Перейти к содержимому


Фото

Эмне үчүн чач агара баштайт


  • Please log in to reply
темада 4 жооп бар

#1 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 16 May 2015 - 12:01

Ак чач ардактуу жашты көрсөтүп, адамдын артында канча жыл калганын билдирет деп түшүнүп келебиз. Мындай пикир көптөгөн жылдардан бери сакталган. Бирок, азыркы учурда ак чачты жаш эле адамдардын арасында жолуктуруу мүмкүн. Адатта, биз мындай адам чоң кайгыны башынан өткөрсө керек деп ойлоп калабыз. Келиңиз анда, чындыгында чач эмне үчүн агарат экенин тактап көрөлү.


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#2 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 16 May 2015 - 12:02

Меланин(грек тилинен mélanos – кара)- организмдин белгилүү бир бөлүктөрүндө (чач өсүп чыгуучу кылтүбүндө, каректе, териде,  тери астындагы кылтүптө) жайгашкан меланоциттерден бөлүнүп чыккан өң берүүчү пигмент. Чачтын өңү да ушул пигменттен көз каранды. Эумеланин-күрөң түскө боёчу пигмент болсо, феомеланин–ак саргыл, кызыл өң берет. Эгерде меланоциттер өз ишкердүүлүгү төмөндөй баштаганда, чач керектүү өңдү ала албай калат да, бара-бара агарып же такыр түсүн жоготушу мүмкүн.
  Эмне үчүн меланин чыкпай калышы мүмкүн?
1. Туубаса жакындык, башкача айтканда кээ бир адамдардын тубаса эле чачтары тез агарат. Мисалы: атасынын чачы да эрте агарган, чоң атасынын, эжесинин ж.б;
2. Гормондук бузулуу, кайсы гана гормондун иштөөсү бузулган болсо ал артынан сөзсүз ак чачты алып келет жана кайра калыбына келүү үчүн көп убакытты талап кылат;
3. Узакка созулган өнөкөт оорулар, кайсы бир органдын иштөөсүнүн начарлашы  менен башка орган-системдерди да кошо жабыркатат. Адатта, жүрөк, ашказан оорулары чачтын өңүнүн өзгөрүүсүнө таасирин берет;
4. Сөөк-муун оорулары менен байланыштуу булчуңдун,  теринин кан айлануусу начарлайт. Бул өз кезегинде чач чыгаруучу клеткалардын ишмердүүлүгүн төмөндөтөт; 
  Кээ бир оорулар убактылуу ак чачтын түшүүсүнө алып келет. Туура жана өз убагында дарылоо кайра чачты толугу менен калыбына келтирет. Ошондой эле чачты агарган соң дарылоодон көрө алдын алуу оңой. 
 


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#3 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 16 May 2015 - 12:02

Эгерде чач эрте агара баштаса андан ары жүрүшүн токтотсо болот. 
Биринчиден; бат-бат болуп туруучу стресс жана депрессиянын жыйынтыгы ак чачтын башкы себеби экени маалым. Азыркы замандын агымы менен жаштардын көпчүлүгүндө болуп турган: акча жетишпегендик, карьерага умтулуу,  жан үрөп иштөө, кесиптештер менен болгон чагым, бузукулук, көйгөйлүү жеке жашоо, сүйүү азабы ж.б абалдар стресс менен депрессияга кабылтпай койбойт.   
Мунун баарынан дене эскирип, нерв система чарчайт, жашоо жүрүм төмөндөйт. Жыйынтыгында киши эрте карып, ак чач пайда болот.
Мындан сырткары, катуу моралдык доо кетүүнүн себебинен мээнин тамырлары кысылып, баш теринин кан айлануусу начарлайт да, чач түшүп, агарып, сынып баштайт. Жашоодо бир саат ичинде чач толугу менен агарып кеткен жагдайлар көптөп саналат. Кээ бир хирург-дарылерлердин олуттуу операция алдында чачтары агарып кеткен учурлар да жок эмес. Мындай абал учкучта, тарбиячыда жада калса кичинекей жаш баланын башынан өтүшү мүмкүн. Эч ким мындан коргонгон эмес.
Эмне кылуу керек?
Катуу чыңалууну кол менен алып таштагандай, стресс учурларда өзүн кандай алып жүрүүнү алдын ала үйрөнүү. Кандай гана учур болбосун өзүн-өзү тынчтандыруунун техникасын өздөштүрүү. 
Экинчиден;   туура эмес тамактануу, тез-тез диетада кармоо. Чач керектүү  болгон заттарды чач ички организмден толук албайт, мындан чачтын өсүшү, өңү  начарлайт. Ошондой эле чачтын өңүн жоготуучу жагдай болуп, туз, кофе жана дары-дармекти көп колдонуу эсептелет.  
Эмне кылуу керек?
Тамактанууну жөнгө салуу.  Жетишпеген белок, өсүмдүк жана жаныбар майларын, жез, цинк, темир, витамин В10 бар тамактарды  күнүмдүк рационго кошуу.  Бул микроэлементтер: бадыраң, боор, курма(фундук), карагат, дан азыктар, ашкабак, жумуртка, картөшкө, балык, күн карама, жаңгакта бар.  
Үчүнчүдөн; тез-тез чачты боёо. Химиялык боёктордун курамындагы нерселер меланициттердин пигмент чыгаруучу милдетин бузат. Жалпысынан, үч жолу боёлгондон кийин алгачкы ак чачтар пайда боло баштайт.  
Эмне кылуу керек?
Өзүңүздүн чачыңыздын табигый түсүнө ыраазы болуңуз. Анткени, Жараткан сиздин чачыңызга өң тандоодо эч качан адашпайт. Башка адамдардын оюнан өзүңүздүн оюңуз жогору болсун. Аларга жакпаса, сизге да жакпоосу шарт эмес. 
Акырында айта кетчү нерсе, зыяндуу адаттар, жашоо образын туура эмес алып жүрүү,  дем алуунун жетишсиздиги, булганган экология дагы эрте чач агаруунун күнөөкөрү боло алат.
Демек, эрте чач агаруу-бул жалпы организмдин  же өз алдынча кайсы бир органдын жабыркашынын жыйынтыгы болуп саналат десек туура болор эле.


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#4 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 29 February 2016 - 23:57

Менин чачым түшө берип, түгөнгөнү калды окшойт. Эмне кылсам болот?


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#5 Nats

Nats

    Күйөрман

  • Модераторлор
  • 827 билдирүү
  • ДарегиПлутон

Жиберилди 17 August 2018 - 17:47

Чач витамин жетишпегендиктен агарат , анан генден да зависит этет. 


Ashik olmak bu mutlu olmaktir, sevarken hic bir zaman degishmeyelim...

Моя жизнь моя история..



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар