Касымалы Баялинов

Ажар

3 беттин 1 - бети

Майдын аяк кези. Түн... Асман ачык... Мончоктой  тизилип көк деңизинде сүзүп жүргөн сансызжылдыздар бир-бирине ым кагышып жымыңдашат.  Жаратылыш койнундагы нерселердин бардыгы да көшүлүңкү тартып, май айынын түнкү коңур, салкын абасына батып, жай алып, таттуу уйкуга бастырылган.  Бирок кыбыладан жумшак жел согуп, өсүмдүктөрдүн  жазгы жаш жалбырактарын кыймылдатып, желбиретип  турат. Алыста ышкырып, «айтаттаган» күзөтчүлөрдүн үнү угулат. 
Акырын басып, Чырдын дарбазасынан Ажар чыкты.  Ажарда өң жок, жүдөгөн, узун кара чачы чубалып аркасында. Элең-селең этип кылчактап ал арт жагын карайт, жүгүрөт, шашат... Ажар чуркап отуруп,  энесинин мүрзөсүнө келди. Мүрзөнү кучактады.  Капкайдагы бук болгон ичтеги арманын көз жашы менен айтып, буркурап, боздоп, энесинин мүрзөсү менен коштошту. Түбөлүк таттуу уйкуда жаткан Батманын өлүгү да алыска сапар кетип бара жаткан жетимин аягандай болду, күңгүрөндү. ..  Ажар Какшаалды бет алды. Себеби: Какшаалда  турган кыргыздар бар экендигин уккан. Какшаал Турпандын кайсы жагында нече күнчүлүк жер экендигин да ал жакшы билет. Ажар иш кылып ошол кыргыз элине барып, башын жашырып, Чырдан кутулмакчы.  Ажар чуркап жүрүп олтуруп, таң сүрүүгө жакын калганда, бир калың чычырканактуу токойго келип бекинди. Токой ичиндеги майышкан жаш чөптөр Ажарды аягандай болду; шоодурап, баштарын кыймылдатып, Ажардын кайгысына тең орток боло тургандай, качкан жоосунан кутказып, ээн-эркин өз жолуна сала тургансыды. Буралган көк жашыл сабактары, жаш жалбырактары менен Ажарды жашырды, койнуна алды. 
Күн чыкты. Түнү бою тилден калгандай үнсүз жаткан токой ичиндеги барлык нерселер эртеңки
күндүн таза, күмүш нуруна балкыды. Ажар да бирге балкып, кечке жатты. Бирок уктай албады. Бүткөн боюнун ооруганы, таманынын сыздаганы, жүрөгүнүн  дүпүлдөп соккону—аны жашоорутуп, онтолотту. Бул гана эмес, бир жагынан курсагы ачты, ээрди кеберсиди. Алы да начарлайын деди. Байкуш, анысына карабай, каш карайып, ымырт жабылгаң кезде,  сенделип ордунан туруп, кайта жолуна түштү.  Көп убакыт өттү. Таң саргайып ата баштады. Ажар Турпандын четинен өтүп, кургакка чыгып,  Какшаалдын четине келди. Какшаал суусуз чөл, ээн
жер боло турган. Бириндеп ар кайсы жерине чыккан алтыгана, табылгы, жылгындары гана болбосо, башка жерлери чөпсүз, кумдуу мейкин талаа.  Ажарга мурункусундай жашынууга ылайыктуу жер табылбады. Издөөгө алы да келбеди. Бүткөн бою салмактанып, буту шилтөөгө жарабай калды. Илгери басайын десе, мүдүрүлүп буту кумга бата түштү.  Жыгылып кетти... Күн көтөрүлүп, ысый баштады.  Ажар араң сүйрөлүп барып бир алтыгананын түбүнө жыгылды, жатты... Күндүн ысык шооласы алтыгананын арасынан Ажардын үстүнө түшүп,  боргулдантып тердетип, бүткөн брюн ысытып, капалап жиберди. Таңдайы кургады. Суусады. Бир ичим муздак суу көзүнөн учту. 
— Алда ай, суу болсо э. Бир чыны муздак суу ичип өлсөм, арманым болбос эле... — деди Ажар. Бирок мындай чөлдө суу кайдан болсун, суу жок. Сууга эми бир күн — түн катса, ошондо араң жете турган.  Күн чакчайып чак түш болду. Ысыгы мурункусунан  да күчөп, мээ кайнатып турат. Ажардын кубаты кетти,  өзөгү карарды. Ысып, тердеп, тили оозуна батпай калды. Чиркин, жан деген кыйын го, кантсин! Шордуу үстүндөгү чапанын чечип, алтыганага жаап, бетине калканчык кылды. «Өлөт деген ушул экен» деп,  буркурап ыйлап, олтура кетти. Көп токтоп тура албады, чырым этип уйкуга кетти... 


Майдын кечки салкын жели сокту. Кошоктошуп  көктө жүргөн ак булуттар каалгып учат. Жел алардыкөрүнбөгөн сүйкүмдүү колу менен түртүп учуруп,  Тянь-Шандын көк тирешкен аскаларына айдап барып токтотот. Кээде



1 | 2 | 3 Кийинкиси Аягы


Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз