Перейти к содержимому


Маанилүү


#40037 Селфи сүрөттөр

Автор: Aidosya на 23 March 2015 - 17:47

B)  :60:

 

gkkXnCGlzF8.jpg




#5459 "Жаштар коому" жана "Эркиндик" сайты.

Автор: Эркиндик на 22 January 2014 - 23:31

Жаштар -  жалпы адамзаттын келечеги деп айтылып келет. Алардын жаштык деми, курчтугу, талбас тайманбастыгы көп алгылыктуу жумуштун башаты болот. Мына ошондой күч-аракети менен, Кыргызстандын азыркы таптагы абалына кайдыгер кала албай, келечегине көп жакшы тилек максатын коюп, жаңы көзүн ачкан жаш ымыркай сыяктуу, "Жаштар” коому деген аталышта коомдук бирикме пайда болду.Тагыраак айтканда өз тушоосун өзү кесип, тынымсыз аракет менен алдыга бараткан жаштардын коому ишке түштү. “Жаштар” коомунун түптөлүү мекени катары Москва шаары эсептелсе, алардын мүчөлөрү болуп жаштар аралыгындагы кыргыз улан-кыздары саналат. Коомдун мүчөлөрүн кайсы бир сыноодон өткөрүп, атайын кабыл алуу же тандоо жүргүзүү аркылуу кабыл алынган эмес. Өзүн элдин патриот атуулу, өз келечегин гана эмес калың калктын келечегине жан дили менен күйгөн, талбай эмгектенип, артынан из калтырууга дилгир ар бир кыргыз атуулу “Жаштар” коомунун мүчөсү боло алат жана ушул күнгө чейин мүчө болуп келүүдө. Түптөлгөнүнө аз гана убакыт болсо да аз эмес жылыштарга жетишкен коом, өткөн 2013-жылдын август айында,   ЕRKINDIK.RU аталышындагы маалыматтык сайт ачууга жетишти. “ Жаштар” коомунун бутагы болуп эсептелген “Эркиндик” сайты өлкөдөгү түрдүү кырдаалдар туралуу ылдам кабарлоо, ага карата жаштардын сөзүн эркин жеткирип туруу жана эң негизгиси мигранттар менен өлкөнүн арасын ыкчам жакындаткан көпүрө болуу максатын аркалайт. Мына ушинтип, эки тараптуу иш алпарып жаткан “Жаштар” коому белгиленген төмөнкү максаттарына ээ:

 

1-Элдин эртеңкиси үчүн кайдыгер болбогон улан-кыздардын башын бириктирүү, алардын максаттарына дем берип, аракетине жол ачуу;

2-“ERKINDIK.RU” сайты аркылуу Мекен менен чет жердеги атуулдардын арасын дагы да жакындатуу, жаштарды келечектин ээси - жетекчи катары тарбиялануусуна көмөктөшүү, баарлашуу;

3-Чет жерде окуган, эмгектенген атуулдарга жардам көрсөтүү, аларды Мекенине кайрып келип, алган, көргөн турмуштук таалимин өз элине пайдаланууга жол ачып берүү;

4-Жаштарды жумуш орун менен камсыздоо, элдин оюн эркин жеткирген телеканал ачуу, жалаң жаштардан турган ишкердик чөйрөнү демилгелүү иштетип, жаштардын көйгөйлөрү, жетишкендиктерин көрсөтүү, ортого салуу;

5-Жаштардын келечегине кайдыгер калбаган, патриот атуулдар(демөөрчүлөр) менен тыгыз байланышып, алардын бекем ишениминде болуу;

6-Коомдогу муктаждыкты аз да болсо жоюу максатында кайрымдуулук иштерин жасоо;

 

Учурда “Жаштар” коому жана “Эркиндик” сайты өз аракеттери соңунда аракеттенип жатат. Бүгүнкү күнгө келип коомдун мүчөлөрү Москва, Астана, Америка, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында иш алпарышууда. Сайттын борбордук күчү катар Орусиянын Москва шаарында иш алпарып жаткан жаш журналист, 19 жаштагы Айым Нарматованын эмгегин баса белгилөө туура. “Келечекте калган жаштар менен да байланышып, чогуу иш кылабыз. Ортодон каражат таап өзүбүзүн да элибиздин да экономикасын, маданиятын, коргоо күчтөрүн, медицинасын, билим берүү ж.б. тармактарына алгылыктуу салым кошуп, эл менен кошо өнүгөлү деген ниеттебиз. Азыр эле жаштарды иш орундары менен камсыз кылып, баарын жомоктогудай кылып коюш кыйын, бирок "аракетке берекет" деп бекер айтпаган элибиз. Демилгелүү жаштарын, эртеңкиге аруу тилеги менен бараткан өз улан-кыздарын колдоп алар атуулдар арабызда көп жана алар ар дайым бизди колдойт деп үмүт кылабыз.”,- дейт ал өз сөзүндө. Коомдун бул сыяктуу активдүү мүчөлөрү буюрса дүйнө жүзү боюнча таркалып, кыргыз элинин эртеңки келечегин ишенимдүү алып кете алган инсан болуп чыга келет деген аруу тилектебиз. Эмесе, калың элдин ишенимине, өз жаштык демине, аракетине ишенген жаштар сапар алды. Биз жаштар – элибиздин эртеңкиси үчүн, мыкты келечеги үчүн!

 

  Урматтуу кыргыз элим,  сиздердин ар бир каалоо-тилек, сунушуңуздар бизге дем! Жазыңыздар, кайрылыңыздар, кошулуңуздар! Биригип, баарын чогуу жасап, келечегизби түптөөнү дал ушул мүнөттөн баштайлы! Келечек жаштардын колунда, алардын тайманбас күчүндө, жаштык деминде жана таза ниетинде!

Урматтуу таянар элибиз, сиздерге терең урматы менен “Жаштар” коому.

 




#33096 Келгиле достор,өздүк сүрөттөрүбүздү жүктөйбүз.

Автор: Janylka на 28 December 2014 - 19:30

Мени тааный жүргүлө, "на всякие случаи" деп коёт экен да))) 

QWi6wVveX94.jpg




#30 Кичи аңгеме чыгармалар.

Автор: Aiym на 19 August 2013 - 14:44

Көктөм.. 

Мына быйыл дагы бир жаз келди. Быйылкы жаз былтыркыдай шандуу болбой, мага азап менен тозокту алып келгенсиди. Убакыт өтсө унутуп калам го деп жүргөн жаным, убакыт өткөн сайын мурдагыдан да көп азап чегип жүрөм. 

Өткөн жылы кышында автобустун арткы орундугунда, чарчагансып отурган сени көрдүм. Кишилердин жанынан кысылып өттүмдагы сага жеттим. 

-чарчап калыпсыз го, кайда бара жатасыз? 

-Кайдан билдиңиз чарчаганымды, көзүңүз ачыкпы? 

-Ошондойум дагы бар.

-Дагы эмнени көрүп турасыз? 

-Дагы көп эле нерселерди көрүп жатам.

-Жакшы талантыныз бар экен, деп мени карадың, анан экөөбүз тең күлүп жибердик. "Менин түшө турган жерим жакын калган турбайбы "-деп даярданып калдың, кетип бара жатып кол булгалап койдуң. Эртеси да сабактан чыгып келе жатып сени көрдүм, менин колумда "Манас" эпосунун жаны басылган китеби бар эле. Сен китепти көрдүң да 

-Эмне эпосту окуганы алдыңызбы? 

-Китеп текчеге койгону алдым, мектепте жүргөндө окуганмын. 

-Жакшы мен китеп окугандарды, китеп сактагандарды аябай сыйлайм. 

-Жакшы го мени да сыйлачы? 

-Сыйлап жатам го.

-Кантип сыйлап жатасың? 

-Сүйлөшүп дедиң сен, тамашалуу сөздөрүң ошондо мени кантип арбап алганын билбей калдым. Ошентип сенин жогоку окуу жайында окушуңду, келечекте журналист болушуңду да билдим. Күндө ушул автобустан сени менен жолугам, анан эле сүйлөшө кетебиз, сүйлөшүп жатып эле кайсы бир күлкүлүү сөздү айтасын да, экөөбүз тең каткырып эле жатып калабыз. Бир күнү келе жатып:

-Айтмакчы атын ким ?

-Мен да ошону сурайын дедим эле, Арууке. 

-Кемел, дедим колумду сунуп.

 

-Карыганда араң таанышпадыкпы -дедиң күлүп. Ошол күнү экөөбөз көпкө чейин шаарды айланып жүрдүк. Сен ыр жазган сезимтал кыз экенсиң, колуңдан кармап алайын десем, макул болбодуң. Окуган китептерин жөнүндө, көргөн кинолоруң жөнүндө барына анализ берип айта берчусуң: "Чынгыз атабыздын "Жамийла" чыгармасын мен мындай деп ойлойм; атабыздын оюнда Жамийла Данияр менен качып кетти бирок туура жыйынтык чыгарган мен да чыгарманын ошондой бүткөнүнө ыраазымын" -дедиң. 

 

-Чындап эле ошондой болгон 

 

-Жок жазуучунун оюнда ошондой болгон. 

 

-Мм ойлонуп калдым, көрсө чыгармаларды жазылганындай эле кабыл ала берет экенмин. Жаныбыздан өтүп бара жаткан, келиндин баласы жыгылып кетти, апасынан мурда сен чуркап бардың да баланы тургузуп, чаңын кагып "айланып кетейин ий катуу тийип калдыңбы, кой эми ыйлаба күчүгүм"- деп сооротуп жатканыңды көргөн апасы, кошо жалынып жатты баласына. "Рахмат өмүрлүү бол сиңдим "-деп бизден узай берди. Ошондо билдим сенин баланы жакшы көрөөрүңдү. Бул менин жаралуу жериме катуу батты, себеби менин эч качан балалуу болбосумду дарыгерлер эки жыл мурда айтышкан. Ошондуктан окуумду убактылуу токтоттум да, Россияга келе бердим. 

 

 

Сен гана бактылуу болсоң болду, кара көзүм,сени эч качан унутпайм. "Жок дегенде коштошуп кетпеди "-деп ойлоп жаткандырсың кара көзүм, мага ушундайы туура болду, эшикте тынымсыз жааган жамгыр мага окшоп, кайгылуу көктөмдү тосуп жатты… 




#40032 Селфи сүрөттөр

Автор: Nurka на 23 March 2015 - 17:14

siG1_K7IaTk.jpg




#35479 Келгиле достор,өздүк сүрөттөрүбүздү жүктөйбүз.

Автор: vais на 21 January 2015 - 16:25

Өзгөн мунара музей комплексинде, 17.01.2015

f04a79064dbb.jpg92ad8a23c6ed.jpg1de64068d75e.jpg




#30623 Форумчулардын жолугушууларынан отчеттор.

Автор: vais на 09 November 2014 - 13:14

e2328bdec1e8.jpg




#29249 happykyz

Автор: happykyz на 13 October 2014 - 22:11

"Өркүндөй бер, көп улуттуу эркин Кыргызстан" деген жазууну окуган элем. Чын эле эркин экенбиз. Эркиндикти бизге ашыгы менен бериптир. Ушунчалык эркин экенбиз эми, керек болсо бирөөнүн айдай кызын зордуктап коюп да, акча менен делону жаап эркин жүрө берет экенбиз.
Биз деген ушунчалык эркиндиктин туу чокусуна жетиптирбиз, керек болсо бирөөнүн жалгыз уулун өлтүрүп коюп да акчанын, тааныштын күчү менен эркин жашайт экенбиз.
Эркиндиктин күчүн көрчү, акча менен эле диплом алып, жумушка орношуп алат экенбиз. Окудубу жокпу, башында бир нерсе барбы жокпу, баарыбир. Эркин иштеп жүрө беребиз коркпостон.
Эркиндиктин пайдасын кара, пара дегенди эркин алып, элдин жемин ээн-эркин элее жей берет экенбиз.
Демократиялуу өлкө экенибизди аябай жакшы билгенибизге байланыштуу эркиндикти ашыкча эле пайдаланып алыптырбыз.
Ушундай эркин Кыргызстан.


#1397 Келгиле достор,өздүк сүрөттөрүбүздү жүктөйбүз.

Автор: Эркиндик на 15 December 2013 - 22:48

Jlj4CebzZq4.jpg




#1396 Келгиле достор,өздүк сүрөттөрүбүздү жүктөйбүз.

Автор: Эркиндик на 15 December 2013 - 22:48

QIiEAW7t0zU.jpg




#45874 Селфи сүрөттөр

Автор: Qwa-Tick на 02 July 2015 - 11:20

Карыган башым менен мен деле селфилдегенди билет экенмин, көрсөчү.

 

Тааныдынарбы?  117.gif

 

photo0592.jpg




#44354 Селфи сүрөттөр

Автор: Janylka на 29 May 2015 - 17:08

2013-жыл, жайда эшикте кыздар менен жүрүп, "селфи" эмне экенин деле билбей тушүп койгон экенмин)) 

uVzkupUSjv8.jpg




#40043 Келгиле достор,өздүк сүрөттөрүбүздү жүктөйбүз.

Автор: Aidosya на 23 March 2015 - 18:14

Xb-Zu8oZ8-4.jpg




#36295 Laimbek жашап жаткан дүйнө...

Автор: Laimbek на 30 January 2015 - 12:37

"Бугунку кун"


Бугунку кун жума. Маанай эн сонун. Азыр уйдо олтурам. Дени кардым соо... Эч жерип оорубайт.Бул учун жаратуучуга чексиз шугур келтирем. Жалгыз эле бир туган агам бар. Аны эми эле борборго узатып уйго кирип олтуруп калган кезим. Уйдо эч ким жок. Негедир жалгыз калганымда ушинтип бир демелерди жазгылап калам. Сыягы менин жашоого болгон таасирленуулорум жалгыз калганымда жанданат туура. Кружкеге жарым куюлган сокту аз-аздан уртап койуп чонток телефонумдан туз эле ушул жака жазып жатам. Азыр досторум келет. Анткени ар дайым жума намазга чогулуп барганды адат кылып алганбыз... Саат да болуп калды окшойт. Мен анда даарат алганга шашылайын...

ЖУМА МАЙРАМЫНЫЗДАР МЕНЕН!

gwTRRIQ_OHI.jpg


#35688 Келгиле достор,өздүк сүрөттөрүбүздү жүктөйбүз.

Автор: Barika на 23 January 2015 - 16:10

Бир супсулуу болгон эжем мененго!

Миниатюры

  • IMG_20150121_224622-1.jpg



#34713 Бөбөктөрүбүздүн сүрөттөрүн жарыялайбыз.

Автор: Aidosya на 14 January 2015 - 16:31

Ажар,Иса,Идрис :wub: 

Миниатюры

  • image.jpg
  • image.jpg



#30622 Форумчулардын жолугушууларынан отчеттор.

Автор: vais на 09 November 2014 - 13:09

5bce4ef93d19.jpg




#30621 Форумчулардын жолугушууларынан отчеттор.

Автор: vais на 09 November 2014 - 12:51

d0dc728f1f7a.jpg




#29441 Келгиле достор,өздүк сүрөттөрүбүздү жүктөйбүз.

Автор: CauseLove на 16 October 2014 - 13:35




#29417 "Эркин" акындар айтышы.

Автор: Temirlan_Aknazarov на 16 October 2014 - 00:06

Түндөп, күндөп байкалбай,

Түз эфирде айталбай,

Туш келди түшүп жазыштык,

Тууралап кабар алышпай.

 

Шүүдүрүм түшүп тазалап,

Ширелүү сөзгө такалат.

Шибери чайлап жаткандай,

Шык берип ыры от алат.

 

Ооба айтыш тараптан,

Ооп келдим нарактан.

Ооматын издеп айтыштын,

Ондогон түндөр таң аткан.

 

Ошол жактан жаңы сап,

Ортого салып жаңырсак,

Ошол жактан таанысак,

Ортого салсак жаңы ыр сап,

Ошол жактан айтыңыз,

Оозеки ырдап туралы,

Орто сый болсун кайың сап.

 

 

Vaisтууган кулач жайыптыр,

Жайбасам кучак айыптыр.

Жай алып жаңы киргенде,

Жаралуу жерди айыктыр.

 

Жакшы маанай козголсун,

Жарык нурлар коштолсун.

Жамаатташ болуп үн салып,

Жарыктуу сөздөр чок болсун.

Жарыгы өчпөй кылымга,

Жанаша чуркап ой болсун,

Жарнама болсун той болсун.

Жакын достор көбөйүп,

Жыпар жыт мында сойлосун,

Жаа тарткан пери ойносун.

 

Кызыккан жанга берилер,

Кыргыздар акын сезилер.

Кызыккан ЖАРЫК сизге да,

Кыргыздык өнөр кезигер.

Кыргызмын деп сезсеңер,

Кыргызча сүйлөп төксөңөр,

Кыймылдын кирер кези бар,

Кыялбай окуп өтсөңөр.

:) 

 

Менин дагы учурда,

Тарып турат убактым.

Төгүшүп бир аз туралы,

Түгөтпөй ырын булактын.

Төп келбей мейли жазалы,

Төгүлсүн мекен казалы.

Түгөнүп калбас улуу сөз,

Түрлөнүп чогу жазалы.