31-декабрда Бишкек шаардык мэриясы 400 миң сомдук салют аттырат

  31-декабрда Бишкек шаардык мэриясы Ала-Тоо аянтында Жаңы жыл майрамынын урматына 400 миң сомдук салют аттырат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Малик Ракишев "Марал" радиосуна билдирген. Ракишевдин айтымында, учурда "Россалют" аттуу ишкана менен келишим түзүлгөн. Ага ылайык, аталган ишкана быйылкы жылдын Жаңы жылдык жардыргычтарын камсыздап берет. Ракишев ошондой эле  быйыл салюттар үчүн былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге көп экенин жашырбайт. "Бул салюттар баасына жараша. Алар бийикке да атылат жана узакка созулат",-деп кошумчалады ал. 

Гүлжан Эшбаева

ERKINDIK.RU

29.12.2015 14:16

Ой-пикирлер (1)
30-дек. 2015 01:28
Андан караганда ушунча акчаны муктаждарга берсе го!
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз