Оппозициянын Аксыда митинги өттү

Аксы районунун Кербен шаарында, ушул тушта оппозициянын митинги өтүп жатат. Ага белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиев, Азимбек Бекназаровтор катышып жатканы айтылууда.

Эске салсак, Темир Сариев бүгүн 22-мартта Жалал-Абадка бир күндүк иш сапары менен барган.

Жергиликтүү тургундары менен жолугушуу учурунда Сариев, чек ара маселесин митинг аркылуу эмес, дипломатиялык жол менен чечүү керектигин билдирди.

Кербенге чогулган митингдин катышуучулары менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.

ERKINDIK.RU/KG

22.03.2016 14:20

Ой-пикирлер (1)
23-мар. 2016 17:30
"Бекназаровтортор"
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз