Чыңгыз Айтматов

Жамийла

32 беттин 1 - бети

Ар дайым бир жакка жол жүрөрдө, мен ушул алкагы жөнөкөй жыгачтан жасалган сүрөттүн алдына келип турам. Мына эртең да айылга жөнөймүн. Сүрөттү карап, мен андан жолума ак тилек бата алып жаткан өңдүү, аны көпкө көз айрыбай тиктейм. Ушул күнгө чейин бул сүрөттү эч бир көргөзмөлөргө да берген жокмун, ал тургай айылдан туугандарым келгенде, көздөн далдалап бекитип коём. Анча эле жашыргандай эмнеси бар, уяттуубу деп, кокус оюңарга кетип жүрбөсүн, - жок бул сүрөттүн эч кандай ыксыз жайы деле жок, же болбосо, ага "көз тийип кетет" дегендей ал бир ашкан укмуш да эмес. Биринчи көрүшкө жөнөкөй эле кадыресе сүрөт. Бетине тартылган жер кандай жөнөкөй болсо, сүрөт өзү дагы ошондой жөнөкөй. Сүрөттүн тээ ички тереңинде - күзгү асмандын ала-бүркөк чет жакасы. Шамал бирин-серин булуттарды бир жакка бет алдырып, алыста кылтыйган чокуларга жандатып, кыялата айдап бара жатат. Андан берки көрүнүштө - бозоргон сары талаа, кең өзөн. Чет-четтен чийлер ыкташып, жаан-чачындан кийин топурагы борпоң тоборсуп карайган жолдо, катарлаш баскан эки жолоочунун изи тигинден бери чубайт. Жолоочулар улам жакындаган сайын алардын издери жерге даана түшүп, өздөрү азыр дагы бир-эки кадам шилтешсе, алкактын сыртына аттап, ушундан ары кетип калчудай сезилет. Айтмакчы, жолоочунун бири...

 

  Бирок мен шашпайын, сөз башынан болсун.Бул өзү кечээ эле бала чактагы окуя. Ата Мекендик Согуш үчүнчү жылга аяк басып, Курск менен Орелдун майданында күчөп турган кези. Анда биз, бир кур өспүрүм балдар, колхоздо араба айдап, суу сугарып, чөп чаап, айтор, - согушта салгылашып жаткан эр бүлөлөрдүн оор түйшүгү биздин мойнубузда калган.Өзгөчө эгин-жыйын келгенде аптасы менен үй бетин көрбөй, күн-түн кырманда, же болбосо эгин төгүп станцияда, жолдо бозуп жүрчүбүз. Мына ушинтип саратан талаа ороктун кызуусунан өрттөнүп турган күндөрдүн биринде, станцияга каттап жүрүп, көптөн бери үйдөгүлөрдү көрбөй, бара кетейин деп, жолдон салт арабамды кайрыдым. Биз башынан эки үй жанаша турабыз. Үч кез дубалы мыктап салынган, мечит жактагы дөбөчөдө турган бак-дарактуу короолор ошол биздики. Мен чоң үйдүн баласымын. Агаларым согушка кетип кабар жок, - экөө тең үйлөнө элегинде кеткен. Карыган атам жыгач уста, колхоздун жүрүп турган ушул тактай араба, шады араба баарысы дээрлик ошол кишинин колунан чыгып турат, - таңдан намазын окуп устаканасына кетет да, күн бата келет. Үйдө апам менен карындашым бар.Берки кичи үйдө болсо биздин жакын туугандарыбыз турат. Жакын дегеним, ортобуздан эки-үч ата өтсө да, алар менен башынан малыбыз, жаныбыз бир. Тээ чоң аталарыбыз бирге көчүп, бирге конуп өтө ынтымактуу турушкан экен, ошолордун салты менен биз дагы арабызды алыстатпай, кол үзгөн жокпуз. Колхоз уюшулганда аталарыбыз короо-жайларды бир жерден жанаша тургузушуптур. Ал гана эмес, эки суунун ортосундагы биздин Арал көчө ылгый эле бир атанын балдары. Кийинчерээк берки үйдүн ээси дүйнөдөн кайтып, артында аялы менен тестиер эки уулу калат. Илгертен калган адат боюнча агайын-туугандар жесирдин башын байлап коёлу деп, арбак, кудайга тууралап: менин атама никелештирип коюшат. Ал үй жонунан өзүнчө түтүн болуп салынып, мал оокаты, чарбагы бөлөк болгону менен, чынында биз барыбыз бир үй-бүлө болчубуз. Алардын да эки уулу аскерде. Улуусу - Садык жаңы эле келинчек алганда кетти. Фронттобуз деп анда-санда алардан кат келип турат. Кичи үйдө кичи апам менен эле анын келини калышты. Ал экөө да эртеден кара кечке колхоздун жумушунда. Кичи апам, - аны айылдагылар Иштерман деп коюшат, ээ бир дүйнөдө табылбаган карапайым, сонун киши да. Түк бир бригаттар менен жаакташпай, жүр деген жагына жүрүп, берки жаш келиндер менен тең катары эле арык чаап, суу да сугарып, кетмен колунан түшпөйт. Анын келини Жамийла, кудай билип бергенби бейм, ал дагы жумушка кайраттуу, мыкты



1 | 2 | 3 Кийинкиси Аягы


Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз