Премьер министр элди электр энергияны үнөмдөөгө чакырды

Энергияны шамалдан, күндөн жана суудан алуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Алардын эң арзаны жана Кыргызстандын экономикалык шартына ылайыктуусу суудан энергия алуу экенин белгиледи. Бул багытта 2016-жылы аткарыла турган бир топ ири долбоорлорго токтолду.

«Кара-Кече көмүр кенинин жанына ТЭЦ салуу боюнча 2016-жылдын март айында тендер өткөрүлөт. Мындан сырткары Жогорку Нарын жана Баткендеги Бел-Алма кенине да 80 мегаваттык ТЭЦ салуу боюнча даярдык жүрүп жатат. Республиканын ар кайсы аймагына пландалган орто жана чакан ГЭСтер ишке кирсе, өлкөдөгү энергетикалык кубаттуулукту 160 млрд киловатт саатка жеткирсек болот. Бул азыркы мүмкүнчүлүккө  караганда 10 эсе жогору»,- деди Темир Сариев.

Аны менен катар Өкмөт башчы калкты электр энергияга аяр мамиле кылууга чакырды. Казакстандан импорттолгон электр энергиясы үчүн 60 млн АКШ долларын төлөнөт. Келечекте бардык реконструкция иштери аяктаган соң, Бишкек жылуулук борборун 100% жергиликтүү көмүргө өтөт. Мындан сырткары республикадагы кичи шаарларды борборлоштурулган системага өткөрүү аракеттери жүрүп жатат.

Жыл өткөн сайын өлкөдө электр энергиясына болгон суроо-талап өсүүдө. Андыктан бул тармакты 40% чейин көтөрүү, 2020-жылга чейинки Кыргыз Өкмөтүнүн негизги пландырынын бири болуп саналат.

05.01.2016 11:54

Ой-пикирлер (1)
5-янв. 2016 13:04
Энергияны уурдаган чоңдорду жоопко тартуу керек да, карапайы калк төлөп эле жатат.
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз