Перейти к содержимому


Фото

Эркектер эмнеге үйдөн качат?


  • Please log in to reply
темада 10 жооп бар

#1 asman89

asman89

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 6 билдирүү

Жиберилди 04 March 2015 - 23:46

ЭРКЕКТЕР ЭМНЕГЕ УЙДОН КАЧАТ? 

Эркектер табиятынан каалаганын кылып көргөндү жактырышат. Эгер көңүлүнө бир аз эле туура келбей калса, ал мамиледен же иштен баш тартып кетери бышык. Акыркы кездерде үй-бүлөлүк чыр-чатактын башкы себеби эркектин үйүнө эрте келбегени, андан күмөндөнгөн аялынын кызганычы болуп жатканын адистер белгилешүүдө. Анда эркектермдин үйүнө эрте келүүнү каалабагандарынын көйгөйү эмнеде экендигин изилдеп көрөлү.

1-себеп: Баарлашканга эч нерсе жок 

Ага аялы менен баарлашуу кызыксыз, бат эригип кетет. Ошондуктан жумушунда кармала турууну максат кылып, бардык убактысын ишке арноону жактырышат же иштен кийин достору менен көңүл ачууну каалашат. Анткени ал сүйгөн, билген темасында үйүндө сүйлөшө турган адам жок. Сиз жолдошуңузга жубай гана болбостон, сырдашар досу болууга да умтулушуңуз абзел. Ал үчүн дүйнө таанымыңызды жогорулатууга аракет кылыңыз. Бактыбызга жараша, ар бирибиздин колубузда интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү турганда андан кызыктуу маалыматтарды, китептерди көчүрүп алып окууну салт кылып алыңыз. 

2-себеп: Үйдөгү иретсиздик 

Жылуулук, тынчтык жана тазалык жок жерге барууну эч ким каалабайт. Муздаган үй, аялдын үйдө бар экендиги билинбеген иретсиздик негативдүү гана сезимдерди ойготот. Өз турак жайыңызга жан дилиңиз менен берилип мамиле кылыңыз. Эркек эшиктен кирип келгенде азаптан кутулуп, жыргалга келгендей өзүн ырахаттуу сезиши керек. Ага өтө маанилүү деп саналган буюмдарды көрүнө турган жерге аздектеп коюп коюңуз. Мисалы, жолдошуңуз футболду жактырса, текчеге символдуу түрдө топ же кубокту коюп коюңуз. Үйүңүздүн дизайнына улам жаңы өзгөчөлүктөрдү киргизип турууну унутпаңыз. 

3-себеп: Сырткы келбет келишпейт 

«Эмне кылуу керек? Аяшыңа үйлөнөрүмдө назик, чырайлуу кыз экенине карап алгам. Ал биздин ар бир жолугушуубуз үчүн дайыма жасанып, жарашыктуу кийинип келчү. Азырчы, жөн гана ##ёбадай. Ага арыктоого, мурдагыдай сындуу болушуна эмне тоскоолдук кылып жатканын билбейм. Бул тууралуу кеп баштасам эле чыр чыгат. Ошон үчүн үйгө баргым да келбейт» деген өңдүү сөздөрдү сиздин жолдошуңуз да айтып жүрбөсүн. Андай болушуна сиздин май же уктап тургандагы жыт менен жолугушуңуз себеп. Эки кызыл дипломдуу билимдүү, үйүңүздү болгон кооздукта кармап, бирок ар убак эски көйнөгүңүз менен «боло берет» деп жүрө берсеңиз, жолдошуңуздун кызыгуусун жоготуп аласыз. 

4-себеп: Кайталанма тамактар 

"Эркектин жүрөгү ашказанында" деген кеп бар. Андыктан ар бир күнү жасаган тамагыңызды өзгөчөлөнткөнгө аракет кылыңыз. Кайталанма тамактар анын табитин гана эмес, көңүлүн дагы калтырат. Ойлоп тапкычтыгыңыз, фантазияңызды иштетип улам жаңы даамдарды тартуулап турсаңыз, «бүгүн дагы эмне жасады болду экен?» деген кызыгуу менен жумуштан үйгө шашып калуусуна шарт түзүлөт. Болбосо ар дайым өтөсүнө чыгара жасаган «фирмалуу» ашыңызды даярдайм десеңиз, жумуш убактысы бүткөнчө ашыгат. 

5-себеп: Ар ким жашообузду тескейт 

Кыргызда бекеринен «сөз ташыган эмес, төш ташыган келин бол» деп айтылбаса керек. Ата-эне, бир туугандарыңызга кайын журт жагыңыздагы оң, терс жаңылыктын бардыгын айта берип жашооңузга башаламандык жаратып албаңыз. Турмушуна кайын журту кийлигишип, алардын жемесин угууга эркектин намысы жол бербейт. Ар кандай жемеден качып жаныңызда болуу убактысын азайта баштайт. 

6-себеп: Тынчтык жок 

Ар дайым үйдө чыр-чатактар боло берсе, үйгө шашмак түгүл, иш убактысы аяктап бара жаткан сайын жүрөк заада болуп кайда барарын билбей кайсалайт. Жан дүйнө тынчтыгын издөөгө аракет кылып, жеңил ойлуулукка да баруусу ыктымал. 

Сүйүктүүңүз үйгө шашуусу үчүн бул эрежелерди сактаңыз 

1-эреже: Жакшынакай маанай менен жолдошуңузду тосуп алууну үйрөнүңүз. «Куш келипсиң», «мен сени күтүп жатам» деген сыктуу сөздөрдү айтып бетинен же оозунан өөп кучак жайыңыз. 

2-эреже: Бир нерсени үмүттөнүп күтпөңүз. Фантазияларыңызды реалдуулукка жакындатып ойлонуңуз. Айлык алгандыгын билсеңиз, “балким, мага таттуу торт ала келер” деген куру кыялдар менен күтсөңүз, ал аны албай келсе маанайыңыз түшүп калат. 

3-эреже: Жолдошуңуз ачка болуп турганда маанилүү маселелерди сүйлөбөңүз. Кагуу жеп же сиз күткөн жоопту ала албай каласыз. 

4-эреже: Ал үчүн жакшы болот го деп кайсы бир маселелерди чечип койбоңуз. Чоң адам эмне кийип, каякка барып, ким менен сүйлөшүштү өзү билет. Маселени ал үчүн чечип коюу ортодогу чыр-чатакты көбөйтүп, ажырымды гана пайда кылат. 

5-эреже: Бир нерсени кааласа, анын токтоосуз ишке ашуусун талап кылган аялдардын категориясы бар. Чарчаганына, убактысы, мүмкүнчүлүгүнө карабай бир гана талап кыла берүү сабырдуу эркектин да эсин оодарат. Алгач күйөөңүздүн кызыкчылыктары менен эсептешүү шарт. 

6-эреже: Түнт мүнөз күтпөңүз. Тамашалуу сөздөрдү сүйлөп көңүлүн ачканга аракет кылыңыз. Ар дайым жаркылдап турууңуз жолдошуңуздун сизге болгон сезимин күчөтөт. 

7-эреже: Эркектин үйдөн жардам берүүсү эң сонун көрүнүш, бирок “аялдын ордуна бардык оокатты кылат” дегендик эмес. Жардамын сый деп кабыл алып андан ары жумшай берүүнү токтотуңуз. 

8-эреже: “Эрди-катын урушат, эртеси кайра табышат” дейт эмеспи. Чыр-чатак болуп жатканда ачууга алдырып ар-намысына тийишип, кемсинтип сүйлөбөңүз. Көңүл калуулардын аягында элдешүү татаалдайт. Сизге болгон сезими жок болгондон кийин жылуулукту башка жактан издеп, ар кандай шылтоолор менен белгисиз жактарга жоголуусу арбыйт. 

9-эреже: Төшөк мамилесинде жолдошуңуздун сунушунан баш тартпаңыз. 

10-эреже: Куру бекер күмөндөнүү менен “эмнеге үйгө кеч келди?” деп чөнтөгүн, телефонун, электрондук дарегин аңтарып, күмөндүү эч нерсе табылбаса деле “балким, минтип жүргөндүр” деп жаман ойлой берүүнү токтотуңуз. Күнөөнү андан эмес, өзүңүздөн издеңиз. 

11-эреже: Обу жок, маанисиз сөздөрдү сүйлөп башын оорутпаңыз. Мисалы, «Канышай сонун шуба алыптыр, бирок тумагы жарашпай калыптыр» деген сыяктуу сөздөр аны эч кызыктырбайт. Ал билген, кызыккан нерсе тууралуу маектешсеңиз, туура кылган болосуз. 

12-эреже: Сапаттуу кийимдерди жана косметикалык каражаттарды алып колдонууга аракет кылыңыз. Ар убак боёнуп, жаш көрүнүүнүн, чырайлуулукту жоготпоонун сырларын издеп таап колдонуу



#2 Xuligan

Xuligan

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2511 билдирүү

Жиберилди 08 March 2015 - 17:47

Баары айымдарга көз каранды, сүйүү болбосо да качып кетет. 



#3 Aidosya

Aidosya

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 383 билдирүү

Жиберилди 09 March 2015 - 13:38

Баары айымдарга көз каранды, сүйүү болбосо да качып кетет. 

 

Аялы сүйүп туруп,күйөөсү сүйбөсө анда деле качышы мүмкүн.Эң башкысы үйдөгү чыр чатактан,аял киши тиричилик деп өзүнө кам көрбөй таштап койгондон,күнүгө мээсин жеп уруш кыла берген учурда эркек качышы мүмкүн.Аялдан амал качып кутулбайт демекчи,баардыгы аял кишинин колунда.Үй бүлөөнү да сактап калуу биздин колдо!


Главный-адамгерчилик!

#4 Tina

Tina

    Форумчу

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1469 билдирүү
  • ДарегиМаленькая страна)

Жиберилди 14 March 2015 - 20:54

Айымдардын эн жанылыш ойу, "Ал озгорулот" дегени, эркектердин жанылганы "ал эч жакка кетпейт" дегени.

Если будешь улыбаться, все мечты начнут сбываться. :)


#5 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6898 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 08 April 2015 - 21:22

СУЙУКТУУ ЖАР БОЛУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

Ал кимдир-бирөө үчүн балдарына жакшы тарбия берген аял, кимдир-бирөө үчүн үй бүлө менен жумушту чогуу алып кеткен айым, дагы кимдир-бирөө үчүн ашканадагы мыкты кожойке. Бирок, бардык жагынан келишкен идеалдуу аял жок дешет. Анткен менен сизге жакшы аял болууга жардам берген айрым эрежелер бар. Алар төмөнкүлөр:

БИРИНЧИ ЭРЕЖЕ: Жолдошуңузга сизден эс алууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Ар бир адамдын жалгыздыкты эңсеген учурлары болот. Бул кадыресе көрүнүш. Эгерде жолдошуңуздун такай өзүңүзгө көңүл буруп туруусун талап кыла берсеңиз, аны дароо эле тажатып алышыңыз мүмкүн.

ЭКИНЧИ ЭРЕЖЕ: Экинчи жарымыңыздын достору менен жолугушуп туруусуна тоскоолдук кылбаңыз. Аларга ишениңиз. Эркек кишиге досторунун арасында болуу маанилүү, аларга өздөрү кызыккан темада «эркекче» сүйлөшүү кызыктуу. Бул эркекти бир түрдүү жашоодон алаксытат, атүгүл мындай сүйлөшүүлөрдөн кийин жолдошуңуздун сизге болгон мамилесинин жаңырып калганын байкайсыз. Ал эми «кайда жүрдүң?» «ким менен жүрдүң?» деген сыяктуу суроолор мамилени татаалдантып, ортодогу ишенимге доо кетирет.

ҮЧУНЧУ ЭРЕЖЕ: Таптакыр эле момун аял болуп алуу деле болбойт. Психологдор эмоционалдык кагылышуунун үй-бүлөлүк мамиленин бекемдээрин айтып келишет. Андыктан, кээде жолдошуңузду анча-мынча кызганып коюу, чыргоолук кылуу ашыкчалык кылбайт. Бир кылка мамиле, бирдей тондо эле сүйлөшө берүү да кээде адамды тажатат.

ТОРТУНЧУ ЭРЕЖЕ: Ар кырк күн сайын аял өзүнүн образын өзгөртүп турууга тийиш. Мындай өзгөрүүлөр жолдошуңузга жаңы сезимдерди тартуулап, анын башка жакты карабашына жардам берет. Андыктан, имиджиңизди кантип өзгөртүү тууралуу ойлонуңуз: балким, чачыңызды башка түскө боёйсуз, балким, өзгөчө бир макияж жасайсыз, же кийимиңиздин өзүңүз көнүп калган түсүн өзгөртөсүз. ..

БЕШИНЧИ ЭРЕЖЕ: Эмне кылсаңыз да өзүңүздүн чындыгыңызды далилдегенге аракет кылбаңыз. Кээде жолдошуңузга атайын эле «жеңилип» берип коюңуз. Муну менен анын үй-бүлөдө орду бар экенин, анын сөзү маанилүү экенин сездиресиз.

АЛТЫНЧЫ ЭРЕЖЕ: Эсиңизде болсун, кээде таттуу калп ачуу чындыктан жакшы болот. Эгерде үй-бүлөнүн тынчтыгын кааласаңыз, кызганычка, талаш-тартышка жана башка жагымсыз көрүнүштөргө себеп болчу чындыкты жашырып эле койгонуңуз оң.

ЖЕТИНЧИ ЭРЕЖЕ: Убакыттын кайсы мезгилинде, кандай абалда келсе да жолдошуңуздун үйгө келгенине сүйүнүңүз. Кызуу болсо да ал башка жакка эмес, сизге келди да. Анан да аны мактагандан аянбаңыз. Кичинекей нерсеси үчүн бүгүн мактап койсоңуз, эртең ал сиз үчүн мындан чоң нерсе жасайт.

Даярдаган:Кушубакова Айпери.

"ИСЛАМ-ЖАШООМДУН НЕГИЗИ"


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#6 erikkuba

erikkuba

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 112 билдирүү

Жиберилди 30 June 2015 - 23:17

Аялы сүйүп туруп,күйөөсү сүйбөсө анда деле качышы мүмкүн.Эң башкысы үйдөгү чыр чатактан,аял киши тиричилик деп өзүнө кам көрбөй таштап койгондон,күнүгө мээсин жеп уруш кыла берген учурда эркек качышы мүмкүн.Аялдан амал качып кутулбайт демекчи,баардыгы аял кишинин колунда.Үй бүлөөнү да сактап калуу биздин колдо!

Азаматсың. Бар экен го алтын аялдар. 


Размещенное изображение

Кыргызымдын кызыл туусу желбирейт
Көрө албаган ар нерсени бир элжирейт
Айтса айтсын, биздей болуу кыйын го
"Кыргыз" андан өчүп калбай, кемибейт.

#7 erikkuba

erikkuba

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 112 билдирүү

Жиберилди 30 June 2015 - 23:35

Эркектин үйдөн качканы эркектин өзүндө да болот күнөө. Бирок көп үй-бүлөдө АЯЛ күнөөлүү. Андайда эркек балдары үчүн эле барат үйгө. Алар болбосо үйгө таптакыр кадам баскысы да келбейт. Биздин эң чоң күнөөбүз АЯЛГА СЫРЫБЫЗды ачып коебуз. Эч бир сыр айтпаш керек аялга. Ал башыңа таяк болот. Бир мисал, башыңдан өткөн окуяны айтып берип атып, (эми аялың да айтып бересиң) бирөөнү алдаганыңды айта саласың. Бир күнү катуу уруша кетесиң. Аял адам өчөшөт да ошол сырыңды досторуңа, бир туугандарыңа, душмандарыңа, ал гана эмес кимди алдаган болсоң ошол адамга айтып салат. Мына сага башыңак таяк болду. 


Размещенное изображение

Кыргызымдын кызыл туусу желбирейт
Көрө албаган ар нерсени бир элжирейт
Айтса айтсын, биздей болуу кыйын го
"Кыргыз" андан өчүп калбай, кемибейт.

#8 Rozana

Rozana

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 432 билдирүү

Жиберилди 01 July 2015 - 09:52

Аял уйдун куту деп бекеринен айтылган эмес. 


Удача — это постоянная готовность использовать шанс.


#9 Vazir

Vazir

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 245 билдирүү
  • ДарегиUSA

Жиберилди 07 February 2016 - 01:07

Жогорудагы белгилерге толук кошулам, уйдо тынчтык болуш керек, эгер уруш талаш болсо баарыбыздын чыдамыбыз кетет.

.Я принимаю свою жизнь такой, какая она есть, и сам выбираю, какой ей быть в будущем :) 

 


#10 Rozana

Rozana

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 432 билдирүү

Жиберилди 10 February 2016 - 20:43

Уруш-талашты кобойто берсе да кээде ушундан коро кетип эле калбайт бекен деп ойлойсун. 


Удача — это постоянная готовность использовать шанс.


#11 Chabandes

Chabandes

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 515 билдирүү

Жиберилди 26 June 2020 - 14:12

Уй буломдо баары жакшы бирок, уйго баргым келбейт менин дагы.

Жакшылык жана такыба иштерде бири-биринерге жардам бергиле (Xадис)



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар