Перейти к содержимому

Фото

Бекмамат Осмонов

дана

  • Please log in to reply
темада 2 жооп бар

#1 Danaqul

Danaqul

    Данагул

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1240 билдирүү

Жиберилди 05 February 2015 - 21:11

Бекмамат Осмоновдун жылдызы 1988-1990-жылдары Токтогул райондук комитетинин 1-катчысы болуп иштеп турганда улуу акын Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык мааракесин Кетмен-Төбө өрөөнүндө 125 боз үй тиктирип, жогорку деңгээлде өткөргөндө бир жарк этип жанган. Ошондо Москва бийлигинен Токтогул районундагылар үчүн электр кубатынын баасын бир тыйындан төлөтүүгө жетишкени эл арасында аңыз болуп айтылып келет.

1990-жылы Жалал-Абад облустук кеңешинин төрагасы, бир жылдан кийин жаңыдан уюшулган Жалал-Абад облусунун алгачкы акими болуп дайындалган. Ал жерде облустун инфраструктурасын, маданиятын өстүрүүгө, жолдорду оңдотууга зор салым кошуп, анын демилгеси менен

Каралоодон кийин текшерүү башталып...

Маалыматтарга таянсак, “ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дегендей, анын эл үчүн жасаган иштери, карапайым калк арасындагы кадыры ошол кездеги бийликке жага бербей, ага каршы ар кандай кутумдар уюштурулган. Бекмамат Осмоновду жакындан билгендер анын боюна жараша ички дүйнөсү да кенендиги, бетке чабар тайманбастыгы, чынчылдыгы, эр жүрөк көк жалдыгы бар эле деп калышат.

Аны облустун “падышахы” деп жалган жерден жамандашса, Орусиянын “Комсомольская правда” гезити Осмоновду “Эскобар” деп атап, көлөмдүү макала жарыялаган. Ал эми Пабло Эскобар Колумбиядагы ири наркобарон, ХХ кылымдагы канкор, каардуу кылмышкер катары тарыхта аты калган.н Жалал-Абад телерадиокомпаниясы уюшулган.

Мына ошол окуяга күбө болгондор белгилегендей, борбордон Жалал-Абад облусуна кайра-кайра текшерүүлөр барып, Осмоновдун бир кемчилигин табууга аракеттер болгон. Ошондой текшерүүлөрдүн бирине барган Анарбек Сатыбалдиев буларды эскерди:

"Облустун чарбалык, финансылык документтерин бүт текшердик. Ошол жердеги катардагы кызматкерлер, аппарат менен жолугуштук. Коомчулуктун пикирин уктук. Облустагы мекеме-ишканалардын жетекчилеринен тартып, жөнөкөй кыматкерлер менен жолугуштук. Бекмамат Осмоновдун дарегине нааразы болгон бир да адамды таба албадык. Атүгүл жаңы үй салган жерге чейин бардык. Эми ал жерде жашаган башка да адамдар бар экен. Салып аткан үйүнүн проектиси деле өтө өзгөчө эмес, башкалардан айырмаланбаган эле катардагы адамдар салгандай үй.

Анан мен финансылык жана башка кагаздарды карап көрсөм бюджеттин эсебинен же мамлекеттик финансы тартибин бузган фактыны көрө алган жокмун. Анын баары боюнча справкаларды толтуруп, тийиштүү жерге тапшырганбыз. Аны менен жеке жолугушуп сүйлөшкөн учурум болуп калды. Ал кишинин ишке болгон көз карашы абдан бийик, жооптуу жетекчи экен.

Мисалы, Жалал-Абад облусунда Кара-Алма, Сары-Челек, Көк-Арт, Арсланбап, Орток деген абдан кооз жерлердин бар экенин, сейрек кездешүүчү мөмө-жемиштерге бай экенин, курорттун тегерегинде мистелер, минералдык суу бар, мына ушуларды жакшылап иштетип, туризмди өнүктүрүү зарылдыгын баса белгилеген. Ушунун баарын системага салып, жашылча-жемиш иштетүүчү ишканаларды куруп, продукцияны экспортко чыгарып, жумушчу орундарды түзүүгө болоорун айткан.

Жалал-Абад шаарын тоого чыгып карасаң жапыз. "Мына ушул жерге бийик, кооз мейманканаларды салсак жаратылыштын байлыгына чет мамлекеттен адамдар өздөрү келип, элибиз тез өнүгөт" деген болчу".

Ичи кенен, улут үчүн күйгөн адам

Бекмамат Осмоновдун замандаштары аны кыргыз деп улутка күйгөн патриот, оюндагысын бетке айткан, тайманбас эр мүнөз эле деп сыпатташат. Анарбек Сатыбалдиевдин айтымында, ал көп окуганы үчүн бардык жагынан төп келишип, мыкты жетекчилик сапаттарга жетишкендиги байкалчу.

- Бул киши адабиятты, маданиятты, искусствону, спортту абдан жакшы түшүнүп, айыл чарбасына ой-чабыты кенен киши экен. Көп окугандыгы анын классиктердин чыгармаларына болгон көз карашынан билинди. Көрсө ал адабий китептерди көп окуптур. Ал эми мүнөзүнө келсек, мындай караганда сымбаттуу эмес беле. Кандай адам болгондо дагы сырткы келбети менен эмес, ички маданияты менен бааланат. Анын сыңарындай Бекмамат Осмонов сыртынан караганда канчалык алыбеттүү, зор адам болгону менен ичи жылуу киши экен. Анан кишилер менен сүйлөшкөндө “сен” деп кекетип сүйлөгөнүн көрө албадым. Сүйлөшө келгенде башка адамдардан айырмаланган күркүрөгөн үнү болсо да, сылык-сыпаа, ички маданияты, дүйнө таанымы кенен киши болчу.

Осмоновдун замандаштарынын айтымында, 1992-жылдын октябрь айында Акаевдин бийлиги Бекмамат Осмоновду кызматтан алууга чечкиндүү киришип, аны кызматтан алуу үчүн Бишкектен атайын даярдыктагы күч түзүмдөрү да тартылып, Жалал-Абадда чоң жыйын болот. Карапайым эл Бекмамат Осмоновду колдоп, кызматтан алууга каршы турат. Ошол учур тууралуу Анарбек Сатыбалдиев буларга токтолду:

- Мына ошол жыйындын соңунда “мени кайсы кызматка которобуз десеңер даярмын. Бул кызматка менден татыктуу адам болсо өткөрүп берейин”, - деп элди бөлүп-жарбай, эч кандай сөз айтпай, мыйзамга баш ийип өткөрүп берген. Азыркы айрым аткаминерлерге окшоп митинг-пикет өткөрбөй, жолду тоспой, артымда миңдеген электоратым бар дебей эле кызматтан кеткен.

Бул кишинин иш бөлмөсүнүн алдында күндө ар кандай кишилер толуп турганын көргөм. Анан алардан "силер арызданып келдиңерби, эмне маселе менен келдиңер? Кабыл албай атабы?" деп сурадык. Алар "жок, биз бул киши менен бет маңдай сүйлөшкөндө бардык маселени кабыргасынан коё алабыз. Эмне айтса, кайсы сөз оозунан чыкса ошону аткарат. Ал өз сөзүнүн кожоюну. Ошол үчүн биз бул жерге келип, кезекте туруп атабыз”, - деген.

Бекмамат Осмонов көзү тирүүсүндө телевидениеге берген интервьюсунда бийликтегилердин маданиятынын пастыгынан кызматтан кеткенин белгилеген.

- Акимдиктен кетип калганымдын себеби, биринчиден, мен АКШга кеткенде менин ордума кызыкдар адамдар катуу тополоң кылышып, ар кандай саясий оюндарды жүргүзгөн. Бирок ошол адамдардын бирөө да жыргап кеткен жок. Бардыгы кийин оор абалда калышты. Эч качан буга таба дебейли, Кудай дейли. Ар бир адам ушул дүйнөгө жакшы жашап, жакшы турмуш куруп, жакшы күндөрдү көрүш үчүн келген. Ылайым өмүрү жакшы өтсүн. Бирок эң жаман жери - кандай иш кылганыбызда да эртең бирөөгө чапкан чалгы кайрылып келип өзүңдү чабарын унутпаш керек. Мен биздин бийликтегилердин маданиятынын пастыгынан кеттим.

Башкаларга үлгү

Бекмамат Осмонов 1989-1995-жылдары чакырылган Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда өлкөгө пайда алып келбеген, улуттун кендирин кесе турган маселелерге каршы пикирин билдирип турганы менен да эсте калды.

Коомдук ишмер Анарбек Сатыбалдиев Бекмамат Осмоновдун өмүр таржымалы эскерилбей баратканын айтып, азыркы мамлекеттик жетекчилер үчүн анын уюштуруучулугу, сөзгө турганы, иш дегенде кара жанын карч уруп иштегени, эл арасындагы кадыр-баркы, жетекчилик мүнөзү, мырзалык сөөлөтү үлгү болуш керек деп эсептейт.

- Бекмамат Осмоновдой иштеп кеткен инсандардын эмгеги эч качан унутулбаса. Ал аким болуп иштедиби, Жогорку Кеңеште депутат болуп жүрдүбү, министр болудубу, мамлекеттик кызматтарда жүрдүбү, айтор эл үчүн жанын үрөп, татыктуу иштеген эмгектерин архивден көтөрүп чыгып, теледен-радиодон бердирип, мектеп программаларына киргизип, “Жаңы кыргызстандын тарыхы” деп жазылып калса жакшы болот эле. Мына, азыр саясий партиялардын, фракциялардын шарапаты менен келген айрым жетекчилердин деңгээлин көрүп эле атпайбызбы. Эки ооз сөздү жөндөп кошо албагандар бар.

Ал эми Султан Ибрагимовдой, Бекмамат Осмоновдой адамдардын эмгеги айтылып турса, орусча ой жүгүрткөн, орусча чалып сүйлөгөн кийинки муундарга өрнөк болот эле. Мындай жетекчилердин маселе көтөрүү, сүйлөө стили, сөзгө конок берүү стили, жыйындарда отуруу, өзүн-өзү алып жүрүү стилинен үлгү алуусу зарыл.

Аскар Акаев өлкөдөн качып кеткенден кийин "Dе-факто" гезити анын маегин чыгарган. Анда ырахматылык Бекмамат Осмоновдун: "Бакиевди кызматка коюп бекер кылып атасыңар. Бул жеткен интриган, азапты кийин ушундан көрөсүңөр", - дегенин укпай койгонун айтып өкүнгөнүнүн канчалык чындыгы бар экенин тарых тастыктар.

Үзүрлүү эмгек жолу

Бекмамат Осмонов 1946-жылы 14-майда Базар-Коргон районундагы Акман айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Базар-Коргон районунун Кеңеш айылындагы мектеп интернатты 1963-жылы аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы айыл чарба институтунун зооветеринария факультетине кирген жана аны 1968-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

Бекмамат Осмонов эмгек жолун Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Катта-Талдык” асыл тукум кой заводунда зоотехник-селекционер болуп иштөөдөн баштайт. 1968-1969-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1969-1971-жылдарда кайрадан “Катта-Талдык" совхозунда башкы зоотехник болуп эмгектенет. 1971-1972-жылдары Араван районунун айыл чарба башкармасына башкы зоотехник болуп дайындалат.

Ал 1972-жылы Алай районунун “Чоң-Алай” совхозуна директор болот. Ал бул кызматта 1978-жылга чейин үзүрлүү иштеген. Бул мезгилде “Чоң-Алай” совхозу алдыңкы совхоздордун катарында болуп, ири ийгиликтерге жетишкен, элдин социалдык-экономикалык абалы жогорулаган.

1978-жылдын ноябрь айынан баштап ал Алай райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланат. 1985-жылы партиянын Ош облустук комитетине айыл чарба бөлүмүнүн башчысы кызматына которулат.

1988-1990-жылдары партиянын Токтогул райондук комитетинин 1-катчысы. 1990-жылы Жалал-Абад облустук кеңештин төрагасы болуп шайланган. 1991-жылы жаңыдан уюшулган Жалал-Абад облусунун алгачкы акими болуп дайындалган. Бул кызматта ал 1992-жылдын ноябрына чейин иштеген.

Андан кийин КЫРГЫЗАГРОИМПЭКСтин түштүк филиалында башкы директор, 1994-жылы Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, 1995-жылы Ош облустук кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Андан кийин республикалык Токой агенттигинин Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча башкармалыгынын башкы директору, министрдин орун басары болуп эмгектенет. 1996-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Ош облусунун токой чарба башкармалыгынын директору болуп турган.

Облустук Кеңешке 7 жолу депутат болуп шайланган. 1989-1995-жылдары чакырылган, эл оозунда "легендарлуу" атыккан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Кыргыз элине сиңирген эмгеги үчүн 1984-жылы “Ардак белгиси” ордени, медалдар менен сыйланган. 1996-жылы “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын эмгек сиңирген ишмери” деген наам ыйгарылган.

Бекмамат Осмонов жүрөк оорусуна байланыштуу Москва шаарында операция жасалып, 1997-жылы 28-октябрь күнү 52 жашында күтүлбөгөн жерден дүйнөдөн кайткан.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынында 1998-жылдын январь айындагы №745-1 токтомунун негизинде Жалал-Абад шаарындагы №5 орто мектебине Бекмамат Осмоновдун ысымы ыйгарылган.

Алга умтулуу,жашоонун кымбаттыгын сезуу!!!!!!!

#2 Danaqul

Danaqul

    Данагул

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1240 билдирүү

Жиберилди 19 February 2015 - 17:19

ирүүсүндө легендага айланган Бекмамат Осмонов(өмүр жолу, эскерүүлөр, фотоархив)

«Бекмамат Осмонов президент болчу киши эле» дегендер көп. Эл ичинде шамалдай тараган мындай кеп кезинде бүтүндөй борбордук бийликтин аймактык лидерге каршы ачык жана тымызын согуш жүргүзүүсүнө себеп болгондур. Президент Аскар Акаевдин кийлигишүүсү аркылуу Осмоновду облустук жетекчилик кызматынан алып түшүү операциясы эгемендүү Кыргызстандын тарыхында урунттуу окуя катары калары бышык. 

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Өзүн таанып-билгендер жашап турганда адам өлбөйт» деген накыл кеби бар. Ош облусунан бөлүнүп чыгып, 1991-жылы жаңыдан түзүлгөн Жалал-Абаддын алгачкы губернатору Бекмамат Осмоновдун жүрөгү какпай калган жылы төрөлгөндөр быйыл 17 жашка чыгышат. «Убакыт унуткарат» деп коюшат, бирок калктын калың катмары «кыргызда Бекмаматтай лидер төрөлөр бекен» деп бүгүн да үмүт артат, бирге иштешкен досу «Бекем космополит киши болчу» дейт, ал эми уулу «атамды жоктогон жүрөк азыр да тына элек» деп эскерет.

1396504212_1.gif

ЖЫЛКЫЧЫНЫН УУЛУ

Бекмамат Осмонов жылкычынын үй-бүлөсүндө, сегиз эркек бир туугандын ичинен төртүнчүсү болуп 1945-жылы 24-майда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Беш-Бадам айылында туулган. Балалыгы жайлоо менен кыштоонун коюнунда өтүп, 1-класска ушул эле райондогу Акман айылынын мектебине барган. 1963-жылы Фрунзе шаарына келип, Айыл чарба академиясына тапшырып, ал жерден зоотехник кесибине ээ болуп чыккан.

КАРЬЕРАЛЫК ӨСҮҮ

Эмгек жолун Ош облусундагы асыл тукум кой заводунда зоотехник болуп иштөөдөн баштап, 26 жашында Чоң Алай совхозунун башчысы болууга жетишкен. Андан ары көтөрүлүп отуруп, Алай райондук аткаруу комитети, Ош облустук комитети, Токтогул райондук комитети, Жалал-Абад облустук кеңешинде жетекчилик кызматтарда иштеген. Жогорку Кеңештин 2 чакырылыштагы, анын ичинде «легендарлуу парламенттин» депутаты.

САЯСИЙ БУРУЛУШ

1991-жылы Жалал-Абад дубанынын биринчи губернатору болуп шайланган. Дал ушул кызмат орду Осмоновду чоң тандоо жасоого түртөт. Анын күн санап калк ичинде кадыр топтоосу борбордук бийликке жакпай, губернаторду кызматтан алып түшүү үчүн кутумдар менен жалаа жабуулар башталат. «Мен бийликтегилердин маданиятынын пастыгынан кеттим» деп маектеринин биринде Осмоновдун айтканы бар. Ошентип, бийликтин кысымы менен бул кызматтан отставкага кетүүгө мажбур болгон.

КҮТҮҮСҮЗ АКЫРЕТ

Көзү өтүп кеткенге чейин Токой башкаруу агенттигинин төрагасынын орун басары болуп турган. Осмоновдун демилгеси менен Жалал-Абад телерадиокомпаниясы негизделген. Анын жетекчилигинин алдында Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгы, Жоомарт Бөкөнбаевдин 80 жылдыгы өткөрүлгөн. 

Бекмамат Осмонов жүрөгүнө жасалган операциянын эртеси, 1997-жылы 28-октябрь күнү дүйнөдөн кайткан.

Төрт уул, эки кыздуу болгон. Учурда 6 небереси бар.

Айтмамат Осмонов, иниси:«КОЙЧУГА ДА, ЧОҢГО ДА ТЕҢ МАМИЛЕДЕ БОЛ»

1396504490_2.gif– Бекмамат акем экөөбүздүн ортобуздагы айырма 5 жаш болчу. Бир туугандар биригип калсак, анекдот айтып боорубузду эзип коёр эле. Шайыр мүнөз, бирөө жарымдан кысынып, жасакерлик кылмай жагы жок, дайыма шайдоот жүрчү. Студент кезинде лекция жазбай эле, сынакты бешке тапшырып салчу экен. Анткени эске тутуусу ушунчалык күчтүү эле. Жашы өтүп, кызматта жүргөн кезинде юридикалык факультетке тапшырды. Анда да сабак калтырбай окууга барып жүрдү. Бир жерде сүйлөгөн сөзүн экинчи жерде колдончу эмес, мунусу көп окугандыгынан болсо керек. 

Балдарын да китепке абдан жакын тарбиялады, аларды качан караба энциклопедия кучактап отурушкан болор эле. Камкор аталыгын ушундан бил, бала-чакасын Кызыл-Үңкүр деген жайлоого чейин алып барып, таштан тизип очок жасап, өз колу менен аларга тамак жасап берчү.

Анан мен айыл өкмөтү болуп иштеп калганда, мага «аким же губернаторго барганда аларга бөжөңдөп, анан койчунун алдына барганда мурдуңду көтөрүп, бой көтөрбөгөн жетекчи бол. Кой кайтаргандар менен чоң кызматтагы адамдарга бирдей мамиле жаса» дегени эсимде. 

Орусияга операция жасатууга кетерде атамдын үйүнө чогулдук. Ооруп жатканын деле сезбептирбиз, бизге эч нерсесин айткан жок да. Жадырап-жайнаган бойдон кетип, анан эле кайтпай калды.

Парад Салибаев, таякеси, мугалими:«ТҮН БИР ООКУМГА ЧЕЙИН ЧЫРАКТЫН ЖАНЫНДА ОТУРЧУ»

– Бекмаматтын апасы Алима бир тууган эжем болот. Жездем жылкычы болгондуктан, Акман айылынан алыс турушчу. Аларга жакын мектеп 3-класска чейин гана окутканы үчүн адегенде үйүмө экинчи уулу Эрмаматты ээрчитип келип, кийин анын арты менен башка бир туугандары да меникинде жатып окуп калышты. Эжемдер бешинчи уулу 1-класска барганда балдарынын окуусунан улам Акманга биротоло көчүп келишти.

Осмоновдор үйүмдө окуп жүргөн мезгилде бүгүнкүдөй жарык жок болчу, сабактарын чырактын жанында даярдашар эле. Бекмамат окууга өтө дилгир чыкты, балдардын баары уктагандан кийин да китеп окуп отура берчү. 

Кийин ишине чечкиндүү, элине күйүмдүү жана кайрымдуу болуп, айылдын эскирген мектебин жаңыртуу демилгесин көтөрүп, көчөлөрүнө асфальт төшөтүп, электр энергиясын тарттырып келип, соода борборун курдурду.

Муканбек Алыкулов, классташы:«АНЫ «КУРКУ» ДЕП КОЁР ЭЛЕМ»

– Бекмамат экөөбүз 9-класстан баштап Базар-Коргондогу Ломоносов мектебинде окуп калдык. Жатакананын курулушу кеч бүтүп, кыздар мектептин ичинде, Бекмамат болуп балдар эшикте түнөп жүрдүк. Бир кар жаагандан кийин гана жатаканага кирдик. Жашоонун ысык-суугун чогуу тартып, кийин жакын достордон болуп кеттик. 

Түз жүргөн, чынчыл, бетке сүйлөгөн, сөккөндү сөгүп, урганды урат болчу. Досум өтө курч жана тайманбас эле. Башкадан кетпесе, өзү эч кимге тийишчү эмес. Ал мени «кореец» десе, «сен куркулдай бересиң» деп мен аны «курку» деп койчумун. Көптү билгенинен жадакалса дасторконго келген тамак-аштан өйдө кайсыны кантип жеш керектигинен бери айтып берчү. 

«Оорудум» деп ооз ачканын уккан эмесмин. Мага «досуң өтүп кетиптир» деп чалышса, түк ишенбей, бир кыйлага нес болуп отуруп калгам. Сыртынан алибеттүү көрүнүп турса, дарттан кайтыш болот деп ким ойлоптур? Досум күтүүсүз кете берди. Сөөгүн Шермамат деген агасы, Айтмамат деген иниси менен чогуу алып келгенбиз.

Жумабек Молдокадыров, кесиптеши:«ОСМОНОВ БАКИЕВДИ КЫЗМАТТАН АЛГАН»

1396504517_3.gif– Өңү-түсү, сүрү да айкөл деп айтууга жарашчу ыраматылык киши эле. Аны менен 1986-жылы Ош облустук комитетинде иштеп жүрүп таанышып калгам. Обкомдун алдында айыл чарба, өнөр жай комплекси жана тамак-ашты кайра иштетип чыгаруучу бөлүм ачылып, Бекмамат Осмонович ошого башчы болуп келди. Насип буйруп, мен анын орун басары болуп калдым. «Иш дегенде жеген ашын жерге койгон» деген сөз ушул кишиге айтылса керек. 

Cоюз ыдырап кеткенден кийин кызматсыз калдым, анан туулуп өскөн жериме, Чүйгө кайтып келейин деп, Осмонов менен коштошкону кирдим. Ага чейин эле «Беке, Чүй тарапка кадр керек болуп калса, мени эске ала жүрчү» деп калчумун. «Жумаке, сени жибере албайм» деп сөзүн баштап барып «Машина, үй алдың беле?» деп сурап калды. «Жок» дедим. «Туугандарыңдын жүзүн кантип карайм, ушунча жыл эмгектенип, жөө келиптир дешпейби» деген ыраматылык киши кол алдындагыларга «машина тапкыла» деп буюрду. Ошентип, биринчи менчик машинаны, Москвичти Бекем мингизип, анан мени жөнөткөн эле. Кең пейилдигин жеке мага эле көрсөткөн эмес, ал баарына ошондой мамиле кылчу. 

Бир сөз менен мүнөздөө керек болсо, мен аны космополит киши демекмин. Ал жакындарынын, тууган-туушкандарынын, уруулардын эмес, жалпы элинин, мамлекетинин кызыкчылыктарын жогору койчу. Азыркылар партияларга чейин бөлүнө башташпадыбы, Бекемдин ой жүгүртүүсү район же облус менен чектелбей, масштабдуу чөлкөмдү камтып, бүгүн же эртеңки күн менен жашабай, жок дегенде, бир же эки жыл алдыга план коюп иш алып барар эле. 

Бекем мырзалык сөөлөтүнө жараша «со вкусом» кийинчү. Чач-мурутун карага боёп, ак костюм-шым менен шляпаны кондура кийген жетекчилер бүгүн барбы? Ал киши мына ошондой болчу. 

1987-жылы Бекмамат Осмонов Токтогул районунун 1-катчысы болуп кетти, кийин Жалал-Абад облусунун губернатору болуп шайланды. Ошол мезгилде экинчи президент (ред. Курманбек Бакиев) анын орун басары болуп келип калат. Иш боюнча кайсы бир маселелер чыгып, тагыраагы, орун басарынын билимине байланыштуу шек пайда болуп, жетекчи катары Осмонов Бакиев бүткөн окуу жайга сурам жиберет. Ал жактан «окуу жайды бүткөн эмес» деген маалымат келген экен. Ушундан уламбы, Бекем орун басарын кызматтан алып койгон дешет. Бирок ал мезгилде номенклатура деген бар эле, кызматка дайындоо жана бошотуу борбордон чечилчү. Бийлик «Бизден уруксат сурабай эмнеге иштен алып коёт?» деп, Бакиевди Тогуз-Торого аким кылып жөнөтүшкөн.

Акыретти деле ойлогон эмес болчу, кайтыш болор жылы экөөбүз Ысык-Көлдө 10 күндөй эс алганбыз. Ал мага «Жумаке, ушул жерден эки бөлмөлүү үй алып коюш керек экен» деп айтып, жакын арадагы пландары менен бөлүшүп отурган. Каза болуп калганын укканда мен таптакыр ишенген эмесмин.

Темирбек Бекмамат уулу:«АТАМДЫН ӨТҮП КЕТКЕНИНЕ МОЮН СУНУУ ООР БОЛДУ»

1396504628_4.gif– Атам жөнүндө айта берсем сөз түгөнбөйт. Анын адамдык сапаттарына токтолсом, мактангандай болуп калсам керек. Жасаган иштерин, жакшылыктарын ар жолкусунда ар түрдүү адамдардан угуп келем. Элдин ушул кезге дейре унутпаганына рахмат айтам. 

Айбаттуу сүрүнөнбү, атамдын үйдө кандай болгондугу көбүн кызыктырат. Өтө баласаак эле, убактысы боло калса биз менен өткөрүүгө шашчу. Чарба иштеринен улам биз ойгоно электе жумушуна кетип, кайра үйгө уктап калганыбыздан кийин келгенин билбейбиз да, түшкү тамакка келгенде «ата, биз менен жатып кетиңиз» деп суранар элек. 

Аскерге СССР боюнча алдыңкы орундагы кавалериялык Таман дивизиясына барган. Ага атка жакшы мине алгандарды тандап алчу экен. Атам спортко жакын киши болгон, апам экөө күндө эртең менен чуркашчу. 

1970-жылы апам Сажида Ош шаарындагы педагогикалык институтту аяктап жатканда атам менен таанышып калат. Бир-эки жолу жолугушуп, атам өзү эзиле берчүлөрдөн эмес болчу, дароо эле үйлөнүптүр. 27 жыл чогуу жашашты. Апам үйдүн оокатын, балдардын тарбиясын да колго алып, 20 жылдан ашуун математикадан сабак берди. Таң атпай атама ысык тамагын даярдап, кайра иштен келгенден кийин бүт ыңгайлуулугун түзүп берип турчу. 

Бүгүнкү кесибимди тандап калуума (ред. Темирбек Бекмамат уулу учурда башкы прокурордун 1-орун басары) атамдын салымы чоң. Байкап жүрсө керек, мага «юрист бол» деген. Максатка умтулууну, ар бир маселеден туура жол таап чыгууну бизге жакшы үйрөткөн. «Прокуратурада иштейсиң» деп калчу, бул тармакка атамдын көзү өткөндөн кийин келдим. 

Чоң кызматтан, ошол эле губернаторлуктан кетип калган күндөрү чүнчүй түшкөнүн көрбөдүк. Эмгегине мамлекет тарабынан туура эмес баа берилгенине капачылык орун алгандыр, бирок аны байкаткан эмес. Атам тирүү кезинде эле легендага айланган экен. Иши жок отуруп калган күнү болбогон. Кабагы көтөрүңкү, тике карап, бир калыпта жүргөнүнөн жазбады.

Саясий куугунтуктоолор кимге болсо да терс таасирин тийгизет. Ошол учурда бийликте тургандар атамды атаандаш көрүп алышкан. Жүрөгү ооруп калгандан кийин өлүмүнө ар кандай себеп болушу мүмкүн экенин айтышты. Бирок анык себеби бизге азыр да чоң табышмак. Киши колдуу болдубу же жокпу, ал тууралуу эч нерсе айта албайбыз. Андай жагдай убагында иликтенбей калып кеткен.

Ар бир адам үчүн атасынын орду ыйык. Аны эч ким толуктай албайт, ошондой эле бизге да күтүүсүздөн көз жумуп кетүүсү чоң жоготуу болгон. Эң улуубуз 26да, эң кичүүбүз 15инде атасыз калдык. Мен анда окуу жайын бүтө элекмин. Аза күтүү жылдарга созулуп, атамдын бул тирүүлүк менен коштошуп кеткенине моюн сунуу оор болду. Азыр да жүрөк тына элек. Элеси бүгүн да күчтүү, жаныбызда эле жүргөндөй сезилет.

Атам «Инжилде Муса пайгамбар 963 жыл жашаган деп жазылган. Бирок бир дагы адам ошончолук жашай албайт, чынында, пайгамбардын өзү эмес, анын идеясы ошончо өмүр сүргөнүн түшүндүрөт» деп айтчу. Атамдын да идеялары тирүү болгону үчүн эл ичинде унутулбай келет. «Бекмамат Осмоновдун уулу турбайбы» деп калышканы, атама болгон сый мамиле бизге да көрсөтүлүп турганы чоң жардам берет.

БЕКМАМАТ ОСМОНОВГО

Сагынбай Оруналиев

Бүркүт кабак, бекем эле айбаты, 

Бекмаматтын зор болуучу кайраты.

Мындай адам көзү өтүп кетсе да,

Мүмкүн эмес эл эсинде калбашы.

Өткүрлүгүн кайран гана жигиттин, 

Өзгөчө эле, аны айтууга тийишмин.

Өзү турчу калк ичинде тоого окшоп,

Өтсөң дагы, Бекмаматым, бийиксиң.

Элиң үчүн дилдиреген жүрөгүң, 

Эмнеликтен токтогонун билемин.

Ажал алса сени оору жиберип,

Алда кандай күдүк ойдо жүрөмүн.

Бекмаматым, бой-келбетиң келишкен, 

Бул дүйнөдөн эрте кеттиң неликтен?

Эл ичинде кеп-сөз жүрүп калды эле, 

Эмки ушул, президент дегизген.

Күркүрөгөн жолборс сымал үнүңөн, 

Коркчу көптөр, жалтанбаган сүрүңөн.

Так ушундай мүнөздөгү адамды,

Таппай азыр турганыма күйүнөм.

Аймактык лидерден улуттук лидерге айланып бараткан Бекмамат Осмонов Аскар Акаевге татыктуу оппонент эле...

1396504844_5.gif

Баласаак ата уулдары менен.

1396504715_6.gif

«Апам таң атпай атама ысык тамагын даярдап, ишке узатчу».

1396505246_7.gif

Алга умтулуу,жашоонун кымбаттыгын сезуу!!!!!!!

#3 AALMAZZ

AALMAZZ

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 192 билдирүү

Жиберилди 08 November 2016 - 23:57

Чыгаан уулдардын катарын толуктаган Эшенаалы, Касым, Торокулдар сынары киши эле жарыктык

Читать еще на тему: дана

0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар