Мукай Элебаев

Узак жол

83 беттин 1 - бети

Биздики — элден обочо, жалгыз тамдын түбүндөгү жалгыз кара үй эле. Шашке кез. Биз төшөктөн жаңы туруп жатканбыз. Бир кезде Алмакан эжем ойдо жок жорукту баштап, эпкиндеп, чыркырап барып төшөктө жат-кан энемди басып жыгылды. Анын төшөк тартып жатканына көп болгон.

Энем да күндөкүдөй эмес, көздөрү коркунучтуу, чарасынан чыгып, көкүрөгү кырылдап, билинер-билинбес дем алып, улам жоошуп кетип баратат. Өлүп бараткан адамды биринчи көргөнүм ушул. Ошондо мен он бирдемин.

Баарыбыз үрпөйө түшүп, энемди тегеректеп, үйүлө калдык. Эжем тура түшүп, элирген немедей бардык үнү менен өкүрүп тышка чыкты да, бир кезде кайра кирип келип, энемди дагы басып жыгылды. Биздин үй элден обочо болсо да эжемдин чыңырган дабышы менен бирин-серин эл жыйналып калды. Ошол убакта мен эмнегедир алданып тышка чыгып кеткемин. Аңгыча болбой бир кезде «чур» дей түштү. Чуркураган чаржайыт үндөр уламдан-улам күчөй берип, жаман үйдү көтөрүп кетти.

Ошентип, алты чөбүрө жетим калдык. Эң улуубуз Алмакан эжем, анан мен, менден кийин Беккул, анан Эш-бай, андан кийин Ашымкан деген кыз. Эң кенжебиз Бекдайыр. Баарыбыздын арабыз эки жаштан. Өлөр алдында жана бир кыз төрөп, аны багып ал деп бирөөгө берген. Бул он айга жетпей өлүп калды.

Энем деги койдой чубуртуп, көп төрөгөн адам: төрт эркек, алты кыз болуп, баары — онду тапкан. Үч кызын эрге берген. Ушулардан азыр үйдөгүбүз алтоо.

Энем өлгөн соң, анын ордун басып жетимдерге көз болууга Бурмаке кемпир келди. Бул — атамдын агасы — Элебестин зайыбы. Алтымышка келип калган, бүкчүйгөн гана кичине кемпир. Булардан башка карашаарыбыз жок. Элебес — эзелтен томаяк адам. Ошондуктан Кызыл-Кыя деген жерге жолчу болуп, биротоло көчүп кеткен. Кедей жан багышка бул жер бир аз ылайык эле. Мында көчүп келгенине быйыл үч жыл.

Эми багыбызга туш келгендей быйылкы жыл да өтө кыйын болду. Мезгили жетсе да жакын арада көк чыкпай, күн сурданып, кезек-кезек кара бороон буркурап, эл-дин көзүн ачырбай жутатып туруп алды. Былтыр эгин болбой калган. Анын үстүнө биздин элдин көбү жарытып эгин экпейт. Мыктаганы эки тешеге жетпеген жер айдоочу. Элде быйыл ачарчылык. Ошондуктан бирин-сериндеп кап бөктөрүнүп алып, орус поселкаларына чубап калган.

Биздин бир табак буудайдын акыры кечээ бүткөн. Бүгүн эртеден бери наар алганыбыз жок. Бурмаке кемпир мени төмөн жакта бир үйдөн бир жармалык буудай суратып жиберген. Ал жампайган кепенин түбүндө бир кара үй эле. Бардым. Мурду барбайган чоң кара кемпир, коломтодо күйүп бүткөн тезек чогун жайып коюп, отко кактанып отуруптур. Анын колтугунда жамгырдан ык-кан кулундай корголоп бир кичине кыз олтурат.

Мен барып:

— Бурмаке энем бир чөйчөк буудай берсин дейт — дедим, кемпирге бет бакпай, четке карап туруп. Буйдалган жок, чыгдан жагын бир карап алды да кемпир:

— Жок,— деп күңк этти.

Кайра келдим. Бурмаке энем жаңкыдан бөлөк акыл үйрөтүп жана жиберди.

— Айт, өлбөсөк бир чөйчөк буудайынын кунуна чыгарбыз...

Берген жок, жана кур бардым. Ошондо Бурмаке:

— Эми жокту жерден чукуйбузбу! Силер да таалайыңардан көргүлө, багы жокторум,— деди баарыбыздын көрөр күнүбүз бүткөндөй каран түшүп.

Ушундан он күн өтпөй бир Бурмакеден башкабыз текши кыйрап жыгылып, ооруп калдык. Ар кай жерде чачылып, кыңкыстап жаткан адам. Бурмаке бөкчөңдөп, калтыраган кары колу менен кыдырып, ооруларга суу берип жүрөт. Баягыда бир тамырчы келип, мага он-он беш күнчө суу бер деп кеткен. Ансыз да суудан бөлөк ичээрибиз жок. Мынабу чачы жүндөй уйпаланып, эс-мас болуп жаткан — эжем. Анын бери жагында, коломтого жакын жерде алсыз кыңкыстап Беккул жатат. Капшыра кармап койсо сынып кетчүдөй илмийген билегинин тарамыштары көгөрүп, саналып турат. Тырп этер ал жок. Анын кыңкыстаганына карай:

— Э, Беккул, эмне кагылайын? — дейт Бурмаке. Ал түк да билбейт.



1 | 2 | 3 Кийинкиси Аягы


Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз