Чыңгыз Айтматов

Тоолор кулаганда

107 беттин 1 - бети

ТООЛОР КУЛАГАНДА
(Кайып колукту)

I
Жан бүткөндүн баары үчүн дайыма бирдей болгон талашсыз бир чындык бар - маңдайына жазылганды, тагдыр деген эмне экенин алдын ала эч ким биле албайт - кимге эмне буйруганын жашоо гана көрсөтөт, болбосо тагдырдын тагдырдыгы кайсы... Дүйнө жаралгандан тартып дайыма ушундай болгон, бейиштен куулган Адам ата менен Обо энеден бери - бу да болсо тагдыр - ошондон тартып, тагдыр сыры баары жана ар бири үчүн кылымдан-кылымга, күндөн-күнгө, ар бир саат жана ар бир мүнөттө табышмак бойдон калууда...
Мына азыр да дал ошондой болду. Ооба. Бул ирет дагы ошонун эле өзү, адамдын акылынын чегинен тышкары болгон, алтургай жараткандын кудуретине да баш ийбеген окуяны алдын ала ким биле алмак.
Ошентсе да, акыл-эс жетпегенди аңдап билүүгө аракеттенип жатып, божомолдой турган жалгыз нерсе - бул бир гана мааниде, дагы эле тагдыр буйруп, алар бир жылдыздын астында төрөлүшү жөнүндө баяндоо, эки жандын кандайдыр бир төлгө жылдыздарынын өз ара байланышы, алардын космостук жакындыгы болгондур. Ооба, ошондой да болушу мүмкүн эле...
Албетте, алар бири-биринин жер бетинде бар экени тууралуу кабары жок жана болушу да мүмкүн эмес болчу. Анткени алардын бирөө шаарда жашачу, эл көптүгүнөн батпай быкылдаган, көчөлөрдөгү соода-сатыктан жана тамактануу жайларындагы шишкебектин түтүнүнөн дал-далынан сөгүлчүдөй болгон, көп калктуу, заманбап чоң шаарда, ал эми экинчиси бийик тоолордо, дүпүйгөн калың арчалар жана жарым жылдап эрибеген көлөкөдөгү карлар менен капталган жапайы аскалуу капчыгайларда жашаар эле. Ошон үчүн ал ак илбирс деп аталчу. Ал эми бийик тоолук жырткычтар жөнүндөгү илимде - кабылан тукумундагы, мышыктар түркүмүнө кирген теңир-тоолук ак илбирстер деп аталат, аларга жолборстор да кирет. Жергиликтүү калк арасында болсо мындай жырткычты жаабарс (илбирс - жаанын жебеси) деп аташат, анын жаратылышына бул ат көбүрөөк туура келет - секиргенде ал чын эле жаанын огу сымал тез жана шамдагай. Аны "кар кечкен илбирс" деп да коюшат, белчесинен кар кечип жүрүүчү деген мааниде... Бул дагы чындыкка дал келет... Башка жандыктар тоодогу кар күрткүлөрүнүн туткуну болбоо үчүн жол издешет, ал болсо күчтүү! - бет алган жагынан кайтпайт...
Илбирстердин аңчылыкка чыгуу убактысы көбүнчө чак түшкө туура келчү. Ал убак тоодогу кайберендер суу ичер маал болот - каны каткан жапайы элик-эчкилер менен аркар-кулжалар ар кай жактардан булактарга, өзөндөргө суусунун кандыруу үчүн күндөп-түндөп агылып келе башташат. Суу ичүүгө алар топтошуп, ынтымактуу келишет. Жеңил серпиле текирең-таскак салышып, жалгыз аяк жолдор менен басып, туяктары жерге дээрлик тийип-тийбей, ар бир көз ирмемде так секирип, коркунучтан алыс качуу үчүн, жан-жактарына көз сала, сактана кулак төшөп, чакан топторго бөлүнүп чубап жүрүп отурушат.
Жаабарс деги өзүнүн жырткычтык ишин мыкты билет. Күтүүсүздөн өйдө жактан, аскадан секирүү үчүн ал эпчилдик менен буктурмада эбин таап жашырынып алып, өз олжосун күтүп жатат (бул эң ыңгайлуу ыкма), же күтүүсүздөн капталдан, бадалдардын арасынан бой таштап, курмандыгын жерге жыгып, ошол замат анын тамагын кырча тиштейт, атырылган ысык кан жая берет, андан аркысы - белгилүү иш...
Андан калса олжону кубалап жетүү, үйүр суудан каныга ичкенден кийин өтө оңой. Бул үчүн жакын жердеги буктурмада жатканды да билүү зарыл - кыймылдаса эле иштин бүткөнү, тирүү жандык мына бир секирсе эле жетчү жерде экенине карабастан чымырканып күтүү керек. Эки жагын кыраакы каранып, кайберендер ичке моюндуу баштарын эңкейтип, кулактарын тикчийте, оттой көздөрүн сактана жылтыратып, алдыңкы буттары менен тизесине чейин суу кечип, үн чыгарбастан суудан улам-улам жутуп ичип бүткөнчө, болгон күчү менен өзүн карманып күтүшү керек. Алар шылдыраган суудан канчалык көп жуткан сайын, илбирсти ошончолук чоң олжо күтүүдө. Эгер түз качкандарын кубалоого



1 | 2 | 3 Кийинкиси Аягы


Ой-пикирлер (0)
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз