Перейти к содержимому


Фото

Суицид туура жолбу?

Суицид

  • Please log in to reply
темада 15 жооп бар

#1 kabarchy

kabarchy

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 369 билдирүү

Жиберилди 18 April 2015 - 05:15

1414408062_povesilsia_136886887137.jpg

 

 

Дүйнө жүзүндө расмий статистика боюнча өзүнө өзү кол салып көз жумгандардын саны жылына 1 млн.100 миңди түзөт экен. Ал эми статистикага катталбаган маалыматка таянсак, өз жанын кыйган адамдардын саны жылына 4 млн. Алардын көбү дары-дармекти ашыкча ичкен, жолдогу кырсык, бийиктиктен жыгылуу ж.б.у.с. кокустуктан өлдү деп эсептелинет. Ал эми бир жылда 19 млн. адам өз жанын кыюуга аракет кылат, бирок анысы ишке ашпайт экен. 


Дүйнө жүзүндө өз жанын кыйган беш жаштан он тогуз жашка чейинки жаштардын саны 65%ды түзөт. Алардын 30%ы 14-24 жаштагылар, 6%ы эркек бала болсо, 10%ы кыздар. Адистердин айтымында, 90% өз жанын кыйган өспүрүмдөр өздөрүнө көңүл бурдуруу үчүн гана ушул аракетке барышат экен. 
Акыркы мезгилде Кыргызстанда да өспүрүмдөр арасындагы өз өмүрүнө кол салуу фактылары көп кездешүүдө. Мисалы, 2008-жылы республика боюнча 72 өспүрүм өз жанын кыйса, 2009-жылы анын саны 76га жеткен, 2010-жылы 96, ал эми 2011-жылы 106, ал эми 2014- жылга келип олко боюнча 93 оспурум оз жанын кыйган. Ички иштер министрлиги быйыл төрт айда эле 248 адам өз өмүрүн кыйганын, алардын 39у өспүрүмдөр экенин айтууда

 

 

1311142547_suicid.jpg

 

 

Акыркы жылдары озу озун  олтуруу кадимки корунушко айланы барууда

 

Суицид- озу озуно кол салу, башкача айтканда озун озу олтуру. Акыркы жылдарга келип олкодо озун озу олтуруу фактысы кадимки эле корунушко айланып барууда. Бул жолду тандагандарын басымдуу болугу мектеп жашындагы оспурумдор болууда. Эксперттер мунун себебин үй-бүлөдөгү социалдык абалдын начардыгы менен түшүндүрүшөт. Алар балдардын жашоосуна мектеп рэкетчилиги сыяктуу көрүнүштөр дагы терс таасир берип жатканын айтышат. Өз өмүрүн кыйгандардын арасында сүйлөшкөн кызы таштап кетип, андан улам өз жанынан кечкендери да бар.

 Ичке иштер министирлигинин маалыматы боюнча откон жылы республиканын аймагында жалпы 536 өзүн-өзү өлтүрүү фактылары катталган. Анын ичинен 353ү эркектер болсо, 101и аялдар, 82си жашы жете элек өспүрүмдөр. 536 адамдын ичинен 481 киши асынып өлгөн.



#2 kabarchy

kabarchy

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 369 билдирүү

Жиберилди 18 April 2015 - 05:30

CV33qjsRvDY.jpg

 

 

 

Эмне учун оспурумдор арасында суицидке кабылгандар кобойуудо?

 

 

Психолог. Кенешпек Усупов «Агым» гезитине берген маегинде суисидке оспурумдорду туртуп жаткан маселерди айтып отту.

- Өз жанын кыйган өспүрүмдөр артында жеке трагедиясы, жашоосундагы катастрофа, эч жерден моралдык колдоо алалбаганда алардын аң-сезими акыры өлүм деген коркунучту жеңип чыгышат. Алардын 62%ы үй-бүлөлүк чыр-чатактан, чоңдордун ур-соккусунан, мугалимдердин урушунан, классташтарынын, досторунун кемсинтүүсүнөн тажап, айлана-чөйрөсүндөгү кайдыгерликтен чыгат.
Көпчүлүк өспүрүмдөр өзүнө көңүл бурдуруп, көйгөйүн ушундай жол менен чечип алууга аракеттенишет. Алардын көпчүлүгү өлүп калам же ден соолугума зыян келет деп ойлошпойт, болгону жанымдагыларды ушундай жол менен коркутам дешет. Мындай учурда алар кан тамырын кесишет, дары ичишет, муунгандай түр көрсөтүшөт.
Кээ бир өспүрүмдүн жандүйнөсү кыйналып суицидге барарда эмоциясын сыртка чыгарып, өлүп калам дегени менен кантип өлө турган так планы да жок болот. Алар асылып калат же уулуу нерселерди ичишет.

Ал эми чындап өлгүсү келген өспүрүмдөрдүн кулк мүнөзү башкача болот. Алар акырындап бардыгын пландашат. Туугандарына, жакындарына, досторуна кат жазып, өлүмүнүн себебин айтып, коштошушат. Булардын көпчүлүгү асылып же бийиктиктен секиришет. Негизи суицидге барган балдар бир эле күндө чечимге келбейт, алар жылдап, айлап, жумалап чогулган депрессиядан чыгат.

Суициддин биринчи баскычында өспүрүмдө өлүм жөнүндө ой боло баштайт. Аларда жетишкендик азайып, бир нерсеге болгон кызыгуу жоголуп, эч ким менен сүйлөшкүсү келбейт, кыжыры бат келип, мүнөзү туруксуз болот. Көпчүлүк учурда алар ушундай жашоодон тажадым, уктаган боюнча турбай калсам деп жашоодогу көйгөйдү өлүмгө алмаштыргысы келет. Ар бир өзүнө кол салган адам өзү өлгөндөн кийин айланасындагылардын ага карата абалын көргүсү келет. Мындай кадамга барган өспүрүм айланасындагыларга көйгөйүн кыйытып айтат. Бирок аны түшүнүп, уга турган адамдар тилекке каршы боло бербейт. Экинчи баскычында өспүрүм өлө турган убакытты, орунду, ыкманы пландап коет. Ал эми үчүнчү баскычында ал адам буга сөзсүз аракет жасайт, аны ишке ашырууга чечим чыгарат.
Суицид кээ бир адамдарда өнөкөт оору сыяктуу аң-сезиминде өмүр бою калыптанып калат.
Негизи өмүрүнө кол салып өлбөй калган өспүрүмдү жакшы колдоого алып дарылатпаса арадан үч-төрт ай өткөндө ал экинчи жолу аракет кылышы ыктымал. Ошондуктан мындай балдарга өзгөчө аяр мамиле жасоо шарт.
Өспүрүмдөр өз жанын аргасыздан кыят, ошол учурда өлүмдөн аман калууга үмүттөнүшөт. Көпчүлүгү өздөрүнө кол салганда аны тезирээк таап ала тургандай көрүнүктүү жерде, же үйүндө чак түштө жасашат. Алар өлүп баратканда кимдир бирөө жардамга келет деп үмүттөнүшөт. Бирок, тилекке каршы чечиле турган көйгөйдү биротоло өлүм менен чечип, ага эч ким жардамга келбей калганын өздөрү да аңдабай калат. Суицидге каршы факторлордун бири анын жакындарына, туугандарына болгон сүйүүсү, бирөөгө милдеткерлиги, өзүнүн ден соолугунан чочулоо, айланасындагы адамдардын ал өлгөндөн кийинки ушак сөздөрү, жашоодогу жетпей калган нерселери, үй-бүлөсүндөгү чечилелек пландары жана жашоого болгон кызыгуусу жогоруласа өмүрүн кыюудан баш тартат. Суицидди болтурбай алдын алууга болот. Эң негизгиси, ага кам көргөн, аны сүйгөн, уга билген, түшүнгөн адамдар айланасында болуусу шарт.

 

 

sad-boy.jpg

 

 

Оз өмүрүн кыйган балдардын 70-78 пайызы жакшы жашаган, жакшы окуган, толук кандуу үй-бүлөнүн балдары

 

-Өз жанын кыйган балдар көчөдө калган кароосуз балдар эмес. Демек, балдар өлүмүнүн көбөйүп жатышынын себебин - социалдык, экономикалык абал менен гана түшүндүрүүгө болбойт. Мисалы, өз өмүрүн кыйган балдардын 70-78 пайызы жакшы жашаган, жакшы окуган, толук кандуу үй-бүлөнүн балдары. Балдардын өлүмүнө социалдык абал же рэкетчилик гана себеп болбостон, коомчулукта болуп жаткан өзгөрүүлөр да себеп болуп жатат. Алсак, өз жанын кыйган балдардын саны революция учурунда көбөйүп кетет. Бир-эки жыл өткөн соң кайра азайып калганы байкалат. Мындай иштерди такыр болтурбоо үчүн социалдык жактан окутуучу педагогдор талап кылынат.



#3 kabarchy

kabarchy

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 369 билдирүү

Жиберилди 18 April 2015 - 05:40

27-10-12-1.jpg

 

Он гулунон бир гулу ачыла эле 18 жаштагы  Тахмин оз жанын кыйган

 

 

Тахминанын эжеси Алина мындан бир жыл мурун өз жанын өзү кыйган. Ал 18ге эми чыкмак. Он гүлүнүн бири ачыла элек кезинде кызынан ажыраган ата-эне, туугандары “эмне үчүн?” деген суроого бүгүнкү күнгө дейре жооп таппай убара.  

Алина көпчүлүк өспүрүмдөрдөй эле өткөөл курактын туталанма мүнөзүнөн куру эмес болгон экен. Ата-энеси менен уруш-талаш болуп турчу. Кийинчерээк талма оорусу пайда болуптур. Тахмина оор үшкүрүп, буларды айтып берди:

Үйдөгүлөр менен көп урушчу. Биз эжемди такыр түшүнчү эмеспиз. Анын үстүнө талмасы бар болчу, көп дарыгерлерге кайрылды, алар деле кандай оору экендигин так айта алышкан жок. Мен кээде ошол оору, пикир келишпестик, уруш-талаштар топтолуп отуруп, суицидге алып келди окшойт деп ойлоп калам. Өлгөндүкү оңой эле экен, бирок анын туугандары кыйналат турбайбы. Биздин үй-бүлө тарткан азапты эч бир адамга каалабайт элем. Мен ушул күнгө чейин "кантип адамдар жакындарын ойлобой, өмүрүн кыйышат? Кантип буга алардын эрки жетет" деп ойлой берем.

 

 

 

 

Ислам дининде озу озун олтургон адам эмне менен жана кантип олтурсо кыяматта да ошол абалда тирилет деп айтылат. Динибизде бул кадамга балуу тыю салынган.

               

Америкалык окумуштуулар адамдын озун озу асып же башын кесип олтугондон кийинки абалын изилдеп корушкон.

Окумуштуулар адамды гипноздук жол менен муунутуп журогун токтотушкан, анан бир аз убакыттан сон анын журогун кайра ишке киргизген. Анда адам мууну олгондон сон он мунотко чейин, башкача айтканда баш мээдеги кан койулганга чейин мээ кадимкидей иштеп, адам айланадагы болуп жаткан нерсени озуно ала алат. Ушул эле тажырыйбаны Франсуз окумуштусу мындан бир кылым мурда озундо сынап далилдеген. Адам кандай гана курч жана таманбастык менен олумго барбасын, ал жаны кыйылып жаткан учурда бул кадамына болуп корбогондой окунучко батат.Муунуп олгон учурда адам жаны чыгып кеткенге чейинки учурда, кайра оз жанын сактап калууга аракет жасайт. Тилеке каршы ал учурда ага эч ким жердем бере албайт.



#4 kabarchy

kabarchy

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 369 билдирүү

Жиберилди 18 April 2015 - 05:48

21898237_1207163288_15378063_10418256_11

 

Жашообуз кандай гана шан- шоокотторго бай, ошол эле учурда кырсык да алыс эмес. Оз чегинде ойноп кулуу жакшы, бирок ал чегинен ашкан учурда ойго келбеген иштер болуп кетиши мумкун. Атракциондук парктарда жашоого коопту болгон оюндарды ойноо, унааны ылдам айдоо менен шалакы мамиле жасоо, жырткыч жаныбарлар менен ойношу жана бийиктиктен секируу сыяктуу оюн курман болууда озу озун олтуруу болуп эсептелинет.

Жшаоо адамга бир келет, кантип жашоо, кандай кадамга баруу баары озубуздун колубузда..

 

 

Суицидке баруу туура жолбу?

Озунузго кол салууга аракетендиниз беле же ошол боюнча ойлодунуз беле?

 Суициддин озгочо оспурумдор арасында озуп жаткандыгын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Озу озуно колсалууну коом ичинде кантип алыдн алууга болот?



#5 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 18 April 2015 - 05:49

Аллах озу сактасын мындай жолдон.

Сенин журогундун Жарыгы..


#6 Tina

Tina

    Форумчу

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1484 билдирүү
  • ДарегиМаленькая страна)

Жиберилди 18 April 2015 - 11:59

Туура эмес. Эрки жок, алсыз адамдардын кылганы. Айрыкча, оспурум куракта балага жакшы конул болунбой, ички дуйносун тушунуп, туура жол корсотуучу адам болбогондуктан барышат.

Если будешь улыбаться, все мечты начнут сбываться. :)


#7 WwWwWwW

WwWwWwW

    ٩(̾●̮̮̃̾•̃̾)۶

  • Колдонуучулар
  • 925 билдирүү
  • facebook:Колдонбой. Ток ВК.

Жиберилди 18 April 2015 - 18:26

Кудай сактасын.



#8 Odinokii_volk

Odinokii_volk

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 92 билдирүү

Жиберилди 18 April 2015 - 19:30

Кудай ар бир адамга туура тушунук берсин. 


Ты должен верить в себя даже тогда, когда в тебе сомневается весь мир.


#9 Aidosya

Aidosya

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 383 билдирүү

Жиберилди 19 April 2015 - 14:29

 Айрым психолог адистер суициддин келип чыгышына ата-эне менен баланын ортосундагы карым-катнаштын начардыгы себеп боло тургандыгын айтышат.
 
Психологдордун эсептеп чыкканына караганда, өзүнүн өмүрүн кыюу үчүн 800 себеп бар экен. Алардын ичинен:
 - 41% - белгисиз себептер менен
 - 19% - коркутуп-үркутүү
 - 18% – руханий жактан жабыркоо
 - 18% - үй-бүлөгө болгон таарыныч
 - 6% - коркуу (ушак, жамандоо)
 - 3% -акчага байланыштуу
 - 1,4% - жашоодон тажагандар
 - 1,2% - ар кандай физикалык оорулардан келип чыгат.
Кыргызда “уят – өлүмдөн катуу” деген кеп  бар. Анын сыңарындай, кээде элдин пикиринен көз карандылыкка учурап, кыздардын көпчүлүгү дагы бир көйгөйлүү кылмыштардын бирине зордуктоого туш келген мезгилде психологиялык оор чүнчүүгө кабылып, өз укуктарын коргой алышпай, айрымдары ушакты көтөрө албай өз өмүрүн кыйган убактар кездешет. Аялдардын психологу Аида Жаанбаеванын айтуусунда, мындай учурлар өтө көп. “Кыздарыбыз ушактан, уяттан абдан коркушат. “Ушак болгончо өлүп калганыбыз жакшы” - деп өз өмүрлөрүнө кол салышы мүмкүн. Зордуктоого кабылган учурда аны ачыкка чыгарып, өз убагында психологго кайрылуулары зарыл. Эркектер болсо, курмандыкка чалынып, абийири төгүлгөн кыздардын намысы үчүн унчукпасын жакшы билип, муну өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланып кетишет” деген пикирде.  

Главный-адамгерчилик!

#10 kabarchy

kabarchy

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 369 билдирүү

Жиберилди 21 April 2015 - 05:16

Суицид кылтагына илингендер

 

1257189530_no-smoking.jpg

 

 

Дуйно жузундо жылына 6 миллен адам анын кылтагында курман болуп, жуз милендогон адам торуна тушот. Бир эле кундо 3200 оспурум омурундо биринчи жолу ага  кадам таштаса, 700  жеткинчек анын туткунуна айланат.  Албетте соз суицид жайган тор « чылым» тууралуу болуп жатат.  Чылам тартуу кунумдук жашообузда кадимки корунушко айланганы менен, ал адам омуруно олутту зыян алып кетет. Анын зыяндуулугу свилизациялуу заманыбызда теле, радио, гезит жана журналдарда байма бай айтып, суйлонуп келинет. Ошентсе да чылым чегуу саат сайын кобойуудо. Дуйнолук ондурушто чылым эн зор продукция болуп эсептелинет, анткени ага эч кандай экономикалык толкундоолор таасирин тийгизе албайт.  Буга чейин чылымга каршы дуйно боюнча жуздогон олколор алгылыктуу чечимдерди чыгарса да,  чылым адамдардын кунумдук муктажы бойдон кала беруудо. 18 жаштан баштап чылым чегууну баштаган адамдыр омуру 14 жылдан 20 жылга чейин кыскаруусу мумкун экендигин америка окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Муну менен алар чылым чегуу оз омуруно кол салуу экендигин дагы бир ирет далидешти. Чылым тартууну аадатка айландыргандарды «суицид кылтагына илингендер» деп айтууга болот.

Бул эле эмес, алкоголь ичимдиктерине, турдуу банги заттарга, интимдик боеко арбалып, ага баш оту менен кирип кетуу да оз омуруно кол салуу.



#11 Xuligan

Xuligan

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2511 билдирүү

Жиберилди 22 April 2015 - 17:11

Туура эмес жол. Өзүн өлтүргөн адамдын жаны эки дүйнөнүн ортосунда калат деп айтышат го. Өзүнөн башка эч ким кыйналбайт. 



#12 Tarxan

Tarxan

    Окурман

  • Администраторлор
  • 110 билдирүү

Жиберилди 22 April 2015 - 17:19

"Эркин тема" бөлүмүнөн жылдырылды. 


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#13 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 23 April 2015 - 17:25

Ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле учурда көпчүлүк үй-бүлөлөрдө ачык эмес. Бир себеби да ушул.


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#14 Rozana

Rozana

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 432 билдирүү

Жиберилди 01 July 2015 - 09:50

Эн адашуучу жол. Кудай сактасын.


Удача — это постоянная готовность использовать шанс.


#15 Madi

Madi

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 94 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 10 July 2015 - 19:53

Шайтан менен жиндер азгырып ушул жолго тартат. Алла сактасын


Таарынабыз, тагдыргабы? Кимде айып? Окунобуз ар бир кунго мунайып. Бакыт озу ошол болуп журбосун? Ар бир танды тосуп алуу жылмайып...


#16 Aiym

Aiym

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 637 билдирүү

Жиберилди 07 November 2015 - 15:44

Бул эң алсыз адамдын кадамы болсо керек, өлүп калуу оңой жаралуу мүмкүн эмес. Баардык кыйынчылыктын же жыргалчылыктын чегин өлүм менен чектеп койуу туура эмес, акыбыз жок. Аракет кылыш керек.


Альхамдулиллях!



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар