Чыңгыз Айтматов

Биринчи мугалим

24 беттин 1 - бети

Бул сүрөттү мен али тартып бүтө элекмин. Анын кандай болуп чыгарын эмитен айтуу да кыйын. Күнүгө таң заардан туруп, мурда долбоорлогон айрым вариант, сүрөтчө-этюддарды кайра баштан эки-үч сыйра карап чыгам да, таңкы тынчтыкта аркы-терки басып ойлоном. Жок, мен али көңүлдөгүнү таба элекмин, иштин баары алдыда. Бул сүрөт азырынча ойдогу тилек, жүрөктө толкуган, кан тамырында жүгүргөн элес, үмүт, кыял гана...

 

   Иштеп бутпөй жатып, болочок чыгарма жөнүндө күн мурун жарыя салганды дегеле башыман жактырбайм, натуура көрөм. Кызганчактык эмес. Бешиктеги баланын бек болорун ким билет. Бирок, бул жолу, өзүңөр көрүп тургандай, мен ал адатымдан танып, бүтө элек чыгармамды ортого салып, ал жөнүндө кеп айтмакмын. Айтпаска менин айлам да жок. Эмне үчүн дегенде, жалгыз менин гана күчүм жетердей эмес, мага түрткү берип, кыялымды ойготкон бул окуя койнума батпай, кучагыма сыйбай турат. Мен аны сүрөт аркылуу төкпөй-чачпай элге жеткирсем деген үмүттөмүн. Ошого көпчүлүк эл акылын айтып, тилегин кошсо экен дейм. Ал чыгарма көптүн деминен жаралган  алоо болгудай, каныңардан кан кошуп, күчүңөрдөн күч болуп бергиле. Мен бул иш тууралуу силерге түздөн-түз айтып берүүгө милдеттүүмүн.

Биздин айыл Ак-Жар тоо этегинде, суулар шаркырап аккан чоң тектирде орношкон, андан ылдый, туурасынан суналган Кара-Тоого чейин-түзөң өзөн, темир жол кеткен казактын сары талаасы.

 

    Айылдын үстүндөгү адырга, мен бала чактан бери билген, эки зор терек болор эле. Бул кош терек азыр да ошол жерде. Качан карабагын, айылга кайсы туштан келбегин, элден мурун эле дөбөдө жанаша кыналышкан ушул бийик теректер көзгө учурайт. Эмне үчүн экенин билбеймин, же балалык таасирдин күчүбү, же болбосо сүрөтчүлүк кесибиме байланыштуубу, айтор, станциядан түшүп, капчыгайдан чыгып, айылды көздөй бет алганда, тээ адырда баягы кош теректер турат болду бекен деп, чыдамсыздык менен ошол тарапты акмалап караймын. Ушунчалык алыстыктан бактар канчалык бийик болбосун көрүнөрү шектүү, бирок мен үчүн алардын сөлөкөтү ар качан байкалгандай туюлат. Эртерээк айылыма жетип барып, кош терекке ийилип салам берип, кулагымдын моокусу кангыча алардын күүлөнгөн үнүн уксам деп дайым дегдеймин. Көчөдө бак деген толуп жатат, бирок бул теректердин укмуштуу бир касиети-алар бөтөнчө үндүү, тил бүткөндөй жандуу теректер. Түнү-күнү тынбай, качан болбосун жалбырактар дирилдеп, чайпалган чокулары айкалыша, теректер ар кандай үнгө салып шуулдайт. Биерде жээкке урунган эрке  толкундай угулар-угулбас шыпшынып, бирде тым-тырс ойлоно калып, сагынычтуу санаага толгондой, алда эмнеге мундана үшкүрүп, жулунган шамал булут айдап,  жаан айдап, бутактарын кайрып ийгенде, теректер бой тиреше  чыңалып, “бизди жыгалбайсың”-дегендей өжөрлөнө күүлөнүшөт.

 

   Кийин эс тартып чоңойгондо, мен бул теректердин сырын түшүндүм. Бийикте, туш-тарабы ачык дөбөдө тургандыктан, булар дайым шамалдын огуна келип, абанын ар бир кыймылына жооп кайтарып, жанагыдай тынымсыз шуулдап, бөтөнчө үндүү болгонун да себеби ошол. Анткен менен менин бул байкап тапкан балалык  кыялымдын алгачкы таасирин суута албады. Ошол кездеги сонуркаганым азыр да тарабай, мен үчүн бул теректер ушул күнгө чейин кандайдыр тегин эместей, сырдуу, жандуу  сыяктанат. Бул теректердин түбүндө менин өмүрүмдүн  эң бир сыйкырдуу чагы калгандай, эстеген сайын кайра баштан эскергим келет.

 

   Окудан таркаган жайкы маалда биз бир топ балдар болуп, балапан алабыз деп ушул жерге келчүбүз. Биздин чуркурашкан үнүбузгө ыраазы болгондой, дөбөдө кериле чайпалган алп теректер дайымкысындай жалбырактарын леп-леп жепилдетип, бизди күндөн көлөкөлөп тосуп ала турган. Ошондо биз, чор таман, чор алакан тентектер, теректерге мышыкча асылып чыга баштаганда, чуу көтөргөн таранчылар жаны калбай чырылдашар эле. Анысына болобузбу! Улам



1 | 2 | 3 Кийинкиси Аягы


Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз