Улуттук банк алтын тыйындар коллекциясын сатыкка чыгарды

  Бүгүн, 25-декабрда КРнын Улуттук Банкы "Ак илбирс" аталышындагы алтын тыйындар коллекциясын сатыкка чыгарды. "Гаухар чегерилген алтын акча Кыргызстандын Кызыл китебине кирген сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактап калуу жана алардын санын көбөйтүүгө үндөө максатында чыгарылды. Ал 1000 нускадан туруп, 65 миң сомго бааланат жана расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Аны Улуттук банктын кассаларынан сатып алууга болот” - деп билдирет банктын маалымат кызматы.

Эске салсак, буга чейин Улуттук банк "Манас-1000", "Ош-3000" жана "Курманжан даткага 200 жыл" аттуу алтын тыйындар коллекциясын чыгарган. Мындан тышкары коллекциялык 41 күмүш, 10 жез-никель жана 2 мельхиор акчалары сатыкка коюлган эле.

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU

25.12.2015 18:40

Ой-пикирлер (1)
26-дек. 2015 16:22
Жакшы
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз