Жаш спортчу Бусурманкул Абдибаит уулу: Максатым спорт менен дүйнөнү багындырып Кыргызстанды таанытуу

 Кыргызстандын Грепплинг федерациясынын президенти Кенжебек Чекировдун окуучусу Бусурманкул АБДИБАЙИТ УУЛУ 1993-жылы  27-февралда алыскы Чоң-Алай  районундагы Чак айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө  8 биртууган,  уулдардын  эң кичүүсү болгон жаш спортчу менен маек курдук. 

2013-жылы дүйнө чемпиону наамын  алдым.

  Профессионалдуу түрдө 7 жылдан бери машыгып келе жатам. 2013-жылы грепплинг боюнча Москвада болгон дүйнөлүк чемпионата алтын медалынын ээси болуп, дүйнө чемпиону аталгам. Грепплинг боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпионумун. Ал эми 2014-жылы Кореяда өткөн Азия океянияда профессионалдуу  грепплинг  боюнча  күмүш медалдын ээси болдум. Андан сыткары Японияда жарым финалга чейин мелдешип ден соолукка байланыштуу  баш тарткам. Анын  себеби  аба ылгап, көнүшө албай кыйналгандыгым болду. Ушундай жетишкендиктерден улам башка өлкөлөргө да чакыруулар болууда.

"Ыйман башаты илим, илим туткучу устат"

Спортто да тартип бекем болуу үчүн алгач ыйманга суугарылабыз. Ал эми ыйман башаты илим демекчи динди туура багытта үйрөнүп, Аллах жалгыз экендигин таанып түз жүрүү да бул тартип. Спортто да дал ушундай бекем тартип менен гана ийгиликтерди багынта аласың.

Келечектеги максатым

Албетте адам алдыга жеке максатын коюп ошонун артынан иштейт эмеспи. Менин да тилегим Дүйнөнүн UFC  таймаштарында оюн көрсөтүп анда жеңишке чыгуу. Спорт аркылуу дүйнөнү бир канча жолу багындырып ошол тармакта Кыргыз элинин даңкын чыгаруу алгачкы максатым десем жаңылышпаймын.

Айбийке Исакова

ERKINDIK.RU/KG

17.06.2016 20:58

Ой-пикирлер (1)
21-июн. 2016 21:15
Оо жердешим экенда,ийгилик!
 
Ой-пикириңизди калтырыңыз