Перейти к содержимому


Фото

Мектептеги мыкты окуучу, мыкты урушчак, мыкты кутургандар бул жакка келгиле!


  • Please log in to reply
темада 25 жооп бар

#1 Leili

Leili

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 107 билдирүү

Жиберилди 20 March 2015 - 11:32

  Биздин үй-бүлөбүздө кыздардын баары ишенчек анан баёо. Мектепте окуп жүргөндө бөлүшмөй-урушмай дегендер болот эмеспи? Такылдаган кыздар жоош жана жөнөкөй кыздарды бөлүп салышчу. Менден улуу эжем бар эле, ал аябай жоош болчу. Сабак бүтүп, кыздар менен мектептин короосунда ойноп жүрсөк, менин эжемин классына дене тарбия сабагы башталып калды. Мен кыздарды ээрчитип барып калдык, волейбол ойноп киришти. Кызыгып көрүп жатабыз. Очередь менен келип переход болгондо топту полянын арткы тарабындагы адам урат эмеспи? Менин эжеме келгенде эле бир бою узун кыз аны түртүп салып эле өзү топту алып салат. Улам ошенте берди. Мен кичинемин, боюм да кичине. Эжем болсо көздөрүн жалдыратып эле унчукпай туруп берет экен. Мени жалдырап карап коёт. Топ узак жакка ыргып кетсе, аны жумшашат экен, ал чуркап алып келет экен.

Менин жакындарымды капа кылган учурда менден өткөн жырткыч жок. (( Жанымдагы 3 классташ кызым бар эле, алар менен сүйлөштүм да, тиги бою узун кызга бармай болдук. Менин жанымдагы кыздар деле мен эмне кылсам, ошондой кылчулардан эле. Менин бир тууганымды кордогонго анын акысы жок болчу! Ал деле ойногонго акылуу болчу да! Коркуп турсам деле намысым менен тиги бою узун кыздын жанына бардым. "Неге менин эжеме топ бербей жатасың?" - дедим дароо эле. Оюн токтоду, кыздар бизди тегеректеп калды. Тиги кыз менменсине менин жаныма келди да, "ишиңди кылчы. Аяп койсо.." деди. Ага болбойм, "жүрчү чечишип алалы" дейм улам. Тиги кыздын жарымынан келем, ал мени чынында аяган деп ойлойм. Ал асылып, мени уруп жиберчүдөй болуп калганда унчукпай турган эжем чыйпылыктап жиберди. "Жөн эле койчу. Мен топ ойнобойм, жөн эле койчу" дейт. Ойнойсуң деп коём. Мени ал узун кыз эч нерсе кылган жок. Оюн кайра башталып, эжеме да топ берип калышты. 

Кийин ал кыз мектептеги мыкты волейболчуга айланды. А эжем болсо спорт жактан айырмалана алган жок. Ошентсе да тендик ар дайым жакшы да.

 

 



#2 Chabandes

Chabandes

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 607 билдирүү

Жиберилди 20 March 2015 - 22:22

Жакшы тема экен балалыкты эстеткен.
Мен 2-классымда болсо керек. 23-февралъ балдардын майрамы м.н куттуктап, кыздарыбыз белек беришкен. Алмайдын бермейи бар деп. Аны 8-мартта кайтарып берип атканыбыз да, мен мага белек берген кызга эмес, башка эле кызга берип салгам. Анан байкуш кыз белеги жок уйуно ыйлап барган экен.
7-классымда балдар менен приказ ойноп кыздарды опмойго. Анан женилип калып балдар айткан кызды обуш керек болуп, кызга барып приказ ойноп женилип калдым бетинен оптурбой койчу десем. Тиги кыз качып жоноду эле аркасынан кубалап барып жерге жаткызып алып аябай ооп салгам, анан жанагы кыз ыйлап бир эжекеге айткан экен, эжекем сабак буткучо мени сабаган.

Жакшылык жана такыба иштерде бири-биринерге жардам бергиле (Xадис)


#3 vankuver

vankuver

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 120 билдирүү

Жиберилди 21 March 2015 - 01:52


Мен жоош бала элем. Бирок жакшы окуучумун. Анчалык эле кутурбаптырмын.


#4 Tina

Tina

    Форумчу

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1484 билдирүү
  • ДарегиМаленькая страна)

Жиберилди 21 March 2015 - 21:06

Урушчаактыктан эч кимди алдыма салбасам керек эле, акыркы соз меники болгуча уруша берет элем. Канча кыздар апаларына арызданып, чакырып келишкен. Мени урушканда унчукпай коёт элем. Эч качан кечирим сурабачумун, бир жолу 6-классымда менин ордума эжем келип кечирим сурап мени алып кеткен. Бирок, ата-апамдар булар тууралуу билишпейт болчу. Чындыгында бекеринен уруша бербейт элем, оздору тийишип же какшыктап суйлоп калышпаса эле. Кийин чон класстарда мага эч ким ашыкча суйлобой жаным тынч алып калган.

Если будешь улыбаться, все мечты начнут сбываться. :)


#5 Adem

Adem

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 12 билдирүү

Жиберилди 24 March 2015 - 09:44

Мен аябай шок болчумун...азыр деле озгорбопсун дешет. Тообо)


  Гордая, потому что подводили и предавали.

Сильная, потому что делали больно…

Смелая, потому что уже не боюсь!

Улыбаюсь, потому что есть ради кого жить!


#6 Aidosya

Aidosya

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 383 билдирүү

Жиберилди 24 March 2015 - 15:55

Балыкчыда толпа болуп жүргөн мода болчу.Биз дагы мектептеги кезде кыйын болуп 6 кыздан турган толпа түзүп алганбыз кыйратып,ага дагы ат коюп)))).Бири бирибизге колдоо көрсөтүп турчулек.Бирок,башкаларга окшоп башка мектептерге барып салык салып акча өндүрчү эмеспиз))).Негизи мектепте шустраяле болчумун.


Главный-адамгерчилик!

#7 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 24 March 2015 - 18:10

Мен мектепте эң жакшы окуган окуучу элем. Айрыкча математика, алгебрадан текшерүү иши жазганда өзүмдүн вариантындагылардын баарына көчүртүп, экинчи вариантты да иштеп берчүмүн, переменага чыкканда черновикти "Б" класска берип коёт элем. Бир жолу эмне болгон билбейм, жат жазуудан төрт алып калганмын, ошол күнү мектепте жаңылык болгонмун да. )) Негизи, айылдагы мектептин берген билими мага эч кандай кыйынчылык туудурбайт эле. 


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#8 Zluchka

Zluchka

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 60 билдирүү

Жиберилди 25 March 2015 - 15:00

Дагы бир жолу салам достор! Сонун тема экен балалыкка бир кайрылып бара турган.

  Биз уйдо 4 бир тууган элек. Бир агам, бир эжем, бир иним бар. А мен 3-сумун. Эжем менден бир жашка улуу болгондуктан ал мектепке барган учурдан тартып мен мектептин кухнаясы менен анча-мынча тааныш боло баштагам десем болот. Ошентип бир жыл бою биринчи класстын программасын эжем менен биргеликте уйдон тааныш болгом. А кийинки жылы 1-класс мага ото женилдей туюлган. Ото кичинекей кыз болгонум учун уйдогулор "Кукла" деп эркелетер эле. Биринчи класска барганымда да атам которуп барганы дале эсимде. Кичинекей болгонум менен тын кыз болчумун. Атам мени 3-класска чейин которуп барып журду. Атам мугалим болгондуктан мектепке бара жатып мени калтырбай ала кетсек керек которуп. А балким атам барбай эле озун бара бер десе озум деле бара бермек белем деп ойлоп кетем кээде, атама жук болбой. Ошентип баягы кичинекей кыз чоноюп баарын менен чокушканга жарап калды. Кыздарды ары-бери болуштуруп ойсондогон оюнкараак болду. Бир класста 6 гана кыз окучу элек. Ошентип ар бирибиз экиден дос болуп болунуп алганбыз. Кийин жогорку класс болуп калганда чогуу жургонубуз менен баары бир баягы экиден достор озгочо жакын болуп калышты. Эми минтип мектепти буткондон кийин деле ошол экиден гана достор байланышта болуп калдык.



#9 Xuligan

Xuligan

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2511 билдирүү

Жиберилди 25 March 2015 - 18:20

Мен кадимки кыргыз окуучу балдар катары аябай шок элем, жаныма эч бир кыз отургусу келчү эмес. Эжекебиз, -ой отура бергилечи эмне болмок эле? деп айтып жатып бирин отургузса эртеси кайра кетип калчу. Мен жанымда кыз отурса эле аны кармалагым келе берет эле да а бул кыздарга жакпайт окшойт мен жакса керек деп ойлопмун, ошентип жүрүп бир досум экөөбүз отуруп окууну аяктадык. 



#10 Ziyagul

Ziyagul

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 98 билдирүү

Жиберилди 03 April 2015 - 10:54

Жакшы окуучу элем, отличник болчум.

#11 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 28 April 2015 - 19:13

Мектепке жашымдан кеч калып барганмын. Иним менен бир класска киргизип коюшканда ыйлаганмын, окубайм деп. Ошого тырышып жүрүп окуп бир жылдын ичинде үчүнчү класска чейин көчкөнмүн. Жакшы окуучулардын катарында жүрдүм, кийин 10-класстын экинчи чейреги бүткөндө дагы мектепти таштап койгонмун. Жалпылап айтканда, "непонятно" ким болгонмун :D


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#12 Begimkyz

Begimkyz

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 23 билдирүү

Жиберилди 30 April 2015 - 23:50

Мектепте унчукпай жүрүп иш бүтүргөн мен элем.

#13 kanat

kanat

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 14 билдирүү

Жиберилди 01 May 2015 - 01:36

 Класста 25 окуучу болгондуктан менин жанымда да, алдымда капталымда эч ким отурчу эмес, бары эле алдынкы парталарга отуруп алчу. Башында мектепке неге барып, келип жатканымды да тушунгон эмесмин,  корсо окуш керек турбайбы)) мен ошондой кеч тушунгон ( анкоо) бугун айтса эртен тушунчу окучу болгом. Боюм кичине болгондуктан класстагы кыздардан коркчум, балдардын тапшырмаларын аткарып бергениме алар кобунчо корго0чу кыздардан)) 



#14 Jalt

Jalt

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2278 билдирүү

Жиберилди 08 May 2015 - 19:58

Жакшы окуган, эжекенин любимицасы болгом...... Директор чакырып калса, мага указкасын карматып сабакты улантып тур, шоктонгондорду жазасың деп калтырып кетчү..... Майрамдык уюштурууларды да мага дайындачу,..... өзүм алып баруучу болдум...мектепти бүткөнчө.....


Нужно всегда улыбаться, кому-то искренне а кому-то на зло.....


#15 teltaeb

teltaeb

    Студент

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1660 билдирүү
  • facebook:Baitik.teltaeb@facebook.com

Жиберилди 22 August 2015 - 16:35

9,10,11-класста окуган кездерде бардык окуучуларды жана мугалимдерден 10 чактыны залга жыйнап алып даават кылар элем.)) Деректир эжем болгондуктан ал озу жыйнап берет эле...:) Адеп сабагынан да дарс берип жиберчумун. Ошентип, коридордо эле журдум окшойт, кыйратып окуп жаткансып.)) Анан уялбай олимпиадага да катышып алчым. Черчения, сурот, кол эмгек сабактарынан 2 алуу жагынан алдыма киши салбадым го чиркин.
Акыйкатты материяда издегендердин акылы көздөрүндө, ал эми көз руханиятта сокур. (Бедиуззаман Саид Нурси)

#16 Oo_Beishekan

Oo_Beishekan

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 219 билдирүү
  • ДарегиЖайлоо

Жиберилди 22 August 2015 - 21:19

Билегимди түрүп келип алыпмын го. :D Уруша турган тема окшойт деп.


Жайлоодон чоооң салам. Кыргызстанга жана Россияга!


#17 teltaeb

teltaeb

    Студент

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1660 билдирүү
  • facebook:Baitik.teltaeb@facebook.com

Жиберилди 22 August 2015 - 21:27

Билегимди түрүп келип алыпмын го. :D Уруша турган тема окшойт деп.

Акырын-акырын, сабыр кылыныз... Бир ачуунузду мага бериниз.:)
Акыйкатты материяда издегендердин акылы көздөрүндө, ал эми көз руханиятта сокур. (Бедиуззаман Саид Нурси)

#18 Rozana

Rozana

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 432 билдирүү

Жиберилди 27 August 2015 - 17:15

Кобунчо озум менен озум эле журо берчумун.


Удача — это постоянная готовность использовать шанс.


#19 Nats

Nats

    Күйөрман

  • Модераторлор
  • 828 билдирүү
  • ДарегиПлутон

Жиберилди 24 March 2018 - 05:31


Мен жоош бала элем. Бирок жакшы окуучумун. Анчалык эле кутурбаптырмын.


Мектепти буткон сон кутуруп баштадынызбы ))) Тамаша )

Ashik olmak bu mutlu olmaktir, sevarken hic bir zaman degishmeyelim...

Моя жизнь моя история..


#20 Nats

Nats

    Күйөрман

  • Модераторлор
  • 828 билдирүү
  • ДарегиПлутон

Жиберилди 24 March 2018 - 07:56

Мен мектепте окуп жургондо аябай спокойная элем, азыр деле спокойнаямын) но жиниме тийгендердин энесин корсотуп койчумун)) озум менен озум болуп эле журо берет элем...

Ashik olmak bu mutlu olmaktir, sevarken hic bir zaman degishmeyelim...

Моя жизнь моя история..



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар