Перейти к содержимому


Фото

"Кара пояс" 3-китеп


  • Please log in to reply
темада 53 жооп бар

#1 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:47

АЛГАЧКЫ СЫНОО

 

(бүгүнкү заман)

 

            “Бөтөн элдин султаны болгончо, өз элиңдин ултаны бол” дегендей башка өлкөдө тилин, салтын, жашоо өзгөчөлүгүн билбей туруп өмүр сүрүү Каныбек үчүн анча жеңил болгон жок. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп чет элдиктердин сунушун кагуу да одолдук болуп калмак. Кахар менен Каныбек өздөрүнчө акылдашып отурушуп бир чечимге келишти.

 

            -Болуптур, алардын айткан сунушуна макул, бололу, бирок бир шарт менен. Бир жылдык кылып контракт менен келишим түзөбүз. Ошол келишимдеги мөөнөтүбүз бүткөндөн кийин ал бизди коё бергендей болсун.

 

            -Жакшы идея, бирок...

            -Эмне бирок?

            -Тигилер буга макул болушабы?

            -Макул болушпаганда кайда барат?

            Экөөнүн койгон талаптарын тигилер бир аз ойлонуп туруп, анан кабыл алышты.

            -Болуптур биз буга макулбуз, бирок бизде да бир шарт менен...

            -Айта бергиле.

            -Силер азыр өзүңөр кандай болсоңор, аларды да дал ушундай кылып тарбиялап чыгышыңар керек. Сүйлөштүңпү?

            -Сүйлөштүк.

           

            Тигилер экөөнө атайын эки бөлмөлүү бардык шарты бар ү           алып беришти. Андан сырткары “Хонда” жеңил машинесин да тартуу кылшты. Чындыгында экөөнө баары бир моюн толгогонго мүмкүнчүлүктөрү жок болчу. Шаардан чыгарбай ачыктан ачык эле атып салышмак. Анын үстүнө алдыларында экөөнө тең  машина болуп Саид менен Аминаны издегенге толук мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

 

            Тигилердики эң тандалма жигитттери жыйырмадан ашык, бойлору эки метр, узун туурасы бирдей болгон далдайган жигиттер экен. Ооганстан боюнча атайын тандалып алынып келинсе керек. Экөө алар менен дароо эле эртеси күндөн тарта атайын машыктыруучу иштерин жүргүзө башташты. Кахар таамай аттырганга үйрөтүп, ал эми Каныбек болсо чыгыш элдеринин мушташуу ыкмаларын кунг-фу, күрөш, бокс, каратэ, таеквондо, ушу дагы көптөгөн мушташтын түрлөрүн дал өлүндөй кылып үйрөтмөк. Бул үчүн аябайгандай көп эмгек талап кылынмак, анткени тигилер далдайышканы менен көп нерсеге шыктары жок экен. Булар кандайдыр бир жакка атайын даярданып жатканын экөө тең сезип атышты. Бирок, каякка, эмне максат менен ушунчалык даярдыктан өтүп жатышканын экөөсү тең баамдай алышкан жок.

 

            Каныбекке баардык шарты бар чоң, кенен спорт зал беришти, мындай спорт залды Кыргызстандын эч жеринен көргөн эмес. Булардын баарынын үстүнөн жетектеп жүргөн алиги киши өзүн тааныштыра кетти.

 

            -Менин атым Хамид, эмне маселе болсо да, силер эмнеге муктаж болсоңор да мага кайрылгыла, бардыгын чечип берем. Экөөңөрдө тең машинаңар бар, үйүңөр бар жашай турган. Кыз-келиндер маселеси болсо тартынбагыла, каалаганыңар менен жүрө аласыңар. А эгер акча керек болсо бир киши менен тааныштырып коём, ошондон каалаган учурда ала бересиңер. Жагы бир эскертип койчу нерсе, арамзаланбай, кууланбай бүт дитиңер, ниетиңер менен берилип иштегиле, чынчыл болгула. Менин болгон талабым да, суранычым да ушул.

 

            Каныбек бүгүн спорт залга биринчи жолу машыктырганы келди. Белдерине чейин ак шым кийинишип, өйдө жактарыжылаңач турушкан топтошкон жигеттер а дегенде Каныбекке анча деле маани беришкен жок. Дене түшүлүштөрүнө караганда оор атлетика, культуризм менен машыккандары кадимкидей билинип турат. “Бир катар болуп тизилгиле” деген чет элдик акцент менен Каныбектин өтүнүчүнө көпчүлүнү тоотпогондой мамиле жасашты. Эки-үч жолу айткандан кийин гана араң жан анын буйругун аткарсамбы же аткарбасамбы дегендей акырын кыбырап бир катар болуп тизиле башташты. Булардын мындай мамилеси Каныбектин ачуусун келтирди. Талапты өтө катуу коюп, катуураак мамиле жасабаса өздөрүнүн чытыраган булчуңдарына, бой мүчөсүнө менменсинип, буйругун анча укчу кейпилери жок.

 

            Бирөөсү жумуштары менен келбей калган болбосо баш-аягы бардыгы жыйырма эки адам болчу. Араларында ооган улутунан тышкары арабдар, тажиктер, индустар, атүгүл өзбектер да бар экен. Үч жылдан бери культуризм анан анча-мынча каратэ менен машыгып жүрүшүптүр. Бардыгы менен таанышып чыккан соң алгачкы машыгууларын башталды. Машыгуунун жоун, түрлөрүн, күнүмдүк катышуу расписаниесин атайын алдын ала иштелип чыккан. Машыгуу жаңыдан башталганда булардын эң үстүнөн караган алиги Хамид деген киши эки-үч адам менен келип атайын карап турушту. Машыктыруудан өткөрөрдөн мурун өзүнүн ким экенин, кандай экенин көрсөтүш керек болчу. Каныбек эң чоң булчуңдуу, көлөмдүү далдайган кишини тандап алды. Ал көлөмү жагынан да, бою жагынан да Каныбектен эки эсе чоңдук кылчу. Калгандарын кыдырекей кылып малдаш токунтуп отургузду да тигиге мушташтын кээ бир ыкмаларын көрсөтө баштады. Мурун кимдин бирөөлөрдүн мектебинен өтсө керек, анча-мынча каратэнин мушташуу ыкмаларын билет экен.

 

            Адегенде ал өзүн көрсөтө Каныбекке керсейип мамиле жасап жатты эле, эки-үч жолу талуу жерге жегенден кийин кичине сестенип калды. Колунан келген мушташуу ыкмаларын көрсөтүп көрдү эле эч майнап чыккан жок. Каныбекти бир да жолу сого албай койду, мышыктай болуп өзүн эркин, аябай жеңил, шамдагай алып жүргөн адамды муштаган соккуларынын баары талаага кетип атты. Бир кезде кандай болуп оңкочунан кулап түшкөнүн өзү да сезбей калды. Ордунан туруп кайра согушуга аракет кылып көрдү эле, экинчи жолу катуу жеген соккудан жерге кулап, эки-үч жолу аласалып барып жатып калды. Анын мындан ары мушташууга дарманы калбай калган эле.

 

            Каныбек андан кийин дагы эң көлөмдүү эки адамды алып чыкты. Экөө тең мушташууну анча өздөштүрбөгөндүктөн көп өтпөй эле кэи жерге сулап жатып калышты.

 

            Булардын анча мушташа албаганын, эч ким анча деле үйрөтпөгөнүн сезген Каыбек дароо эле беш адамды алып чыкты. Бешөө беш жактан жабылыша Каныбекти тегеректеп алышты. Бирок ол салууга даай албай турушту. Далдайган бирөөсү качырып сала берди эле, калгандары анын артынан ээрчишип жабылыша. Бирок көз ачып жумганчалык ылдамдык менен Каныбек курчоодон чыгып кетип өзүнчө туруп калды. Алиги далдайганы кайра чабуулга өттү, бирок Каныбек дагы буйт берип өтүп кеткендиктен ал өзүнүн күүсүн кармай албай аз жерден жыгылып кете таштап барып оңолду, чагылгандай ылдамдыкта желкеге жеген соккудан ошол боюнча көмкөрөсүнөн жерге учуп түштү. Калгандары кайрадан жабышты туш – туш тараптан. Каныбек улам курчоодон чыгып кетип, тигилерди четинен бирден сулатып олтуруп бир кезде согушканга эч кимиси калбай калды. Катуу талуу жерге жеген соккудан мушташууга дараметтери жетпей калган эле. Атайын комиссиянын мүчөлөрүндөй болуп анын мушташуу ыкмаларын көргөнү, текшергени келишкен кишилер анын өнөрүнө ыраазы болуша кол чапкылап жиберишти. Ошо жерде жаткандар бир топтон кийин эстерине келе аран орундарынан козголо башташты.

 

            Хамид Каныбектин жанына басып келди.

            -Менин эң ишенимдүү үч адамым бар, мындайча айтканда алап менин жан коргоочторум. Ошолор менен күч сынашып көрчү. Анан сенин ким экениңди билем.

 

            Хамид баш болгон топ биринин артынан ьири ээрчише спорт залдан чыгып кетишти. “Алар кандай адамдар болду экен, анын бул жыйырмадан ашык тандалма жигиттери мындай далдайып турушат. Анын “телохранителдери өздөрүнчө эле дөө болуш керек, а балким алардан жеңилип калсамчы, анда эмне болот?” – Каныбекке ошондой ойлор келип кезектеги кездешүүгө өзүн даярдай баштады. Бишкекте машыктыруучу болуп иштеп жүргөндө өзүнүн балдарын жумасына үч жолу машыктырчу, бул жакта болсо Хамиддин айтуучу менен жумасына төрт жолу, акырындап беш жолу машыктырууга туура келип калды. Анын үстүнө спорт залу аябай кенен, машыктырганга бардык шарттар бар болчу.

 

            Арадан үч күн өткөндөн кийин Хамид үч жигитти ээрчитип келди. Бирөөсү өзү ойлогондой эле бою эки метрдей келген, моюну жоон , билектери да аябай жоон, кең далылуу, төштөрү чыгып турган тармал чачтуу, коюу кара кашы бар кара торусунан келген жигит экен. Экинчиси болсо бою дагы дене түзүлүшү дагы өзүнө окшош ал эми үчүнчүсү болсо жапалдаш бойлуу арык чырайынан келген илмейген жигит экен, сыягы корея же кытай улутунан окшойт. Аны бир караган киши “ушу телохранитель болуп эмнени жыргатат” деп ойлошу да мүмкүн болчу.

 

            Экөөсү ары жактагы ордундукка отуруп алиги далдайган лөө кишиси ортого чыкты, керкейе тарта шашпастан үстүндөгү футболкасын чечип салды. Жоон моюндуу, жоон билектүү эби-сыны жок далдайган адамдын аябай карылуу экенин билгизип турду. КАрмаган адамды төрт бүктөн кабыргаларын, колдорун жөн эле сындырып койчудай. “Биздин Кожомкул балбан дагы ушундай болуш керек” деп Каныбек ичинен ойлоп койду. Аны жңе алар, жеңе албасына өзүнө анча ишене албай турду. Жанына жакын басып келди эле дөөнүн жанында тургандай элестетип кетти өзүн. Зал ичинде болгону Хамиддин жандоочулары менен жети-сегиздей гана киши бар болчу. Ары жакта отургандар бирөөсү алаканын чаап баштагыла дегендей белги берди. Экөө бири-биринен көздөрүн албай жакындашып, ары-бери айлана басышып аңдып турушту. “Тобокел” Каныбек чабуулду биринчи баштады, өзүнүн ыкмасына салып тигини эки-үч жолу сокку берип өттү да кайра алыстап кетти. Сокку ушунчалык тез болгондуктан жигит соккуга коргонуп үлгүрө алган жок. Барскандай болгон муштумун түйө керилип туруп Каныбекти муштап өттү эле КАныбек өзүнө жеткирбей буйтап кетти. Бири бирине чабуул коюп муш шилтешкен сайын Каныбек анын көптөгөн ар бир кемчиликтерин байкап атты. Аябай далдайганы менен өтө олдоксон кыймылдайт экен. Мушташуу кызуу күчүнө кирген сайын Каныбек өзүн ээн-эркин кармаш баштады. Аны таптакыр мушташканган мүмкүнчүлүк бербей, ачуусу тийип мазактап атты. Тигинин жаагы бетине чыга баса калып төрт бүктөп салууга аракет кылып, бирок аракетинен майнап чыгара албай койду. Бир аздан кийин Каныбек жалаң буту менен иштегенге өттү. Улам мышыктай секирип келип тигини бетке тээп, башка тээп, моюна тээп таптакыр айласын кетирип жиберди. Чап этип кармаарда мышыктай буйтап кетип дароо жооп кайтарып буту менен шилтеп кетип атты. Анын бети-башы жарылып кызыл-ала болуп кетти, бир жагынан чарчап дагы калды. Мушташтыулантууга дарамети жетпей өзүн араң кармап турган. Ары жактан Хамид “болду жетишет” дегендей колун көтөрө белги берди эле алиги далдайган киши дароо анын сөзүн илип ала коюп, ары көздөй басып кетти. Бирөөсү агаг чүпүрөк берди, тигил көзүн жума бетиндеги кандарын аарчып тазалай баштады.

 

            Каныбек да Хамиддин сөзүнө баш ийгендей ары басып жөнөдү эле токто деп белги бере “эми сен чык” дегендей экинчисине кол шилтеди. Тиги ары жакта дене-башын түздөп колу-баштарын чоюп, денелерин укалап, мурунтан эле мушташууга даяр турган. Ал дароо эле ортого алып чыкты. Каныбек бир аз да болсо эс алып анан мушташууну улантам го деп ойлогон, жок андай болбоду. Мушташ кайрадан уланды. Ал чыгыш элдеринин мушташуу ыкмаларын жакшы өздөштүргөн неме экен, өзүнүн ыкмаларына салып, Каныбекке улам-улам сокку уруп, болгон өнөрүн көрсөтө баштады. Каныбек билбеген бир топ каратэнин ыкмаларын билет экен. Анын соккуларын тосуп, ошого карата жооп да кайтарып жатты. Адегенде ал Каныбекке үстөмдүк жасап, буту менен да колу менен да үстөкө-босток, сокку үстүнө сокку уруп болгон ыкмаларын колдонду. Каныбек анын соккуларын тосуу менен акырындап ар бир мушташуу ыкмаларын колдонкелишинче өздөштүрүп алууга аракет кылып көрдү. Экөө жыйырма мүнөттөй мушташкандай кийин тигил мурунку ыкмаларын кайра баштан кайталоого өттү. Анын чабуулун жакшылап өздөштүрүп эстеп калууга аракет кыла эми Каныбек өзү акырындап чабуул коё баштады. Эки жолу учура согуп, үчүнчү жолу кулап түшкөндө Хамид мушташты токтотууга белги берди. Тигиниси ордунан туруп келип кезектеги мушташка даяр туруп калган болчу, бир Хамиддин буйругуна баш ийе, таазим кыла ары көздөй басып кетти.

 

            Хамид Каныбекти бир аз эс алып ал дегендей белги берип, алиги илмейген кытай жигитине сен даяр болуп тур деп колун жаңсады. Тигил эки алаканын бириктире ээгине алып келип башын төмөн карай ийип койду. Арадан беш мүнөттөй убакыт өткөн соң отургандарын бирөөсү мушташ улантылсын деп алаканын чаап колун көтөрдү. Алиги илмейген кытай жигити эбакта эле ортодо тигини күтүп турган болчу. Ар бир ордунда былк этпей Каныбектин ар бир кыймылын байкап турду. Экөө бир топко бири-бирин аңдышты, Каныбек адегенче “тобокел”деп кол салды эле тигил да ага жооп кайрарып экөө мушташа баштады. Кытай жигит аябайгандай чапчаң, Каныбекке караганда аябай жеңил ушунчалык тез кыймылдайт экен. Мындай чагылгандай тез ылдамдык менен иштеген адамды Каныбек өмүрүндө биринчи жолу көрүшү. Анын соккуларына араң-араң үлгүрүп атты, дегенкиси мушташуу ыкмаларын жакшы өздөштүрүптүр. Экөө дээрлик жарым сааттай мушташышты, бири-бирин таптакыр жеңе албай коюшту. Күтүүсүз жерден Каныбектин буту менен тепкен соккусунан анча-мынча теңселе түшкөндө гана ары жактан мушташты токтоткула деген белги болду. Экөө баштарын ийе тигиге таазим кыла эки жакка ажырап кетишти. Зал ичинде карап турушкандардын баардыгы ордуларынан турушту да Каныбекти жалгыз калтырышып сыртка чыгып кетишти. Ага эч нерсе айтышкан жок. “Буларга эмне болду, жакпай калдымбы?”, - Каныбек таңгала залда бир ордунда катып туруп калды. Ал мынчалык узак убакытка өмүрү урушуп көргөн эмес, ушунчалык оор кармаш болду, чарчап, алсыраганы кадимкидей сезилип турду. Башы да арак ичкендин эртеси күнкүдөй кеңгиреп ооруп калыптыр. Кечинде бөлмөсүнө келип, душка чацынып кроватка жатары менен эле, көзү илини кетти. Тамак ичип аткан маалда да Кахар иштин чоо-жайын сурап үлгүргө алган жок.

 


Сенин журогундун Жарыгы..


#2 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:48

ЖОГОЛГОН КАЗЫНАНЫ КЫРГЫЗДАР ДА ИЗДЕШҮҮДӨ

(мурунку заман)

            -Андай болушу эч мүмкүн эмес, менин угушумча Кокон хандыгынын жазалоочу отряды Абдурахман Афтобачинин желдеттери Кызыл-үңкүрдү курчап алышкан Алымкул бий өзү да бар болчу дешет. Жалаң кыргыз-кыпчатардан түзүлгөн ондон ашык адам эч кимге билгизбей чептин жашыруун жолу менен мүшөк каптарга жүктөлгөн алтындарды алып чыгып кетишиптир, -Маматкул бий, Эсенгул баатырды өзүнө чакырып алып кеңешип атты.

 

            -Ооба, бирок ошол кишилер кимдер экенин алигиче дайындары чыкпай атпайбы. Мына андан бери канча мезгил өттү, жоголгон казынанын дегеле дайын-оту жок.

 

            -Казынада эмне буюмдар бар экени такталдыбы?

            -Ооба, жоондугу бир кучак келген он эки таар каптарга жүктөлгөн алтын, күмүш, сыргалар, алтын шакектер, билериктер, ар кандай кооз буюмдар атүгүл алардын арасында уютулган алтындар дагы бар имиш. Ал алтын буюмдар... тигиИран, Ооган, Араб атүгүл Кытай жактан да келген буюмдар бар экен. Соодагерлерден түшкөн, каракчылардан тартылып алынган, уурдалган, тонолгон, кыскасы ар кошкондон бир кошкон болуп чогултуп келген алтын буюмдар болчу дешет. Менимче ал буюмдар Өзбек, Тажиктерлин деле колуна өтүп кеткен жок. Анда эбакта эле билинмек. Алтындар өзүбүздүн эле кыргыздарда, бирок каякта, кимдер алганы дайынсыз болуп атпайбы.

 

            Кызыл-8ңкүрдүн ичинде Кокондуктар менен кыргыз-кыпчактар кызыл-кыргын болуп жатканда билинбей сепилден жашыруун чыгып кетишкен он бешке жетпеген адам Абдурахман афтобасинин желдеттеринин курчоосуна түшүп калып, бири да калбай баары өлтүрүлгөн турбайбы. Анда сепилден жашыруун алынып чыккан алтындар каякта кетиши мүмкүн. Ошончо адамдардан кантип эле бир-экөөсү аман калышпасын. А балким алтындарды каяккадыр жөнөтүп жиберип өздөрү кокусунан курчоого кабылып калышкандыр?

 

            -Ал алтындар Абдурахман Афтобачинин жазалоочу отрядынын колуна түшүп калып, бөлүп-балап кетишкендир?

 

            -Анда ал кабар эле Кокон хандыгына эбакта эле жетмек, анын үсүтүнө хандын желдеттери ошончо аллтын буюмдарды тынчтык болу менен бөлүшө алышпайт болчу, ортодо сөзсүз кан төгүлүү болуп кетмек. Ал окуя эбакта бизге да угулмак.

 

            -Алтындарды бир жерге жашырып, көмүп салыштыбы?

            -Ызы-чууда, арт жакта куугунчулар келатышканда үлгүрө алышмак эмес, көмгөн күндө да жаңы көмүлгөн жер билинип калмак. Болду болбоду аларды качкындардын кандайдыр бөлүгү тоо тарапка алып кетишти да бир жерге жашырып коюшту. Тоо арасында жашырганга ылайыктуу үңкүрлөр көп эмеспи. Хамзанын каракчыларды деле канча мезгилден бери тоо арасындагы үңкүрлөрдү эч кимге билинбей жашап жүрүштү. ОШондой үңкүрлөрдүн биринде жашырылып калышы да мүмкүн.

 

            -АНда ошол үңкүрлөрдү аңтарып-теңтерип издесекпи?

            -Ошентсе да болот, бирок сак болуш керек. Азыр кырдаал анча түзүк эмес, жергебизди орустар да каптап кетти. Алар чет-чеберин билип калчу болсо эле алар да издөөгө өтүшөт, ошончо байлыктан куру калып калабыз.

 

            -Анда он-ондон кылып адам курап, үч топок бөлүнөлү. Тоо-таштарды бөлүп алып, жакшылап издеп көрөлү, Кудайым буюруп табылып калса табылды, табылбай калса анда ошол алтынды жашырган адамдардан тирөө калгандарын издеп табуу керек.

 

            Маматкул бий менен Черикчил бий ээн боз үйдө кымыздан ууртап-татып коюп, өздөрүнчө акылдашып отурушту. Экөө көптөн бери жолгуша элек болчу. Атайын Кара-Кочкордон өтүп айтылуу Соң-Көл жайлоосуна келип серүүндөп отурушканын эки аптадай болуп калган. Ушул мезгил аралыгында дайынсыз жоголгон казына туралуу өздөрүнчө талкуу кылып, акыл-кеңеш куруп көрүштү. Ошол Кызыл-Үңкүрдөгү окуяга катышкан кыргыздардын бир-экөөсүн издеп таап, жоголгон кызынага анча-мынча болсо да илмек издегенге аракет кылып көрүштү. Бул мезгилде Орусия тараптан орустардын жаңы тобу Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата тарабына көчүп келишкен. Алар үчүн Сары Өзөн Чүй өрөөнү дегеле ылайыктуу жер болчу. Алар акырындап Бишкек сепилинин жанына Токмоктун айланасына жакыныраак көчүп келип жайгаша башташты. Кээ бир өзүнүн тобу менен келишкен көпөс адамдар жакшы жерлерди тандашып, ошол жерге үй салдырып, айлана-чөйрөсүн өзүнүн менчигине алып киришти. Кокон эзүүсүнөн куткарган орустарга кайсы жерди тандап алып жатышса да кыргыздар “лям” деп ооз ачышпады.

 

            Акырныдап Кокондуктардын кол салуусу, үстөмдүк кылуусу көп жылдык эзүүсү такыр такыр токтотулуп, унутула баштады. Өмүрү талаачылыкты иштеп көрбөгөн көчмөн кыргыз эли орустардын эгин айдап жатканын көрүшүп, алага жалданып да иштей коюп жүрүштү.

 

            Жоголгон казынан кайда жашырылганын жападан жалгыз бир гана адам билээрин, ал Улукбек экенин, эки гана адам билчү, бирөөсү Мэхрибан, экинчиси анын атасы Набиджан. Набиджандын кокусунан оозунан сөз чыгып кетип, Кокон желдеттеринин Мэхрибанды көптөн бери издеп жүрүшкөнү да ошондон болчу. Ал Самаркандагы кандайдыр бир короонун ичинде Улукбек менен жашарынып жатканда түндөсү келген караандар экөөнү тең эстери оогончо сабашып,  Улукбектин кооз ат жабдыгы бар атын тартып, чапанын сыйрып алышып, өлөөрчө токмок жеген өзүн катуу чырмап байлап туруп, тоо арасындагы эски көрүстөндүн ичине ыргытып салып кете беришкен эле. Ал эми Мэхрибанды болсо Самаркандан Ошко, анан Алай, Өзгөнгө алып барып көл тарапкан келген Абил бий деген көпөскө бир тай, бир кап унга салып жиберген. Ал бий аны Көлдүн бир жакасын кармап турган Мырзахан деген кишиге тартуу кылып жиберди. Көзү-башы бакырайган бул сулуу кызды Мырзахан өзү жактырып калып токолдукка алып алды. Анын мындан сырткары дагы үч аялы бар болчу. Жашырылган алтындарынан анча алыс кете албаган Улукбек Мэхрибанды издеп Самарканд, Анджиян, Ош атүгүл Памир Алайга чейин барып, жедеп өлүү-тирүүсүн билбей түңүлгөн соң кайтып келди.

 

            Эми өзүн жападан жалгыз сезе бул жерден таптакыр алыс жакка кетип эч ким тааныбаган тынч жерге барып отурукташып жашоону ойлонуштурду. “Жетишет ушунча жыл жер казып тентидим, эми мен адамча жашоом керек. Качанкыга чейин ушинтип кайра-кайра көр ичинде коркуп, кор болуп өмүрүмдү өткөзөм. Мен да адаммын, керек болсо мен деген бул дүйнөдөгү эң бай адаммы”. Ал ушундай чечимге келди, бирок мынча алтынды башка жакка кантип алып кетүүсүн ойлоп башын катырып атты. Акыры өзү менен кошо бир кап алтынды алып, ошону сатып жер, үй мал алып жашоону чечти.

 

            Чоң-Кемингк, Ново Российскийге, Кичи Кеминге Самсоновка кыштактары түшө баштады.

 

            “Мынакей көптөгөн алтындардын, ушунча байлыктардын кожоюну болгонума дээрлик жыйырма беш жылдын жүзү болуп кетиптир. Ушул аралык ичинде эмне жакшылык өрдүм. Тескеринче кандай гана азаптарды тартпадым. Канчалаган кордуктарды көрүп, канчалаган өлүмдөрдөн калдым. Дагы жаным бек экен, менин ордумда башка бирөөлөр болгондо эбакта эле тиги дүйнөдө жүрмөк. Анын үстүнө алтындардын дагы таасири болду болуш керек. Ошону деми менен мен кандай кыйынчылык, тоскоолдук болсо да аларды жеңип жашашым керек деп өзүмө-өзүм кайрат-күч берип, дем берип келбедимби. Кызык, ушунча байлыгым туруп мен эмнеге жер безип, тентип көрүнгөндөн кор боуп жүрөм. Менин анча-мынча алтындарымды тартып алган тигил эле Хайрулланы карабайсыңбы, Самаркандга белигилүү киши болуп, заматта эле байып кеткенин. Ал бул алтындардын элүүдөн бир бөлүгүн гана алган. Беш алты жерге үй салдырып, (дагы эмнелери бар экенин ким билет?) атактуу көпөстөрдүн бири болуп чыга келди. Мен ошондон эмнем кем, Кудая шүгүр колу-бутум соо, ден-соолугум деле жаман эмес. Бирок башты ооруткан бир гана нерсе турат, ушунча алтындарды каякка жумшайм, кимдер менен байланыш түзөм. Эгер алар шек алып билип калышсачы, артымдан аңдып жүрүшүп мени өлтүрүп, ушунча байлыкка өздөрү ээ болуп алышат да. Жок дегенде тиги маркум болуп кеткен Хайрулладай болуп анча-мынча тажрыйбам болсо эмне. Же жок дегенде бир тааныш адамым жок. Кичинемден бери  бирге жүргөн Максүттү болсо Хайрулла кылычы менен барсалап таштаган. Жакын адамым Мэхрибан болсо дайынсыз кетти, анын өлүү-тирүүсү билинбейт. А балким тигил Үрүмчүдөгү Хабибулланы өлтүрүп кетишпегенде ошонун көмөгү тийет беле мага. Азыр кимге ишене алам, катылган алтындардын чет-чеберин билгизсем эле ал өзүнүн жакындарына айтат, алар өздөрүнчө баардыгы биригип алышып, менин көзүмдү курутушат. Кичинемден дербиштик клыып жер кесип жүрүп сооданы дагы үйрөнбөпмүн. Эми каякка барып, ким менен акылдашам, бир колуң бир колуңа жоо дегендей достон душман көп, эч кимге ишенүүгө да болбойт. Алтын бар жерде ар дайым кан, ажал, аны менен кошо кызыл-кыргынды өзү менен коштоп жүрөт. Баарын деги башка жакка ташып кете албайм, андан көрө аларды ордунан козголтпоюн. Улам четинен баштыктап алып, түгөнгөндө кайрадан алып анан ушинтип пайдаланайын. Жетишет буларды үзүрүн көрчү мезгил жетти, болбосо качан көрөм булардын убайын. Билинбегени менен мезгил кушу көз ачып жумганча учуп өтүп баратат. Кечээ эле жыйырмалардагы боз улан жигит элем мына кырк бешке таяп кеттим, эми он беш, жыйырма жылдан кийин таптакыр абышка, чал болуп калам. Астымда бала-бакырам, күтүрөгөн малым жок, үстүмдө үйүм жок, мындан жыйырма беш жыл мурдагы дервиштен эмне айырмам бар. Мынча байлыктын ээси болгонум менен ары-бери тентип, урунуп-беринип жүрүп эле ушул куракка, ушул ахывалга жетип калдым. Бул алтындардын убайынан да азабын көп тарттым. Кой, тезинен жашоо-турмушумду өзгөртүшүм керек... Бул акыркы алтынымды сатып өзүмө ээр-токуму менен ат, бир сыйра кийим, жол-азык алайын. Самаркандда тентип жүргөндөн пайда жок, ал жакта мени издеп жүрүшөт. Мындан үч күн мурун Кокон хандын мени кууган жигиттерине кармалсам алар мени соо коюшпайт. Эртең эле таң атпай Кызыл-Үңкүр тарапка жөнөшүм керек”.

 

            Түнкү карангылык акырындап сээлдеп, айланага жаңыдан жарык кире баштаган маалда жалгыз аяк жол менен үстүнө жалтыраган жаңы чапан кийген, башында ак селдеси бар, зоот атка минген кара торусунан келген киши күн чыгыш тарапты көздөй жалгыз кетип баратты. Бул акыркы алтынын соодалап кайрадан катылган казынаны көздөй сапар тарткан Улукбек болчу.


Сенин журогундун Жарыгы..


#3 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:48

ДОСТОРДУН КЕҢЕШИ

 

            (Бүгүнкү заман)

 

            Арадан бир аптадай убакыт өтөкн соң Хамид Каныбекти өзүнө чакырып алды. Анын жашаган үйлөрү эле коро-жайы бир өзүнчө чоң имарат экенин көрүп Каныбек “бул жактагылардын баары ушундай бай жашашабы?” деп ойлоп жүргөн. Андай эмес экенин кийинчерээк кеч түшүндү.  Бул жактагы элдердин жашоо-турмушу кыргыз жергесиндегилерден эч айырмасы жок болчу. “Мамлекетке көз каранды болбогон, баш ийбеген бул эмне болгон уюм?” – буга анын башы жетпей жүрдү.

 

            Үч кабаттуу чоң заңгыраган үйдөн Хамид Каныбекти тосуп чыкты. Демйде жанында эки-үчтөн “телозранителдери” жандап жүрүшчү. Өзүнүн бөлмөсүндөгү чоң залга ээрчитип келип, узунунан келген столдун жанында орундуктардын бирине отур дегендей колун жаңсап белг берди. Каныбек четки столго аяр отура эмне айтар экен деп тигини карап калды. Хамид ага жылмая карап өзү да анын жанына отура кетти.

            -Өзүңдү тартынбай-этпей эле эркин кармап отура бер. Бизде иштеп, бизде кызмат өтөп жаткандан кийин бул үй да өзүңдүн үйүң болуп эсептелет. Азыр..., - ал столдогу тегерек чекитти басып койду эле аркы бөлмөдөн шыңгыраган үн угулуп көп өтпөй узун өрүлгөн чачтары бар, моймолжуган кара көз, кара каштуу, жаштары али жыйырмага чыга элек эки жаш кыз кирип келишип, стол үстүнө тамак аштарды коё башташты. Алардын соңунан дагы бир кыз келип ичкиликтердин эки-үч түрүн столго жайгаштырды. Анан тигиге башын ийе таазым кылып кайра кетмекчи болду эле Хамид аны белектен кармап калды.

 

            -Бул кыз Тажикстан тараптан келген кыз, аты Зухра. Каалайсыңбы ушуну сага дайындап береийн, кааласаң аял кылып аласың, кааласаң убактылуу жүрө бересиң. Карачы кандай чырайлуу кыз...

 

            Каныбек менен алиги кыздын каректери бири-бирине чагылыша түштү, кыз уялгандай дароо башын төмөн салып кетти.

 

            -Жок, кереги жок, ырахмат.

            -Өзүң бил, -ал кыздын колун коё берип, кете бер дегендей белги берди эле тигил башын ийе –таазим кылып, акырын сыртка чыгып кетти.

 

            -Кааласаң башка кыздарды да таап берем. Баса айтмакчы, ичкиликтин кайсы түрүн жакшы көрөсүң, виски, француз коньягы, орустардын арагы тартынбай айта бер бардыгы болот.

 

            -Мен ичкилик ичпейм, - КАныбек аны эмне максат менен чакрыганына түшүнө албай турду.

 

            -Эң жакшы –мен деле көп ичпейм, тескеринче сенин ичпегениң мага майдай жагып турат. Тамеки чегесиңби?

 

            -Жок.

            -Ал эми алигигечи... ага кандайсың?

            -Алигиңиз эмне?

            Хамид каткырып күлүп жиберди.

            -Ал эмне экенин билбейсиңби, кокаин, героин, морфи дагы ушул сыяктуулар...

            -Мен аны өмүрү оозума алып, даамын татып көргөн эмесмин.

            -Эң сонун, колдон келсе андан алыс бол, өзүңө жакшы болот. Анда кел пиводон ууртап-татып коюп сүйөшүп отуралы.

 

            Көп өтпөй элиги кыздардын бирөөсү куурулган кандайдыр бир канаттуунун этин алып келди.

 

            -Өткөн жолку мушташканың мага аябай жакты. Мен сенден мындайды күткөн эмесмин. Өзүмдүн көзгө басар тандалма, ишенимдүү жигиттеримди алып келгем. Азаматсың, аларга эң жакшы сокку бердиң...

 

            Каныбек унчукбай анын айтканын угуп отура берди.

            -Алдыңдагы эттен алып жесең, мынакей бычак, шылый кечип алып жей бер... – ал столдо турган кош миздүү бычакты Каныбекке сунду. Каныбек анын айтканын жасап канаттуунун бир санын бөлүп кесип алды да тарелкага салып четинен жей баштады. Кайсы канаттуунун эти экенин айырмалай алган жок, бирок ушунчалык даамдуулугуна таңгалып атты.

 

            -Эмесе мындай Абдурасул мырза (ал бул жакта да өзүн Абдырасул деп тааныштырган) сен менин купулума толуп турасың. Бизге машыктыруучу болуп да иштеп анан мага менин кайтаруучу болуп да иштебейсиңби? Акчасын жакшы төлөп берем, арманда болбойсуң. Мени менен жүрсөң каалагандай жашоо болот. Акча, каалаган кыз-келин, тамак-аштар, алдыңда каалаган машина... түшүндүңбү?

 

            -Түшүндүм, бирок сиздин өзүңүздүн кайтаруучуларыңыз бар эмеспи?

            -Сен деген алардан ашып өткөн эң жакшы сапаттарды көрсөттүң мушташуу боюнча. Баса бычак урганды, атканды билесиңби?

 

            -Бычак урганды анча өздөштүрбөгөм, бирок аткан жагынан Кудая шүгүр элемин.

 

            -Бычак урганды да бат эле үйрөнөсүң, андан көрө менин сунушума кандай карайсың? Мен дароо эле жооп бер деп айтпайм, жакшылап ойлонуп, кабыргаң менен кеңешип, жообун эртең айт, шашпа жакшылап ойлон.

 

            КЕчинде Каныбек менен Кахар өздөрүнчө сүйлөшүп жатышты.

 

            -Алар баш-отубуз менен эле бизди азгырып, өздөрүнө тартып алмай болушту го. Эмне кылыш керек? Эгер аларга таптакыр эле тереңдеп кирип кетсек кайра чыгуу кыйын го. Анын үстүнө булар эмне болгон кишилер экенинен өзүбүз да түшүнбөй жатпайбызбы. Кылтыкка келип өзүбүз илинип алдык, эми оңою менен булардан кутулуп кете албайт окшойбуз.

 

            -Булар эмне болгон уюм экенин билесиңби?, -Кахар бир нерсенин четин кылтыйтты.

 

            -Жок, мен да ошону биле албай жатпаймынбы.

            -Билбесең анда жакшылап билип ал, кечээ мен машыктырып жаткан бир жигиттен акырын сураштырып бардыгын билип алдым. Булар наркотик менен иштейт экен. Героин, кокаин, морфи сыяктуу бангизаттарды Индияга, Пакистанга, Кытайга, Иран, Ирак жөнөтүп турушат, атүгүл Кыргызстан, Тажикстан аркылуу Россия тарапка өтүп кетишип, ал жактан Германия, Великобритания, Франуия, Австрия жактарга да барып сатып келишет экен. Ал бир мамлекетте өздөрүнүн оптом ала турган клиенттери бар имиш. Алардын арасына жергиликтүү полиция кызматкерлери да аралашып кетишиптир. Ошон үчүн булар аябайгандай бай жашап жатышпайбы.

 

            -Түшүнүктүү.

            -Эмне үчүн бизге, өзүнүн, мыкты деген жигиттерин машыктыртып атышат? Алиги жыйырма беш жигитти ушуга даярдап жатышпайбы. Буларга аралашсак кайра чыгып кетүү биз үчүн кыйын болуп калат. Балким өлүгүбүз эле чыгып кетиши мүмкүн. Азырынча кеч болуп кете электе макулдугуңду бербей кое тур. Келишим менен эле иштегнибиз дурус, мөөнөтүбүз бүткөндө тигилерди Хамиддин купулуна толгондой кылыа машыктырып, анан кайра бул чөйрөдөн чыгып кеткенибиз абзел. Ага чейин Саид менен менин карындашымды табууга аракет кылып көрөйүн. Булардыг иши бизде албетте анча кызыктырбайт, андан көрө өз ишибизли бүткөргөнгө аракет кылалы. Эгер Саидди таап калсак үчөөбүз тең чогуу кайра Кыргызстан тарапка өтүп кетишибиз керек.

 

            -А эгер ал макул болбосочу?

            -Көндүрөбүз, алдайбыз, азгырабыз, таптакыр эле макул болбосо мажбурлайбыз, коркутабыз. Күчтөп болсо да алып кетебиз.

 

            -Таптакыр эле макул болбой ал өзүнө топ түзүп алса эмне кылабыз?

            -Анда Саиддин ишенимине кирип, ошол топко кошулууга аракет кылабыз?

            -Мен Хамидке телохранитель болуп иштеп берүүгө отказ берейинби?

            -Ошентпесең болбойт. Бул өтө коркунучтуу нерсе, баш-отубуз менен кирбей субардинацияны кармап, келишим боюнча өз кызматыбызды кылып жүрө берели.

 

            -Моюн толгой коёбуз деп тигилердин ачуусуна тийип албайбызбы? Алар бизден көптү талап кылчу түрлөрү бар.

 

            -Башка айла жок, келишимибизди эле жан дилибиз менен иштеп берип эле көздөрүнө көрүнө алсак болду да. Тигилерге башка эмне керек?

 

            -Кептин баары ошондо болуп жатпайбы.

            -Кандай гана адам болбосун өзүнүн тобуна “талковый” адамдары кошкусу келет да. Биз экөөбүз аларга күтүлбөгөн жерден асмандан түшкөндөй болуп атпайбызбы. Сен таамай аткыч, бизче айтканда көзгө атар мергенчи болсоң, мен “кара пояс” же чыгыш элинин мушташын жакшы өздөштүргөн бывший тренир, экөөбүз тең готовый продукция болуп атпайбызбы. Ошо себептен алар бизди колдорунан чыгаргылары келишпей колдон келишинче өздөрүн көздөй тереңирээк сүңгүтүп, бегирээк кармагылары келип жатышат.

 

            -Анда эмне кылалы телохранителден отказ берейинби?

            -Ошент, бирок жакшылап түшүндүрүп. өчөштүрбөгөндөй, ачууларына тийбегендей болобу.

 

            -Болуптур, анда эртең жообун айтам ага.

            Экөө жарыкты өчүрүшүп уйкуга ктишти.


Сенин журогундун Жарыгы..


#4 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:49

ЭСКИ КҮМБӨЗДӨГҮ УКМУШТУУ КӨРҮНҮШ

(мурунку заман)

 

 

            Улукбектин алиги казына жашырылган калмактардын эски көрүстөндөрүнө айланага эбакта карангы кирип калган маалда, түндөсү жете келди. Өзүн далай ажалдан алып калган бул тааныш көрүстөндөргө эбакта көнүп бүткөн. Атынын оозун тарта алыста караандар көрүнбөйбү дегендей айланасына кылдат көз жүгүртүп алды. Асманда бир да булут жок чайыттай ачык боло ай эюакта жогору көтөрүлүп, теребелди бүт жарык кылып турган болчу. Кимдир бирөөлөр дүрбү менен карап шексинип калбасын деп ал бул жакка күндүзү келгенден даймыа чочулап турчу. Алиги тээ илгери карышкырлардын тобу кол салганда Максүт чыга калчу эски күмбүз алыстан эле бакыйып мен мына дегендей көрүнүп турду. “Бышык күмбөз экен канча жыл болду, ошол боюнча эле былк этпей турат”. Тэ илгери көрүстөндөрдүн арасынан Хамзанын жигиттерин өлтүргөндө кылыч, бычак, мылтыктарын ушул күмбөздүн ичине көмүп, жашырып салганын эстеди. “Көрдү казганга баары бир шамшарлар, кылычтар керек, ордунда болду бекенби алар?” Улукбек дароо эле атынын башын ошол тарапка бурду. Жакындаганда минип жүргөн аты күмбөзгө жолобой артка кетенчиктеп, кошкуруп туруп алды. Атына ачуулана жерге түштү да бутун тушап байлап, күмбөздү көздөй жөө кадам таштады. Жакындай бергенде кандайдыр бир адамдын онтогондой үнү угулду. Жаңылыш угуп калдымбы деп токтой калып акырын кулагын төшөдү, ооба жаңылбаптыр, кандайдыр бир адамдын катуу кыйнала онтогон үнү угулуп атты. Улукбек дароо койнунан кош миздүү узун шамшарды сууруп чыкты, бир аз олтурган соң акырын сактана күмбөздүн оозуна жакындай берди. Бир нерсе болсо эле шамшарын шамшарын шилтегенге даяр турду, күмбөздүн караңгы оозуна жакындап келип ичине көз жүгүрттү, күтүлбөгөн жерден өзүнө карай секирген караанга болгон күчү менен кош миздүү шамшарын шилтеп өткөнгө үлгүрдү. Ал караан ошол күүсү менен токтоно албай тигини жандай өтүп тоголонуп түштү. Аны тургузганга үлгүртбөй дагы кэи-үч жолу капталына матырып алды. Анын карышкыр экенин жаздемдебей тааныды. Өткөн жол Хайрулланын дөбөт ити менен кармашканда төрт аяктуу мындай жаныбарларга бычакты кандай шилтешти өздөштүрүп алган болчу. Жерде жаткан карышкыр бир аз тырпырады да жатып калды.

 

            Күмбөз ичинде онтогон үндү уга коюп Улукбек дароо шамшарын кош колдой кармап ичине баш бакты. Башка карышкырлар жо экен, төр жакта онтоп жаткан үнгө жакындап келип оттугун жандырып шумдуктуудай көрүнүшкө туш болду. Ичеги-карды чубалып, али да болсо өлбөй жаткан аялды, жарымысын карышкыр жеп таштаган эмчектеги баланы көрдү. Кийген кийимине, өң-турпатына карганда өзбек аялдарына окшошуп кетет экен. Ал бир нерсе сүйлөйүн деп жакшы эле аракет кылгансып атты, бирок тили күрмөөгө келбей койду. Бир аздан кийин көзүн жалдыратып жаткан боюнча кыйналып жатып, оо дүйнөгө узап кете берди. “Шордуу, түн ичинде бул жакта каяктан адашып жүрөт?” –Улукбек айланасына көз жүгүртүп, ары жакта чүпүрөк баштыкча жатыптыр, ачып ичин карады эле ымыркайдын кийимдери бир аз тамак-аш бар экен. Сыягы бир жерден качып чыгып, төркүндөрү жакка баратса керек. Улукбек эмне кылаарын билбей бир азга ойлонуп турду, анан тээ илгери өзү ушул күмбөздүн ичине көмүп, жашырып кеткен куралдар бар бекенби деп төр жакгына барып кош миздүү шамшары менен жерди чукулап каза баштады. Көп өтпөй шамшар катуу нерсегеурунуп, адегенде эле ай кылычты сууруп алды. Алардын артынан бир нече мылтык, шамшар кылычтарды алып чыкты. “Курган келин өзүнөн бир кадам эле алыс жерде мындай куралдардын жатканын билгенде балким өлмөк эмес беле? Бул да болсо Кудайдын буйругу... Эми буларды эмне кылсам, кайсыл жерге жашырсам? Көр-көр мышыктар менен алигидей жаныбарлардын жеми болбогудай кылыш керек”. Ал бир аз ойлонуп турган соң так эле курал-жарактар жашырылган оюкту дагы чоң кылып, кеңейтип каза баштады. Анан бир жарым адам кенен батчудай кылып казып, ичеги-карды чубалган келинди шашпай өзүнүн чапаны менен ороп анын жанына жарымысы карышкырдын жеми болуп кеткен наристени да чүпүрөк менен тыкан таңып, ороп экөөнү чогуу бир чуңкурга жаткырды.

 

            Алардын эки жагына эки мылтык, эки кылыч коюп, үчтүнөн топурак менен шилтеп көмө баштады, өлүктү жашырып бүткөнчө түн бир оокуп болуп калган эле. Топурактарды дөбөчө кылып үйүп, үстүн катуу таптап тебеледи да сырттан эки-үч таш алып келип үч жерге жайгаштырды. Шашпастан тизелеп отуруп алып жерде көмүлүп жаткандарга куран окуду. Өзүнө калтырган бир кылыч, мылтыкты алып сыртка чыкты.

 

            Алиги өлгөн карышкырдын жанына дагы эки карышкыр келип алыптыр. Бирөөсү бери карай умтулуп келатты эле тигинин колунда кылыч менен мылтыкты көрүп даай алган жок, тескеринче экөө ары көздөй узап кетишти дагы обочороок жерге бери карап туруп алышты. Улукбек атын эстей коюп эки жагына көз жүгүрттү. Ал эбакта эле чылбырын үзүп көздөн кайым болуп кетиптир. Кимгедир ал жинденип алды, анан айланасына бир аз көз жүгүрткөн сөң катылып жаткан казыналарга шашыла кадам таштады. Асмандагы айдын жарыгы кадимкидей күдүзгүдөй кылып жарык берип турган болчу. Өзүнө тааныш дөбөчөнүн жанына келди, ары жактагы өзүнөн анча алыс эмес дагы бир дөбөчөдөгү кара оюктан кандайдыр бир мышыкка окшогон макулук атып чыкты да өзүнөн оолак боло берди. Улукбек ага анча маани да берген жок, андайларга тээ кичинесинен эле көнүп бүткөн. Анын эс-дартынын баары эле катылуу казына ордунда бекенби деп бет маңдайындагы дөбөчөдөн көзүн албай келаткан. Атүгүл анын артынан аңдып келатышкан алиги эки карышкырды да анча аңдаган жок.

 

            Дөбөчөгө жетээри менен дароо кылычты кынынан сууруп алып, чукулап казып кирди. Арадан жарым чай кайнам убакыт өткөн соң ал жерди бир адам баткыдай оюкча кылып казды да айланасына көз жүгүртө тээ обочороок жерде өзүн акмалап турушкан эки карышкырдан башка эч ким жок экенине чындап ынанган соң, оюктун ичине сойлоп кирип кетти, анан шашпастан оттукту жандырып шамчыракты күйгүздү. Адегенде эле денелери сөөктөрүнө чапталышып катып калган адам өлүктөрү көзүнө урунду. Булар тээ эбакта өзү өлтүрүп туруп, алтындар менен кошо көмүп кеткен Хамзанын желдеттери болчу.

 

            Шашпастан өзү менен ала келген баштыкка алтын, күмүш сыргаларды, шакек билериктерди, ар кандай идиштерди, тыйындарды өз-өзүнчө кылып сала баштады. Бул жолкусунда дегеле шашып койгон жок. Бир капты толтура кылып салды да шашпастан оозун бууп, калгандарын бир бурчка иреттеп жайгаштырып үйдү. Катып калган өлүктөрдү болсо бирден сыртка алып чыгып баштады. Анан баштыкчага салынган алтын, күмүш буюмдарды сыртка чыгара албай бир топко убараланды. Оюкча кичинекей болчу, аны кайра дагы кеңейтип казып эптеп отуруп баштыкты сыртка сүйрөп чыкты. Хамзанын желдеттерининкатып калган өлүктөрүн тээ алыс жакка сүйрөп алып барып таштады. “Булар менин алтындарым менен чогу жатпашы керек”. КЕтип баратып кайра ойлоно кетти. “Кой кантсе да мени менен чогуу жүргөн желдеттер эле, өлүктөрүн кор кылбайын, бир убакта мен деле ушундай болом да”. Анан кылычы менен үч-төрт киши баткандай кылып чуңкур казып, баарын кыдырекей жайгаштырды да үстүнөн топурак менен таптап, тебелеп койду. Жалаң ушулар менен алектенип атып түндүн бир тобун мойсоп жиберген эле. Кайра эски ордуна келгенде алиги эки карышкыр алтын салынган баштыкты тегеректеп алышыптыр. Артында асынып жүргөн мылтыкты алып октоп машаны басып көрдү эле “чып” этип чабылып атылбай койду, сыяга дат басып калса керек. Кылычын алдына сунуп тигилерди ары көздөй кубаламакка айбаат берип көрдү эле алардын дегеле каччу түрлөрү жок. Баштыктын ичинде баалуу нерсе бар экенин билишкендей анын жанынан айланчыктап кетишпейт. Өздөрүн көздөй жалаңдап келаткан кылычты көрүшүп, сактана туруп калышты. Улукбек дээрлик үч кадам жакын келгенле экөө сүйлөшүп алышкандай эки жактан тап беришти.


Сенин журогундун Жарыгы..


#5 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:49

ШЕКТЕНҮҮ ТУУДУРГАН СҮЙЛӨШҮҮЛӨР

(бүгүнкү заман)

 

            Хамид тигил экөөнүн түндөгү сүйлөшкөн сөздөрүн күн мурунтан билгендей мамиле жасады. Айткандарын дароо кабыл алды.

 

            -Болуптур, эрк өзүңөрдө, бирок силер машыктырып жаткан жигиттердин үзүрлүү жемиши болгондой болсун. Эгер алардан жыйынтык чыгара албай турган болсоңор экөөңөр тең менден кетем деп ойлобогула. Качып деги эч кайда кете албайсыңар.

 

            Кахар таамай аткандын жол-жоболорун, эрежелерин, өзгөчөлүктөрүн үйрөтүп, Каныбек чыгыш элдеринин өзгөчө мушташуу ыкмаларын машыктырып жатышты. Ал эми Хамид болсо жумасына бир маал өзүнүн жигиттери кандай машыгып жатышканын карап, текшерип кетет.

 

            Кахар менен Каныбек экөө бир нерсеге баштары жетпей, таңгалып жүрүшөт. Хамид тигил экөөнүн айттырбай эле билип койчу жана ошолоруна жараша мамиле жасачу. Анткени өздөрү жаткан бөлмөдө атайын угучу аппарат жайгашканын эч кимиси билишчү эмес. Аны экөө тең кийинчерээк билишти, бирок өтө эле кеч болуп калган болчу.

 

            Арадан эки ай өтпөй эле тигилер Кахардын карындашы Зулфияны таап келишти. Ал Македонка айылында жашаган Афган жигитине турмушка чыгып, андан эки балалуу болуптур. Каныбек менен алардын үйүндө да конок болуп барып келишти. Экөө колдорунан келишкенче Зулфияга акчалай жардам беришти.

 

            Бир күнү Хамид Каныбек менен Кахарды өзүнө чакырп алды.

 

            -Мынакей көп жылдан бери издеп жүргөн карындашыңды да бат эле таап бердик. Көрдүңөрбү менин укуругум узун, Кудай буюрса алиги Саидиңерди деле табабыз, биздин чек арадан башка жакка кетип калбаса эле, бирок бирнерсеге түшүнбөйм, анын мынчалык силерге эмне зарылчылыгы бар. Издеттирбей эле койбойсуңарбы, бир тууган карындашыңды деги таптыңар?

 

            -Аны менен өзүбүзчө, жекече эсептеше турган иштерибиз бар.

            -Эркекчеби, аа түшүнүктүү..., тиги кыргыздардын жергесинде жүргөндө силерге туура эмес иш жасаган го. Ал маселени биз деле чечип беребиз, андайларды жазалаган биздин деле колубуздан келет.

 

            Кечинде өздөрүнүн бөлмөсүндөгү төшөккө жатканда экөө Саид туралуу сүйлөшө калышты.

 

            -Чын эле Хамид айткандай Саид бул жакта жок болуп калса эмне кылабыз, жүрө беребизби жөндөн-жөн эле убакытты өткөрүп. Балким ал өздөрүнү жигиттери менен кайрадан Кыргызстанга барып катылуу турган алтындады алып, башка мамлекетке өтүп кетишсе эмне кылабыз. А биз болсо эч нерсе билбей эле бул жакта жүрө беребизби. Убакыттын өзү алтын, ар бир убакытты текке кетирбешибиз керек. Тигил жактагылар да бизди жоготуп жиберишти, Саидди таап, алтындарды бөлүшүп алышып, чет өлкөлөргө качып кетишти деп ойлоп калышы да ыктымал.

 

            -Переговор менен сүйлөшүп өзүбүздүн дайыныбызды билдирип койбойлубу?

 

            -Ансыз деле алар билет да можахеддер менен бул жакка кеткенибизди...

            -Ошентсе да амандыгыбызбы билдирип коюшубуз абзел.

            Арадан эки күн өткөндөн кийин Хамид тигил экөөнү кайрадан өзүнө чакырып алды.

 

            -Экөөңөр тең мага чын ниетиңерден кызмат кылып жатасыңар силерге азырынча ыраазымын ушуңардан жазбагыла... Мынакей карындашыңды да таап бердим, эми мен дагы силерге көмөк көрсөтөйүн, алиги ким эле айтып аткан Саид беле? Колдон келишинче эми аны таап берүүгө аракет жасайм. Анын бүт керектүү нерселеринин баарын кагазга толтуруп, жазып бергилечи. Жашын, өңү-түсүн, келбетин, денесиндеги өзгөчө белгилерин, мурун кйсы жерде жашачу эле, бир туугандары кайсы жерде турат, канча бир тууганы бар. Кыргызстанда жүргөндө эмне кызмат кылчу эле, силер аны менен кандайча таанышсыңар, кыскасы эч нерсени калтырбай, өзүңөрдүн бөлмөңөргө отуруп алып шашпай толтуруп келгиле. Кагазды силер кандай толутуруп алып келсеңер мен ошондой эле дароо аны издөөгө кишилерди чабыттатам. Болуптур бошсуңар кете бергиле,  бирок муну эртеңден калтырбагыла.

 

            Экөө бөлмөлөрүнө келишти эч нерсеге түшүнүшпөй, бири-бирине таңгалыштуу карап калышты.

 

            -Ал эмне эле мынчалык Саидди издеттиргиси келип жанталашып калды. Ал жөнүндө чет-чеберин чыгарып жиберген жок белең? –Каныбек Кахарга суроолуу карады.

 

            -Койчу артыкбаш жүктү моюнга алып эмне кылмак элем мен. Ал жөн эле бизге жардам бергиси келип аткандыр?

            -Антсе, мынчалык жанталашып анын дайындарын сурабайт эле го, бул жерде не то пахнет. Эгер биз Саидди бекеринен издеп жүрбөгөнүбүздү сезип, билип калчу болсо анда иш тетири жакка айланат. Анда эле эртерээк бул жактан кетишибиз туура келип калат.

 

            -Кагазга анын туура эмес данныйларын берелиби?

            -Бардыгын эле от и до жаза бергенде болбойт. Мисалы туугандары туралуу жазып кереги жок, андан сырткары кайсыл жерде туулган, буларды билбейбиз деп эле коёбуз. Ал эми келбетин, өңү-түсүн, жашын, өзгөчө белгилеин жазып беребиз. Чындыгында мен анын чыныгы жүзүн көргөн дагы эмесмин. Сүрөтү боюнча эле кандай экенин элестетип жүрөм, мага караганда сен жакшы билесиң да аны.

 

            -Мен аны көрбөгөнүмө бир топ жылдай болуп калды өзгөрүп кетиш да мүмкүн. Бир гана өзгөчө белгисин билем, жаагында кулагынын алдында чоң шрамы бар...

 

            Эртеси күнү экөө кагазды толтуруп Хамидке алып барып беришти. Анда Саид туралуу толук жазылган эмес болчу. Хамид кагаздагыны бир сыйра карап көрүп кабагын чыта үн катты.

 

            -Силер толугу менен жазбаптырсыңар, менден бир нерсе жашырып жаткан түрүңөр бар. Болуптур, мейли ушул боюнча эле кала берсин издеттирип, таптырганга аракет кылабыз.

 

            Арадан бир жума убакыт өткөндөн кийин Хамид Каныбекти өзүнө чакырып алып акырын сурады.

            “Шрам” деген сөз эмне маанини билдирет?

            -Ал орусчадан которгондо “тырык” деген маани, денеге курч нерсе тийип тилинип кетсе, же ок тийсе ал жерде тырык белиги калат го, ошону шрам деп аташат орустар.

 

            -Аа түшүнүктүү.

            Каыныбек жолдо кетип баратып “бул сөздү кайдан алды, эмнеге сурады болду экен?” деп ойлонуп баратып кокусунан мындан бир жума мурун “Кахардын Саиддин кулагынын алдында чоң шрамы бар” деген сөзүн эстеди.

 

            -Кызык аны кайдан укту болду экен, же ага Кахар өзү айттыбы. Эгер өзү айтса “шрам” деп орусча айтмак эмес да, өз тилдеринче эле айтып түшүндүрмөк. Да-аа, чын эле бул жерде не то пахнет, Кахардын өзү менен сүйлөшүп көрбөсөм болбой калды.


Сенин журогундун Жарыгы..


#6 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:49

МЕРГЕНЧИНИН БАЯНЫ

(мурунку заман)

 

            Биринчи карышкыр экинчисине караганда чоңураак экен, сыягы анысы дөбөт, экинчиси ургачы карышкыр окшойт. Ошол дөбөтү жандап өттү эле Улукбек кылычы менен шилтегенге үлгүрбөй калды. Анын азуусу сол жак колун чарпып өттү, билектери бычак менен тилгендей тилинип кеткендиктен дароо кан сызылып жая берди. Ачка карышкырлар канды көргөндө көздөрү кызарыып, ого бетер жаалданышты. Дөбөтү жүндөрүн тиксийте улам-улам тап берип бирок жалаңдагын кылычтын сүрүнө даай албай өзүнүн бет алдындагы эки аяктуу жаныбарды ары-бери айланчыктап турду. Эки экөө эки жактан улам-улам атырылып кол салыша кылыч шилтегенге үлгүртпөй кайра алыстан келип атышты.

 

            Улукбек артында асынып жүргөн мылтыкты чечип ыргытты да кылычты кош колдой кармады. Көздөрү кызарган эки карышкырдын ыркыраганда азуулары кадимкидей көрүнүп турду.

 

            Асмандагы ай эбакта уясына жашырынып, айлана эбакта жапжарык болуп калган болчу. Түнү бою уктабагандыкы анын үчтүнө карышкырларга жем болушкан аял менен баласын көмүп, жашырылган казынанын оозун ачып андагы өлүктөрдү алыс сүйрөп барып көмүп атып таңдын кандай атканын өзү да сезбей калган. Таңды таң атканча тыным албай иштегендиктен кадимкидей чарчап калыптыр. Бир жагынан канды көргөн ач карышкырлар бул түрлөрү менен кетчү түрлөрү жок. Алар улам качырып келишип, кайра алыстан кетишип тиштерин, азууларын көрсөтүп шакылдатып атышты. Булардын эрегешкен кармашы дэрлик эки чай кайнамга созулду.

 

            Бир маалда ары жактан “тарс” этип атылган мылтыктын үнү угулуп дөбөт карышкыр жерге “жалп” эле дей түштү. Экинчи канчык карышкыры эсине келе куйругун кыпчып бет алды качып жөнөдү эле экинчи атылган ок да ага таамай тийип аны оңкосунан кулатты. Ары жактан өзүнүн ачып кеткен атын жетелеген атчан, жашы алтымыштарга таяп барып калган бакжагай аксакалдуу далдайган зор киши мылтыгын оң колуна кармай тигинин жанына бастырып келди. Жаздемдебей таамай атканына караганда көзгө атар мерген экени билинип турат. Кийген кийимдери деле жупуну экен. Ал шашпастан мылтыгын асынып алып тигиге кайрылды.

 

            -Жол болсун жигит, таң атпай мүрзөлөрдүн арасында эмне кылып жүрөсүң карышкырлар менен кармашып? Сыягы менин баамымча бул ат сеники окшойт, же жаңылыш айтып атамбы? Аябай кыраакы көптү көргөн чал экени сүйлөгөн сөздөрүнөн, көздөрүнөн, өзүнө тың экени баскан-турганынан билинип турду, - баса айтмакчы бала көтөргөн жаш келинди кокусунан көздөрүң чалган жокбу?

 

            “Эмне кылсам түндөгү болгон окуяны айтсамбы, же айтпасамбы?” Улукбек өзүнчө ойлонуп турду.

 

            -Атты кайрып бересиңерби? –күтүлбөгөн жерден эле тигил чалга суроолуу карады. Ал мыйыгынан жылмайып койду.

 

            -Албетте, “ээси келсе бээсин бер” дейт, эгер сеники болсо мынакей ала бер, - чал чылбырды тигиге карматты, - тиги күмбөздүн жанындагы карышкырды сен жайлагансың го. Азамат жигит көрүнөсүң, аны бычак менен жайлаганыңа караганда... Мен өзүм мергенчи болом, атым Жолон, ата-тегибиз жалаң мергенчилик менен күн көрүп келишкен. Мен да ошолордун жолун жолдоп тээ бала чагымдан бери мергенчилик менен күн көрөм. Жалаң карышкыр, жолборс, сүлөөсүндөргө аңчылык кылам, ошолордун терисин сатып оокат кылам. Мага артык баш байлыктын да кереги жок, менин эң башкы байлыгым ден-соолугум анан үй-бүлөм. Өмүрү калаа ичинде же калың журт менен кошулуп жашап көргөн эмесмин. Тоодогу эң жакшы деген үңкүрлөрдүн биринде жашайм, -ал дароо эле өзүн тааныштырып артта калган өмүрүн кээ бир бөлүктөрүн үзүл-кесил бир сыйра баяндап бере бштады, эне-атам убагында Фергана, Ош өрөөндөрүнө атагы чыккан мергенчилердин бир болчу. Соодагер, көпөстөргө жолборс, илбирс, түлкү, карышкыр,сүлөөсүндөрдүн терилерин тапшырып, алардын ордуна азык-түлүк менен өздөрүн камсыздандырып турушчу. Апам жетимиш беш жашында, атам Жоломан токсон үч жашында “оо дүйнөгө” узашту. Ошентсе да өмүрү оорубай тың басып жүрүп бу дүйнөдөн көзү өттү. Аларды жайына тапшыргандан кийин бүт түйшүктү өзүмдүн мойнума алдум. ОШондо мен жыйырмадагы жигит болчумун. Атамдын жолун жолдоп мергенчилик кылып карышкыр, сүлөөсүндөрдү атып терисин сатып, эттерин ыштап кургатып кышкыга даярдап койчумун. Ошо боюнча кырктын кырына чыкканча эч кимге кошулбай жалгыз жашадым. Жашаган түнөгүмдү да эч кимге билгизчү эмесмин. Жыткычтардын терилери чогулуп калганда Самарканд, Ош, Ташкеттин базарына алып барып ок-дары, мылтык, коргошун андан сырткары кийим-кечек, тамак-аштарга айырбаштап келчүмүн.

            Ошондой күндөрдүн биринде Кытайга сатылып кеткен бир кыздын кайра туулган жерине качып келаткан жеринен үйүр карышкырлар тобуна кармалып аз-аз жерден жем болуп кетээринле мен кокусунан көрүп калып, ажалдан куткарып калдым. Ал жактан эки өзбек , бир уйгур кыз болуп чогуу качышыптыр. Үймөлөктөшкөн ач карышкырлар тобу экөөнү талакей кылып үчүнчүсү болсо колунан келишинче жан талаша коргонуп жатыптыр. Аз болгондо, анча-мынча эле кечиккенде ал да талакейге түшмөк экен. Мылтык менен үймөлөктөшкөн карышкырларды аткылап кууп, ал кызды ажалдан чеңгелинен суурап калдым. Эс-учун жоготуп койгон аны үңкүргө көтөрүп барып дары чөптөрдү басып атып төрт-беш апта убакытта араң дегенде киши кылдым. Ал дээрлик мени менен кыштап чыкты. Анын жашы ошондо жыйырма үчтө болчу, аты Улзана, улуту жарымы уйгур, жарымы өзбек экен.

Убагында он алты жаш курагында көчөдөн уурдап кетишип, өзү менен кошо жети кызды Кытайга алып барып бир көпөскө сатып жиберишиптир. Ошол мезгилде атайын бир жерден кыз уурдап экинчи жерге сатып жүргөн Мырза деген жигит өзүнүн жардамчылары менен жалаң кыздарды сатып байып кетиптир. Андан кийинчерээк Улзананын өчүн алып бердим. Көзүн курутуп, байлыгын жардыларга талакей кылдым. Улзанага адегенде өзүмдүн карындашымдай мамиле жасап жүрдүм. Кийинчерээк Ферганадагы ата-энесин таап жеткирип барып берип келдим. Бир көп өтпөй эле ал кайра качып келиптир тоодогу үңкүргө. Ошол маалда карышкыр, жолборстор күчөп, ары-бери жалгыз жарым адамдарды жөн өткөрбөй жалмап турган мезгил болчу. Коркпой-үркпөй кантип өзү жалгыз аман-эсен таап келгенине таңгалам. Ошондон баштап экөөбүз чогу жашап калдык. Анын эне-атасы менен да катташып турабыз, терилерди алып барып берип, колдон келишинче жардамыбызды аябайбыз. Ушунча жылдан бери өмүрүмдө эң биринчи жакшы кубаныч болуп кетти. Улзана мага ымыркай төрөп берди. Анын атын өзүнүн айтуусу боюнча Хамида койгонбуз. Кызымдын кырк күнүн өткөрүп анан анын эне-атасына бармакпыз. Ууга кетип капканга кеткен жолборстун артынан кууп жүрүп отуруп үч күндөн кийин араң кармадым. Аны өлтүрүп, терисин сыйрып алып кайра турагыма кайтып келдим. КЕлсем Удзана көрүнбөйт, дөбөчөнүн башына чыгып алып дайыма мени тосуп турчу, ошо күнү мени тосуп чыккан жок. Үңкүрдө үч-төрт күндөн бери кызым экөө жалгыз эригип отуруп эне-атасын сагынып ошол жакка кетсе керк. Мен келгенден кийин деле чогуу кетсек болмок, эне-атасын сагынып, бир жагынан ымыркайлуу болгонуна кубанып мени күтпөй эле эртелеп кетип калса керек. Артынан барарымды билет да, мейли эми эртеңден калбай эле жетип барам. Үч-төрт күндөн бери көрбөй кызым Хамиданы сагынып кеттим. Мына, жаңыдан таң агарып келатканда чыккам, кокусунан силерге минтип кезигип калып атпаймынбы. Негизинен ушул аймакта, тегеректе карышкырлар көп, жалгыздап да, топ-тобу менен да жүрүшөт, сак болбосоң алардын “курмандыгы” жеми болуп калышың да мүмкүн. “Кайра жакшы болду, кайындарыма жөн барбай тигил үч карышкырдын терилерин сыйрып ала кетейин”.

 

            Бул мергенчинин айткандарына караганда түндөгү болгон окуя, күмбөздүн ичине көмүлгөн аял менен жарымысы карышкырга жем болгон ымыркай мунун аялы менен кызына окшошконсуп атты. “Эмне кылсам, түндөгү көргөндөрүмдү айтсамбы, айтпасамбы?” деп Улукбек аябай кыйналып турду. “Эгер айтсам аял менен кызы болуп калса анда эмне болот?”.


Сенин журогундун Жарыгы..


#7 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:50

САИД

(бүгүнкү заман)

 

            Ошондон көп убакыт өтпөй эле Хамид өзүлөрүнүн кишилери менен Саид аттуу адамдардын бардыгын издеттирип таптырып, алдыртып келе баштады. Дээрлик Ооганстандык айылдарынын да калааларынын да эч нерсесин калтырбай шимшилеттирди. Тигилер издеп жүргөн Саидди тигилер эч жерде таппай коюшту. Ал бир келген Саид аттуу адамдардын баардыгы “жок бул эмес” деп башын чайкап жатты Кахар. Алар ар кандай жаштагы, курактагы Саиддер болчу.

 

            -Чыныгы Саиддин курагы канчаларда эле. Силер бир нерсени жаап, жашырган жоксуңарбы менден? –Хамид алда нерседен шек санай экөөнөн кайра-кайра сураштырып жатты.

 

            -Ал жигит отуздардын тегерегинде болчу, али үйлөнө элек бойдок. Мындан бир топ жыл мурун биздикилер менен орустардын Армиясы согушуп жаткан маалда биз тарапта кызмат өтөгөн. Кийинчерээк Жума Наманганинин тобуна кошулуп Кыргыз жергесине чейин барып келген. Аны бул жакка жөнөткөнүнө дээрлик алты айдай болуп калды, биздин келгенибизге эле төрт айдан ашып кетти.

 

            Эмнегедир акыркы мезгилдерде Хамид жанталаша Саидди катуу издетүүгө ала баштады. Эмне себептен аны мынчалык жанталашып издетип жатканына Кахар менен Каныбек таңгалып жатышты. Кечинде бөлмөлөрүнө келип жатканда бул теманы кайрадан талкууга алышты.

 

            -Чын эле Саид бул жакта жокпу? Аны тааныгандардын баарынан сураштырып чыктык, бүт эле көрбөгөндөрүн айтышууда. А балким...

 

            -Эмне балким?

            -А балким ал бул жакта таптакыр эле келбеген чыгар, бул жакка кеттим деп кобп изин жашырып, Кыргызстандын же Тажикстандын бир бурчунда жүргөндүр? Жалгыз жорткон бөрү каалаган жагына жүрө берет да, үй-бүлөсү же шериги да жок болгондон кийин жашоосу кайсы жерде өтсө да ага баары бир да. Менимче ал өзү жашырган алтындардан эч убакта алыыс кетпейт.

 

            -Андай болушу да вполне возможно. Бирок атайын келгенден кийин бул жакты түп көтөрө издеш керек. Балким таап калабыз, анын үстүнө Хамид да бизге көмөк көрсөтүп жатпайбы.

 

            -Таңгалыштуу нерсеси ал эмне себептен эле буга баш оту менен киришип калды. Ал дагы бир нерсенин жытын сезип калган го дейм. Өткөн жолу менден “шрам” деген эмне деп сурады. Ал сөздү каяктан укканын билбейм. Сен айтпадың беле анын сол жак жаагында “шрамы” бар деп. Ошо сөздү кармап калса керек.

 

            -Ал сөздү кайдан угат эле биздин сүйлөшкөн сөздөрүбүздү аңдытып, тыңдап жүрөбү? Балким бул бөлмөдө экөөбүздүн сүйлөшкөн сөздөрүбүздү тыңдай турган аппараттары болуп жүрбөсүн? Болбомо Саидге мынчалык баш-оту менен кийгилешип чуркабайт эле го.

 

            -Андай болушу да мүмкүн “сактыкка кордук жок” дегендей сак болбосок болбойт. Эртең бөлмөнүн ичин кылдат текшерип көрөлүчү.

 

            Ушуну менен экөөнүн сүйлөшкөн сөздөрү токтоду, жарыкты өчүрүшүп уйкуга кетишти. Угуучу аппарат дубал бетине аябай тыкан жерге орнотулгандыктан аны эч ким таба албайт болчу. Хамид экөөнүн сааттарына да угуучу аппаратты орнотуп таштаган. Саатты чечип ваннада жүрүшкөндө окшош сааттарды коюп алмаштырып кетишкен. Экөө каяк жакта жүрүшсө да сүйлөшкөн сөздөрү Хамидке угулуп турчу. Саидди бекеринен издеп жүрүшпөгөнүн билип бир нерсени сезип калган соң өзү да эбактан бери издештирип кирген.

 

            Арадан эки ай убакыт өткөн соң Хамид Каныбек машыктырып жаткан залга келди.

 

            -Жигиттердин ийгиликтери болуп жатабы?

            -Өзүңөр карап сынап көргүлө... –Каныбек чыгыш элдеринин мушташуу ыкмаларын жакшы өздөштүргөн эки-үч жигитти ортого алып чыгып мушташтырып көрдү. Бул көрүнүш анын купулуна толдубу, толгон жокпу эч нерсе деп айткан жок. Каныбекке суроолуу кайрылды.

 

            -Дагы жарым жылга чейин өзүңөрдөй кылып жок дегенде бир адамды даярдап бере аласыңбы? –себеби дегенде ушул келерки күз айларында “Кандуу спорт” деп аталган эрежесиз мушташуу боюнча Япониянын Токио шаарында бүткүл дүйнөлүк мелдеши болуп өтөт. Ага мен кыйын дегендер гана талдалып бара алышат. Биздикилер эки жолу барышып жеңилип келишти япондорго, ал жакта чоң байге коюлат. Ошого бир адам даярда, эгер даярдай албасаң анда ага өзүң катыш. Жок дегенде экинчи, үчүнчү орунду жеңип алганда жакшы болот эле. Кана бул колуңдан келеби, эгер келет десе мен тааныш кишилериме айттырып жаздырып коё берейин.

 

            -Алты ай өтө эле кыска убакты го, балдарды даярдай алабызбы ушул кыска мөөнөттүн ичинде. Анын үстүнө буга катышыш үчүн темирдей эрк, талыкпас эмгек керек. Биздин балдар азырынча андай деңгээлге жетише элек.

 

            -Андай балдар бизде жокпу?

            -Эмне үчүн жок, бар албетте, бирок убакытты анан талбас эмгекти талап кылат.

            -Кана айтчы даярдай аласыңбы?

            -Аракет кылып көрөйүн колдон келишинче...

            -Так жооп бер, же бар же жок деп...

            -Өтө эле кыска убакыт, болуптур даярдайын бир-экөөнү, ошолордун кыйындарынын-кыйынын тандап алабыз. Айла кетсе өзүм катышым көрөм.

 

            -Эң жакшы, бир сөздүү болуп ушул сөзүңдө тургандай бол.

            Ошондон баштап Каныбек үч жигит тантап алып өзүнчө машыктыра баштады.

            Бир күнү спорт залында өзүнүн балдарын машыктырып жатканда күтүлбөгөн жерде Кахар келип калды. Ал мындай убакта эгерим келчү эмес.

 

            -Бери келчи Каныбек сүйлөшө турган сөздөр бар, өтө важный... Каныбек “машыга бергиле” деп бирөөсүнө дайындап коюп бери басып келди.

 

            -Эмне болду деги тынччылыкпы?

            -Тынччылык болсо бул жакка келмек белем. Кыскасы мындай, мен Саидди көрдүм. Аны таап бул жакка ээрчитип келишиптир. Мен Хамид шек алып калбасын деп, “ал эмес” деп койдум. Аны коё беришти артынан узата карап турдум. Кыскасы ал тегеректе эле жүрөт. Файзабад шаарынан чыгып кете элек. Үлгүрсөк аны кармайбыз, ошо себептен дароо эле сага келдим.

 

            -Кеттик анда аны колдон чыгарып жибере электе дароо кармайлы, -Каныбек шапа-шупа кийине экөө сыртка жүгүрүп чыгышты. Анын ары жакта турган машинелерин от алдырыша көчөгө атып чыгышты. Хамид эртеден бери Кахардын аңдып келаткан болчу. Көп өтпөй эле алардын артынан мерседес машинеси жылып чыкты да тигилердин соңунан түшүп жөнөдү.

 

            Хонда машинеси Файзабад шаарын кыдырып Саидди издеп жүрдү. Дүкөндөрдү, ашканаларды, мейманканаларды кыдырды. Акыры келип мурун өздөрү келгенде жатышкан мейманканага келип такалышты. Анда иштеген кызматкерлерден ак чапан кийип, сакал-мурутчан, оң жак жаагынын алдында чоң тырыгы бар жигиттин келген келбегенин сурашты. Мейманканадагы кызматкерлердин баардыгы экөөнү таанып калышкан. ОШол жигиттин экинчи кабаттагы жүз жыйырма бешинчи бөлмөгө жайгашканын айтышты. Каныбек менен Кахар экөө бери басып келип өздөрүнчө сүйлөшө кетишти.

 

-Эмне кылсак, тикелей эле бөлмөсүнө кирип барсакбы анда чочутуп алабыз го?

 

            -Ме мобул калем сап аппаратты төш чөнтөгүнө салып ал, мен кошуна бөлмөдө экөөңөрдүн ар бир сүйлөшкөнүңөрдү угуп турам, үстүнкү кнопкасын басып койсоң угула берет. Эгер бир нерсе болсо эле жардамга жетип барам, -Каныбек жоон, кооз калем сапты Кахарга карматты, -ызы-чуу болбосун сак бол. Ал бүгүн күн кеч кирип кеткендиктен үлгүрүп кете албай калды. Автобустар сырт жактарга таңкы саат алтылардан баштап чыгып кете баштайт, ошого чейин бир топ нерселерге үлгүрүп, жетишишибиз керек. Навсякий безопасности пистолетиңди да алып ал. Бир жөнө, болуптур жолуң болсун. Кахар калем сапты төш чөнтөгүнө салып, тепкичтер менен акырын экинчи кабатка көтөрүлүп кетти. Каныбек төмөн жакта мейманканын кызматкерлери менен сүйлөшүп калды.

 

            -Мага жүз жыйырма алтынчы бөмөдөн бериңизчи бир суткага?

            -Аны ээлеп коюшту жаң эле, телефон аркылуу...

            -Анда жүз жыйырма төртүнчү бөлмөнү бериңизчи?

            -Ал дагы бош эмес.

            -Биринчи гана кабатта бар, экинчи кабаттагыларды болсо бүт ээлеп алышты.

            -Болуптур биринчи кабаттан болсо деле бере бер.

            -Биринчи кабаттын эң четки жагында...

            -Силерге эмне болгон, жакшы бөлмөлөрдөн тандап берчи элеңерго бизге?

            -Азыр ушундай, келген кеткендер көп, бөлмөлөрдүн баары бош эмес.

            Каныбек мейманканын башчысы менен сүйлөшүп атканда сырттан кара көз айнек тагынган эки адам кирип келишти. Алар Хамиддин кишилери экенин Каныбек жазбай тааныды. Экөө аны көрмөксөн болуша экинчи кабатка көтөрүшүп кетишти. “Кызык, булар бул жакта эмне жүрүшөт, же тааныштары барбы мейманканда? Тааныштары болгон күндө да бирөөсү эле келмек, мени менен учарашышмак?” Каныбек өзү алган бөлмөсүнө кирди дагы ушуларды ойлоно кетти. “Баким булар Кахар экөөбүздү аңдып келишпесин, мүмкүн Хамид бир нерсенин чет-чеберин билип калган чыгаар?” Ал акырын келип терезенин жалюсун көтөрүп, көчө жакка бир сыйра көз жиберди. Анан тээ алыс жерде токтоп турган өзүнө тааныш кар мерседес машинесин көрдү. “Бул Хамидге тиешелүү машине” Ооба, ооба дал өзү, бул машинени бизге сунуштаганда биз аны албай отказ кылып анын ордуна “Хонда” машинесин албадык беле. “Здесь что-то нето” Каныбек кайрадан жалюсту жаап бекитип, кроватка чалкалай жата кетти да чөнтөгүнөн кийинекей радиого окшогон кутучаны алып чыгып Кахар менен Саиддин сүйлөшкөн сөздөрүн тыңшап уга баштады.


Сенин журогундун Жарыгы..


#8 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:50

ЖАҢЫ БИР ТУУГАН

(мурунку заман)

 

            Жоломан мерген Улукбектин кыймыл-аракетинен дароо эле көп нерсени баамдай койду.

 

            -Мынча байлыкты кайдан таап алып жүрөсүң. Же Кудайым сенин пешенеңе ушинтип жазагнбы?

            Муну укканда Улукбек катуу “селт” этип алды да дароо “мунун көзүн курутуу керек” деген ой кетти. Анын көздөрүнөн, ар бир кыймыл-аракетинен бүт нерсени байкап турган мерген мыйыгынан жылмая кетти. Улукбек койнуна акырын колун салып кош миздүү шамшарын кармап турган болчу.

 

            -Коркуп чочулабай эле кой, мен өмүрү байлыкка кызыгып көргөн жан эмесмин. Менин байлыгым ден-соолук, анан үй-бүлөм. Мына булардан эмне пайда, -ал колу менен капта салынып оозу буулап турган алтындар тарапты көрсөттү. –Бул шайтандын азгырыгынан да жаман, ар дайым кырсыкты, азап-тозокту алып келет. А түгүл буларды ар дайым кан, өлүм коштоп жүрөтү Адам баласы жылкы мүнөз келет, буларың жакшы адамдарды дагы бузуп жаман адам кылып таштайт. Буларга кабылган адам кекиртегинен тамак өтпөй түнкү уйкудан калып азап-тозок, мүшкүлдүн баары ошондо башталат. Бул нерсе оорудан да жаман. Буга жолуктуң дегенчн тынч жашооң бузулат. Колдон келсе булардан алыс болгонуң эле жакшы. Мынчалык байлык адам баласына өлүмдү гана каалап турат. Мынча байлык менен сен алыска да узабайсың, узак да өмүр сүрө албайсың. Өзүңдүн жашооңо жеткендей алтындарды алгын дагы калгандарынын көзүн курут, болбосо мындай басканда эле сени өлтүрүп, байлыгыңды тартып алып кетишет. Менин сага айтаар кеңешим ушул жигит жакшылап ойлон. Кой анда мен кеттим, жакшы кал, -алиги үч карышкырдын терилерин ары-бери сыйрып ала койду дагы Улукбектин артында асынып турган мылтыгына кызыга көз жүгүртүп алды. Анан атын темине жолуна түшүп, сапарын улантып кете берди.

            Улукбек анын артынан узата бир топко ордунан былк этпей карап турду. Анын карааны улам алыстан кичирейип отуруп бир кичинекей дөбөнү ашканда жок болуп кетти. ОШондо гана Улукек эсине келгендей ары жакта тураган атын шапа-шупа мине коюп тигинин артынан чаап жөнөдү. Эки дөбөнү ашып өткөндөн кийин гана аны кууп жетти.

 

            -Токтой туруңуз, менде бир сөз бар.

            Мергенчи эмне айтат дегенсип аттын тизгинин тарта тигини суроолуу карап калды. Атын капчыланып катуу чаап келген Улукбек эмне деп айтаарын билбей бир азга олку-солку болуп кыйналып турду да анан түндөгү окуяны төкпөй-чачпай айтып берди.

 

            Мергенчи анын сөзүн аягына чейин угуп укпай атынын башын кайра мүрзөлөр жакка буруп, атына үстөккө-босток камчы шилтеп катуу чапкан боюнча жөнөдү. Анын артынан жөнөгөн Улукбек араңдан зорго үлгүрүп кууп жете албай кетип бара жатты.

 

            Алдыда бараткан мергенчи атынын тизгинин тартып- тартпастан ошо күүсү менен эле атынан секирип түштү да болгон күчү менен эски күмбөздү карай жүгүрүп жөнөдү. АНын артынан удаалаш эле кууп жете келген Улукбек атынан түшө калып тигинин соңунан күмбөздүн ичине кирди. Ал түндө жаңы эле көмүлгөн бош топуракты эки колу менен чеңгелдеп казып жатыптыр. Улукбек жанына келип жардам берейин деди эле кереги жок деп кагып койду. Бир топ убакыт өткөндөн кийин аял менен карышкырга жарымы желген наристенин сөөгүн кайрадан казып чыкты. Ага оролгон чапанды ары-бери ачып жерип көзүн жума катуу бир бакырып алды да аларды кучактап баса жыгылды. ОШол боюнча былк этпей көпкө жатты. Улукбек дагы анын жанында ордунан козголбой отурду. Мергенчи бир аздан кийин кыймылга келип башын көтөрдү да кайрадан аялды кучактап алып солкулдап ыйлап кирди.

 

            -Шорду башым, силерди сактап калганга дараметим болгон жок, баарына мен күнөөлүүмүн. Жолборстун артынан эмнеге кууп кеттим экен. Үңкүрдө экөөңөрдү жалгыз таштап эмнеге кетип калдым экен. Оо, шордуу башым, оо кудайым, эми канттим.

 

            Мейли ыйлап бугун чыгарып алсын деп Улукьек да аны жайына койду. Ал ыйлап-ыйлып атып аялды кучактаган боюнча бир топко былк этпей жатты. Тээ бир топтон кийин акырын эсине келе жарымысынан ылдый жагы жок ымыркайдын бетинен акырын сылап эңкейип өптү да, аялды да бетинен өптү.

 

            -Мени кечиргиле, баарына мен күнөөлүмүн. Эми мен эч убакта өзүмдү кечире албайм. Ал экөөнү көпкө мелтиреп карап турду, анан акырын өйдө боло берип артка чыгып кетти. Көп өтпөй эле жаңы гана сыйрылган жолборстун терисин алып келип бурчка койду. Күмбөздүн ичине эки адам баткыдай тыкан кылып төрт бурчтуу чуңкур казып чыкты. Анын алдына жолборстун терисин төшөп наристе менен аялды аярлай, тыкан чүпүрөк менен ороп чыкты. Экөөнү катарлаш жолборстун терисинин үстүнө жаткырып, өзүнүн атынын кооз тердигин сыйрып алып кэөөнүн үстүнө жапты. Анан бош топурактарды эки чеңгели менен кылдат шилтеп көмө баштады.

 

            Арадан бир чай кайнамдык убакттын ичинде аларды жер менен жер кылып тегиз кылып көмүп бүтт. Сырттан таш алып келип алардын үчтүнөн киши тебелебегендей кылып айланта жайгаштырып чыкты. Алардын жанына коюлган эки мылтык менен кылычты алып бурчка коюп койду. Жанында турган Улукбекке көңүл бурбай бул жерде жалгыз өзү жүргөндөй эле өзү менен өзү сүйлөшө иштерин жасай берди. Анан шашпай туруп алып куран окуду. Анын катарына Улукбек да кошулду. Эртеден бери жардам берейин десе болбой, кагып коюп жаткан. Бул жолкусунда унчуккан жок. Куран узак дагы кырааты менен окулду. Куран окулап бүткөндөн кийин гана ал Улукбекке кайрылды.

 

            -Сага ырахмат жигит, канча калса дагы өз парызыңдыаткарыптырсың. Мен сага ыраазымын, атыңды да сурабаптырмын.

            -Улукбек.

            -Улукбек мен сенден суранарым алдагы алтындарың менен колдон келишинче бул жерден алыс барууга аракеттен. Болбосо алтын издеп жүрүшкөндөр бул жерди кайрадан казып жибериши мүмкүн. Булар эми түбөлүккө тынч жаткандай болушсун. Кана айтчы ыраазычылык иретинде менден сага эмне керек, эмне каалайсың?

 

            Мындай суроону күтпөгөн Улукбек эмне айтаарын билбей шаштысы кетип калды. Анан ойлонуп туруп эртеден берки өзүнүн сунушун айтты.

 

            -Мен көрүп турам, аябай кыраакы, кайраттуу, атүгүл айтканыңыздан жазбаган көзгө атаар да мерген экенсиңер. Менин бирден бир гана өтүнүчүм бар, эгер колуңдан келсе ушуну аткара алсаң жакшы болор эле.

 

            -Айта бер тартынбай?

            -Мен бул дүйнөдө төрөлгөн адамдардан эң эле жалгыз коколой гана башым бар адаммын. Ата-энемдин ким экенин да билбейм, бир туугандарым да жок. Ушул жашка келгени жер кезип, азаптанып жүрүп жолдош да дос да күткөн жокмун, атүгүл үй-бүлө да күтө алган жокму. Коколой жалгыз башым менен гана ээн талаада жалгыз жорткон бөрүлөрдөй болуп башым ооган жакта минтип ар кандай окуялардын күбөсү болуп тентип жашап оокатымды өткөрүп жүрөм. Мен да көрүп турам, силер да жападан жалгыз калдыңар. Менин бирден бир суранаарым эгер колуңардан келсе мени өзүңөр менен кошо ала кетип же бир тууган ини, же уул кылып алгыла. Канча калса да кокусунан тиги дүйнөгө өтүп кеткен күндө мына булардай кылып бапестеп көмүп, куран окутуп турганга жок дегенде бир адам керек эмеспи...

            Экөө бир паска бирин-бири тиктешип унчукпай катып туруп калышты. Сыягы мындайды мергенчи да күтпөсө керек. Арадан бир топ убакыт өткөндөн соң экөө кол алыша анан кучакташып калышты.


Сенин журогундун Жарыгы..


#9 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:50

ЖОГОЛГОН КЕНЧТИН ИЗИ

(бүгүнкү заман)

 

 

            Экинчи кабатка көтөрүлүп барып эшикти аяр такылдаткан Кахар коридордо эч ким жок бекен дегендей айланасына сактана бир сыйра көз жүгүртүп койду. Бөлмөнүн ичинен эч дабыш билинбегендиктен экинчи жолу эшикти дагы катуурак такылдатты. Бир маалдан кийин каалганын ары жагынан тааныш үнлү укту.

 

            -Бу ким?

            -Мен!

            Эшик шарт ачылып экөө бири-бирин тиктешип калышты. Кахар Саидди эски таанышын жаздемдебей тааныды. Ал болсо Кахарды тааныбаган түр көрсөттү.

            -Сизге эмне керек?

            -Кандай Саид, эч жериң өзгөрбөптүр го, ошол эле боюнча экенсиң...

            -Мен сизди тааныбайм.

            -Мен Кахармын бир убакта бир айылда тээ бала кезде чогуу жашаган Орус солдаттары менен согушканда да бир командада болгонбуз, эстедиңби эми.

            -САга эмне керек?

            -Кирсе болбу?

            Тиги унчукпай экөө бир топко тиктешип болсогодо турушту. Кахар эмне максат менен келгенин Саид аныа түшүнө алган жок. Бирок жөн келбегенин, болгондо да өтө маанилүү иштер менен келгенин жүрөгү сезип турду. Анан коридорго башын чыгарып эч ким жок бекенби дегендей эки жагына көз жүгүртүп алды да өзү артка боло берип кир дегендей белги берди. Ал кирип кеткенден кийин дагы бир жолу сактана коридорго көз жүгүртүп эшикти ичинен катуу беките бери көздөй басып келди. Кахар бөлмөнүн ичине бир сыйра көз чаптырып өттү.

 

            -Жаман бөлмөдөн албаптырсың, мен дагы бир убакта так эле ушул бөлмөдө жашагам.

            ТИгил анын сөзүн аягына дейре чыгарбай дароо эле чорт сүйлөдү.

            -Эмне айтмакчысың кулак сенде?

            -Болутур сөздүн ток этер жеинен эле баштайлы убакытты созбой. Мен сени бир жылдан бери артыңдан сая түшүп издеп келе жатам. Мына акыры Кудайым буюруп экөөбүз кезигиштик. Сен болгон Кыргызстанда мен да болгом. Сен катышкан Жума Наманганинин алдында мен да кызмат өтөдүм. Мына бул жакка кайтып келдиң эле мен да келдим артыңдан...

 

            -САга эмне керек?

            -Бул эң жакшы суроо болду. Сөздү алыстан баштаганда пайда жок, эми кеген максатымды айтып ток этээр негизге жерге өтөлү катылган казынанын картасы каякта, алтындарды каяк жакка жашырдыңар?

 

            Андан эгерим мындайды күтпөгөн Саид бирөө жонуна ийне сайып алгандай чочуп кетти да дароо койнунан тапанчасын суурап чыкты. Кахар бир нерсе деп сүйлөйүн деп келатты эле Саид аны сүйлөтпөй койду.

 

            -Унчукпа суроону эми сен эмес мен беришим керек.

            Кахар болуптур дегендей түр көрсөтө тигинин айтканынын күтүп калды. Самд аны эки колун желкесине алдыртты дагы ары дубал жакка караттырып туруп чөнтөк-баштарын тинтип, аңтарып чыгып төш чөнтөгүндөгүпистолетин сууруп чыкты. Анан кайра бери караттырып столго отур дегендей белги берди.

 

            -Кана айтчы каяктагы катылган казынаны айтып жатасың?

            Кахар Кыргызстандагы окуяны чыпчырагынан бери коротпой айтып берди.

 

            -Такчто Саид менден аны жашырам деп ойлобой эле гой. Ушунча байлыкты жалгыз эмне кыласың “жалгыз дарак токой болбойт” дегендей аны жалгыз эч жакка ташып кете албайсың. Тиги досуңду болсо алтындарды кызганып өлтүрүп койдуң...

 

            -Мен аны өлтүрбөсөм ал мени өлтүрөөргө көздөнүп калган. Баса, айтмакчы мынча маалыматты кайдан алдың,жашырган казына туралуу кайдан билдиң?

 

            -Эки-үч жылдан бери Кыргызстанда эмне эшек талкалап жүрдү дейсиңби, жалаң ушул жоголгон казынанын артынан издеп жүрүп күн өткөрүп келгем. “Чуркаган албайт, буюрган алат” деген кеп бар эмеспи, Кудайымдын буйругы экен ушунча отур-кыркка жакын адамдын ичинен жалгыз сага буюруптур.

 

            -Жалгыз эле мен кэенимди кайдан билесиң?

            -Жоголгон казынаны тапкандан кийин өзүңөрдө жүргөн топтордун бардыгынын көздөрүн курутуп төрт адам гана калгансыңар туурабы. Бирөөсү башка топко туткун болуп калган, ал эми үчөөңөр болсо эч кимге билгизбей казынаны башка жакка алып барып жашыргансыңар туурабы. Тиги афган жигит ары жердеш, ары айылдык бир досуң экөөңөр өз ара сүйлөшүп алып үчүнчүсүнүн да көзүн курут кылгансыңар туурабы. Кийин экөөңөр Жума Наманганинин кол алдында кызмат өтөп кеткенде бул жөнүндө эч ким билген эмес...

 

            -Токтой турчу, бул маалыматтын бардыгын каяктан уктуңар, тигил башка топко туткунга түшүп кеткен аты ким эле атың өчкүр эстей албай жатпаймынбы...

 

            -Бактияр...

 

            -Ооба дал өзү, ошондон бери жалаң ушунун үчтүндө иштеп келе жатабыз, мындай маалымат буга чейин эле бизде бар болчу, маалыматтарды кантип алып жүргөндөрүбүздү айтууга болбойт. Ал секрет. Акыры казына силер аркылуу башка жакка катылганын билдик. Анан капысынан экөөңөрдү жоготуп жибердик. Сары изиңерге чөп салып артыңардан издеп жүрдүк, эмнегедир айылдаш досуң дайынсыз жок болуп кетти. Көрсө анын көзүн өзүң курутуп койгон турбайсыңбы. “Ким издесе акыры табат” дегендей мына акыры артыңдан сая түшүп, издеп жүрүп акыры таптык.

 

            -Баса бул жөнүндө тиги наркомафиянын жетекчиси “бизче айтканда Босс”, Хамид билеби?

 

            -Азырынча биле элек, бирок жытын алып, бир нерсени сезип жүрөт.

            -Демек алар билбейт дечи, анда эмне мени издеттирдиңер Афгандагы “Саид” аттуу жигиттердин бардыгын бул жакка алып келдиртип?..

            -Ал биздин өтүнүчүбүз болчу, биз ага кызмат кыла баштадык, ал болсо биздин ушул өтүнүчүбүздү аткарып сени таап бермек. Сен жөнүндө ага эч деле маалымат берген эмеспиз “жөн  гана таанышыбыз” деп койгонбуз.

            -Биз дегениңер ким, сенден башка дагы ким бар?

            -Сени издеп келген эки адамбыз, ал кыргыз, аты Абдурасул...

            -Ал кайда азыр?

            -Башка бөлмөдө күтүп отурат. Кыскасы мындай биз экөөбүз сага көмөк бергени келдик. Жашырылган казынаны Кыргыз жергесинен алып кетүүгө биз сага көмөк кылабыз...

            -Муну экөөңөрдөн башка дагы ким билет?

            -Экөөбүз гана...

            -Жок, сен бир нерсе жашырып жатканың билинип турат. Тигилер атайын тапшырма менен атайын экөөңөрдү жиберсе керек...

            -Тигилериң ким?

            -Өзүңөрдүн тобуңардагылар.

            -Биз болгону беш адам болчубуз, үчөөсү түрмөдө экөөбүз болсо ал жактан качып чыктык. Кантип качып чыкканыбыз туралуу кийинчерээк газетага жарык көрүп, атайын издөө да жарыялашкан. Кааласаң ал гезитти сага көрсөтөм...

            Ошо маалда Саид дубалда илинип турган саатты карап аткан болчу. Саат түнкү ондон өтүп он бирге жакындап калыптыр. Күтүлбөгөн жерден ал пистолетин Кахарга суна буйрук бере сүйлөдү.

 

-Колуңду желкеңе ал да ары кара!

Кахар анын айтканын жасады. Саид эч ойлонбостон колундагы пистолети менен желкеге уруп калды. Ал оңкосунан сайыла эси ооп жатып калганда, ары жактан жип алып келип эки колу-бутун байлап, үн чыгара албагандай кылып оозун да таңып кроваттын алдына сойлотуп жиберди. Анан ал көрүнбөгөндөй кылып кроваттын үстүн одеял менен жаап койду. Эч ким жок бекенби дегендей акырын эшикке келип кулагын төшөп коридорду тыңшады. Коридордо эч дабыш билинбейт. Бөлмөнүн эшигин ичинен жакшылап бекитип дароо балконго чыкты. Кошуна бөлмөлөрдүн баары күйүп турган эле. Балкондун жээгин карап асылып төмөн түшүүгө аракет кылды мүмкүнчүлүк ала албай койду. Эптеп тырмалаңдап жатып балконго жакын өсүп турган бактын бутагына асылууга аракет кылды. Ага эптеп жетип алып бактын бутактары аркылуу төмөн карай шыпырылып жөнөдү. Буту жерге жетпей калгандыктан аслып турган бутакты кое берип төмөн карай секирип түштү. Ошо маалда күтүлбөгөн жерден эки-үч караан аны үстүнөн басып калышты да эки колун артына кайрып, желкесине бирөөсүнүн пистолети такалды.

 

Эртеден бериэкөөнүн сүйлөшкөн сөздөрүн угуп отурган Каныбек “колдоруңду желкеңе ал да ары кара” деген Саиддин акыркы сөзүн укту, анан эмнегедир көпкө чейин экөө дымып калышты. Бир аздан соң кимдир бирөөнүн терезениби, балкондубу ачып аткан дабышын уккансыды. Каныбек дароо эле бир нерседен шек санай пистолетин чөндөгүнө салды да коридорго чыгып экинчи кабатка көтөрүлүп жөнөдү. Жүз жыйырма бешинчи бөлмөнүн эшигин такылдатты эле эч кандай дабыш чыккан жок. Дагы катуураак такылдатып көрдү, эч белги билинбеди. Анан болгон күчү менен тарсылдатып эшикти катуу жулкуп көрдү. Бир аз турган соң эки жагына көз жүгүртө артка кетенчиктей күү менен келип буту менен тепти эле кулпусу сынып кетти. Колунда тапанчасы бар бөлмөнү буту менен тээп талкалап талкалап жаткан жигитти көргөн коридордо кетип бараткан аялдын эки көзү алактай өз бөлмөсүнө кире качты. Каныбек дагы артка кетенсиктей экинчи жолу күүлөнүп келип тепкенде каалга сынып кетти. Ошол күүсү менен кирип барып бөлмө ичинен эч кимди таппай калды. Болкондун эшиги ачык экен, төмөн жакка көз жүгүрттү, карангыда кыбырап-сыбырап жүргөн беш­-алты караанды көрдү. Кайра шашыла бөлмөгө кирип келди эле үч-төрт жигит ага пистолеттерин кезеп турушуптур. Бирөөсү Каныбекти ары картып туруп эки колун артына кайрып жип менен байлап жиберди. Көп өтпөй эле мыйыгынан жылмая сырттан Хамид кирип келди. Бери жактагылар бөлмөнүн ичин ары-бери шимшилеше кроваттын алдында эки колу, эки буту байлануу, атүгүл оозу да таңылуу эси ооп жаткан Кахарды сууруп чыгышты. Алар эч нерсе деп сүйлөшкөн жок. Эми кол байлануу Каныбек менен Кахарды алдыга салыша сыртка алып жөнөштү. Хамид артта калып мейманкананын кожоюнуна ыраазычылыгын билдиргендей бир канча доллар акчаны таштап койду.

 

-Мага көмөк бергендигиң үчүн,  калганына болсо тиги сынган эшикти оңдотуп кой.

 

Мейманкананын караңгы бурчунда аларды эки мерседес машинеси күтүп туруптур. Алдыңкы машиненин арткы ордуна кирген Каныбек жанында эки колу артына байлануу отурган караанды көрдү. Бул Саид болчу. Эки мерседес от алыша ордуларынан козголушту да биринин артынан бири ээрчишеп дароо көздөн кайым болуп кетишти.


Сенин журогундун Жарыгы..


#10 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:51

КҮТҮЛБӨГӨН КУУГУНЧУЛАР

(мурунку заман)

 

 

Жоломан карка бекем болуп байланып турган байлыкты жактырбагандай карап турду.

 

-Чынын айтканда бул мен үчүн эң эле жагымсыз нерсе. Алтын дайыма ажалды өзүнө чакырып турат, алтына көп адам дегеле узакка көп жашабайт. Баскан-турганын, ар бир кадамын ажал коштоп жүрөт. Мейли эми суранып калдың булардын бардыгын өзүбүз менен кошо ала кетели, бирок дароо соодалап жиберип көздөрүн куурутуш керек, болбосо...

 

Экөө каптагы алтындарды экиге бөлүп туруп атка арта салышты дагы батыш тарапка көздөй жүнүп кетишти. Аттанардан мурун Жоломан эски күмбөздүн жанына башын ылдый сала тизелеп көпкө чейин каткан казыктай катып турду. Анан атына шап минди да ары жакта атчан турган Улукбекти көздөй бастырды. Экөө жол карата эч үн катышпай бара датышты. Улукбек өзү менен өзү сүйлөшө катуу ойго чөмүлүп кетти. “Чын эле бул мергенчи туура айтат” ушул алтындын азабынан канчалаган адамдар каза табышты. Мени менен дайыма чогу жүргөн  Максүттү эле карабайсыңбы. Эгер ушул алтын каргашадай болбогондо эмдигиче экөөбүз ээрчишип ал али тирүү жүрбөйт беле. Азап жеп тигил Кытайга Үрүмчүгө чейин барып келмек эмесмин. Алтынга азгырлып Хабибулла көпөс эмне болду башы бир жерде, денеси бир жерде калды. Эмдигиче соодасын кылып жүрө бербейт беле. Алтынга азгырылып Хайрулла эмне болду. Өлүгү көмүлбөй ит-кушка жем болуп талаада калды. Андан тышкары ортодо канчалаган адамдар өлүп кетти. Алтындын башталышы эле жаман болчу. Казынанын Кызыл-Үңкүрдөн жашырууна алып чыгышкан он бештей кыргыз эле эмне болду, дароо Кокон хандыгын жазалоочу отрядынын курчоосунда калышып бир да калбай тиги дүйнөгө сапар тартышты. Кокусунан күмбөздүн үстүнөн мүрзөгө жашырылып жаткан алтындарды көрүп калбаганда анын каякка катылганын эч ким билбей калмак. Же Кудай Таалам ушул алтындарды мага пешенеме жазганбы. Чын эле канчалаган гана өлүмдөрдөн калдым. Хайрулла жардын боорунан мени учура атканда эле Максүт менен кошо тиги дүйнөгө кете бербейт белем...

 

-Орустун солдаттары - анын оюн Жоломандын үнү чорт эткендей үзүп кетти, - шайтан алгырдыкы десе алар мэи бул жакка сөзсүз келбей койбойт, атүгүл каптардын ичин да текшерип жибериши мүмкүн. Эч жакка көңүл бурба тынч эле бастыра бер.

 

Улукбек башын көтөрө анча бийик эмес дөбөчөдөн чыга калышкан бардыгы окшош кийинишкен атчан солдаттарды көрүштү. Алдыңкысы дүрбүсү менен экөөнү карап турду да барып билип келчи булар кимдер экен дегендей экөөнү жиберди. Улукбек мергенчи экөө аттарынын басыгын ылдымдаттышты. Арт дактарында кыйкырып ат чаап келаткандаргы көңүл да бөлүшкөн жок. Алар жакындап келатканда экөө тең аттарынын ооздорун коё беришти. Арттагы орустун солдаттары өз тилдеринде кыйкырышып качкындарды кууп жөнөштү. Качкындар аттарын катуу чаап отуруп дөбөнүн ары жагына ашып кетишти. Бир кезде “тарс-тарс” эткен мылтыктын эки жолу атылган үнү угулуп, дөбөнүн башына чыга беришкен эки солдат дароо аттарынан кулап түшүштү. Бир азга ордунда имериле калган Жоломан кергенчи кайра атынын башын буруп оозун коё берди.

 

“Мына алтындын каргашы башталды. Бул алтындар болбогондо орустун солдаттары келишмек да кайра кетип калышмак. Бөөдөдөн бөөдө бейтааныш эки адам курман болушту” атын катуу чаап баратып мергенчи ушуларды ойлоп баратты. Көп өтпөй эле алиги эки орус солдаттары өлгөн дөбөнүн башына он чактыдай солдат чыга келишти. Булар тигилердин жетекчиси жиберген куугунчулар болчу. Өлүп жаткан өздөрүнүн кишилерин көрө дароо буйдалбастан тээ алыс жакта аттарын катуу чаап, уруп-согуп баратышкан экөөнүн соңунан түшүштү. Алдыңкылар да артта кууп келаткандар да аттарын чаап катуу ылдамдыкта кетип баратышты. Уламдан-улам акырындап эки тараптын аралыктар жакныдап келатты. Бир кезде арт жактагы орус солдаттары алдыңкыларды аткылай башташты. Жоломан атын катуу чаап баратып мылтыгын октоп кирди.Бир колу менен тизгинди кармай экинчи кол менен мылтыкгын артка суна машаны басты эле “тарс” эткен үн чыга алдыда келаткан солдаттарынын бирөө атынан учуп кетти. Экинчи жолу атылган ок катуу чаап келаткан солдаттын атына тийип ал катуу күүсү ат-паты менен оңкосунан сайылды. Улукбек Жоломандын таамай аткычтыгына өзүнчө баа берип келатты.

 

Канчалык аттарын катуу чабышканы менен каптагы алтындардын салмагы экөөнө тоскоол болуп жатты. Арттагы куугунчулар улам жакныдагандан жакындай беришти. Булардын ой максаты тээ бет маңдайындагы тоолорго жетип, эптеп коктуларды аралап кетүү болчу. Ал жерди Жоломан коён жатагына чейин жакшы билгендиктен орус солдаттарын адаштырып кетмек. Бирок бул ылдамдыктары менен экөө тең тоого үлгүрө алышчудай эмес Арттагы куугунчулар катуу ылдамдыктары менен дээрлик элүү кадамдай жакындап келишти. Баары бир булардан оңою менен кутула алчудай эмес. Күтүлбөгөн жерден Жоломан башына бир ой келди. Атын чаап бараткан боюнча каптын оозун ачып алтын теңге, тыйындарды артка чачып, ыргытып кирди. Куугунчулар дээлик чукул келип калышкан эле. Алар ыргытылып жаткан алтындарга адегенде анча маани беришкен эмес. Мергенчи каптан алтын чөйчөктү алып чыгып ыргытканда гана алдыда өтө чукул келип калган орус солдаттын бирөөсү атынын тизгинин дароо тартты. Анан атынан дароо секирип түшүп чөйчөктү баса калды. Жоломан колуна эмне тийсе ошону ыргытып жүрүп отурду. Куугунчулар улам бирден арта калып отурушуп эч кимиси калбай калышты.

 

Катуу ылдамдыкта бара жаткан эки качкын ошол ылдамдыктарынан жазбай чаап жүрүп отурушуп эртеден бери көздөп келатшыкан тоолорго жетишип, коктуларды аралап кирип кетишти.


Сенин журогундун Жарыгы..


#11 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:51

КАПЧЫГАЙДАГЫ АТЫШУУ

(мурунку заман)

 

 

-Оо Кудай бу не кылганың, кайран гана алтындарым, кайран гана байлыктарым. Карачы канчалаган гана байлыктарым жөндөн-жөн эле талаага чачылып кала берди, -Улукбек өзү менен өзү сүйлөшө өзүнчө күйүп бышып наалып жатты, -талаага чачылган бул алтындар менен бир адам өмүр бою кенен кесир жашап өткөнгө жетмек. Кайран гана менин алтындарым...

 

-Сага алтын керекби же алтындан да кынбат жан керекби?! – акыры чыдай албай кетип Жоломан мергенчи да анын сөзүн бөлүп жиберди, 0 эгер алтындарды бирден чачпаганда алар бизди кууп жетип кармап алышып, дароо ошол жерден эле атып салышмак. Биз алардын бейкүнөө эки адамын өлтүрүп салбадыкбы. Анда бир кап эмес, экөөнөн тең айрылмакбыз, өзүбүз эбакта тигил дүйнөдө жүрмөкбүз. Ушуга да Кудага тобо деш керек...
Үңкүрдүн оозуна келген мергенчи атынан жеңил гана секирип түшүп куржундагы карган алтындарды жерге көтөрүп түшүрдү.  Анан аны ары жакка көтөрүп барып жерге жая төгүп таштады.

 

-Ушул эмне байлыкбы, байлык деген адамдын, өзүңдүн ден соолугуң, үй бүлөң, бала бакыраң. Мына чыныгы байлыктан ажырады деп мени айтса болот. Сүйгөн жарымдан, кызымдан ажырадым. Бул деген жансыз дүйнө. Жандуу болуп туруп жансыз нерсени эч убакта өзүңдөн жогору койбошуң керек. Тээ тоонун башына чыгарып кой, же суунун түшбүнө алып барып ташта бир ордунда былк этпей жата берет. Керек болсо колдон-колго өтүп кете берет. ОШондуктан муну байлык деп эсептебеш керек, алтын башың аман болсо мындайдын далайын табасың. Андан көрө өзүңдүн аманчылыгыңды тиле, аман калганыңа сүйүн.

 

Жерде чачылып жаткан ар түрдүү алтын буюмдарды, тыйын-теңгелер көздүн жоосун алып күнгө чагылыша жалт-жулт этипжатты. Жоломан анын жанына басып келип бир аз тиктеп турду.

 

-Биз жыландын куйругун басып ажыдаарга жем чачып алгандай болдук. ТИги орус солдаттары жерге чачылган алтындарды терип алышкандан кийин жөндөн-жөн кетип калышпайт. Алар да бул жоголгон казына туралуу угуп калышып, издеп жүрүшөт болуш керек.Демек алар бизди издеп соңубуздан келишет. Ошондуктан издерибизжи жашырышыбыз абзел, же аларды адаштырып башка жакка алып кетишибиз керек. Көрөсүң жарым чай кайнамга жетпей алар бул жерде болушат. Ме мобул мылтыкты, тиги кылычты ал. Алдагы колтугундагы кош миздүү шамшарыңдын эч пайдасы деле жок. Баса, мылтык атканды билесиңби?

-Кудая шүгүр, убагында Хамзанын алдында иштегем.

-эң жакшы демек Хамзанын үңкүрүн жакшы билет экенсиң да.

-ооба.

-Андай кандай кылабыз... тигилер бул аттардын изи боюнча артыбыздан келе жатышат. Ме бул баштыктагы окторду ал. Ал эми тигил алтындарды болсо жашыра турган жер табам. Ал үңкүрдөн он кадамдай алыс жерде жаткан бир кулачтай чоң таштын жанына келди да мага жардам бер дегендей Улукбекти өзүнө чакырды. Экөөлөп ал ташты ары карай жылдырып жиберишти. Ары жакта терең оюк бар экен. Мергенчи эч ойлонбостон алтындардын баарын чүпүрөккө ороп ошол ары жагы көрүнбөгөн караңгы оюкка таштап жиберди.

 

-бул жөнүндө эч кам санаба, баары жайында болот, андан көрө мага жардамдаш ташты ордуна жылдырып коёлу.

 

Экөөлөп ташты ордуна жылдырып мурунку калыбына келтирип коюшту. Таштын алдында оюк бар экенин эч ким ойлочудай эмес экен.

 

Мергенчи жаңылбаптыр бир нерсени сезгендей ордунан тура калып оң кулагын жерге такап тыңшап калды.

 

-Алар толук келатышат. Көп өтпөй мына-ана бул жерде болушат. Сен тезинен тээтиги жар башына чык, мылтык менен аткылап алаксытып тур, калганын мен тейлейм. Эгерде алар көп болушса тээтигил тоонун кыры менен жүрүп отуруп экинчи колотко өтүп кетесиң, ошол жерде тике жарга бар, ошонун башына чыгып мени күтүп тур. Буларды алаксытып жүрүп отуруп акыры адаштырып анан мен да ошол жерге барам. Эгер булар аз болсо анда ушул жерден эле баштарын тегеретебтз. Мен белги бермейинче от чыгарба. Колум менен жаңсап белги берем ошондо ата башта. Экөө эки жакка бөлүнүп кетишти. Мергенчинин так текедей түйүлүп, жеп-жеңил таштан-ташка секирип чуркап баратканын көргөн Улукбек башын чайкап койду. “Өмүр бою ушул тоо-таштын арасында кийик, арка-кулжалар менен куушуп чоңойгон неме, карачы, жаш курагы өтүп кетсе дагы кандай өзүн жеңил алып жүрөт. Бул жактын коён жатагына чейин билет болуш керек, ошол себептен булардын баштарын тегеретебиз деп өзүнө ишенимдүү айтып жатпайбы” ал улам-улам артын кылчак-кылчак карап коюп, шагыл таштуу тике тоо менен жардын башына чгып баратты. Бышылдай-күшүлдөй эптеп жатып Жоломан айткан жерге жетип тоо бетинен аркы өйүхүн карады. Мергенчи эбакта эле жетип өзүн карап туруптур. Жерге көчүгү тие электе эле Улукбек бир нерсени ойлоп кетти. “Тигил таш алдында жашырылган алтындарын алып мени өлтүрүп таштабайбы. Балким арамзаланып атайылап алып келгендир мени бул жакка. Эгер өлтүрө турганга көздөнө турган болсо дагы мындан да көп алтындар бар экенин айтыш керек, ошондо өлбөй калышым мүмкүн”. Мергенчи акырын ордунан козгооло Улукбекке белг бере баштады. Мунусу тигилер келатат даяр болуп тур дегендин белигиси эле. Улукбек аны түшүндүм дегендей колун көтөрүп жооп берди да төмөн жагына көз жүгүрттү. Көп өтпөй эле барыдыгы окшош кийинишкен топураган атчандар тобу арттарнына чаң ызгытыша үңкүргө жакындап келе жатышты.

 

-Бир, эки, үч.., Улукбек биринин соңунан бири ээрчишип келаткан атчандарды санап кирди. Алдыңкы жол башчысын кошкондо болгон он эки адам экен. Үңкүрдүн оозун жеткенде алдыңкы жол баштап келатканы токтогула дегендей белги берди. Бирөөсү түшө калып аттардын изин карап кирди. Экөө аттары үңкүрдүн ичине алып кирип жашырып коюшкан эле. Мергенчинин берген белгиси боюнча Улукбек атчан тургундардын бирөөсүн далдап мээлеп кирди. “Ат” деген белгини көргөн соң мылтыгынын машасын басып калды. “Тарс!” деген үн зооканы жаңырта атчандардын бирөөсү атынан кыйшайып барып жерге шыпырылып түштү. Солдаттардын баары аттарынан жерге секирп түшүшүп өз аттарынан далдаланыша Улукбек жакты карай мылтыктарын сунуп калышты. Көп өтпөй эле алар да өйдө карай аткылай башташты. Улукбек бир топ өйдө жакта болчу, ошентсе да октор ага жете барып таштарга тийип “чю” деген үн чыгарып атты. Аркы беттен Жоломан ок чыгарып алаксытып тур деген белги берди. Улукбек тийгие атпаса да мылтыгын төмөн карай багыттап машаны басып калып атты. Тарсылдаган мылтыктын үндөрүнө зоо жаңыра тоодогу жапайы үн куштардын баарын үркүттү. Жетекчисинин буйругу менен бардыгы жабылыша өйдө карап жөнөштү эле ошондо гана Жоломан ок чыгар баштады. Ал адегенде төмөндөгү буйрук берип аткан жетекчисин томолото атты. Анын артынан удаа-удаа эки-үчөөсүн кошо сулатты. Солдаттар кайра төмөн түшүп ар кайсы аттарга далдаланыша шаштылары кетип калышты. Анын үстүнө жетекчисинин окко учканын көрүшүп кичине сестене түшүштү. Дүрбөлөң түшө өз тилдеринде бир нерселерди сүйлөп кыйкырышып, туш келди эле айкыра аткылап жатышты.

 

Көп өтпөй эле Жоломандын бир колу менен мылтыгын кармап алып таштан-ташка так текедей секирип башка жакка чургап баратканын көрдү. Таш башынан сорок этип башы чыга калып кайра жок болуп кетти. Көп өтпөй эле экинчи жардын башына чыгып барганын көрдү. Анан ал аткылап алаксытып тур деп колу мененжаңсап белги берди. Улукбек түшүндүм дегендей кайрадан мылтыгын октоп алып аткылап кирди. Төмөн жактагылар да үстөкө-босток аткылап жатышты. Алардын топуракка тийгенде “бурк” этип ташка тийгенде “чың” эте бир пазга жаңыра түшүп Улукбекти баш көтөргөнгө мүмкүнчүлүк берген жок. Жоломан дагы экөөсүн сулатты. Бир кезде жаңыдан мылтыгын октоп аткан Улукбектин  сол жак ийни “тыс-с” эте ысый түштү. Көп өтпөй эле ич кийиминен ысык кан жая берди. Сол жак ийни ооруганына чыдабай мылтыгын таштап жибрип бөк түшө отуруп калды. Анан башын көтөрө Жоломан жакты каралы. Ал таштан-ташка секире башка жакка орун которгону чуркап баратыптыр. Кайра солдаттарды алаксытыш үчүн ордунан туруп мылтыгын алды да бир колу менен октоп кайрадан аткылап кирди. Жоломан төмөн карай чуркап барып ар кайсы жерде ташта жашынып калгансолдаттарды карады. “Казанчынын өз эрки кандан кулак чыгарса” дегендей бул жердеги жер шартын эң жакшы билгендиктен каалаган жеринен чыга калып солдаттарды бирден терип томолото атып жатты. Канча калганы белгисиз бир кезде эки-үчөөсү аттарына чуркап барып секирип синишти да качууга кам урушту. Дагы бирөөсү атына мингени баратып кайра чалкасынан түштү. Аны Улукбек томолото аткан болчу. Менин да колумдан бир нерсе келет экен дегендец ал өзүнө өзү ыраазы болуп жылмайып койду.

 

Үчөөсү биринин артынан бири ээрчише аттарын камчылаша кайра төмөн карай чаап жөнөштү. Ошол маалда “тарс” эткен үн чыгып алдыда бараткан оңкосунан кулады. Чоң таштын үстүнөн ары жакта турган аттардын бирөөнө мышыктай секирип минген Жоломанды мээлеп атмакчы болду эле ага үлүгтпөй Улукбек  аны артынан далыга атты. Анын колунан чылтыгы ыргып кетип жерге кылап түштү да жаны чыкпай майда таштардын үстүндө тыбырчылап жатты.

 

Куушуп кеткен үч караандын соңунан эле айлана эч нерсе болбогондой тымтырс боло түштү. Тирүү калгандар барбы дегендей жакты сактана карады. Дегеле кыймыл эткен жан жок. Бир топко турган соң акырын сактана төмөн карай жылып жөнөдү. Бир маалда тээ төмөн жактагы коктудан “тарс” этип удаа атылган мылтыктын үнү угулду.

 

Улукбек мылтыгын алдына суна шашпай төмөн карай түшүп келип, ар кайсы жерде сулап жатышкан орус солдаттарына көз чаптырды. Бирөөсү араң жан кыймылдай же өлалбай же бери келе албай эки дүйнөнүн ортосунда кыйналып жаткан экен. Анын жанына басып кели да чекесне мылтыкгын такап туруп машаны басып койду. “Тарс” эткен үнгө удаалаш тиги дароо эле оңкосунан сайла кыймылсыз жатып калды. Көп өтпөй эки атты жетелеген Жоломан мергенчи келди. Аттарга солдаттардын өлүгүн арта салып коюптур.

 

-Булардын бирин да соо кетирбеш керек. Анткени үңкүрдү көрүп калышты, кайра келишмек. Экөөлөп өлөгөн солдаттарды санап көрүштү эле туптуура он эки адам болуп чыкты. Демек бири да аман калбаптыр. Көп өтпөй эле экөөлөп өлгөндөрдүн камын көрө башташты.


Сенин журогундун Жарыгы..


#12 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:51

КЕЧ ОЙЛОНУЛГАН ИШТЕР

(бүгүнкү заман)

 

-Демек баары түшүнүктүү, - Хамид жылмая колдору байланып турган үчөөнө карап койду, - экөөңөрдүн бул жакка жөндөн-жөн эле келбегениңерди билгем. Ошол себептен өзүмө иштеткени алгам. Саидди да бекерден бекер издеп жүрбөгөнүңөрдү түшүнгөм. Бул жерде жашыруун бир нерсе бар экенин алдын-ала сезгем.

 

Хамид пистолет кармап турган желдеттеринин баарын сыртка чыгып тургула деп белги берип, өзүнүн ишенимдүү кишилеринин экөөсүн алып калды.

 

Буга Саид да Кахар да Каныбек да эч нерсе түшүнбөй трушту.

 

-Таңгалбай эле койгула, силердин бул жакта эмне максат менен жүргөнүңөрдү мен эң жакшы билем. Ишенбей турсаңар азыр далил таап берем, - Хамид бармагы менен сөөмөйүн тарс эткизе белги берип койду эле, бери жакта тургандарын бирөөсү чыгып кетип кичинекей кутучаны көтөрүп келди. Сыягы ал диктофон же магнитофон окшойт. Хамид анын точкасын акырын басып койду. Эки адамдын сүйлөшкөн сөздөрү угула баштады. Саид менен Кахардын мейманканадагы сүйлөшкөн сөздөрү бүт жазылыптыр. Ал аз келгенсип Кахар менен Каныбектин өз бөлмөсүндө сүйлөшкөн сөздөрү бүт жазылыптыр. Бардыгы унчугушпай жарым сааттай алардын сүйлөшкөн сөздөрүн угуп турушту. Анан калганын аягына чейин укпай Хамид магнитофонду өчүрүп койду. Бир аздан кийин Саиж менен Кахардын мейманканадагы сүйлөшкөн сөздөрүн кайрадан угузду. Магнитофонду өчүргөн соң үчөөнө кайрылды.

 

-Кана менин бүркүттөрүм буга эмне жооп бере аласыңар?

Демек Кыргызстандын бир жеринде катылган эбегейсиз зор байылк жаткан экен да. Анын кайсыл жерде катылганын менимче жалгыз гана Саид билет. Ошондуктан бул оюнга экөөңөр артыкбаштык кыласыңар. Экөөңөрдүн көздөрүңөрдү курутам дагы Саиддин өзүн колго алам. Анткени казынанын, эбегейсиз зор байлыктын картасы Саидде, туурабы? – ал Саидге карады, - же мен жалга айтып жатамбы?

 

Саид унчуккан жок, башын төмөн сала бир жердин теше тиктеп унчукпастан отура берди. Бир аздан кийин ал ооз учунан “күңк” этти.

 

-Менде эч кандай казына жок, болгон да эмес...

-Анда бул магнитофондогу сүйлөшкөн сөздөрүң эмне жалган айтып жатабы?

-Бул экөө мени кимдир-бирөөлөр менен чаташтырып алышса керек. Мен казына тууралуу силерден биринчи угуп жатам.

Баары саамга тымтырс болуша айлана туржурай түшүштү.

-Анда мейманканадагы казына туралуу сүйлөшкөн сөзүңөргө эмне деп жооп бере аласыңар?

Кайрадан айлананы жымжырттык кучагына алды. Бир аздан кийин бул жымжырттыкты Хамид бузду.

 

-Болуптур, баары бир силердин тагдырыңар, келечегиңер менин колумда. Мындан ары жакшы жашагыңар келсе өз кабыргаңар менен кеңешип көргүлө “Жалгыз дарак токой болбойт” деп өзүңөр айткандай кыргыз жергесинен баары бир анча байлыкты сыртка алып чыгып кете албайсыңар. Буга биздин жардамыбыз керек. Биздин бул боюнча дасыккан чеббер адамдарыбыз бар. Ал эми силер экөөңөр болсо, ал Каныбек менен Кахарга кайрылды, -канча калса эмгегиңер бар силердин. Эгер силер болбосоңор бул казына туралуу мен эч нерсе билген эмесмин. Ошондуктан силердин көп нерсеңерди кечирем. Тескеринче чогу иштешебиз. Жакшылап ойлонгула, менден деги качып эч жакка кете албайсыңар. Ойлонгула жакшылап. Баргыла бошсуңар. Бирок качып кетебиз деп ойлобогула, силер катуу кайтыруудасыңар, өзүңөргө эле жаман болот. Анда түрмөгө камагандай колуңарга кишен салып сыртыңардан каматтырып таштайм.

 

Саидди өзүнчө бөлмөгө алып кетишти. Кахар менен Каныбек болсо өз бөлмөлөрүнө кетишти. Экөө эки кроватка жата шыпканы тиктеп турушту.

 

-Даа, экөөбүз бир топ нерседен катачылык, жаңылыштык кетирдик. Бөлмө ичинде биздин сүйлөшкөн сөздөрүбүздү жазып алуучу аппараттар бар экени кантип оюбузга келбеди экен. Балким азыр да с.йлөшкөн сөздөрүбүз жаздырып алып атышкандыр, бөлмө ичин кылдат текшерип көрбөйлүбү?

 

-Уже поздно, мурун убагында ушинтсек болмок, атүгүл ал аппараттарды өзүбүз менен кошо ала да жүрөбүз. Кайсыл жерибизде болду экен ручка, саат топчу, көз айнек, кур дагы эмнелерибиз бар?

 

Алар кийимдерин кылдат текшеришип отушуп, топчунун, сааттын ичинен кичинекей аппараттарды таап чыгышты.

 

-Вот, в чем дела дагы жакшылап текшер бир жерибизде дагы асылып жүргөндүр?

 

Экөө бөлмө ичин кылдат текшерип отурушуп өздөрү отурган столдун алдынан, кроваттын жанындагы тумбочкадан, түндөгү жарык берүүчү “светильниктин” алдынан бир нече кичинекей аппараттарды таап чыгышты. Бардыгын стол үстүнө коюшту да эки жерде ойлоно туруп калышты.

 

-Баары бир өтө кеч болуп калды. Муну күн мурунтан ойлонуштуруш керек болчу...


Сенин журогундун Жарыгы..


#13 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:52

ҮҢКҮРДӨ

(мурунку заман)

Жетекчиси баш болгон он эки орус солдаттарын өз жайларына жайгаштырып, жерге жашыргандан кийин Жоломан алардын эң жакшы деген төрт мылтыгын, төрт кылычын эки шамшар, окторун болсо дээрлик эч нерсесин калтырбай чогултуп алды.

 

-Калагндарын болсо тээтигил жердеги жар боорундагы тешикчени көрдүңбү, ошол жакка сойлотуп ташта. Керек болуп калса ошол жерден пайдаланабыз, кереги тийбесе тим коёбуз, кимдир бирөөлөрдүн, тирүү жандыктардын өмүрүнө кедерги болгуча ошол жерде чирип жоголсун. Бул мылтык эмне үчүн жаралган, жер жүзүндө жашап жаткан тирүү жандыктардын өмүрүн алуу үчүн. Мунун аркасынан бирөө жашайт, экинчиси өмүрүн кыят, бирок мунсуз жашоо да болбойт. Мына мен өмүрүм өтөкнчө эле ушул мылтыктардын аркасынан күн өткөрүп келем. Бул болбосо билбейм менде кандай жашоо болот.

 

Экөө орустардын олжого түшкөн кылыч, мылтыктардын бардыгын терең чуңкурчанын ичине сойлотуп жиберишти.

 

-Булардын аттарын эмне кылабыз, ээр-токумдары менен базарга алып барып сатып жиберелиби? –Улукбек ары жакта юир жерде үймөлөктөшүп бири-бирине байланып турган аттар тарапты колу менен жаңсап көрсөттү.

 

-Булрдын зыянынан башка пайдасы жок. Бардыгынын ээр-токумдарын сыйрып, өздөрүн туш-тарапка бирден экиден кылып чачыратып туруп айдап жиберигһш керек. Кыскасы даректери менен билинбей жоголушсун, орус солдаттары шек алып калышса бул жакка сөзсүз келишпей койбойт.

 

Экөөлөп бүт аттардын ээрлерин сыйрып алып ары жактагы чуңкурдун ичине ташташты да үстүнө топурак, чырпык таш менен билгизбей корумдап салышты. Аттарды болсо ар кайсы жерге чачырата алыска алып барып ташташты.

 

Кайра кайрылып келишкенде айланага күүгүм кирип калган болчу. Жоломан жолдо келатып эки коён атып алган. Ошону арыдан-бери союп, терисин сыйрып жиберди да үңкүрдүн ичине от жагып экөөнү тең узун жыгачка сайып туруп куйкалай баштады. Мурун бул үңкүргө кишилер жашаганбы же атайын табигаттын өзүнөн эле ушундайбы кире бериш жери бир киши ат менен өтчүдөй кууш келип ичи кенен болуп кетет экен. Жерде аюу талпактан эки-үчөө жабылып турат. Ортодо очок анын арыраак жагында анча чоң эмес казан, ар кандай идиш-аяктар таш дубалда эки мылтык берирээк жакта эки жолборстун, бир канча түлкүлөрдүн, карышкырдын терилери илинип турат. Бурчта болсо эки-үч мылтык. Мергенчинин болгон көр байлыгы ушуо экен.

 

-Бизден анча алыс эмес жерде Мазар-Булак деген кокту бар, сууну ошол жерден алып турабыз “анын өзгөчөлүгү жайы-кышы дебей тоңбойт”, -мергенчи идишке суу алып келди. Экөө куйкаланган коёндун этин жеп, кайнак суудан ичип сүйлзшүп отурушту.

 

-Чай, нан керек болсо тоо аныбарларынын майына, этине, терисине алмаштырып келем калаадагы базарга барып.

 

Мергенчи бир нерсени эстегендей ордунан туруп кетти да көп өтпөй эле алтын чөйчөктү көтөрүп келди.

 

-Тиги алтындарды терең чуңкурга төгүп жиберип, үстүн таш менен менен бастырып койсоң ошол боюнча эч ким ала албайт деп ойлоп жатасыңбы. Мунун өзүнчө жашыруун сыры бар. Сырттан таш капкакты жаап койгонуң менен ал алтындарыңды азыр үңкүрдүн ичинде. Ташты ордунан козголтуп отурбай эле бул жактан тешиктен сойлоп барып алып алсаң болот. Баса, айтмакчы, бул алтындарды эмне кылайын деген оюң бар?

 

-Кандай десем..., Улукбек күтүлбөгөн суроого мукактанып жооп бере албай бир топко туруп калды, - буларды ар нерсеге айырбаштайм да. Мисалы үй-жай, мал-сал, катын алып дегендей...

 

Анын сөзүнө мергенчи каткырып күлүп жиберди.

 

-Өзүң муну кантип иштете алат элең. Ким болсо да сени жөн эле өлтүрүп коюшмак же алтындарыңды тартып алышмак. Алтын бар жерде ажал бар дегеним чын бекенби. Мына күтүлбөгөн эле жерден бейкүнөө он эки адам өлүп кетти. Бул башталышы гана. Эгер бул алтындар ордунан улам-улам башка жакка которула берсе “курмандыктар” да ошончо көбөйө берет, -ал алтын чөйчөккө суу куюп ууштай кармай аны теше тиктеп өзүнчө сүйлөнө берди.

 

-Менимче бул алтындар Кокон хандыгынын казынасына тиешелүү болуш керек. Бул алтын чөйчөк менен алар шарап, вино гана ичишчү. Мунун калган алтындары каякта?

 

Улукбек айтсамбы айтпасамбы деп мергенчиге көп анча ишене бербей турду. Жоломан муну айттырбай эле көз-карашынан, кыймыл-аракетинен сезди.

 

-Чочулабай эле айта бер, мен көр оокатка, байлыкка кызыккан адам эмесмин. Анын үстүнө мына мындан ары бир тууганбыз. Жакшылыкты да жамандыкты да бирдей көрүшүбүз керек. Мен сенин коргоочуң, калканычың гана болуп бере алам.

 

Улукбек бир аз ойлоно унчукпай турган соң ооз учунан болор-болбос үн чыгара араңдан зорго “күңк” этти.

 

-Алар көрүстөндөрдүн арасында көмүлүү... Калмактарды, алиги зайыбың менен кызың жаткан көрүстөндөрдүн арасында... Экөө ортодогу очокту тиктеше унчукпай калышты.

 

-Бул алтындар үңкүрдө жата берсин, алар канчалык соодага түшүп, кыймылдай баштаган сайын ошончолук азап-тозогу көбөйө берет. Артыңдан аңдыгандар көп болот. Карактагысы, тоногучу келгендер пайда боло баштайт, андан көрөкчө бул алтын буюмдарды үңкүр ичине же өзүбүзгө пайдаланалы.

 

Анын үстүнө Улукбек тикеден тике эле каршы болуп чыкты.

 

-Жок андай болбойт. Ушунча жылдан бери жер кезип тентип, көрбөгөн кордуктарды көрүп эми гана мунун убайын көрөрдө бул тоо арасында үңкүрдө өмүр бою жашап жүрө албайм. Ушунча байлыкты алдыбызга басып коюп тоо-таштын арасында жүргөнүбүз бизди Кудайым өзү дагы кечирбеши мүмкүн. Мына ушунча байлыкты Кудайым өзү мага буюруп атат, анан жөндөн жөн эле талаага таштап салыш бул өзү кечиримсиз иш. Муну ОРто Азия боюнча канчалаган гана адамдар издеп дайындарын таппай жүрүшөт. Аны, мына жападан жалгыз мен же экөөбүз гана билебиз. Жок болуп кете электе же башкаларга тарттырып жибере электе муну тез арада соодалаш керек. Тез арада байып адамча жашаш керек. Көрөсүң эми экөөбүзгө кандай гана жашоо болот. Ош, Алай өрөөндөрүнө атагы чыккан бай адам болуп чыга келебиз. Мен деген ушул үңкүрдө жашаш үчүн өмүр бою азаптанган эмесмин. Жарым өмүрүм ушул алтындардын азабынан кор болуп жүрүп өттү. Андан көрө экөөлөп бул алтындарды эч кимге билгизбей саталы дагы мындан ары эң жакшы жашоону баштайлы. Мага макул бол, керек болсо убакытты чойбой эртеңден эле баштайбыз. Биз деген Орто Азияга белгилүү байлардын бири болбуз...

 

-Аны мезгил өзү көрсөтөт, -мергенчи кош көңүл анын сөзүн бөлүп кетти. –Албетте кыялданган да жакшы нерсе, бирок буга аябай ишенип, берилип кеткен да болбойт. Алдыда дагы кандай тоскоолдуктар, кырсыктар болорун кайдан билесиң. Болуптур, алтындарга аябай азгырылып алыпсың, бул жактан бир канча ал да базарга сатасыңбы же бай көпөстөргө сатасыңбы канчага сатасың ал өзүңдүн ишиң. Барып кел.

 

-А сенчи?

-Мен бул жактан экөөбүзгө бир аптага жеткидей күлазык камдайын. Азыр кийиктердин өөрчүп турган маалы, жок дегенде бир-экөөсүн атып калайын.

 

Улукбек дароо эле мергенчи көргөзгөн жакка барып сатууга ылайыктуу алтын буюмдарды өзүнчө иргеп бөлүп койду.


Сенин журогундун Жарыгы..


#14 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:52

АЛГАЧКЫ СЫНООЛОР

(бүгүнкү заман)

Арадан бир күн өткөндөн кийин Хамид үчөөнү өз-өзүнчө чакырып келип жекеме-жеке маек курушту. Адегенде Саидди чакырып алды.

 

-Кана Саид мырза жакшылап ойлондуңбу, биз менен чогуу иштешкенге даярсыңбы? Акча Кудая шүгүр жетиштүү, бул операцияга кааласаң атайын тандалма эң кыйын деген он чактыдай жигиттерди топтом коём. Кааласаң өзүбүздүн ишенимдүү деген гана жигиттерибизди алабыз.

 

Саид көпкө унчукпай мелтиреп тура берди, анан Хамидке тике карады.

 

-Чынымды айтсам менде эч кандай катылган казына да алтындар да жок. Тигил экөө каяктагы нерсени ойлоп таба коюшканын билбейм. Өзүңөр деле ойлоп көргүлөчү эгер чын эле кыргыз жергесинде жашырылган казына болсо бул жакта ошончо байлыкты таштап коюп чыдап жүрмөк белем. Анда бул жакка келбейт да болчумун. Балким чын эле бардыр жашырылган казына, тигилер мени ошолор менен чаташтырып атышты окшойт.

 

-Ошолоруң ким?

-ОШол алтын оюнуна катышкан топторду айтып жатам. Балким ошолоржун араларында да Саил деген адам бардыр... Хамид чыдай албай кетти.

 

-Болду жетишет!-анан ары жактан кассетаны алып келип кайра башынан койду.

 

-Буга эмне деп жооп бермекчисиң же сүйлөшкөндөрүңдүн баары жалганбы? Досуң экөөң Бактиярдан качып кеттиңер анан сен досуңду өлтүрүп койгонуң чынбы?

 

-Мен эч кимди өлтүргөн эмесмин, тигилер мени кимдир бирөөлөр менен чаташтырып жатышат...

 

-Болуптур чачаштырып жатышсын дейли,анан эмне үчүн досуңду өлтүргөнүңдү мойнуңа алдың?

 

-Мен эч кандай мойнума алган эмесмин.

-АНда угуп тур..., Хамид магнитофонду кайра башынан иштетти. Кахар экөөнүн сүйлөшкөн сөздөрүн угузуп келип так эле Саиддин “Мен аны өлтүрбөсөм ал мени өлтүргөнгө көздөнүп калган” деген сөзүнө келгенде магнитофонду токтотту.

 

-Эми буга эмне дейсиң?

-Мен аны алтын үчүн өлтүргөн эмесмин, өзүбүздүн өзүбүзчө эсебибиз бар болчу ошо себептен бири-бирибизге кол көтөрүүгө туура келди.

 

-Болуптур дейин, анда Кахардан “баса, бул жөнүндө тиги наркомафиянын жетекчиси, бизче “Босс”, Хамид билеби?” деп эмнени сурадың эле?

-Ошол киши өлтүргөнүм туралуу сурагам.

-Бул сөзүң окшошпой калды “Муну экөөңөрдөн башка дагы ким билет?” деп чочуп сураганың эсиңдеби? Болуптуп булардын бардыгына ишенейин дейин, анда эмне себептен Кахарды пистолет менен желкеге чаап эсин оодарып, колу-бутун байлап кроваттын алтына сүйрөп салып, балкон аркылуу качып чыктың?

 

-Киши өлтүргөнүмдү эч кимге айтпасын деп...

-Чынын айтканда алар үчүн сенин киши өлтүргөнүң бир тыйын, туурабы. Кеп башкада.

 

-Кахар менен биз бала кездерде бир убакта чогуу болгонбуз...

-Бошсуң бар кете бер, мен сага дагы бир жолу эскертем, эгер дагы ушинтип кылтың-култуң эте берсең мойнуңа албасаң киши түгүл ит көрбөгөн кордуктарды көрөсүң, кыскасы тозоктун кыйноосунан өтөсүң. Ага да макул болбосоң, сөөгүңдү сөпөт кылып орго сиритем. Кыргызстандагы алтындарыңа жете албай экинчи көрбөй каласың. Эгер биздин шартка макул болсоң өзүңдүн өмүрүңө бала-бакыраңа, небере-чөбөрөңө кенен жеткен байлыкка ээ болосуң. Өзүңдүн үлүшүңдү башкаларга салыштырмалуу көп аласың. Ошондуктан жакшылап ойлон. Сага же тозоктун оту менен өлүм күтүлөт, же болбосо жакшы бейиштин жашоосу болот. Мунун баары өзүңдүн колуңда, дагы бир жолу эскертем жакшылап ойлон. Бошсуң бара бер.

 

Эки жигит Саидди ээрчитип чыгып кетти. Көп өтпөй эле сырттан Кахар менен Каныбекти ээрчитип келди. Хамид тигил жакка отургула дегендей бурчта турган столду көрөттү.

 

-Силер Кахар экөөңөр азаматтык кылдыңар. Экөөңөр болбосоңор бул алтынар тууралуу эч нерсени билмек эмес экенмин. Саид катылган алтындардын бардыгын каякта экенин айтып, казынанын картасын көрсөттү. Кудай буйруса жакында атайын топ түзүп Кыргызстан жакка жөнөп кетебиз. Мени да ушул оюнга катыштырганыңар үчүн аябай кубанычтамын. Экөөңө болбосоңор мен эч нерсе билбей калмак экенмин. Силерди биздин топко кошулат болуш керек деген оюм бар. Экөөңөр көп жылдан бери мунун үстүндө иштеп жаткандан кийин силерди кантип эле талаада калтырып таштап кетели. Бирөөңөр чыгыш элинин мушташуу ыкмаларын эң жакшы өздөштүргөн “кара пояссыңар” экичиңер болсо көзгө атар мергенчисиңер. Тигил жактан бизге көп пайдаңар тиет. Кана айткылачы менин сунушума макулсуңарбы?

 

Каныбек менен Кахар бул чын айтып жатабы, сынап айтып жатабы түшүнүшпөй бирин­-бири карашты. Анан Кахар унчукту.

 

-Чындыгында биз алтын туралуу эч нерсе билбейбиз.

 

-Эң жакшы, анда экөөңөрдү тең бул жакка калтырабыз да, өзүбүз кете беребиз. Артыбыздан кууп жетип келебиз деп ойлобогула. Анда дароо эле оо дүйнөгө жөнөтөбүз. Дагы бир жолу эскертип, силерге дагы бир жолу мүмкүнчүлүк түзүп берем. Ойлонгула жакшылап же бул жерге каласыңар же биз менен чогуу кетесиңер. Экөө чыгып кетишкенден кийин Хамид өзүнчө ойлонуп калды. “Чын эле катылган алтындар барбы Кыргызстанда же Саид айткандай экөө жаңылышып кетип калыштыбы?”.

 

Ал тамексисин күйгүзүп бир аз ойлонуп турган соң чөнтөгүнөн кичинекей кутучаны алып чыгып чекитчени басып койду. Бул Саидин сүйлөгөн үндөрүн жаздырып алчу аппарат болчу. Аппараттын экинчи бөлүгү Саиддин туфилисинин такасында орнотуган.


Сенин журогундун Жарыгы..


#15 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:52

ТҮШ

(мурунку заман)

 

Самарканд шаарынын базарына барып соода кылгандан чочулаган Улукбек өзүнүн алтын буюмдарын көтөрүп Ташкетке сапар тартты.

 

Өзү көтөрүп жүргөнбаштыкчанын ичинде жыйырмадай алтын тыйын, үч билерик, ондон ашык алтын шакек, эки чқйчқк анан сабына алтын карматылган канжар, муштумдай болгон алтындын уюткусу бар болчу. Төгөрөктүн төрт бурчунан келишкен ар кайсы улуттагы соодагерлер ар ким өздөрүнүн алып келген товарларын сунуш кыла ар кыйсы тилдерде кыйкырып, айланасындагыларына жарыялап жатышты. Бул жерде басымдуу көпчүлүгү чаралекей чапан, топу кийишкен өзбектер менен уйгурла болчу. Улукбектин Ташкент базарына келбегенине дээрлик он алты жылга жакындап калыптыр. Анда Максүт экөө дервиш болуп жер кезип, эл кыдырып жүрүшкөндө келишкен. Базар мурункудан кыйла өзгөрүп, кеңейип соодагерлер да эки эсеге көбөйүптүр. Өзүнүн товарын кимге сунуштаарын ким менен сүйлөшөөрүн билбей кимдендир чочулап, алактап жүрдү. Анткени бул жакка Үрүмчү жактан да соодагерлер көп келишчү. Хабибуллонун кишилерине же өзү кызмат кылып жүрүп качып келкен Хамзанын желдеттеринин бир-экөөсүнө же болбосо өзүн издеп жүрүшкөн Кокон бийлигинин адамдарына, Самаркандда өзү мууздап кеткен Хайрулланын адамдарына да жолугуп калышы толук мүмкүн болчу. Алтын тыйындар менен шакектерип бат эле соодалап жиберди. Баарынан алтын саптуу шамшар кынбатка бааланды. Анын алгачкы соодасы ийгиликтүү болду. Үңкүргө кайтканда үч атка жүктөлгөн толгон токой буюрдарды, кийимдери иран, түрктөрдүн килемерин алып келди.

 

-Көрдүңбү мен айтым беле. Булар бизди талаада калтырбайт, Кудай буюрса бат эле байып кетебиз, -ал базардан сатып келген оокаттарынын баарын үңкүргө ташып кире баштады, - эми бир эле барып келсем бул үңкүрдүн ичи таанылбай калат. Ал килемдердин баарын жерге жайып төшөп атты.

 

-Мынакей тамак-аш деген бир апта эмес жети-сегиз аптага кенен жетет. Эми тоо-ташты аралап мергенчилик кылып да кереги жок. Улукбек бүгүнкү соода кылып келген болгон дүр-дүйнөсүн ачып мактанып мергенчиге көрсөтүп жатты. Анын бул кылык-жоругу мергенчиге анча жакпай турду.

 

-Мунун арты баары бир кан жыттанып турат. Бул буюмдарың менен сырттагы душмандардын баардыгын бул үңкүргө өзүң менен кошо ээрчитип келесиң. Андан көрө ач кулактан тынч кулак өзүбүз менен өзүбүз болуп тынч оокат кылганыбыз жакшы болчу.

 

Баары бир Улукбек анын сөзүнө кошулбай өз айтканын бербей жатты.

 

-Жок, көрөсүң бизде кандай гана жашоо болот, мынакей өзүң деле көрдүң го бүгүнкү эле алып келген байлыгым үңүрдүн жарымын ээлеп калды. Кудай буюрса экинчи жолу барганда эле мунун ичин байлыкка толтуруп салам. Калаадан үй сатып алабыз. Үйүр-үйүр малдуу болобуз, керек болсо малай жумшап эч иш кылбай чалкалап калабыз. Ал өзү ала келген кынбат баалуу чапандардан улам бирин кийип кычырап, менменсине ары-бери басып атты.

 

Улукбек менен мергенчинин ортолорун түшүнбөстүк да келишпестик да эки жакка бөлүп турду.

 

-Эгер булардын баарын талкалап, алдыга чүпүрөк-сапырактардын бардыгын өрттөп жибергенде менде кандайдыр жеңилдик пайда болот эле...

 

-Жок, буларды талкалап, өрттөгөнгө болбойт.  Менин өмүрүмдүн жарымы жалаң ушулардын азап-тозогу менен өттү. Булар үчүн канча жолу тиги дүйнөгө барып келдим. Эми булардын убайын көрөр мезгил жетти, адамча жашаш керек...

 

Экөө бир пикирге келе алышпай түн бир оокумга чейин талашып-тартышып жатышты. Мергенчи аюу талпактын үстүнө өзүнүн чапанын жамынып жатты. Улукбек болсо өзү менен кошо ала келген килемдерди кабат-кабат төшөп жаңы чапандарды асты-үстүнө төшөнүп, жатты. Ал түн бир оокумга чейин санаасы менен байып кыялга чөмүлүп магдырап уйкуга көшөлүп кетти. Түшүндө бир шаарда жетектеген өзүнчө эле бир атактуу адамдардын бири болуп жүрүптүр. Алдында аппак ат, үстүндө жылтырак чапан, артында жети-сегиздей жигит өзү сыяктуу аппак ат минише жандап ээрчип жүрүшөт. Көчөдөгү элдердин баары аны көргөндө чөгөлөй, тизелей калып таазим кылыша жүгүнүп жатышты. Атынын жабыдыктарынын баары алтындай жаркырайт. Жүрүп отуруп кандайдыр бир бийик дубалдуу короонун ичине кирип кетти. Дарбазаны ачып беришкен адамдар эңкейише ага таазим кылышууда. Атынан түшө бийик тепкичтер менен жогору карай чыгып жөнөдү. Тепкичтердин тээ жогору жагында жаркыраган үй турат. Бул менин үйүм болуш керек деп эсептеген Улукбек жогору карай көтөрүлүп чыга берди. Артта ээрчип келатышкан элдердин баары тээ төмөн жакта кала беришти. Жаркыраган үйдөн эшигине жакындай бергенде каалга өзүнөн өзү ачылып кетип күтүлбөгөн жерден тааныш адамдын келбети пайда боло калды. Жакшылап карай салса өзүнүн мурунку кожоюну Хабибулло экен. Аны көрө сала кайра артка кетенчиктеди. Ылдый түшөйүн десе артындагы тепкичтер өзүнөн өзү жоголуп кетти. Алиги үй абада калкып асманда учуп баратты. Жер тээ алда кайда төмөн жакта калды. Секиргенге мүмкүн эмес болчу. Секирмекчи болуп эки жолу тап бергенде желкесинен бирөө капшыра кармады. Карай салса Хайрулла экен.

 

-менин башымды кечип ыргытым жибердим деп ойлодуң беле... Жок жаңылышасың, мен али тирүүмүн сендеги алтындарды алып тынмайынча сени эч жакка коё бербейм, ха-ха-ха!, -ал катуу кыйкырды эле айлана, асман жаңырып жатты. Ары жакта эки колу-буту байлануу, өзүнөн жардам сурап жаткан Мэхрибанды көрдү. Башын жерге сала эч нерсени көрбөгөн билбеген болуп бала кезден чогуу өскөн досу дервиш Максүт отурат. Кыдырекей колдоруна мылтык кармашкан алтындар менен кошо көр ичине атып салган Хамзанын жигиттери отурушат. Кечээ жакында гана өлөн он эки  орус солдаттары да жүрөт. Мэхрибандан башкаларынын баары өлгөн адамдар. Желкесинен кармап турган Хайрулла бир колу менен аны таптак өйдө көтөрдү. Булуттардын үстүндө учуп бараткандай асманда үй менен кошо учуп баратышты.

 

-Менин башымды кечип салдым деп ойлодуң беле. Мени али тирүүмүн. Ушунча алтындарга жеке ээлик кылам деп ойлодуң беле. Ушул алтындарың менен тозокко түшөм деп ойлогон жок белең. Тээ төмөн жагыңды карачы...

 

Улукбек төмөн жагын карады эле жердин ордунда жалбыттаган өрт болуп атыптыр.

 

-Бул деген тозоктун оту, тиги дүйнөдө өмүр бою алтындардын азабын тартып жүрүп өтөсүң бу дүйнөдө тозоктун отуна куйкаланып жүрүп өт. Бара гой, - ал бир колу менен Улукбекти жепжеңил гана көтөрүп туруп төмөн жактагы отторду карай таштап жиберди. Ошол бакырган боюнча чочуп ойгонду. Таң агара айланага эбакта эле жарык кирип калыптыр. Жоломан мергенчиден дайын жок. Көнгөн адатынча таң атпай тоо-ташты аралай ууга чыгып кеткен окшойт. Былчылдап тердеп кетиртир. Бул түш алтын окуясынын аягы жакшы болбосуна аян бергенсин койду. Ары жакта турган алтын чөйчөктөгү сууну шыпкап көтөрө ичип жиберди. “Түшкө өлгөн кишилердин киргени жакшы жышаан эмес. Кудайым деги оң жолго түшүрө кырсыктан тышкары кылып жолумду ача көр”. Ал асманды карай өзүнчө күбүрөнө эки алаканын жайып батасын берип жатты.


Сенин журогундун Жарыгы..


#16 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:53

ТОЗОКТУН КЫЙНООСУНДА

(бүгүнкү заман)

 

Үч-төрт күндөн бери Кахар менен Каныбекти бөлмөдөн тышка чыгууга тыюу салып, сырттарынан үч-төрт жигит кайтарып турушту.

 

Ушул аралыкта Хамид да келип аларга бир да жолу баш баккан жок.

 

-Таңгалыштуу булар эмне планды түзүп, эмне ойлорду ойлоп жатышат болду экен? Же чын эле бизди калтырып коюшуп өздөрү кеткени жатышабыз Кыргызстанга?

 

-Андай болушу да мүмкүн, бирок...

-Эмне бирок?

-Бирок бизсиз ал жакка бара алышпайт болуш керек.

-Себеп?

-Бизден аларга жардам керек экенин билишет да...

Эмнеси болсо да көрө жатарбыз...

Бул мезгил аралыгында Саид катуу кыйноодо болуп, тозоктун кыл көпүрөсүнөн өтүп жаткан болчу. АНы Хамид өзү суракка алып жатты.

 

-Кана айтасыңбы, Кыргыз жергесинде алтындарды жашырганыңар чынбы?

-Жок, жалган, мен эч кандай алтындарды билбейм, көргөнүм да жок. Мен болгону ал жакта Жума Наманганинин кол алдында кызмат өтөп гана келдим. Артыкбаш эч жакка чыкканым деле жок. Кыргыз жергесинде болсом эле булар мени кимдир бирөөлөр менен чаташтырып алышса керек.

 

Хамид жини келе оң колу менен аны чачынан уучтай кармады.

 

-Болуптур, али да кеч эмес, убакты бар ойлон жакшылап, - ал артын карай эшикти “тарс” эткизе жаап сыртка чыгып кетти.

 

Ошондон көп өтпөй эле сырттан узун-туурасын бирдей лөкүйгөн үч жигит кирип келишти да шапа-шупа аны колдон кармай кандайдыр столго барып отургузушту, колу-бутун байлап ташташты. Анан көйнөгүн сыйрып ыргытышып, денесине, башына, бетине кандайдыр бир проводдору бар темирлери чаптап салышты. Экөөсү бет маңдайында тикесинен тура карап турушту. Бирөөсү барып шнурду токко сайды. Анан точканы басып койду эле а өмүрү көрбөгөн кыйноону көрө баштады. Ток денесине, бетине, башына тийгенде бүт денесине ийне менен сайгылап жаткансып жанын көзүнө көрсөтө баштады. Чыдай албай кыйкырайын деди эле тигил экөө кара чүпүрөк менен оозун да таңып ташташты. Ток менен мындай кыйноону биринчи жолу көргөндүктөн бети-башын бырыштыра чыдай албай ары-бери тыбырчылап жатты. Үчөө үч жактан ага улам улам ток жөнөтүп унчукпай карап турушту. Ал денелеринин ушунчалык ооруганына чыдай албай тим эле тигил дүйнөгө барып кайра келип атты. Мындай кордуктан көрө өлүп калгысы келип бирок алтындар көз алдына элестегенде өзүнө-өзү кайрат берүүдө.Бир кезде денелери, бети башы ток күчүнө чыдай албай ар кайсы жерлеринен тинине кан шорголоп ага баштады. Жарым сааттык кыйноо жарым жылга тете болду. Нерви чытырап катуу кыйноого туруштук бере албай эсин жоготуп койду.

 

Канча жатканы белгисиз эсине келгенде колу-буттары чечилүү кроватта жатыптыр. “Жок буларга жөндөн-жөн эле алтындарымды тарттырып жибербейм. Менин өзүмдүн пландарым, максаттары бар. Чыдаш керек. ТИгил экөөсү да кайдан келе калышты эле. Баары бир далилдери жок, мен мойнума албайм”. Эртеси күнү Хамид кайрадан келди.

 

-Кана Саид жакшылап ойлондуңбу. Мен сага эч жамандык каалабайм, тескерисинче жакшылык гана каалайм. ТИги дүйнөдө тозокто жүргөнчө бул дүйнөдө бейиште жүргөнүң жакшы. Болгону жардам гана берем.

 

-Мен айттым го, эч нерсе билбейм деп, тигилер мени чаташтырып жатышат кимдир бирөөлөр менен. Чынымды айтып жатам...

 

-Болуптур али убакыт бар, мен шашпайм эч жакка, сен дагы жакшылап ойлон, -Хамид унчукпай ордунан турду да шашпастан жай калгый сыртка чыгып кетти. Көп өтпөй эле кечеги үчөө кайраданк ирип келишти. Дудук кишилерче эч сөз сүйлөшкөн жок, тигини колу-буттан ала көтөрүп келип көмкөрөсүнөн жаткырышты да экөөсү бүт денесин кабыштыра кармап үчүнчүсү ичке шнур менен сабап кирди. “Чып-чып” этип шнур денесине тийген сайын Саид чыдай албай онтоп жиберип атты. Үчөө алмактан-салмак кезек менен токтобостон сабай беришти. Анын артыкы денесин кирдир бирөө бычак менен кескилеп, тилип жаткандай далысынын ооруганы уламдан улам күчөй берди. Эми алар жоонураак шнур алып келишип, мурункудан да катуу болгон күчтөрү менен сабаганга өтүштү. Ал бөлмө жаңырта өкүрүп-бакырып атып акыры эсин жоготуп койду.

 

Эсине келсе мурункудай кроватында жатыптыр. Арты тим эле бирөө от менен куйкалап аткансып от менен жалын болуп күйүп-жанып жанын көзүнө өрсөтүүдө. Кыймылдайын десе кымылдаганга дарманы жок. Көзүн жумса эле Кыргызстандагы алтындар  көзүнө элестейт. Алар кайрат, күч, кубат, дем бере өзүнө өзү сөз берип жатты. “Баары бир эч нерсе айтпайм...”

 

-Саид мурза, кандай ал-ахвалың? –анан оюн Хамиддин үнү бузду, -биз эмнегедир жакшы тил табыша албай жатабыз. Мына өзүң деле ойлоп көрчү, ушинтип кор болуп төзөктун төрүндө отурганың жакшыбы же көңүлдүү эс алып убактыңды өткөргөнүң жакшыбы. Сулуу кыздар, сауна, ресторан, таза аба, бассейн, акча... кандай жакшы угулат кулакка баары тең. Ушул жерде кыйналып атып кыргыз жергесиндеги алтындарыңа жете албай арманда өлгөнүң жакшыбы же жогорудагы жашоо менен күнүнө үлпөт куруп жашооңду рахат менен өткөргөнүң жакшыбы?

 

-Мен дагы айтам, эч кандай алтындарды билейм, көргөнүм жок. Мени аясаңар боло чындыкты айтып жатам.

 

Хамид шашпастан турду да эч сөз айтпастан эшикке чыгып кетти. Алиги жан алгычтай болгон үчөөсү кирип келгенде Саиддин дене-бою бир нерседен үрккөндөй жыйрыла бурчка бүк түшө калды. Үчөө аны дароо колдон-буттан ала кайдадыр көтөрүп жөнөштү. Саиддин аларга каршылык көрсөткөнгө дарманы жок болучу. Эшиктин тушуна жеткенде дароо токтоу калышты да тигинин манжаларын эшиктин артына такай коюшту. Бирөөсү эшикти акырын жаба баштаганда манжалары кысылып Саид чыдай албай өкүрүп жиберди. Эшик күч менен түртүлүп жабылганда манжалары сынып кетти. Аны тыбырчылап өкүртүп-бакыркан боюнча кроватка жаткырышты да бирөөсү үстүнө баса экинчиси кроваттын темирлерине колун коюп  калган соо манжаларын кирпич менен жанчып сындыра баштады. Бөлмөнүн ичинде эркектин өкүргөн аянычтуу үнү жаңырып турду.

 

Ага боору ооруган, анын үнүн уккан бир да адам болгон жок. Алиги эки зөөкүр кеткен соң Саид кроватта ары-бери томолонуп онтоп кыйналып жатты.

 

Колдорунун локулдатып оорутканы ар бир нервине таасир бере жанын көзүнө көрсөтүүдө. Эки кол заматта шишип  чыгып, колдору жок адамдай эч нерсе сезбей калды. “Мен түшүнүп турам, булар баары бир алтындарды каякка катылуу экенин билип алышкандан кийин менин көзүмдү куурутуп коюшат. Чын эле ушунча байлык булардын колдоруна түшкөндөн кийин менин керегим не. Жөн гана көз көрүнө өлтүрүп коюушу мүмкүн, уу берсе дагы мени жоготушат. Оозунан жемин алдырган түлкүдөй болуп, ушунча байлыкты колдон чыгарып жиберип өлгөнчө, тигилерге эч нерсе көрсөтпөй өлгөнүм жакшы, баары бир мени өлтүрө алышпайт. Анкени алтындардын кайсыл жерге жашырылганын жалгыз гана мен билем” –Саид катуу кыйналып онтоп жатса дагы ушуларды ойлоп жатты.

 

Эртеси ага эч ким келген жок, үч күн өткөндөн кийин гана ага кайрадан Хамид келди. Анын жанында дагы бир топко чейин унчукпай отурду. Анан Саиддин ички оюн түшүнүп жаткандай айтып кирди.

 

-Биз сага жамандык жасайлы деген деле ниетибиз жок болчу, азыр дагы ошондой ойдобуз. Мунун баарына өзүң күнөөлүү болуп жатасың, же сенин катылуу байлыгыңды да алыбалып өзүңдүн көзүңдү куруталы деген деле ой жок. Мынча байлыкка ээ болуп  анан өзүңдү өлтүрүп коюш бул Кудай Таалама да жакпайт. Анча байлыкты биз эмне кылабыз, ансыз деле бул жакта өзүбүздүн байлыгыбыз Кудайга тобо деш керек, жетиштүү. Бул жакта сен да атактуу адамдардын бири болсоуң. Заңгыраган үйлөрүң, алдыңда каалаган машина, каалаган кызматкерлериң, айтчы бул жашоодо мындан башка сага эмне керек?

 

Биз жардам бере албасак баары бир анча байлыкты Кыргыз жергесинен алып өтө албайсың. Чек арадан өткөн күндө да башка өлкөлөрдүн чек араларына солдаттарына кабыла бересиң, ошончо байлыгыңды жөн гана алдырып коёсуң. Анда кеч болуп калат.

 

Менин дасыккан, тандалма, бардык жагына жетилип, бышып бүтүшкөн жигиттерим ал жактан жөн эле эч кыйынчылыксыз алып өтүшөт. Чынын айтканда Орто Азия аркылуу Европа жакка эч кимге билгизбей канчалаган бангизаттарды алып өттүк. Ошо сыяктуу эле алып өтүп кетебиз, бизде ушундай жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Шашпай ойлон жакшылап. Ме тамеки чегесиңби, ал бир куту кандайдыр чет элдик тамеки таштап кетти.

 

Көптөн бери тамеки чекпегенге аны дароо эле ала коюп жанталашып күйгүзүп үчтөккө-босток соруп жиберди. Аралан бир аз убакыт өтпөй эле башы айланып, ооруганын баары унутулуп өзүнчө эле магдырай баштады. Айланасындагылардын баары көзүнө кызыктай көрүнүп, өзүнчө күлкүсү келе баштады. Бир жумадан берки кыйноонун баарын унутуп, айланасындагылардын баарыдгы айлан-көчөк боло тегеренип, эмне себептен мындай болуп жатканын өзү да түшүнбөй жатты. Сырттан келген өзүнө тааныш эки караанды көргөндө күлкүсү келип өзүнчө эле кыйкырып жыргап күлө берди. Алардын суроолоруна эмне деп жооп берип жатканын өзү дабилген жок.

 

Эртеси эсине келсе кроватында жалгыз жатыптыр, кечээ эмне окуя болуп кеткенин өзү да түшүнбөй калды. Дене-башы кадимкидей оор тарта ооруп калыптыр. Кроваттын башындагы кечээки тамекини көрүп, кайрадан тамеки тарткысы келип кетти. Албайын десе деле болбой бирди алып, күйгүзүп жанталаша түтүнүн соруп кирди. Бир аз убакыттан кийин эле дене-башы кайрадан магдырап өзүн жеңил сезе түштү. Бир күн бою тынбай ичкилик ичип эртеси күнү башы ооруп атканда бир стакан арак басып алганда денси ушундай болуп магдырай түшчү. Бул эмне болгон тамеки деп  карап койду да бир нерседен шекшип турса да баары бир өз эркин кармай албай бурулдатып тарта берди. Башы айланганы менен өзүн жакшы сезип жатты. Анан башын өйдө көтөрө бет маңдайында отурган Хамидди көрдү.

 

-Кана, эми жай отуруп сүйлөшөлүчү, биз менен иштешүүгө макулсуңбу. Жакшылап эс аласың бир-эки аптадай, алдыңда кызматчыларың да болот...

 

-Мен силер менен иштешүүгө макулмун, бирок эч кандай катылган алтын казына дегенди билбейм. Чынымды айтып жатам.

 

-Эчнерсе билбейм дечи?

-Чынымды айтып жатам.

Хамид колун көтөрүп койду эле сырттан кичинекей кутуча аппарат көтөргөн киши келди да Хамидге берип, Саидди бир карап коюп, кайра чыгып кетти.

Хамид аппараттын бир точкасын басып койду эле Саиддин кечээки мээсин тумандап жаткандагы сүйлөгөн сөздөрү угула баштады. “Ооба, мен алтындардын каякта катылуу экенин билем...”

-Ал каякта?

-Кыргызстанда, менден башка аны эч ким билбейт, жалгыз гана мен билем. Ошо себептен мени эч кимиңер өлтүрө албайсыңар. Мен деген силердин Кудайыңар болом...

Хамид аппаратты өчүрдү.

-Мен эч нерсе билбейм дейсиң, буга эмне деп жооп бересиң?

Чынында Саид кечээ буларды айтканынын бир да эсинде жок. Сырттан бирин-экин сөлөкөттөр кирип алар менен сүйлөшүп атканын элес-булас билет, калганын эч нерсесин эстей албай кодй.

-Чынында айтып жатам мен эч нерсе билбейм, булардын баары жалган...

Хамид эч сөз сүйлөбөстөн ачуулана сыртка чыгып кетти.

Көп өтпөй эле алиги эки караан кирди. Аларды көргөндө тозоктун кыйноочулары келгендей дене-бою үркө, жыйрыла түштү.. Саидди колдон буттан ала калың жип менен байлап жиберишти да көтөрүп барып кроватка жаткырып коюшту. Дегеле шашышкан жок, эмне кыйноону баштаар экен деп Саид да алдын ала даярдана баштады. Бирөөсү ары жактан чоң желим баштык алып келди, анан шашпастан Саиддин башына кийгизип ылдый жагын аба өткөрбөй кармап турду. Желим баштыктын ичинен аба уламдан улам жетишпей баратты.Таптакыр аба калбай калганда деми кыталып бети-башы тырыштыра жанталаша ары-бери туйлап кирди. Мындай кыйноону ал өмүрү көргөн эмес, кыйналып, жанталашып тыбырчылап атып акыры эсин жогтуп койду. Тээ бир топтон кийин эчине келсе экөө бет маңдайында тамеки тартып отурушуптур. Улам-улам анын бетине тамеккинин түтүнүн үйлөп коюп, шашпай ордуларынан турушуп кыноолорун кайрадан улантышты. Түшкө чейин ар бир жарым саатта ушинтип кыйнай беришти. Улам эсин жоготуп, кайра эсине келе анын таптакыр эле алы кетип кыймылдоого дарманы калбай калды. Дагы бир жолку катуу кыйноодон кийин кайрадан эсин жоготуп койду. Эсине келгенде бөлмөдө эч ким жок экен, кроватта кол-буту чечилүү жалгыз жатыптыр. Акырын ордунан тура столдо турган тамекинин кутучасын көрдү. Дароо анын ичинен бирди алып күйгүзүп дембе-дем соруп тарта баштады. Тээ бир топтон кийин барыпп, кыйналып денеси кайрадан жазылып, нымшып, магдырай түштү.

 

Кыйноо улантыла берди, кийинки жолу юашын ылдый салаңдатып туруп, бутунан байлап калың жип менен бир күн кечке шыпкага асып ташташты. Канын баары бетине тээп чыга бир күн бою кыйналып башынан ылдый салаңдап турду. Ага көңүл бурган кирген бир да киши болгон жок. Буттары көөп, дене тамырлары уюп, денесин кара тер басып өлүү-тирүүсү билинбей эки дүйнөнүн отосунда жатканда гана алиги жан алгычтай болгон экөө бутун бошотуп, көтөрүп барып кроватка жаткырып кобшту. Ал эсине келип келбей жёэки күн жатты. Үчүнчү күнү гана буттарына акырын кан жүгүрүп жан кире баштады. Бир күндө бир жолу нан, анан кандайдыр апелсин ширесин даамдалган сары суюктук алып келип берип коюшат, башка эч нерсе жок. Стол үчтүндөгү кутудагы тамеки гана мунун жанын сактап калып жатты. Анын түтүнүнөн соргондо бу дүйнөдөгү баардык нерсени унутуп, магдырай бейишке түшкөндөй болуп калчу. Эртеси кайрадан тозоктун кыйноосу башталат. Денесине ысык темир басышып, буттарынын,колдорунун алдына ийне сойлонуп адам баласы көрбөгөн кордуктардын баарыдыгын көрүп чыкты. Кыйноо бүтүп алар чыгып кетээри менен ал кутудагы тамекини жан талаша ала коюп соруп кирет. Тамеки эмнегедир такыр түгөнбөй койду. Сырт жактагылар аны улам алмаштырып коюшчу. Кыска аралыктын ичинде сакал-муруту өсүп, аябай арыктап араң жан кыймылдап атты. Ага кайрат берип, дем берген бирден бир жакшы жолдошу алиги кутудагы тамеки гана болуп атты. Ал болбосо бул дүйнөдөгү жашоо-өмүрү бүтүп калчудай.

 

Эки-үч күндөй эмнегедир алиги тозоктун кыйноосу да бүтүп калгандай болду. Зөөкүрлөр кыйнап жатып акыры эч нерсе чыгара алышпай коюшту окшойт. Кез-кез тамак алып келип таштап кеткени эле болбосо бул жакка эч ким баш бакбай калышты. Саид мунун себебин өзү да түшүндөй жатты. Арадан анча-мынча убакты өтпөй эле эми ага чыныгы тозоктун кыйноосу өзүнөн өзү башталды. Алиги бейишке жеткирип денесин магдыратып жаткан тамекиси түгөнүп колу-буту калтырай, денесин оору басып ал өзүнөн-өзү кыйналууга өттү. Сырттан киргендерден суранып көрдү эле аны бербей коюшту. Эки күн бою ал аябай кыйналып бу дүйнөдөгү жашоо кызыксыз, кунарсыз боло баштаганда сырттан келгендерден Хамидди чакыртты.

 

-Мен баарына макулмун “алтындарды каякка катканымды да айтып берем. Эми мындан ары чогуу иштешкенге мен кошулам. Алиги тамекиден бергилечи, өлүп, жаным чыгып баратат”.

 

Анын ушу бир-эки ооз эле сөзү тозоктун кыйноосун бүт бойдон жууп, тазалап кеткенсиди.


Сенин журогундун Жарыгы..


#17 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:53

КАНЖАРДЫН СЫРЫ

(мурунку заман)

 

-Бул канжарды кайдан алдың? – шаар башчысы Алайдан кеген соодагер, сүткөр Ибрагимдбекке кайрылды. Белиндеги оролуп турган алтын саптуу бычакты базарга көзөмөл салып жүргөн шаардагы жергиликтүү бийликтин желдеттери көрүп калган болчу. Анан аны кармап алып шаар башчысына алып келишкен.

-Базардан бир адамдан сатып алдым...

Шаар башчысы алтын саптуу канжарды ары-бери томолотур айландырып карап турду. Канжардын эң жогорку жагында жолборстун башы жасалган болчу. Сабынын калган төмөн жагы оймолонуп-чиймеленип, өзгөчө коодолуп,  чебер устанын колунан жасалганы билинип турат.

 

-Кайсыл тилде сүйлөйт экен ла кишиң?

-Улуту кайсыл экенин билбейм. Бирде өзбекче, бирде кыргызсча, бирде уйгурча кыскасы көп тилде сүйлөй алат экен.

-Сенин улутуң кайсы?

-Кыргыз, Алайлык болом...

-Сени менен кыргызча сүйлөштүбү?

-Ооба, таксыр.

-ОШол кишинин өңүн жакшы тааныйсыңбы? Кайсы куракта экен?

-Менимче кырктардан өтүп калыптыр. Ээчитип келсеңер өңүн албетте тааный алганга кудуретим жетет таксыр.

-Болуптур аны тапмайынча сен эч жакка кетпейиң, бара бер, -алиги көпөс чөк түшө, башын ийип арты менен сыртка чыгып кетти.

Шаар башчы алтын саптуу канжарды кылдап кармалап текшерип чыкты да жанындагы жөөкөрлөрүнө кайрылды.

-Бар тез Амирахунду чакырып кел.

-Куп болот таксыр, -сыртка кеткен жигит бат эле алиги айткан кишисин ээрчитип кайра келди. Шаар башчыгы тигини отур дегендей жанындагы отургучту көрсөттү.

-Кана айтчы Амирахун мобул алтын саптуу канжар жоголгон казына ичинде бар беле?

-Албетте бар болчу таксыр, мындай алтындардын дагы эки-үчөөсү базардан кармалды. Алар да бардыгы бир эле кишиден сатып алышыптыр. Алардын айтуусу боюнча ал алтын саткан кишинини өңү-түсү, жашы келбети бирдей келишип жатат.

-Демек алардын баары бир эле казынанын алтындары дечи, жаңылган жоксуңбу?

-Кантип эле жаңылайын таксыр, аларды дайынсыз жоголуп кеткенге чейин өз колум менен бирден эсебин алып жөнөткөм. Кызыл-Үңкүрдө чуу болуп кеткенден кийин алар баш-оту менен дайынсыз жоголуп кетпедиби. Аларды кыргыздардын кандайдыр бир чакан тобу түн ичинде жашыруун алып кетишиптир. Каякка алып кетишкени белгисиз, ошол боюнча дайыны чыкпай калбадыбы.

-Дагы бир жолу айтам, жаңылган жоксуңбу?

-жок таксыр, мобул көзүм менен ишенип айтып атам. Эгер жаңылган босом башымды туурасынан кесип таштаңыз. Убагында бул канжарга өзүм да кармалып кызккам.

-Болуптур ишенейин. Андай болсо алиги жигитти жердин жети кабат түбүнө кирип кеткен кетсе да таап, кармап бул жакка алып келгиле. Аны тапмайынча кайрылып келем деп ойлобой эле койгула. Эгер аны алып келбесеңер алдагы томолок башың ийниңден таштай томолонуп түшөт, уктуңбу? Бир көзүңдөн кан, бир көзүңдөн жаш алам, ушунча байлыктан ажырап куру жалак калышыбыз болбойт. Жөнөгүлө тез аранын ичинде, болгула тез! Бүгүндөн калбагыла, дагы бир жолу эскертем, ансыз кайтып келбегиле, Жөнжөн жөн куру колкайтып келем деп ойлобогула!

 

Амирахун башын ийе, таазым кылып чыгып кеткенден кийин шаар башчысы жерде төшөлүп турган Ирандыктардын чоң килемине чөгөлө тизелей отура калып эки алаканчн жая асманды карап кудайга жалынып баштады.

 

-Оо Жараткан күчтүү Кудайым, жоголгон үмүтүбүздү кайра жандырып, жоголгон казынабызды кайра кайрып бере көр!

 

Бул мезгилде тээ алыста тоо арасындагы үңкүрдө Улукбек чуңкурда катылуу турган алтындарды өзүнчө иреттеп алып, кезектеги соодага даярданып жаткан эле.


Сенин журогундун Жарыгы..


#18 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:53

АРГАСЫЗДЫК

(бүгүнкү заман)

 

Эки аптадан ашык убакытка чейин Кахар менен Каныбекти  сыртка чыгарып басууга мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Эмнегедир бүгүн аларды кайтарган эч ким болбоду, сыртка чыгып ээн-эркин юасып жүрүштү. Файзабад шаарына таң азандан баштап жаан шатыратып төгүп жатты. Негизинен кыргыз жергеси менен салыштырганда бул жакта жаан аз жаайт экен. Жай мезгили аябай ысык келип, кышы да анча суук эмес. Жергиликтүү элдин көпчүлүгү аба, жер-шартына ылайыкташкандай кара-тору келишет. Жайы-кышы дебей бир эле кийим менен жүрө беришет.

 

Кечке жуук аларга Хамид өзү басып келди.

-Мен силерге бир сунуш, бир шарт менен келдим. Катылган байлыктын чиймесин, силерче айтканда картасы менин колумда. Саид бардыгын айтып берди, Кудай буюрса ал биз менен чогу иштемей болду.

 

-Саид өзү каякта? –Каныбек анын сөзүн бөлүп жиберди.

-Ага да  атайын мейманканадан бөлмө бөлүп бердик эс алып жатат. Шашылбагыла жолугасыңар ага да. Андан көрө силер менен бир маселени чечип алалы. Канча калса да силер ал жактын жер шартын, элдерин жашоо-турмушун жакшы билет эмессиңерби. Ал жакта жашырылып жаткан байлыкты алып келүү үчүн атайын тандалма топ түзүлүп жатат. Бизге кыргызча таптак сүйлөй ала турган киши керек. Силер экөөңөр тең кыргыз тилин жакшы билесиңер, жергиликтүү элдин үрп-адаттарын, жашоо-шартын экөөңөрдөн кыйын билген киши жок. Канча калса да силер ал жакта жашап калбадыңарбы, биздин топто кыргыз, өзбек, тажик тилдерин билгендер да бар. Каражат болсо Кудая шүгүр жетиштүү. Тажикстан, Кыргызстан жактары менен канча жолу наркотик алып өттүк. Жергиликтүү элдин жардамы менен бир да жолу кармалган жокпуз. Баңги заттарды бининбей кандай алып өтсөк буларду да ошондой кылып билгизбей алып чыгып кетишибиз керек. Эптеп бул жакка ошончо байлыкты алып келип алсак аны өзүбүзчө жалпы казынага коюп чогуу иштетебиз. Эгер кимде ким өз энчисин алып өзүнчө жашагысы келсе ага да каршы эмеспиз. Ар ким өзүнүн кызматына жараша энчисин ала алат.

 

Бул жерде Ооганстандын жарымысын өзүнө ийдирген күчтүү мафия турат. Анын башында биздин кожоюнубуз бар, Кабулда турат. Аты Рашид,  ал жакынкы күндөрдө бул жакка келип калат,  ага чейин силердин бар же жок деген макулдугуңар керек. Эгер макул болсоңор анда биздин атайын даярдалып жаткан топко кошуласыңар, а эгер макыл болбой моюн толгосоңор.., анда силер менен башкача сүйлөшөбүз. Бир сутка убакыт берем ойлонгула. Коркпой үркпөй эле ээн эркин сүйлөшө бергиле, эми силерде эч кандай аппараттар жок тыңшоочу. Ойлонгула, өзүңөрдүн кабыргаңар менен акылдашып, кеңешкиле, кыскасы эртең жообу даяр болсун, -Хамид ордунан турду да башка эч сөз айтпастан сыртка чыга жөнөдү.

 

-Саид кайда, аны менен жолугуп сүйлөшсө болобу?

-Адегенде экөөңөр бир чечимге келгиле, анан аны менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк аласыңар, -Хамид токтой калып артына бурулуп жооп берди да анан шарт чыгып кетти. Экөө эмне сүйлөшөөрүн билишпей тунжурап туруп калышты.

-Бул Хамид эмненин башын кылтыйтып атат, чын айтып атабы же атайын бизди сынап атабы?

-Саид дароо эле признавать этип, алардын колдоруна “ме” деп картаны бере коюшу мүмкүн эмес. ОШончо байлыкты ким эле башка бирөөнүн, биринчи жолу эле кезиккен адамдын колуна өткөрүп бере койсун.

-Хамиддин колунан баары келет, коркутса да, алдаса да, азгырса да ар кандай жолдор менен анын эркин текшерип көрүп, анын слабый точкасын таап алып, ошонун негизинде аракеттенип, баш ийдирип, атүгүл айттырып алышы да мүмкүн. Анын үстүнө Саид казынаны билген жападан жалгыз адам да. Азыркы күндө тигил жакта, кыргыз жергесинде канчалаган топ жоголгон казынаны издеп жүрүшөт. Анын жападан жалгыз кожоюну болсо бул жакта жүрөт. Эмне кылышыбыз керек, тигинин сунушуна кандай жоопту табабыз?

Кахар билбейм дегендей ийнин күйшөп койду.

-Экөөбүздү колунан келишинче пайдаланып алып, казынанын баарын кыргыз жергесинен, чек арасынан алып өткөндөн кийин биздин көзүбүздү тазалап коюшсачы. Алтындар кыргыз жергесинен чыгып кеткенден кийин биздин аларга керегибиз не. Жөн гана ит аткандай атып салышат же уу берип өлтүрүп салышы да мүмкүн...

 

-Биринчи кезекте чын эле Саидде казынанын картасы бар бекенби билеличи андан кийинкисин дагы ойлонуштурабыз.

 

-Анда кеч болуп калат, бизге болгон бир сутка гана ойлонууга убакыт берди тигинин өзүнүн айтуусу боюнча. Алардын шефи Рашид КАбулдан келгиче бул жактагылардын бардыгы даяр болуп турушу керек.

-Булардын бардыгын өзүнүн оюнан чыгарып айтып жаткан бослочу, атайын бизди сынап?...

-Баары бир...

-Эмне баары бир?

“Кайда барсаң да Мамайдын көрү”, Хамид бизди мынчалык деңгээлде билбеш керек болчу, ушунча айыбыбыз ачылып калгандан кийин кайра артка кайтууга мүмкүн эмес. Подслушивающий аппараттары бар экенин биз убагында ойлонгондо мынчалык ызы-чуу болбойт эле, ал бизди кандайдыр башка бир нерсеге даярдап, жигиттерин машыктырып жаткан. Каякка даярдыктан өткөрүп жатканын дагы айткан эмес “аны кийинчерээк айтам” деген. Мына эми, өзүбүз да башка кылтыкка илинип алдык, эми бул кылтыктан оңою менен чыга албайбыз. Бул алтын оюну башталганы Хамид мунун аягына сөзсүз чыкпай койбойт. Саид дагы экөөбүз дагы алардын тукунубуз. Эч нерсе жасай албайбыз. Эмне кылабыз анда анын сунушуна макул боло берелиби?

-Биздин экөөбүздүн сүйлөшүп жатканыбызды тигилер аппараттары менен угуп жатышат болуш керек.

-Мейли укса уга берсин бизге эми баары бир.

-Кана эмне кылалы анда, бул деген биз үчүн аргасыздык болуп жатат?

Каныбек акырын келип Кахардын кулагына шыбырады.

-Азырынча макул боло берели, анан кийинчерээк мүмкүнчүлүк болгондо Саидди алып алып качуу керек. Ага чейин Саид чын эле баарын айтып таштадыбы ошону билеличи, балким жалган айтып жаткандыр?

 

-Болуптур анда биз тигилердин сунушуна баарына макулбуз. Эгер качканга мүмкүнчүлүк болсо, анда булардун тобуна кошулуп бара беребиз кыргыз жергесине. Андан кийинкисин көрө жатабыз...


Сенин журогундун Жарыгы..


#19 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:54

БЕЙТАНЫШ КАРАКЧЫЛАР

(мурунку заман)

 

“Мынча буюмдун бардыгын үңкүрдүн ичине батыра албайбыз, андан көрө алтындарды акчага соодалап, ал эми акчага болсо калаанын чет жакаларынан короо дубалы бийик, дарбазасы бар Үрүмчүдөгү Хабибулло көпөстүкүндөй болгон үй сатып алыш керек. Ал эми үй ичин оокатка толтуруу масалеси жеңил эле. Мен Хайрулладан эмнем кем, керек болсо андан эки-үч эселеген байлыгым бар, андан ашып түшкөн, атагы чыккан көпөстөрдүн бири болом”. Улукбек  өзү менен өзү сүйлөшө кыялга батып кетип баратты. Бул жолкусунда ал алтындарды соодалаганы Ош тарапка кетип бараткан. Анын кийген кийимдери, минген аты, ат жабдыктары чөң көпөс байлардан эч айырмасы жок эле. “Бул ишиңди токтотсоңчу жетишет, момунчаны сатып келдиң. Мынча байлыктын баарын башыңа үйөсүңбү. Дгеи бир балээнин башынан чыкпасаң болду, алтын бар жерде чыр-чатак, ажал коштоп жүрөт. Тынч эле оокатыбызды кылалы” деген мергенчи Жолондун сөзүн укпай кайрадан аттанып чыккан болчу базарга. “Бүгүн Ошко барсам, эмдиги жолкуда Памир-Алай, Таш-Курган, Бустан-Терек жакка барам. Анан Андижан, Наманган, Маргеллан жакка саякаттайм. Бир жерде дайым соода кылбай улам бир жерди, бир базарды кыдырып жүрө берсем болот да, менден ким шек алмак эле. Түштүк Фергана, Дарат-Курган, Чолок-Коргон, Ташкендин өзүнө да баруум абзел. Соодагерлер деген жердин баарын кыдырып жүрөт, антпесе адам баласы байыбайт”.

 

Ош базары, Самарканд, Ташкентке салыштырмалуу кичирээк болгону менен туш тараптан соодагерлер көп келишет. Жума күнүнөн баштап үч күн катары менен соода жакшы жүрөт. Анткени ошол күндөрү чет жактан келген соодагерлер көп болот, калган күндөрү кадимки эле базар сыяктуу. Улукбек ушул күндөргө туштап чыккан болчу. Бул жолу да адаттагыдай эле базаржа эл көп экен. Соодагерлер алуучунун кийген кийимдерине карап өздөрүнүн товарларын сунуш кылышат эмеспи, бардыгы Улукбекке жабыша “меникин алың, таксыр” деп сунуш кылып жатышты. Ал соодасын адегенде эле алтын теңгелеринен баштады. Алтын буюм тайымдары куржындын ичинде болчу, кыржын болсо атына арта салынып койгон. Алтын чөйчөктү бир көпөскө соодалап алаксып жатып атына арта салынып турган куржунун кандайча алдырып жибергенин өзү да байкабай калды. Бирок ууруну алыска узаткан жок, жаш бала көтөрүп чуркап бараткан өзүнүн куржунун алыстан эле тааныды.

 

-Кармагыла ууруну, менин куржунумду уурдап баратат! –деп алган болгон күчү менен айкырып коё берди. Бирок анын сөзүн уккан эч ким болгон жок, ар ким өзү менен өзү боло укмаксан болуп алдындагы товарларын сатып отура беришти.

 

-Кимде-ким ууруну кармап, куржунду кармап берсе, алтын теңге берем!-деп кыйкырды ал айласын кеткенде. Бир эки жолу жазар жаңырта кыйкырып оозун жыя электе эле далдайан эки-үч жигит баланы кармап куржуну менен кошо жетелеп келишти.

 

Ушул жерден ал бир чекилик кетирди. Аларга бирден алтын теңге карматып, дароо ары көздөй барды да ичиндегилер жоголбоптурбу дегендей куржундун ичин ачып текшерип карады. Барыдыгы эле ордундагыдай экен, жоголбосо керек. Колдору менен ары-бери аңтарып текшерип көрдү да оозун жаап айланасын карады. Элдердин бардыгы аны жабыша караша, өздөрүнчө бир нерселерди сүйлөшүп жатышыптыр. “Сактыкка кордук жок” дегендей сак болбой одоно иш кылып жибергенине өкүнүп калды. Анын соодасы эмнегедир тетирлей баштагансыды. Анткени анын жалгыз экенин билишип, бир топ караандар артынан акмалап, жүрүшкөнүн байкап калды. Ары басса ары басат, бери басса бери басышат. Алар соодалашканга таптакыр мүмүкнчүлүк бербей коюшту. Анткени бадыгынын эле көздөрү куржунда алардын көздөрүнчө куржундагы алтын буюмдарды алып чыкканга мүмкүн эмес болчу. “Кой бул жерден эртерээк кетпесем болбой калды, тигилердин ниеттери бузулду, кокусунан мени өлтүрүп, куржундагы байлыктарымды алып кетишпесин”. Улукбек дароо кетүүгө ашыкты. Эмнегедир артында куйрук болуп акмалап келатышкан караандар көрүнбөй калышты. Базардан чыгып кууш көчө менен атын желе жастыртып кетип бара жатты. “Кап кашайгырдыкы, соодам бүгүн жакшы болбой калды каргашадай болуп ууру баланын чыга калганын карабайсыңбы. Эми буларды кимге сатам кайра соода кылбай кайрылып барганда мергенчи мени шылдыңдап күлүшү мүмкүн. Эмне кылсам, кимге соодаласам, базарга барып көрөсмбү? Азыр али эрте, Памир-Алай базары жакка барайынчы ал жакта мени эч ким билбейт да товарым өтүп керээр” –Улукбек атынын оозун дароо күн батыш тарапты көздөй бурду.

 

Күн төбөгө көтөрүлгөнү менен али түш боло элек болчу. Ал кербен жолго түшө атынын башын ылдамдата бастырып келе жатты. Анча бийик эмес дөбөнү аша бергенде тээ арт жакта өзүн карай катуу чаап келе жаткан атчан беш-алты караанды көрдү. Булар соо адамдар эмес экенин, жүрөгү бир нерсени дароо сезди да атына камчы урду. Алдындагы зоот ат болгон күчү менен зыркырай үстүндөгү кожоюнун алып жөнөдү. Аркыраган шамалдын илеби башындагы тебетейин жылып кетти. Улукбек анысына деле кайыл, максаты эптеп эле артындагы куугунчулардан аман-эсен кутулуп кетүү. Бир кезде артындагы куугунчулар тээ алыста калды. Ал ошол бойдон токтобостон атына үстөкө-босток  камчы чаап Кудайга жалына, кайра-кайра келме келтирип жүрүп отурду.

 

Эгер куугунчулар жакын келе турган болушча өткөн жолку Жолон мергенчини туурап куржундагы алтын буюмдарды бирден алып чыгып сыртка ыргытмак. Жакын келип калган куугунчулар жердеги алтындарды талашып балким артта калып калат беле. “Ох Кудая шүгүр этип кутулдум окшойт алардан” Улукбек чекесиндеги терин аарчып катуу бараткан атын кичине жайлатты. “Менин аргымагым аларга алдыра койбос” ал алдындагы атына куугунчулардан куткарганына ыраазы боло кетип бара жатты. Беш-алты анча бийик эмес дөбөнү ашып өткөндөн кийин артын кылчайып карады. Сыягы жете албастарына көздөрү жетип, арта карып калышса керек, эч бир караан көрүнбөйт. Катуу терге түшүп калган атын жайлата жорголотуп жүрүп отурду.

 

Арадан дарым чай кайнамдай убакыт өткөндөн кийин анча бийик эмес жарчыны айлана бергенде капталындагы дөбөдөн эки атчан караан чыгып, түз эле өзүн карай атырылып келатышты. Ал кайрадан атына камчы салды. Көп өтпөй алиги анча бийик эмес жарчынын ары жагынан өтө эле чукул аралыктан күтүлбөгөн жерден дагы эки атчан атырылып чыкты. Улукбек колунан келишинче үстөкө-босток атына камчы сала улам-улам артын карай кайрадан Кудайга жалына баштады. Ал кербен жолуна эмес таптакыр башка жакка атынын башын бурду. Арт жагын кылчайып карады эле төрт атчанга дагы эки атчан кошулуптур. Өтө чукул келип калгандарына караганына алар өтө чукул жолго салып, жол кыскартып кууп келишсе керек. Эми Улукбекке куржундагы алтындары эмес жан керек болуп калды. Чаап ьараткан боюнча экиге бөлүнүп арта салынган куржунду бычак менен кечип жибермекке белиндеги кош миздүү канжарын кынынан сууруп ала койду.

Ошо маалда кимдир бирөө ага чалма ыргыттып, аркан мойнунан ашып өтүп көкүрөгүнө чейин илинип түштү. Анан атынан камгактай топ этип учуп барып жерге оонап жатып калды. Кийими-баштары тытыла бир топко чейин сүйрөлүп барды. Алиги атчан чалманы ыргытып жиберди да кауу калыбынан жазбай кетип бараткан атынын соңунан кетти. Ордунан атып тура калган Улукбекти кимдир бирөө союл менен жон талаштыра чаап өттү. Көзүнөн от чагылыша заматта жер айлан чөчөк болуп түштү, өзүн кармай албай топутак жерге эт-бетинен кулады.

 

Ал жерде канча жатканы белгисиз, бир маалда эсине келип көзүн ачса жападан жалгыз ээн-талаада жатыптыр. Алиги каракчылар көйнөк дамбалын гана калтырып жылаңачтап кетишиптир. Желкеге катуу сокку жегендиктен мойну-башы чыдатпай оорутуп кыймылдатпайт. Анын үстүнө чалмага катуу сүйрөлгөндүктөн буттары, далылары сыйрылып кетиптир. Кан агып, топурак аралашып катып калыптыр. Ордунан туруп келатып өзүн кармана албай кайра чалкасынан кулады. Атка катуу сүйрөлгөндө денелери таштарга тийсе керек, таптакыр кыймылдаганга мүмкүнчүлүк бербейт. Убакыт түштөн ооп кетиптир. Ал чалкасынан жаткан боюнча чайттай апачык бир булуту жок көпкөк асманда карады. “Оо Кудуретүү Күчтүү Кудайым мага байлык тартуулабай эле азапты тартуулагансың го. Мына ушунчалык көп байлыктын ээси болгонум менен канчалаган гана анын кордугун тарттым. Өмүр бою алтындарын азабын тартып жүрүп убайын көрбөй өтүп кетемби? Кандай адамдар анча-мынча алтын колго тийсе бат эле байып кетишет. Ушунча байлык менен жүрүп эл сыяктуу бай жашап, малай жумшап, эки-үч жерге үй салдырып, короо-короо мал күтүп, эки-үчтөн аял алып, эмне үчүн башкалардай жашай албайм, эмне үчүн?” Ал чалкасынан жаткан боюнча ызаага буулугуп көздөрүнөн жаш шорголоп атты. Көрдөн чыккан адамдай болуп топурак кан аралашкан көйнөк-дамбалы ар кайсы жеринен айрылып кеткен болчу. Онтолоп бир топко кыйналып жатып араң дегенде ордунан турду да айланасына көз жүгүрттү. Ээн талаа, эрме чөлдө калгандай айланасында бир да тирүү жандык көрүнбөйт. Анан асманды бир карап Кудайга жалынып алды да бет келди темчелей басып жөнөдү.


Сенин журогундун Жарыгы..


#20 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 06:54

ТҮНДӨГҮ КАЧКЫНДАР

(бүгүнкү заман)

 

-Эң жакшы, мен силердин макул болооруңарды билгем, ошондуктан эч кимге тийгиздирбей өз жайыңарга койбодумбу. –Хамид тиги экөөнүн ийиндерине колун коюп өзүнүн ыраазычылыгын билдирип жатты. “Жалгыз дарак токой болбойт” дегендей баары бир экөөңөрдүн колуңардан эч нерсе клмек эмес туурабы. Мындай иштерге атайын топ түзүп алып туруп анан аракет кылыш керек, антпесе болбойт. Кудай буюрса жакында биздин кожоюнубуз келет Кабул жактан. Ошого чейин атайын тандалма ишенимдүү кишилерден топ түзүп, бардык нерсеге даяр болуп турушубуз керек. Силерден жашырганда не, эми өз киши болуп калбадыңарбы, мына жакында күз айларында Орто Азия аркылуу эң күчтүү баңги заттарды Европага алып өтөбүз. Ошол менен кошул-ташыл ал жакта катылуу жаткан алдындарды дагы алып чыгып кетүүгө аракет кылабыз. Балким ага чейин эле кетип калышыбыз да мүмкүн. Анын аарын кожоюнубуз чечет, эми ал келгенде көрө жатарбыз. Ага чейин өзүңөрдүн келишим боюнча түзүлгөн мурунку жумушуңарды жасап, жигиттериңерди машыктыра бергиле, баарын мезгил көрсөтөт. Азырынча бошсуңар барып эс ала бергиле.

 

-Саид качкта аны көрсөк, жолуксак болобу?

-Саиддиби? –Хамид кабагын бүркөй эмне айтаарын билбей бир азга ойлонуп туруп калды. Анан калп жылмая экөөнүн жүздөрүнө үңүлдү.

 

-Эмнеге болбосун, албетте болот. Ал бир аз ооруп ооруканага жатып чыкты, азыр да дарыланып жатат. Бара бергиле аны өзүм жиберип жиберем, Хамид экөөнүн көздөрүн сынай карай акырын кетип калды.

 

Арадан жарым саат өтпөй Саид келди. Экөө аны тааныбай жатышып араң дегенде таанышты. Жыйырма күндүн ичинде аябагандай өзгөрүп кетиптир. Жаактары шимилип арыктап жүдөп, жалтыраган эле эки көзү калыптыр. Аксаңдап араң басып жүрөт. Чачын жаңы эле тегиздетип, мончого түшүп, сакал-муруттарын жаңы эле алса керек.

 

-Берчи тамекиңер барбы? –келе элек жатып эле ал экөөнөн тамеки сурады. Каля-калч этип түнү бою арак ичкенсип эки колу калтырайт.

 

-Биз экөөбүз тең тамеки чекпейбиз...

-Аа-аа, -ал чөнтөктөрүн сыйпалап жатып тамеки таап алды да клач-калч эткен колдору менен эптеп күйгүздү. Анан аны дембе-дем соруп кирди. Алар кечээгү эле адамынын таптакыр бат эле башка киши болуп өзгөрүп кеткенине таңгалып бир топко унчукпай карап турушту.

 

-Сага эмне болгон Саид? –экөө тең ага суроолуу карады. Дүлөй кишиче ал эч нерсени укмаксан болуп бир топко турду да анан ооз учунан араң “күңк” этти.

 

-Мага эч нерсе болгон жок, катуу ооруп калып ооруканага жатып чыктым, -анын бир нерсени жашырып жатканы сөздөрүнөн эле байкалып турду. Ары-бери өткөн Хамиддин кишилери тоскоол болуп аткандыктан үчөө жакшылап сүйлөшө алгышкан жок.

 

Экөө өз иштери менен алек боло атайын дайындалган кишилерин машыктырып жүрүштү. Бирөөсү чыгыш элдеринин мушташуу ыкмарын, экинчиси болсо таамай атуунун жолдорун. Үчөө кез-кез жолуга калышып, кыска-кыска сүйлөшкөндөрү гана болбосо алардын үстүлөрүнөн көзөмөл салып жүргөндөр кенен-кечир сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бербей атышты.

 

Арадан жарым ай өткөндө Хамид өзү баш боло “кожоюн” келди деп баары дүрбөп калышты. Кара Мерседес машинадан түшкөн, бою эки метрдей, көлөмдүү, далдайган, кара-торусунан келип сакал-муруттары өскөн, аскердик талаа формасын кийген кишини баары жабыла тосуп алышты. Анын баскан-турганы Кубанын жол башчысы Фидель Кастрону элестетип турду. Кыймыл-аракети сүрдүү көрүнгөнү менен тосуп алгандардын баардыгына жылмая карап кол алышып учурашып жатты.

 

Хамид кол алышкандардын ар бирин аны менен тааныштырып үшгүрүүдө. Ал Кахар менен Каныбекке келгенде бир азг буйдала түштү. Ортодо Хамид чебелектей бир нерсени түшүндүрүп жатты.

 

-Баягы мен айтып жаткан жигиттер ушулар. Бирөөсү чыгыш элдеринин мушташуу ыкмаларын эң жакшы өздөштүргөн кара пояс, экинчиси болсо көзгө атар мерген. Экөө тең кыргыз жергесинен келишкен. Тигил кыргыз –аты Абдурасул, ал эми экинчиси болсо бул жактын эле жигити улуту афган, аты Кахар.

 

-Үчүнчү жигит каякта?

-Саидби, -ал өз бөлмөсүндө эс алып жатат, бул жакка келе алган жок, ооруп калыптыр. Ал эч нерсе деп башка сөз сүйлөгөн жок, унчукпай ары көздөй асып кетип калды. Афгандагы эң күчтүү, атактуу мафиянын бири болгон, ошонун кожоюну Рашид Файзабад шаарында бир аптадай жүрүп кетти. Ушул убакыттын ичинде Хамиддин кишлери менен эки жолу чогулуш жасады. Кыргызстандагы жашыруун алтындар туралуу бир да жолу сөз болгон жок. Баңгизаттарын Орто Азия аркылуу кантип алып кетүү жөнүндө гана пландар айтылды. Хамид да аны менен жүрүп Каыбек менен Кахарга жолукканга мүмкүнчүлүк ала алган жок.

 

Кожоюн кайра Кабулга жөнөп кетээри менен эле Хамид Каныбек менен Кахарды өзүнө чакырып алды.

 

-Иштин баары таптак чыктык. Алтындары алып келүү боюнча он кишиден турган атайын топ түзүлмөй болду. Алардын ичинде силер экөөңөр, Саид да бар. Кудай буюруп жолубз болсо күзгө жетпей эле кетмей болдук кыргыз жергесине. Ал эми баңгизаттарга биздин эч тиешебиз болбойт, аларды башка топ алып өтүшөт. Түшүндүңөрбү ага чейин даяр болуп тургула, кетээрибизге аз калганда өзүм эскертем.

 

Ошондон кийин Хамид тигилерге бат-бат келчү болду. Алардын бөлмөсүнө кирип бир-эки сааттай сүйлөшүп отуруп кетет.

 

Арадан бир аптадай өткөндө Хамид жумуштары менен Кабул шаарына жөнөп кетти. Кырдаалдан пайдалана экөө Саидди акырын өздөрүнө чакырып алышты.

-Жашырбай чыныңды айтчы Саид, казынанын картасын аларга бергениң чынбы?

-Ооба бергем, мажбурлап алып коюшту, мени дээрлик үч аптадай тозокко алып барып кайра алып келишпедиби. Ооруканага жатып чыктым деп жөн эле айтып койгом. Алар мени силерге “эч нерсе айтпа, ооруканада ооруп жатып чыктым” деп айт” деп мажбурлашкан.

 

-Демек алар казынанын кожоюну болуп калышкан экен да, биз алар үчүн анча деле роль ойнобой калган турбайбызбы.

 

-Жок, азырынча биздин кадыр-баркыбыз алардын алдында кете элек. Анткени карта толугу менен чийилген эмес, тигилер түшүнбөгөн табышмактуу жерлери бар. Биз аларга баары бир керекбиз. Силер болсо ал жактын жер-шартын, жергиликтүү элдин тилин жакшы билесиңер. Биздин көзүбүздү тазалаганга али эрте.

 

-Карат кимде?

-Хамиддин өзүндө, балим аны Кабулга Рашид өзү менен кошо алып кетиши да мүмүкн. Жакынкы аралыкта бир же эки айдан кийин жөнөп кетебиз деп атышпайбы.

 

-Бизде бир жакшы ой бар, анан мүмкүнчүлүк болуп турат Саид, эгер сен аны туура түшүнсөң. Алтынды кыргыз жергесинен алып чыгып кеткенден кийин булар баары бир бизди соо коюшпайт. Ар кандай жолдор менен акырын билгизбей өлтүрүп коюшу мүмкүн.

 

-Мүмкүн эмес эле, бул ишке барышаары айдан ачык.

-ОШондуктан темирди кызуусунда согуш керек.

-Эмне айтайын деген оюңар бар?

Үчөө жашыруун угуучу аппараттан аябай сак болуп калышкан эле. Бул жолкусунда да жан жерлерин дагы бир сыйра текшерип чыгышты.

 

-Азыр бизде мүмүкүнчүлүк, кырдаал жакшы болуп турат, колдон келсе үчөөбүз бул жактан качып чыгышыбыз керек.

-Кантип, ал мүмкүн эмес да?

-Мүмкүн, толук мүмкүн. Бүгүн түнү качып чыксак, бизди Афганстандын кайбы бир бурчунан таба алышат. Машине менен болобу, ат менен болобу, поезд менен болобу, жөө болобу иши кылып эч кимге шек алдырбай жүрүп отурабыз түндүк тарапка. Эптеп Тажикстанга жетсек ал жактан Кыргызстанга оңой эле өтүп кетебиз. Эң башкысы кармалбасак эле болду.

-Эгер кармалып калсакчы? Бизди өлтүрүп коюшат го.

-Өлтүрүшпөйт, бирок качып кеткендигибиз үчүн катуу жазалашат жана катуу эскертүү беришет.

-Кантип качабыз?

Файзабад шаарынын чет жакасында май куючу станциясы бар эмеспи бүгүн түнү саат экилерде ошол жерден жолугушабыз. Биздин Хонда машинебиз ошол жерде болот. Машинеге май куюп алып жөнөп кетебиз. Калганын, Кудайыбыздын башка салганын көрө жатабыз. Сүйлөштүкбү?

-Сүйлөштүк.

-Тобокел кылып көрөлүбү? Антпесек болбойт.

-Тобокел.

-Анда бүгүн түнү саат экиде май куючу жерден жолугушабыз.

 

Алар ошол боюнча тарап кетишти.

Түнкү саат экилерде Каныбек менен Кахар Саидди чыдамсыздык менен күтүп отурушту. Саат экиден эбакта эле өтүп кетти. Саатын кайра-кайра караган Каныбектин тынчы кете баштады.

 

-Саидге эмне болду, шек алдырып коюп кармалып жатабы же биз менен баргысы келбей айнып калдыбы?

-Ким билет, күтө туралы дагы, ал келбесе диз дагы артка кайтууга туура келет.

Арадан дагы он беш мүнөт өткөндө жанталашып чуркап келаткан Саиддин карааны көрүндү. Ал күшүлдөп-бышылдай эптигип жете келди.

-Тигил жактан кармалып калбадымбы. Өчөшкөндөй бөлмөгө кишилер келип отуруп алышпадыбы. “Кеткеиле уктайм” деп араң чыгардым.

Көп өтпөй эле “Хонда” машинеси асфалть жол менен түндүктү карай зымырап кетип бара жатты.


Сенин журогундун Жарыгы..



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар