныткыч Алдаяров? Анын айтканын оозуму ачып уга берип, мына эми азабын тартып жүрөм...

    Ошону менен бочкемди толтурбастан арабамды жылгадан айдап чыгып, жолго түштүм. Мында жол дегендей жол деле жок. Ушу арабамдан эле калган из. 

    Трактор береги карарган кең айдоо жердин этегинде турат. Кабинасынын үстүнө чыгып алып, Абакир дале муштумун абага жаңсап, мени ашата сөгүп кыйкырып турат.

    Атка камчы салдым. Бочкедеги суу чайпалып, далыма чачырап келатат. Ага карабай атты кубалап барам.

    Быякка да суранып келген өзүм. Кыйнаган эч ким жок эле. Башка балдар Казакстандын гезиттеринде даңазаланып жаткан кадимки дыңына кетишти. Анархайга мен жалгыз жөнөдүм. Буердеги иштер быйыл жазда гана башталды. Ошол үчүн эки эле трактор иштейт. Башчыбыз агроном Сорокин былтыр ушуерге уй тилиндей тилкеге кыракы арпа айдап, тажрыйба кылып өстүрүптүр. Түшүмү дурус болгон дешет. Айлана талаага да ошондой болуп өсүп берсе, Анархайда кыштаган малдын тоют маселеси оңой чечилер эле дешет.

 Анткени менен бу келгендер деле кылчактап иштеп жатат. Анархайдын жайы кургак, күнү ысык. Башка чөп эмес, темир тикен көк кезинде куурап калат. Буерге мал кыштатчу колхоздор да азырынча башкалардын эккени эмне болоор экен, байкайлы деп тарткынчыктан турат. Ошол үчүн ээн талаада иштеген бизди салаага салып эсептеп чыкса араң жеткидей. Эки тракторчу, эки чиркөөчү, ашпоз катын, суу ташыган мен, анан агроном Сорокин-болгону ушуларыбыз. Бу жерде биз бар экенибизди дүйнөдө жан адам билбес чыгар, дүйнөдө эмне болуп жатканын биз да билбейбиз...  Тек Сорокин гана окто-текке бир жаңылык айтып келет. Ал атчан жакын журттагы чабандарга барып, рация аркылуу чоңдор менен жаакташат, иштин жүрүшүн кабарлайт. 

    Э-э-э,  дың дегениң, дың



1 | 2 | 3 Кийинкиси Аягы


Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз