Перейти к содержимому


Фото

"Кара пояс" 3-китеп


  • Please log in to reply
темада 53 жооп бар

#41 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 20 May 2015 - 07:02

ЖЫГАЧ ҮЙДӨГҮ КАНДУУ ОКУЯ

(мурунку заман)

 

Тайга, учу-кыйры жок калың токойлор, батыш-чыгышы, түндүк-түштүгү каякта экенин билбейсиң. Анын үстүнө бул жакта кар да аябай калың түшөт, бир жасса жумалап жаап туруп алат. Бул мезгилде карышкырлардын уусу башталат. Топтошуп алышып көздөрүнө көрүнгөн жан жаныбарлардын бардыгына кол салышат. Керек болсо багыштарга чейин туш-туштан качырышып чабуул коюшат. Кар калың түшкөндө коёндордун эле шору, бийик карды жиреп чуркай алышпай бат эле чарчашып жырткычтардын жеми болуп беришет.

 

Иттердин үргөнүнөн, кишилердин бакылдаган добуштарынан төртөөнүн тең көзү умачтай ачылды. Жыгач үйдүн тешигинен карашып артынан кууп келишкен куралчан куугунчулар экенин көрүштү. Бакылдашкан үндөр тигилерге даана угулду.

 

-Алар алыска узап кетишкен жок, же ушул жыгач үйдө же бизден анча алыс эмес жерде эле кетип бара жатышат. Кана Никола ичин кирип текшерип чыкчы, -башына түктүү папах кийген сакалчан киши жанындагылардын эң кичүүсүнө ээк кагып жумшады. Ал атынан жерге түшүп атындагы мылтыгын алды да үйдү карай суна акырын жылып жөнөдү.

 

-Ушундай болорун билгем акры кууп жетишти, -Александр ары жакта жаткан союлду алды. Сырттагы мылтыкчан жигит жыгач үйдүн оозуна келди да токтой калып болгон күчү менен кыйкырды.

 

-Ким бар ичинде чыккыла!

Жыгач үй тымтырс болур эч кандай тирүүлүктүн белгисин билгизбей турду. ТИгил кайрадан кыйкырды.

 

-Чыккыла, болбосо азыр атым.

Жымжырт, ары жакта ат үстүндө тургандар каткырып күлүп калышты.

 үй тымтырс болур эч кандай тирүүлүктүн белгисин билгизбей турду. ТИгил кайрадан кыйкырды.

 

-Чыккыла, болбосо азыр атым.

Жымжырт, ары жакта ат үстүндө тургандар каткырып күлүп калышты.

 

-Эмне киргенден чочулап жатасыңбы? Качкындардын эч кандай куралдары жок, коркпой эле ккой. Намысына келе түшкөн жигит үйдүн эшигин буту менен тээп ачты. Ичиндегилердин бардыгы үйдүн бучтарына жашынып калышкан болчу.”Чщ-щ” акырын дегендей сөөмөйүн ээгине такап ордуңардан былк этпегиле деп Александр тигилерге белги берди. Анан союлду оңдой кармап эшиктин бурчуна жашына чабуулга даярданып турду. Бирок, союлду акырын бурчка коюп сырттан жаңыдан баш багып келаткан уланды оозунан басып ары жетелеп кетти.

 

Күчкө салып туруп моюнун катуу, ылдам бурап койду эле алиги жигиттин колундагы мылтыгы жерге түшүп кетти да өзү жерге шалк этип кулап түштү. Улукбек мылтыкты алганга үлгүрдү, сыртта турган атчандар да бир нерсени сезишкендей асынып турган мылтыктарын чече башташты.. Аңгыча үй тараптан “тарс” деген мылтыктын үнү чыгып куугунчулардын бири өбөктөп, эрдинен кыйшая берди. Куугунчулар бешөө болчу үчөө калышты. Алар үстөкө босток жыгач үйдү тарсылдатып аткылап киришти. Ичиндегилер ар кимиси жандарын ала качышып далдоо жерге жашынышты. Улукбек мылтыгын октоп жаңыдан эле жылчыктан мээлей баштаганда оң жак ийнине ок жаңылып колундагы мылтыгы ыргып кетти. Сырттагы аткылоо бир азга басаңдай түштү, анан алиги сакалчаны кыйкырды.

 

-Эгер жашагыңар келсе, жан керек болсо, сыйыңар менен чыгып бергиле, болбосо үйдү өрттөп тирүүлөй күйүп кеесиңер!

 

Улукбек ийнин басып кансырап жаткан эле, мылтыкты Алексей акырын алды да жылчыктан сырт жакты карады. Бирөөсү аттын ээрине сүйөлгөн боюнча калыптыр, калган үчөө аттарынан түшүшө жыгач үйдүн үч тарабына чыгышып курча алышты.

 

-Акыркы жолу эскертем, өз эркинер менен чыгасыңарбы же...?!

Досан деген казак жигит босогодо өлүп жаткан солдаттын кыныдагы кылычын акырын сууруп алдыү Үйдүн ичиндегилердин эч кандай белги атүгүл шыбырт деген да дабыш, кыймыл болбогондуктан алиги сакалчан өрт кой дегендей жанындагылардын бирөөсүнө белги берди. Анысы чүпүрөк оролгон жыгачты күйгүзө албай бир топко убараланды. Акыры аны күйгүздү да, жыгачтары чирип калган эски үйгө жакындап келип ар кайсы жерине от коё баштады. Терезенин түбүнө от коюп алаксый түшкөндө күтүлбөгөн менен тигини моюнга сайып калды. Сыртта аңдып турушкан экөө кайрадан үстөкө-босток актылаганга өтүштү.

 

-Алар экөө эле, биз төртөөбүз, эмнеге үйдө корголоп турабыз. Аларды жөн гана жайлаганга мүмкүнчүлүгүбүз жетет да, боллбосо бул жерде тирүүлөй күйүп өлөбүз,-Алексей аларды демитти эле Досан дароо эле кылычын артына жашыра сыртка атып чыкты. Калгандары анын жолун жолдошту, үй ичи түтөй акырындап дем алганга мүмкүн болбой бараткан болчу.

 

-Жан соолга, атпагыла биз багынып беребиз,-өтө чукул келип калган Досан бирөөсүн баса жыгылды. Артында келаткан Алексек экинчисин атып жиберди. Ал дагы жооп кылып ок атканга үлгүрдү бирок ок эч кимге тийген жок. Досан менен сакалчан киши экөө карга оонаша кармашып жатышты. Арл карылуулук кылып Досанды алдына оодара басты эле желкесине тийген мылтыктын кундагы оңкосунан сулатты.

 

Баарылап жабыша бешөөнүн өлүгүн чуңкур жерге сүйрөп барып ташташты да үстүлөрүнөн билгизбей кар менен көмүп салышты.

 

-Жырткычтар эле бир нерсенин жытын билип, казыр алышпаса булар эми ушул боюнча кар алдында жазга дейре жатышы мүмкүн, -Алексей өзүнчө чокунуп койду. Өлгөндөрдүн бут кийимдерин, куралдарын алышты. Ок Улукбектин оң ийнине тийип кан көп кетип калгандыктан араң жан кыймылдай алсырап жатты. Алексей олжого түшкөн кийимдердин бирөөсүн айрып жиберип кан акпагандай кылып жакшылап таңып берди. Акырындап аба-ырайынын да өңү бузула баштаган эле. Кар аралаш борошолоп, шамал улуй баштады.

 

-Кой кеттик дагы куугунчулар жетип келише электе жолго чыгалы. Жол алыс алдыда дагы кандай кыйынчылыкта турат ким билет.

 

Куугунчулардын аттарын кармап алышып төртөөнө төртөө миништи, ал эми бешинчи атка болсо өздөрүнүн анча –мынча жүктөрүн арта салышты.

 

Биринин артынан бири ээрчишкен аттчандар өздөрүн карай уруп жаткан борошону жирей бирде коюлап, бирде суюлуп бараткан токойлорду аралап аттарын ылдамдата бастырып жүрүп отурушту.

 

-Куугунчулардын келгени бизге жакшы болду, -жол карата Алексей тигилерге сүйлөп баратты, -Кудай буйруса эми атчан өлбөйбүз, алдыбызда аттар бар, жолубуз да шыдыр кетет. Жапайы жаныбарларды атып алганга мылтык деги бар. Айда кетсе бул беш аттын бирөөсүн союп запастан эт камдап алабыз. Качкындардын бул жоруктарын жактырбагандай уулуган шамал улам күчөп карларды учура ал аз келгенсип шамалдын ылдамдыгына кошула карлар да катуулап жаай баштады.


Сенин журогундун Жарыгы..


#42 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 29 May 2015 - 10:04

КУРАЛДУУ ТОПТОРДУН КАГЫЛЫШЫ

(бүгүнкү заман)

 

Эртеден бери төмөн жактагыларды дүрбү менен кунт коюп карап турган Каныбек тынчсыздана өзүнчө ойлоно кетти “биздин бул жакта экенибизди биздикилер билишеби. Менин шашылыш кабарым Садыр Карабаевге жетти болду бекенби. Эгер жетпей калсачы? Бирок бул аймакта деле биздин чалгынчылар топтор бар да. Кантип эле алар биринин артынан бири ээрчишип баратышкан чет элдик машинелерди көрбөй калышсын”. Бир кезде дүрбү менен Каныбек өзүнө тааныш адамдын караанын көрө койду. “Стоп, бул Хамид эмеспи?” ал жакшылап алиги караанды кунт коюп карады. “Демек жогору жактагылар ошолор экен да. Саид көрүнбөйт го ал каякта болду экен, же машиненин ичиндеби?”

 

Анын кыймыл-аракетин байкаган Ибрагим сурай кетти.

-Эмне бир нерсе байкадыңбы жогору жактагылар Хаиддин кишилери бекенби?

Калп айтканын кыраак жетекчи баары бир билип алмак.

-Тээ аркы четки машиненин жанында турган караанды көрдүңбү,  жакшылап карасаң дүрбү менен...

-Кана, оң колун өйдө көтөрүп атканбы?

-Ооба.

-Көрдүм.

-Ошол бул топтун жетекчиси Хамиддеген афганец киши.

-Саид каякта?

-Анысы көрүнбөйт.

-Жакшылап карап тап Саидди. Хамид бул жерде болгондон кийин Саид да бул жерде сөзсүз болушу тийиш.

-Жакшылап эле карап атам көрүнбөйт.

-Жакшылап кара, көзүңдү чоң ачып, сен аны менден жашырып жатасың.

Анын мындай оройлугу Каныбекке жакка жок, сыр билгизбей төмөн жакты караганын уланта берди.

Бир кезде жогору жактагылардын экөө бөлүнүп алдыга чыкты эле, төмөн жактагы топтордон да экөөсү алдыга озунуп чыгышты. Сыягы эки топтун ортосунда сүйлөшүү болгон окшойт. Жогору жактагы экөө төмөмн карай төмөндөгү экөө жогору карай бири-бирине жакындап келе жатышты.

 

-Төмөн жактагыларды карачы, ммилиция кызматкерлери эмеспи?

Ибрагим кайра-кайра эле болбогон суроолорду бере бергенине Каныбек анча жактырбай турду.

 

-Милиция кызматкерлери болсо тигинтип машинелерин төмөн жакта тизип коюп жекеме-жеке сүйлөшүшпөйт болчу. Эгер алар болсо буларды бул жакка жеткирбей эле туткундамак. Булар кандайдыр бир башка куралуу бандалар тобу.

 

Сүйлөшүүгө келгендей бири-бирине эки-үч кадамдай жетпей токтошту. Өздөрүнчө бир нерселерди сүйлөшүп жатышты. Сөз

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

176-бет ушул жерден үзүлдү Калган 177-178-беттердин башталыштарынан жарымы жок экен.

 

177-беттин жарымы.

 

 

 

Алардын ар бир кыймыл-аракетин дүрбү менен карап турган Ибрагим эч нерсе түшүнбөй ийнин күйшөдү.

 

-Эки жактын тең түрлөрү жаман, эмне эки жаат болуп согушканы жатышабы?

 

Ибрагим жаңылбаптыр, төмөн жактагылар туш-туш жакка чачыраша өздөрүнө ылайыктуу жашынууга жерлерди, таштарды ээлей башташты. Ошол мезгилде жогору жактагылар да ар кайсы коңулдарга, таштарга жашынып башташты.

 

-Булардын түрлөрү бузук, бирок тил табышпаганы кайра бизге жакшы болду. Тим коюп акмалап туралу бирин-бири жеп ташташсын. Анан аман калгандарын биз жоготобуз, -Ибрагим бир нерсеге ыраазы болгондой өзүнчө кубанып жатты. Эки жактагы куралдуу топ бири-бирине ок чыгарганга даабай турушту.

 

-Булар эмне кайра элдешкени жатышабы? Азыр карап тургула кагылыштын кандай болоорун мен баштап берейин Ибрагим бир жерге жашынып туруп автоматы менен асманга

 

 

 

 

Ушул жерден 177-бет аяктады 178-бетин дагы баш тарабы жок. Айрылгандан калган жеринен баштап жазам.

 

 

 

Гранатамёттор атылып, машинелер үстөккө-босток жарыла капчыгай ичи өрт аралады. Тээ тоо арасындагы капчыгай ичинде өзүнчө эле бир алаамат болуп жатты. Алардын атышкан үндөрү Көл тараптагы айылдарга да жетип, болор-болбос угулууда.

 

Машинелердин жанында өлүп жаткан караандарды көрүп Каныбек өзүнчө сары-санаа болуп кирди. “Бул кандуу окуя жакшылыкка алып барбайт, кандай болсо да биздикилерге кабарлаш керек...”

 

Төмөн жактагылар таш короону курчоого алып алышты.

-Эң жакшы, азыр таш короонун ичинен кызыл-кыргын башталат, дүрбү менен төмөн жакты карап турган Ибрагим таптакыр эле окуяга баш-оту менен аралашып кирип, берилип кетти. Бул мезгилде Каныбектин эс-дартынын баары таптакыр эле башка жакта болчу. “Иш чатакка айланып баратат, канткенде биздикилерге кабар берем?” – ал акырын ордунан козолду да ары көздөй басып кетти. Анын ордунан жылып кеткенин эч ким байкаган жок. Каныбектин эс дартынын баары эле алыскы аралыкта сүйлөшчү мобилдик  телефон алып жүргөн сакалчан кишини табуу эле. Эртеден бери аны өзүнүн бутасына алып койгон болчу. Ал кишинин кайсыл жерде жашынып турганын жакшы билчү. Анча бийик эмес жарчаны айлана анын артынан барды. Ал дагы төмөн жакты дүрбү менен карап туруптур. Анын жанында жаткандар төмөнүрөөк түшүп кетишиптир. Каныбек аны артына бурулганга үлгүртпөй колунун кыры менен желкеге эсин оодара чапты. Анан дароо белиндеги телефонун чыгарып ала коюп ошол жерден эле борбор менен байланышып кирди.


Сенин журогундун Жарыгы..


#43 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 29 May 2015 - 10:04

УЛУКБЕКТИН АКЫРКЫ КЕРЕЗИ

(мурунку заман)

 

“Жол азабы көр азабы” деп тегин айтылбаса керек. Учу-кыйры жок мухитте адашып жүргөн кайык сыяктуу баш-аягы көрүнбөгөн тайгынын ичинде, тизеге жетчү калың карда жолдо төртөө эмне деген гана азаптарды көрүшпөдү.

Жгенге жем чөп жок аттары четинен ачкадан өлүп отуруп, акыры кайрадан жөө калышты. Кыйналганда да баарынан Улукбек көп кыйналды. Ок тийген ийнинен кан көп кетип калган болчу, анын үстүнө борошо, бороон-чапкынга карама-каршы жол жүрүшүп ок тийген жарасын да суукка урунтуп алган. Оң жак ийни кийимине батпай чытырып шишип кетти. Өлгөн аттардын эттерин союп алышып, эптеп сүйрөгөнгө окшоштурушуп жыгачтан чана сыяктуу кылып бир нерсе жасашып сүйрөп алышка. Акыркы аты таптакыр баса албай калганда аны да союшуп этин ошол чана ичине салышып, өздөрү сүйрөөгө туура келди. Дайыма жанында артык баш азыктары болбосо тайгадан чыгып кете алышпайт болчу. Оттуктары да түгөнүп, байыркы доордогулардын ыкмасына салышып жыгачтарды өйкөлөп түтөтүп күйгүзүп алып атышты. Тузу жок эт жешкендиктен баары тең ак шишик тартып кетишти.

От жагып коюшуп түндөсү талаага түнөп жүрүп отурушту. Бир-эки жолу эски ээси жок жыгая үйлөргө түнөштү. Дагы бир жолу ач карышкырдын тобуна кагылышып, алар да көпкө кетишпей алардын арттарынан ээрчишип жүрүп отурушту. Мылтык менен аткылап атышып акыры кууп жиберишип, анан араң эс алышты. Ок тийип өлгөн карышкырлардын терилерин сыйрып, кийимге ылайыкташтырып жамынып алышты. Улукбектин абалы уламдан-улам начарлап баратты. Акыркы мезгилдерде чана сүйрөмөк турсун өз кара жанын араң-араң алып, тигилерден калышпоого аракет кылууда. Анын көзүнө учу-кыйры жок тайга дегеле түгөнбөчүдөй өмүрү ушул токойлорду аралап жүрүп өтчүдөй көрүндү.

 

-Ээ Кудайым ушул ээн талаа, калың токойлордун арасында калтырбай жергеме жеткире көр” Улукбек баскан-турган сайын Кудайга сыйынып, тигилерден кем калышпоого аракеттенүүдө. Анткени уламкысын улам анын ахывалын кыйындап бара жаткан эле. Акыркы күнү өзүн араң –араң алып бара жатты. Кулап кетсе кайра тура албачудай болуп алтындардын деми менен чымырканып, тиштенип жүрүп отурду. Ага өзүнүн жердеши Ферганалык Абдылда көбүрөөк каралаша, кээде колтугана сүйрөп басканга жардам беришип, өзүнүн кыйналганын эч кимге билгизген жок.

 

-Чымыркан Улукбек аманчылык болсо бул токойдон да чыгабыз, өз жерибизге жетебиз. Эркиңе моюн сунба, алдырбы, -Абдылда ага кайрат бере көңүлүн көтөрүүгө, жооткотууга бир канча жолу аракет кылып көрдү. Акыры Улукбек басканга дарманы келбей калгантыктан аны Абдылда чанага жаткызып алып, өзү сүйрөп жүрүп отурду. Ал чарчаганда беркилер да жардамдашып атышты. “Эмне, мен Күнөстүү, жылуу жерде көмүлүп жаткан алтындарым, эбегейсиз байлыгым эмне болот. Ээ Кудайым башкасына жеткирбесең да алтындарыма жетире көр. Аларды дагы бир жолу көрүп алып анан өз жергемде алтындарымды кучактап өлсөм арман жок эле”.

Калың токойдон чыгышып дагы бир аз жол жүрүшкөндө аттардын, чаналардын издерин көрүшүп, бардыгы аябагандай кубанышты.

 

-МынаКудай буюрса элдерге аралаштык. Ушул жол менен жүрүп отурсак кыштактарга туш болобуз.Аларга жетсек жолубуз уланат андан ары –Александр тигилерге түшүндүрүп жатты, -Бул жакта орустардан башка улуттар бар, чукча, калмак, ыкут дагы ушул сыяктуу көп элдер жашашат, бугу менен гана сүйрөтүп жүрүшөт. Эч кимге жамандыктары жок, эптеп ошолордун кыштагына жетсек, ал жерден кичине оңолуп алып, бир аз эс алган соң анан сапарыбызды андан ары улантабыз.

Алар бир аз эс алышты да чачнын издери менен жүрүп отурушту. Үч күн жол жүрүшкө соң бардыгынын алдары кете кар үстүнө сулк жатып калышты. Улукбектин оорусу күчөй кез-кез жөөлүй баштаган. Токойдун чырпыктарын сындырып келишип бир жерге отурукташа от жагышты да анча-мынча шам-шум этише бири-бирине ыкташа от табына үргүлөй кеишти. Кезек менен уламдан-улам чырпыктарды отко ташташа таң атырышчу.

 

Ошо түнү таң атканча Улукбек уктабай өзү менен өзү сүйлөшө кыйналып чыкты. “Мынакей алтындарга эбегейсиз зор байлыкка күтүүсүз жерден кабылганымдан бери канча мезгил өттү. Ушул алтындар жыргал турмуш алып келбей эле канчалаган азаптарды, өлүмдөрдү, кыйынчылыктарды алып келди. Максүт экөөбүз дервиштик кылып жүргөндө эч кандай сары-санаа жок эптеп күнүбүздү өткөрүп жүрбөдүк беле. Ьалээнин баары ошол экси калмактардын кмүрзөсүнүн үстүнөн башталбадыбы. Карышкырлар болбогондо экөөбүз күнбөздүн үстүнө чыкпайт да болчубуз. Мындай балээге кабылбайт да болчубуз. Эмкиче экөөбүз чогу жүрмөкпүз. Ал дагы ушул алтындардын кесепетинен ээн талаада башы денеси кылыч менен шылынып, адамча көмүлбөй талаада калды. Ушул алтындын азабынан мен өзүм да канчалаган өлүмдөрдөн аман калдым. Өмүрү киши өлтүрбөй Кудай жолу менен жүргөн адам элем, мобул колум менен канчалаган гана адамдарды бу жарык дүйнө менен кош айтыштырдым. Ушулардын баардыгы алтындын азгырыгы, кесепети. Ушул алтындын азабынан тентибеген жерим калган жок. Канчалаган гана кишилерден тепки жеп, өлүп кайра тирилдим. Эч жерге жатпай көрүнгөндөн куугунтук көрүп акыры мына ата-бабам өмүр көрбөгөн ызгаар суукту, калың кардуу токойлордун арасында же тирүү эмес же өлүү эмес, адам сапатынан кетип, өзүм басканга жарабай башкаларга көз каранды болуп калдым. Эгер мен болбосом “алтын азгырыгы болбосо Жолон мерген да өз күнүн көрүп жүрө бербейт беле. Керек болсо анын өлүмүнө мен күнөөлүмүн. Аны мен азгырбадымбы. Бул алтындар мага кыйынчылык, азап-тозоктордун баарын алып келген болбосо мага эмне жакшылык алып келди.Балким бул алтындар болбогондо менде жашоо-турмуш башкача болот беле?”

Айланага таң куланөөк тарта жарык кире баштаганда бардыгы ордуларынан козголуша өчүп бараткан отту кайра жандырышып бир сыйра шам-шум этип алышты. Улукбек тамактан ооз тийген да жок, эки күндөн бери оозуна нан ала элек болчу.

-Жок дегенде оозуңа наар алыып шам-шум этип алсаңчы. Бул кейпиң менен жерибизге жетпей каласың, -Абдылда жан аракетке түшө Улукбекке үйрүлүп түшүп атты. Бардыгы ордуларынан туруша кызарып турган чокту ошол бойдон калтырышып, кайрадан жолго чыгышты. Абдылда Улукбекти чанага жаткыра өзү сүйрөп бара жатты. Түшкө жуук Улукбек эсине келип-келбей катуу жөөлүй баштады. Үчөө анын үстүнө карышкырдын терилерин жаап коюшту. Абдылданын айласы кете кайра-кайра эңкейе анын жүзүнө, көзүнө карай бетине кар шыбап эсине келтирүүгө бир канча жолу аракет кылып көрдү.

 

-Улукбек көзүңдү ач, аман болсок, азыр кыштакка келсек ал жерден эс алыбалып сени айыктырып алып анан жергебизге жетебиз, -ал өзүнчө эле сүйлөнө берди. Бир кезде Улукбек эсине келе акырын көзүн ачты, анан маңдайында турган Абдылданы көрдү. Оозун араң-араң кыбыратып сүйлөдү.

-Абдылда..., канча калса да сен менин жердешим эмессиңби. Сага айта турган керезим , сөзүм бар эле, жекече өзүңө гана айта турган. Мен баары бир жергеме жете албай калдым, муну жекече сага гана айтам..., -Удукбек акырын айланасын акөз жүгүрттү. Анын жанында турган Досан менен Алексей түшүндүк дегендей обочороок басып кетишти. Улукбек кыйналып бир топ сүйлөй албай турду. Анан акырын кайрадан көзүн ача Абдылданын көзүнө тике карады.

-Мен баары бир кыргыз жергеме жете албай кадым...., арман күн, ал кайра көзүн жууп оор дем алып атты, көздөрүнөн салаалап жаш агып атканы көрүнүп турду. Бир аздан кийин кайрадан жөөлүп барып оңолду. Акырын көзүн ача бет маңдайындагы Абдылданы көрүп акырын башын көтөрүп баратып кайра жыгылды. Бир кезде бир нерседен чочугандай көзүн бакырайта чоң айты да болгон күчүн жыйнай тез-тез сүйлөөгө аракет кыла баштады.

-Кыскасы мындай Абдылда, мени ажал тооруй баштады, менин сага айтаарым Сары Өзөн Чүй боорундагы Токмок деген жер бар. Ошонун түндүк тарабында Бурана деген бийик мунара бар. Андан ары ат менен жүрүп отурсаң бир чай кайнамдан кийин тоолорго жетпей калың бийик өскөн чийлер бар. ОШону аралап кирсең жыйырма кадамдан кийин бийик өскөн кош чийден эки кадам оң тарабында чоңдугу бир кулач келген жумуру боз ташты көрөсүң. Таштын бетинде чийилген ачакей белги турат. Ошол ташты ары жылдырып тизеден өйдө казсаң бири-бирине тыкан жайгаштырылган каптар бар. Санай келсек он жегиздей кап болот, бардыгы он эки мүшөк болчу, аны аттарга ылайыкташтырып он сегиз кылып бөлүштүргөнбүз. Анын ичинде алтындар бар... Кайсыл алтындар деп ишенбей таң калып жатасың го, ал алтындардын тарыхы тээ Кокон хандыгынын мезигилинен башталат. Кыргыз кыпчактар көтөрүлүш чыгарышып Кызыл-Үңкүрдү курчап алышканда, азыркыга чейин издеп жүргөн Кокон хандыгынын казынасына алып баратышкан алтындардын бир бөлүгү. Кызыл-Үңкүр чебиде кызыл кыргын болуп Кокондун солдаттары менен кыргыздар салгылашып датышкан мезгилде кыргыздардын ондон ашык тобу чептен бул алтындарды жашыруун алып чыгышкан да шашылыш түрдө түн ичинде мүрзөлөрдүн арасындагы көрдүн ичине жашырышкан. Ошол мезгилде биз Максүт деген досум экөөбүз дервиштик кылып жүрүп, түн ичинде кокусунан карышкырлар тобуна кабылып, күмбөздүн үстүнө чыга калып, жаныбызды аман сактап калганбыз. Түн ортосунда кандайдыр бир караандардын шашылыш көр ичине бир нерселерди ташып атканын түн ортосунда күбө болуп карап турганбыз. Анан ошол топ атчандар шашылыш кайдадыр чаап кетишкен. Биз же тагыраак айтканда мен ага анча деле маани берген эмесмин. Жанымдагы жолдошум уктап калган болчу. Ошол түндөгү качкын топтордун баары жолдон Кокон хандыгынын жазалоочу отрядынын курчоосунда калышып, бир да калбай жан таслим болушуптур. Алардын бардынгын өлгөндөн кийин да баштарын кылыч менен шылый чаап аёосуз жазалашыптыр.

Эски калмактардын көрүстөнүнө эмне жашырганын да көргөн эмеспиз. Эртеси күнү жолдошум ыраматылык Максүткө айтып, түндө жаңы гана көмүлгөн көрдү кайрадан ачып карасак, каптарга толтура салынган алтындар экен...!, -Улукбек оор араң-араң дем ала бат-бат сүйлөөдө. Үлгүрбөсө да бир тобун айтып калууга, үлгүрүүгө аракет кылып атты. –Кыскасы ошондой, алардын андан кийинки окуяларын, тарызын айтып отурса сөз көп, мен айтып үлгүрө да албайм. Мен жанатан бери айтып аткан чий арасындагы катылуу алтындар ошол алтындар. Түн каттап, күндүз жашырынып алып баратканбыз. Ош, Фергана жактан качып, Көл жакка алып өтмөйпүз, анткени ал жакта алтындардын артынан ууга чыгыпиздегендер жок эмеспи. Кудайымдын буюругу, тагдыр ушул экен, ал алтындар мага буюрган жок. Канча жолу жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берди, бирок мен аны пайдалана алган жокмун. Канча калса да сен жергиликтүү эмессиңби, мен пайдалана калган алтындарды сен пайдалан, сен убайын, ыразатын көр. Эми менин сөөгүмдү талаага таштап кетпей бир жерге жашырып корумдап койгула. Бирден бир гана арманым, жериме жетпей калганым..., -ал дагы бир топ нерселерди айтмакча болду эле кырылдай көзү-башы аңтарыла колдору калтырай баштады. Кайра бир канча жолу эсине келип, кайра кетип бир топко кыйналды. Дагы бир нерсе айтайын деди эле сүйлөй албай койду. Анан көпкөк асманды караган боюнча сүзүлүп кете берди. Абдылда алаканы менен эки көзүн жаап койду. Ары жакта турган экөө да жүгүрүп жетип келишти.


Сенин журогундун Жарыгы..


#44 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 29 May 2015 - 10:04

ШАШЫЛЫШ КАБАР

(бүгүнкү заман)

 

Күтүлбөгөн жерден келген Каныбектин шашылыш кабары калаа ичиндегилердин баарын дүрбөлөнгө салды. Буга чейин да Садыр Карабаевге Балыкча шаарынын түндүк тарабына бурулуп биринин артынан бир ээрчишип кетип бараытышкан окшош чет элдик машинелер тууралуу д бир канча маалыман келген болчу. Бул мезгилде борбордон чет элдик машинелер менен деле биринин артынан бири ээрчишкен чоңдордун эс алууга баратышкан машинелери көп эле жолу өтүшчү. Шектүү көрүнгөнү менен балким Ак үйдө иштеген чоңдордун же депутаттардын машинелери болуш керек деп ойлоп койгон. Тек гана аңдууларду жүргүзгүлө деп буйрук берген. Тоо арасындагы капчыгай арасында эки жаат болуп атышып атышкан тырмактарынан тиштерине чейин катуу куралданышкан куралдуу топтор туралуу маалымат кеткенде баардыгынын шаштылары кетип калышты..  “Тез аранын ичинде келип калгыла” деп Каныбектин кабар бериши да жөндүү болчу. Анткени алтын оюнуна катышкан бандалардын чет элден келишкен куралдуу топтордун бардыгы ошол жерде экен. Кандай болсо да бардыгын ошол жерден курчоого алып эч жакка кетирбей кармап калыш керек эле. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберсе кечиримсиз иш болмок. Полковник Садыр Карабаев шашылыш түрдү өзүнүн орун басарларын, кызматкерлерин толугу менен чогултту.

 

-Кыскасы мындай, именно азыркы тапта, Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу тоо тарабындагы “Экспедиция”, “Таш-Короо”, “Үч-Чат” деген капчыгайларында көп жылдардан бери алтын артынан ууга түшкөн куралдуу топтордун өз ара кагылышуулары, атышуулары болуп жатат. Ал жакта биз идеп жүргөн Афганистан тараптан келишкен Хамиддин да куралдуу топтору, бизге карматпай куйруктарын түйүп кетиш жүрүшкөн Ибрагимдин да куралдуу бандалары, андан тышкары жыйырма беш же отузга жакын буттарынын тырмактарынан баштап тиштерине чейин куралданышкан кандайдыр бир белгисиз куралдуу топтор да бар экен. Хамиддин тобу менен ошолор өз ара тил табыша алышпай атышып жатышыптыр. Ал эми Ибрагим баштаган Каныбектин тобу аларды тоону эки тарабына жашынып алышып, төмөндөгү атышууларды байкап, аңдып турушат. Сыягы биз көп жылдан берки аракетибиздин “финишине” жакындап калдык окшойт. Тигилердин кимиси болсо да алтындарды жергебизден алып чыгып кеткенге үлгүртпөшүбүз керек. Мун үчүн тез арада куралдуу топ топтош зарыл. Кана кимдин кандай оюу бар?

Бардыгы кандайдыр бир секунд аралыгында жымжырт боло түшүштү. Төмөнүрөө жагында отурган мойор жигит үн катты.

-Ал жакка албетте машине менен жете албайбыз. Бизге биринчи кезекте вертолёттор керек, ар бир топ приблизительно жыйырма беш, отуз кишиден болсо, анда бизге элүүгө жакын куралдуу топ керек.

-Элүү аз.

-Анан канча адам керек дейсиңер?

-Кеминде эле жүзгө жакын адам топтошу зарыл.

-Анча адамды шашылыш кайдан топтой алабыз?

-Спецназдын кишилеинен жыйырма, Армиянын улуттук гвардиясынан жыйырма, өзүбүздөн да жыйырма, чек арачылардан жыйырма дагы ойлонуштурсак табыла берет...

-Анча адамды шашылыш кайдан топтой алабыз?

-Табабыз. Шашылыш тревого жарыялайбыз.

-Ошол жыйырманы алардан да тандап алыш керек да.

-Албетте кызмат өтөп жаткандардын дасыккан, машыккандарын тандаттырып алабыз. Ал эми тоонун төмөн жагындагы шоссе жолду БТР, БМВ, танкалар менен тостуруп коёбуз, кыскасы алар эч жакка чыгып, качып кете албай тургандай кылабыз...

Время золото, кана дагы кимде кандай суроо, кошумча ой пикирлер бар?.. Жокпу? Анда давай ишке киришели.

Ар кимиси өздөрүнө тиешелүү иштерди бөлүштүрүшө бардык жак менен байланышка чыга башташты. Арадан бир саат өтүп-өтпөй он вертолёт учагы даяр болуп турушту. Бул операция Садыр Карабаевдин өзүнө дайындалды. Көп өтпөй үстү чүмкөмө машине менен улуттук гвардияны жыйырмадан ашык тандалма солдаттары келишти, ага удаа эле бардыга автомат менен куралданышкан спецназдын адамдары даяр болушту.

-Дагы кимдер калды? - Садыр Карабаев кайра-кайра саатын карай бир ордунда тура албай тынчы кетип атты, -биздин адамдарчы?

-Алар эбакта эле даяр болушуп, куралчан вертолётто отурушат.

Арадан жыйырма мүнөт өтүп-өтпөй эки вертолът менен чек арачыларды да толук даярдыкта келип калышты.

Ондон ашык офицердик топ өздөрүнчө чогулуша картаны алдына жайышып курчоонун пландарын түзүп жатышты.

-Кыскасы мындай..., Исмаилов улуттук гвардия өзүңдүн тобуң менен “экспедиция” кыпчыгайынын күн чыгыш тарабына, мына мобул жерге жайгашасың. Карбалиев сен өзүңдүн чек арачылар тобуң менен тоонун түштүк тарабына баш жагына, мына мобул Үч-Чат деген жерге жайгашасыңар. Биздин топ күн батыш жактагы коктуда болот. Ал эми спецназдын куралдуу тобу тоонун түндүк тарабында төнөм жагында болосуңар. Бир жерге үймөлөктөштүрбөй жайылып тоо-таштарга бекингиле. Эскертип койчу нерсе, ортодо кандуу кагылышуу, атышуу болуп кетиши да мүмкүн. Азыр ал жакта эки жаат болуп атышып атышат. ТИгил жактагылар катуу куралданышкан бандалар өтө сактыкты, чеберчиликти талап кылат.Жөндөн жөн эле буйруксуз ок атканга уруксат бербегиле. Ар бир мүнөт сайын бири-бириңер менен “сотка” аркылуу байланышып тургула. “Урушта туруш жок” кана жигиттер жөнөдүк, Кудай колдосун! Оомийин!

Ал ким өздөрүнө тиешелүү тапшырмаларын алган соң вертолёттор биринин артынан бир көтөрүлүшө катуу ылдамдыкта күн чыгыш тарапты карай тоо беттеп учуп жөнөштү.


Сенин журогундун Жарыгы..


#45 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 29 May 2015 - 10:05

УЛУУ ҮРКҮНДҮН КЕДЕРГЕСИ

(мурунку заман)

 

1916-жыл. Өз жергесине кайтып келаткан Абдылда күтүлбөгөн алааматкан туш келди. Атчаны атчан, жөөсү жөө, төөчөнө төөчөн, эшекчеки эшекчен болуп эле ызы-чуу түшүшө кандайдыр үркүп баратышкан элдерди көрдү. Кээ бирлери боз үйлөрүн төөгө жүктөгөнгө үлгүрүшпөптүр. Үлгүрө албагандары атчан кайдадыр шашылып кетип бара жатышат. Кыргыз жергесин бир жамандыктын жышааны каптап келатканын сезди. Талаада малдар ээсиз жайылып жүрөт. Абдылдан жолуккандардын бирөөсүн токтотуп сурай кетти.

-Эмне болуп жатат, силер каякка бара жатасыңар?

-Эмне болуп жатканын билбейсиңби, же асмандан түштүңбү? Жаңы эле орус солдаттары кыргыздардын бирин койбой кырып келатат, -ал башка сөз айтпастан өзүн тобун кууп жеткени атын чапкан боюнча кетти. Абдылда али да болсо эч нерсе түшүнгөн жок.

Ал алыскы тайгада сүргүндө жүргөндө орус падышачылыгынын катуу саясаты алдында калган кыргыз эле оор турмушту баштарынан кечирип жатышкан. Ушул 1916-жылы 25-июнунда падыша “Түркстан чөлкөмүндөгү жергиликтүү элдин 19дан 43 жашка чейинки эркектердин оорун кызматына алуу жөнүндөгү указы чыккан болчу. Кыскасы чакырылган адамдар дүйнөлүк экинчи согушта жеңилип бараткан Орусия армиясын кара жумуш менен камсыздандырмак. Бирок жергиликтүү элдер туулуп-өскөн жерлеринен ата-бабалары тааныбаган алыс жакка барууну каалашкан эмес. Анын үстүнө кыргыз жергесине келип отурукташып алган айрым орустар кыргыздардын орун иштерине барышса чочконун этин жээрин, окопко тыгылып өлүшөөрүн айтып коркутуп салышкан болчу. Зордук-зомбулуктун азабын тартып, ансыз деле араң турушкан эле колдоруна курал алышып эркиндик үчүн жапа тырмак көтөрүлүшкө чыгышкан.

Мындай элдик толкундоолор 1916-жылы июлда Кожент шаарында башталып, бүткүл Түркстан чөлкөмүнө жайылган. Ушундай боштондук күрөштүн эң күчөгөн жери Жети-Суу областынын Бишкек, Пржевальск уездери болгон. Ошол эле маалда Бишкек уездинин калкы 7-август күнү жапа тырмак орус падышачылыгына карыш көтөрүлүп чыгышкан. Аларды 9-августа тоо арасындагы Суусамыр, Кочкор, Жумгал, Нарындагы элдер колдошуп чыгышты. Көп өтпөй эле 10-12- августа Ысык-Көл өрөөнүндөгү карапайым калк да көтөрүлүштү. Эркиндик үчүн айыгышкан беттешүүлөр авгут айынан октябрга чейин созулуп кеткен. Жер-жердеги кыргыздар баш кошулуп, арасындагы белгилүү адамдарды хан көтүшүп, орус солдаттарына бетме-бет чыгышышкан. Кеминдик кыргыздар айтылуу Шабдан баатырдын баласы Мөкүштү хан көтөрүшсө, Ысык-Көл Батыркан Когой уулун, Кочкордо болсо Канат Ыбыке уулун хандыкка көтөрүлөт. Колуна курал алган калк алардын жетекчилигинде падышачылык аскерлердин бир-нече жолку чабуулдарынын мизин кайтарышат.

 

Албетте канча калса да күч тең эмес болчу, жергиликтүү эл болгону союл, найза, кылыч, түтөтмө мылтык, чокморлор шалк этмелер менен куралданышкан. Орус солдаттары болсо бардыгы текши мылдык, кылыч, андан тышкары замбирек, пулемёт менен жабдылган. Орусиянын борборунан чакырылган эки атчандар полку, атчанбар батареясы, 35 рота, 240 атчан чалгынчылар, 16 замбирек, 47 пулемёт бөлүнөт. Биринчи беттешүүлөрдө эле начар куралданышкан кыргыздар жеңилүүгө дуушар болушат. Союл, чокморчон атчандар замбирек, пулемёттордун окторуна туруштук бере алышпай кайра артка чегинишкен. Орус падышачыгынын солдаттарынын көтөрүлүшкө чыгышкан кыргыздарды эч аёосуз жазалоосу башталат. Кары, жаш баласына карабай ырайымсыз кырылып, айылдары бүтүндөй өрттөлгөн. Мындай кыргындан жан сактоо үчүн кыргыз эли Кытай тарапка качышат. Кыргыздардын ошондогу бул окуясы “Улуу үркүн” болуп аталып калган.

 

Абдылда ушундай үркүндүн ызы-чуусуна келип кабылды. Кай тарапка барба дүрбөлөң, атка, төөгө жүктөрүн жүктөшүп каяккадыр шашылып кетип баратышкан эле элдер. Көлдөн Сары Өзөн Чүй тарапка кетчү Боом капчыгайында ар кайсы жерде кылыч менен шылына чабылып кырылып жаткан эбегейсиз көп сандаган элди көргөндө өз жергесинен мындайды күтпөгөн Абдылданын көздөрү чекчейе, төбө чачтары тик турду. Талаанын баары эле ээси жок ар кайсы жерде чачылып өз бет алдыларынча чачылып жүрүшкөн малдар. Өрттөнүп, күйүп бүтүп калган боз үйлөр, эски журттар. “Оо Кудайым көптөп бери көздөн учкан, сагынган жериме келип ушуну көрөмбү, кандай күнгө туш болдум”. Тоо боруна жашына, тээ алыста кетип бараткан орус солдаттарына көз жүгүртүп турду. “Кайда барба кызыл-кыргын өлүм-житим, бул кейпим менен Ош тарапка жете аламбы. Орустар кыргыздарга эмне мынча эрегишип калышты болушту экен? Баса, өз өлкөмө барардан мурун Улукбектин айтканы чын бекен, жок дегенде бир барып текшерип көрөйүнчү, балким чындыгы бардыр. Жөөлүбөй эле чын айткандыр?”

 

Абдылда күүгүм талаш Калмак –Ашуу тоону айланып өтүп суу жээктеп жүрүп отуруп кечке жуук  Токмокко келди. Бирин-серин гана элдердин жүргөнүн көрбөсө эч жерде кыбыр эткен жан жок. Орус солдаттары бул жактагыларды да кубалашса керек. Ал жакта да дээрлик көпчүлүгү эле Токмокко көчүп келип отурукташып калышкан орустар экен. Алар жолоочуну жеп жиберчүдөй карашып, кылт этсе эле кол салганы даяр турушканын байкап, калаа ичине кирбей эле түштүк тарапка багыт алды. “Кой эрте күндү кеч кылбай эртерээк Улукбек айткан жакка бара берейин. Балким анын айтканы чын болуп калса ишим оңолоору ажеп эмес. Болсо болду, болбосо менин эмнем кетип атты эле кете берем андан ары сапарымды улап”.

 

Ал атын бастыра өзү менен өзү сүйлөшө бир топ чакырым ьүштүк тарапка Улукбек айткан тоону карай жол жүрдү. Бийик тегерек кооз болуп салынган мунараны көрүп өзүндө бир кандайдыр ишенүү сезим пайда болду. “Улукбек айткан Бурана деген мунарасы ушул окшойт. Балким ал чынын айткандыр?” Ал Буранага келгенде айланага таптакыр караңгы кирип калган болчу. Атын бийик дубалдын кире беришине жакшылап байлап, мунаранын ичине кирди. Ичи көзгө сайса көрүнгүс капкарангы экен, кирээри менен эле аны эки-үч киши аны баса жыгылышып колун толгоп, артына кайрып жиберишти. Колдорунун ооруганына чыдабай Абдылда бакырып жиберди. Караңгыда алардын ким экендиги көрүнбөйт, иши кылып өлтүрүп ташташпаса эле болду” деп ойлоп атты ичинен. Анан аны кууш ичке, тикесинен кеткен тепкичтер менен жогору карай алып жүрүп отурушту. Бир топко көтөрүлүштү, сыягы мунара бийик окшойт кыйлада барып үстүнө жарыкка чыгышты, ал жакта да бир топ караандар бар экен. “Ким экен ал?” сүйлөшкөн сөздөрүнөн алар кыргыздар экенин билди.

 

-Менин силерге карата эч жаман оюм жок, жөн эле кетип бараткан жолоочумун. Караңгы кирип кеткенинен баш калкалаганы бул жакка кайрыла калгам.

Алар Шабдан баатырдын баласы Мөкүштүн желдеттери экен. Орус солдаттарынан жашырынышып күүгүм талаш ушул жакка келишиптир. Сүйлөшкөн сөздөрүнө караганда Кытай жакка кеткенге даярданып жатышыптыр.

 

-Орус солдаттарынын азыр түрү жаман, жолуккан эле кыргыздар болсо аёосуз атып, өлтүрүп жатышат.

Сүйлөшүп тааныша келгенде алар ушул чүйлүк, тагыраак айтканда Кеминдик кыргыздар экен. Алар менен аркы-беркилерди, азыркы кырдаалды сүйлөшүп отурушуп, кокусунан абдылданын оюна тоо тараптагы чийлер кылт эте түштү.

 

-Баса айтмакчы, түштүк жактагы тоого жакын жерде чийлер барбы?

-Азыр жердин баары эле чий, эмне болду?

Абдылда башка эч нерсе айткан жок.

Түн ортосунда улукбектин айткандары туралуу жанындагы бирөөнө чет-чебери кокусунан оозунан чыгып кеткен болчу. Таңга жуук айланага жаңыдан жарык кирип келатканда бардыгы жапа тырмак ойгонуша мунаранын төмөн жагына түшүп кетишти. Бийик мунарынын башына туруп алып айланага көз жүрүптсө бүтүндөй Сары-Өзөн Чүй алаканга салынгандай көрүнүп турат экен.

 

Тигилер ары жактан аттарынын алып келди, калың чийлредин арасына жашырып коюшуптур. Бардыгы жапа тырмак аттарына миништи да кайдадыр шашыла жөнөп кетишти. Абдылда болсо көз болжол менен эсептей тоо тарапка жүрүп отурду. Улукбектин айтканы боюнча бир чай кайнам убакыт жүргөндөн кийин тоолорго жетпей калың бийик өскөн чийлерди көрдү. “Балким чын эле Улукбектин айткандарында чындык бардыр?” Айланага эбакта эле жарык кирип, күн көтөрүлүп калган. Абдылда атынан түштү да чийлердин бирөөнө байлап коюп, кадамы менен арыштап, эсептей чий аралай жүрүп отурду. Бирок эч кандай боз ташты көргөн жок, издеп-издеп таппаган соң шалдырай жерге отуруп калды. “Балким ал жөөлүп атып туура эмес айтып койгондур? Дагы бир аз идейин, боз ташты таппасам жолумдан калбай кете берейин. Азыр кырдаалда жаман болуп турат, эртерээк бир туугандарымды таппасам”! Кайра ордунан туруп чийлерди аралап боз ташты издей баштады. Чий арасынан жыландарды, булт этип чыга качкан коёнду, ар кандай канаттуу куштарды көрүп атты. Чоң боз ташты таппай жедеп, тажап, түңүлгөн соң сапарын андан ары улап, Ош тарапка жөнөмөкчү болду. “Кой, карай элек жерди бир сыйра карайын да, таппасам эрте күндү кеч кылбай жолумдан калбайын”, - ал чийди дагы бир сыра аралап чыкты. Жедеп үмүтү үзүлө “Убактым болгондо дагы бир күн келээрмин” деп кетүүгө кам ура баштады. Анан күтүлбөгөн жерден тээ чийдин арасында бозоргон нерсени көзү чалып калды, жанына барса таш экен. Болгондо да чоңдугу бир кулач келген жумуру бош таш. Өзүнө ишенип ишенбей жанына барып анын бетине чын эле ачакей белгини көрдү. Алдылданын өңүнө дароо жылмаюу пайда болду “Оо Кудай Улукбектин айткандары чын окшойт” жан талаша болгон күчү менен тырмалаңдай ташты ары көздөй толготуп жылдырды дагы колундагы шиш казыгы менен каза баштады. Улам эс алып колу менен чекесиндеги терди аарчып коюп, ылдый карап алып каза берди, колдору менен топуракты кочуштап сыртка ыргыта берди. Төмөн жактан дээрлик көзүн алган жок. Качан гана каптардын чети көрүнө баштаганда бирөө артынан кууп келаткандай ого бетер жан талаша эки колу менен топурактарды шилей казып кирди. Акырындап бири-бирине жыш жайгаштырылган каптардын баштары көрүнө баштады. Абдылда таптакыр башка дүйнөгө кирип кетти, айланасын унутуп койду. Качан гана баарын казып бүтүп каптын оозун ачканда эс алды. Биринчи кап, экинчи кап жан талашып бардыгынын оозун ачып чыкты. Алтындарды колдору менен уучтай кармап асманга карай өзүнчө сүйлөнө кетти. “Оо Улукбек , ырахмат сага бул жакшылыгыңды тиги дүйнөгө барганда да унутпайм. Өзүң орустардын токойлорунун арасында жатсаң дагы Кудай буюрса “арбактарыңа багыштап куран окутуп турам” ал өзүнүн кыялына аябай берилип кеткендиккен айланасын таптакыр унутуп калган болчу. Бир кезде “шырп” эткен добуштан эсине кле башын жогору көтөрдү дагы түндөгү Буранада чогуу түнөшкөн тааныш өңдөрдү көрдү. Алар таң эртеден эле Абдылданын артынан аңдып келишип тээ алыста анын ар бир кыймылын карап турушкан.


Сенин журогундун Жарыгы..


#46 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 29 May 2015 - 10:05

КҮТҮЛБӨГӨН КУРЧООДО

(азыркы заман)

 

Таш-Короонун ичиндеги атышуу улам сээлдеп отуруп, Хамид баш болгон топ туткун болуп эмне кылаар айлаларын таппай туруп калышканда эртеден бери бул кыймылды дүрбү менен карап турган Ибрагим ордунан шашылыш козголду.

-Тигилердин иштери бүттү окшойт, эми бизге кезек келди. Ал өзүнүн телефону аркылуу бардыгына белги берди. Булардын тобу эбакта эле таш короону курчоого алып алышкан болчу. Ибрагим “таш короону аткылагыла!” деп буйрук берди эле туш тараптан октор таш короонун ичин карай мөндүрдөй жаай баштады. Мындай болоорун күтпөгөн короо ичиндегилер баш-алтоо дароо окко учуп оңкосунан сайылышты. Калгандары короонун ар кайсы бурчуна далдалана беришти. Жаңы гана соңуна чыккан атышуу кайрадан башталды. Короонун ичиндегилер кимдер менен атышып жатышканын түшүнүшкөн да жок. Алардын көпчүлүгү жергиликтүү бийликтин кишилери болуш керек деп ойлошкон. Бир кезде Ибрагим күчөтүп сүйлөткүчү бар микрофонду оозуна такады.

 

-Ээй, короонун ичиндегилер, силер толугу менен курчоодосуңар. Каршылык көрсөтпөй куралдарыңарды таштып, биздин айткан сунуштарыбызга моюн сунсаңар, бардыгыңардын тирүү калышыңарга гарантия беребиз. А эгерде бизге каршы ок ата турган болсоңор бириңер да тирүү калбайсыңар! Бизде гранатамёттор бар. Ойлонгонго он мүнөт убакыт.

 

Атышуу токтоп, эртеден бери тарсылдак, ызы-чуудан жаңырып жаткан капчыгай ичи бир саамга жымжырт боло түштү.


Сенин журогундун Жарыгы..


#47 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 29 May 2015 - 10:06

ЭСКИ ТААНЫШ МЕНЕН БЕТМЕ-БЕТ

(азыркы заман)

 

-Булар бищге туткун болуп курчоодо калышты, сунушубузга моюн сунуп бербеске аргалары калган жок. Антпешсе аларды эч жакка чыгарышпай бирин да калтырбай күм-жым кылабыз, -Ибрагим өзүнө-өзү толук ишене ыраазы болуп турду. Бир кезде Каныбек таш короонун ичинен өздөрүн карай гранатамёт менен мээлеп атканын байкап калды. Болгон күчү менен башка ойдуңчага секиргенге араң-араң үлгүрдү. Ага удаалаш эле артында күтүлбөгөндөй кату жарылуу болуп анын илеби баары бир Каныбектин ийнин чыртып өттү. Ал ийнин баскан боюнча чоң таштын түбүнө жатып калды. Заматта ийнин басып турган колдору кан болуп чыкты, сыягы катуу жарылуунун чачырандылары ийнине тийсе керек. Бактыга жараша анча катуу деле жаракат албаптыр, эч кандай ооруганын сезген жок. Акырын ордунан козголо артына кылчайып карады. Ибрагим баш болуп анын айланасында жаткандардын бардыгы өлүптүр. Алар кызыл-ала болуша ар кайсы жерде сулап жатышты. Кайрадан атышуу башталды, бул жолку эки тараптуу атышуу мурункудан да эки эсе күчөдү. Короо ичиндегилер жакшы куралданышкандыктан гранатамёттор менен атып, гранаталарды жогору жакта жашынып жатышкандарга үстөкө-босток ыргыта беришти. “Тарс-турс” жарылуу тытыраган автомат, мылтыктардын үмдөрү капчыгайдын ичин жаңырта тээ алда кайда угулуп жатты.

 

Каныбек кандайдыр бир дабышка башын көтөрө бир-несе вертолёттун капчыгайдын үстүн өрдөп учуп өткөнүн байкады. Тээ жогору жактагы ташка жашынып алгандар короо ичиндегилерди шашпай снайпер мылтыгы менен бирден чил тергендей терип атып атты.

 

“Кой мындай кырдаалдан пайдаланбаса болбойт, сыягы биздин кишилер да келишти окшойт”. Каныбек акырын ордунан козголо тоо беттеп таштан-ташка далдалана капчыгайтын төмөн жагына жылып жөнөдү. Таш короо ичине да гранаталар ыргытылып, жарылуулар боло анын ичи да ызы-чуу дүрбөлөңгө түштү.Ызы-чуу, кыйкырык атышуу болгон жерден Каныбек жаңыдан эле оолак боло бергенде, сол тараптан бирөөнүн “зыңк” эткен үнү чыкты!

 

-Токто кайда качып баратасың?!

Каныбек үн чыккан жакты жалт эте карай салса өзүн карай автоматтын суна сакалчан үч адам турушуптур. Алар Каныбекке жакын басып келишти дагы колундагы тапанчасын жулуп алды.

 

-Эмне бизден куйругуңду түйүп, качып кетейин деп атасыңбы. Сен деген биздин заложнигибизсиң, жергиликтүү куралдуу күчтөр үчүн сен биздин бетке кармаган тосмобуз болосуң, -үчөөнүн бирөөсү Каныбектин жан жерлерин аңтарып кирди. Аңгыча үчөөнүн бирөөсүнө дал эле чекесине ок тийип оңкосунан сайылды. Сыягы аны короо ичиндеги көзгө атаарлары снайпер мылтыгы менен атса керек. Экөөсү октон далдалана эңкейе беришти. Кандайдыр бир секундалык кырдаалдан пайдаланып Каныбек бирөөсү менен кармаша кетти. Экинчисин болсо буту менен томолото тепкенге үлгүрдү. Экөө автомат талашып атканда Каныбек аны тизеси менен эки алаасынын ортосуна тээп калды. Ошо маалда экинчиси өзүн атканы автоматын машасын басып келатканын көрө коюп тигинин далысын бура өзүнө тосо калды эле удаа-удаа атылган окко кармашып атканы дароо шылк дей түштү. Каныбек аны ары көздөй кулатып ийип көз ачык жумганчалык тездик менен секирип барып тигини басып калды. Экөө тоо борунан төмөн карай кулаша ташка такалып калышты да кармаша кетишти. Кармашып аткан боюнча Каныбек болгон күчү менен бутун өйдө көтөрө аны бетке тепти. Экинчи жолу күүлөнүп тепкенде тигил автоматын колунан чыгарып жиберип төмөн карай учкан боюнча кетти. Каныбек башын көтөрө тээ жогору жакта тоо кыялай таштарга жашыныша чуркап бараткан солдаттарды көрдү. “Демек биздикилер үлгүрүшкөн экен да” ал жеңилдене ордунан атып туруп тоо боорунан төмөн карай болгон күчү менен жүгүрүп жөнөдү. Бир нерсеге чалына мүдүрүлүп барып оңолду. Ошо мезгилде “чю” деп ташка тийген ок Каныбекти кайрадан жашынуга аргасыз кылды. Сыяга аны Ибрагимдин снайперлери мылтык менен атса керек. Бир аз жаткан соң кайрадан ордунан атып туруп таштан ташка жашына капчыгайдын төмөнкү ойдуңчасына түшүп жайык жерге келди. Таш короодогу атышуулар капчыгайдын тээ жогору жактагы ойдуңчасында алда кайда калган болчу. “Өх Кудай буюрса кутулдум окшойт” деп чекесиндеги терин аарчына жаңыдан эле ордунан козголо бергенде так эле бет маңдайында далдайган кишинин жолун тороп турганын көрдү. Ал эртеден бери Каныбектин келишин күтүп турса керек. Эмнегедир аны өңү тааныштай көрүнүп атты, Каныбектин колунда эч куралы жок болчу, тигинин колунда болсо тапанчасы бар экен. Ал шашпастан тапанчасын ары көздөй ыргытып жиберди да Каныбекти бери кел дегендей эки колунун манжалары менен өзүн көздөй чакырды. Жолун тороп тургандыктан башка жак менен өтүп кетүүгө мүмкүн эмес болчу. Кыйын болсоң эми өтүп көрчү тигил өзүнө өзү ишене менменсинип турду. Экөө жекеме-жеке чыгыша биринч-бири аңдыша бир топ кол салганга даабай турушту. Каныбек кунг-фунун ыкмасын салып бир канча жолу чабуул жасап согуп өттү эле тигил эч нерсе болбогондой жеңил гана тосуп койду. Экинчи чабуулун каршы алып кайра Каныбектин өзүн томолото чапты. Бул оңой жоо эмес экенин, чыгыш элинин мышташуу ыкмаларын эң жакшы өздөштүргөнүн Каныбек дароо эле сезди.

Коюу муруттуу, чачын узун кылып коё берген булчуңдуу далдайган бул кишини Каныбек эми эстеди. Мурун Ибрагимдин “телохранители” болчу. Каныбек тээ алгачкы түрмөдөн качып чыкканда биринчи болуп ушулардын туткуну болгонн. Түн ичинде өзүн кайтарып турган жигиттердин ээсин одара чаап, качып баратканда Ибрагимдерге кайрадан кармалып калып ушу киши менен согуштурган. “Кана кыйын болсоң эми өнөрүңдү көрсөтчү буга, -деп Каныбекти мыскылдай караган. Экөө мушташа кеткенде Каныбек андан жеңилип калган “Давай-давай, тур ордуңдан мушташ. Түрмөдөгүлөр сени кыйын мушташат деп жатышпайбы. Кыйын мушташканың ушубу” – деп Ибрагим жерде жаткан Каныбекти мазактаган болчу. Каныбек канчалаган болгон мушташтын ыкмаларына салса дагы жеңилип калган. Атүгүл бул ошондо Каныбектин ээсин оодара чапкан. “Жерде оонап жатканда “Да-аа, -өзүңдү эр ойлосоң бирөөнү шер ойло” деген ушул да. Шашпа кезек келгендей сени менен дагы бир жолу эсептешээрмин” деп ичинен аябай кекенип калган болчу. Мына эми андан бери канча мезгил өттү, акыры экөө кайрадан кезигишти. Ошондо Каныбектин каршылаштарынан биринчи жолу жаңилиши болчу. Мына эми ошол далдайган өзүнө өзү аябай ишенген жигит так бет маңдайында турат. Дале да болсо мурункудай өзүн аябай ишенимдүү сезип турду. “Чапкан сайын эле көз чыга бербейт”, өткөн жолу мени жеңсең, эми жеңилүү сенин кезегиң”. Каныбек күтүлбөгөн жерден жерде жаткан ордунан атып турду. Анан ачуу кыйкыра тигини качырып сала берди. Экөө тең чындап мушташканга өтүштү. Каршылашынын чымыр, далдайган денеси тигинин муштумдарын чымын чаккандай да көрбөй жатты. Денесинин талуу жерлерине сокку бергенден пайда жок экенин билген соң Каныбек эми анын бетинин, моюнунун талуу жерлеринен сокку ура баштады. Ошол кезде “бүркүт чабуулун” кайрадан колдонду. Бул каршылашы тигинин соккусун чымын чаккандай көрбөй, ырсайып жылмая кайра өзүн томолото чаап жатты. “Чын эле бул тоскоолдуктан өтө албай каламбы? Мурда го жеңилсе унчукпай туруп бермек, азыр болсо өлүм гана бул мушташтын соңуна чыгарат болчу. “Же мындан жеңилип, өлүгүм ушул жерде калыы керек же мунун өзүнүн көзүн курутуп андан ары кетишим керек....” Каныбек кайра ордунан турду. Тигил болсо “эмне турасың кел давай” дегендей мыйыгынан жылмая сөөмөйү менен Каныбекти өзүнө чакырып жатты. “Ушунча болуп канчалаган адамдар менен жекеме жеке мушаштым, дегеле эч нерсе тоготпогон денелерди темирдей болгон адамды көргөн эмесмин. Ибрагим да ошо себептен муну өзүнө телохранитель кылып алып жүрөт да” – ушуларды ойлой Каныбек ордунан атып турду. ТИнини бетке тепмекчи болуп бийик секиргенде тигил Каныбектин бутунан кармай толгоп жиберди. Эт-бетинен Каныбек кандай учуп түшкөнүн билбей калды, бирок каршылашын өзүнө сокку урганга таптакыр мүмкүнчүлүк берген жок. Бир кезде экөө кармаша, тиреше кетишти, канча калса да тигил олбурлуулук кылып Каныбекти бекем кучактап калып катуу кысып кирди. Анын көпкө боору куушурула дем алалбай алы кетип баратты. Кокусунан жерден чыгып турган урчук ташты көрө койду да каршылашынын эки бутун кайрый чалып үстүнөн баса жыгылды. Урчук таш алиги далдайган кишинин далысына тийгенде Каныбекти коё берип чалкалай бүктөлө калды. Урчук таш анын далысына кирип кеткен болчу. Көп өтпөй аларды автоматчан солдаттар тегеректеп калышты.


Сенин журогундун Жарыгы..


#48 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 29 May 2015 - 10:06

ТАЛАШКА ТҮШКӨН КАЗЫНА

(мурунку заман)

 

Абдылданын колун артына кайрып жип менен катуу байлашкан желдеттер алтындарды кайрадан ошол жерге жашырышып, бул туралуу кабар бергени Мөкүш ханга жөнөштү. Шабдан баатырдын баласы Мөкүш орус солдаттары менен беттешүүдө жеңилүүгө учураган соң болгон байлыктарын, малдарын, желдеттерин чогулта Ысык-Көлдүн тоосу аркылуу Кытай тарапка жашыруун өтүп кетүүгө камданып жаткна болчу. Көп өтпөй ал артынан өзүнө ишенимдүү деген беш-алты жигитин ээрчите алиги тоо тараптагы камышка жетип келди. Жерде катылуу турган каптардагы бардык алтындарды сыртка алып чыгып  өз көзүнө өзү ишене албай таңгалып турду. Анан колу-буттары байлануу турган Абдылдага кайрылды.

 

-Чыныңды айт, мынча алтындар бул жакка кайдан келди, өзүң ким болосуң, калп айтчу болсоң башыңды шылый чалам мобул кылыч менен...

 

-Албетте чынымды айтам таксыр... Эгер чынымды айта турган болсом..., -анан болгон окуяны болгондой эч жашырбастан , Улукбектин айткандарын бүт айтып берди. Калган сөздөрүн аягына чейин укпай Мөкүш хан дароо ордунан атып турду.

 

-Кана жигиттер убактытын өзү эле алтын, буларды дароо аттарга жүктөгүлө. ОРус солдаттары келип калыша электе алып кетели. Бол чамдагыла!

 

Ары жакта аттарынан түшүшпөй Мүкөш хандан айбыгып турушкан жигиттер дароо аттарынан жабыла түшүшүп, каптардын ооздорун бууп аттарга жүктөй башташты. Бир кезде эмнегедир ачуусу келген Мөкүш хан жанындагы жигитин кылыч менен шылый чапты. Бардыгы эч нерсе түшүнүшпөй катып калышты. Анын алтындарды эч кимге билгизбей коюнуна катып атканын көрүп калган. Жанына жетип барып коюнунан алтындарды алып чыгып баарын көрсөттү.

 

-Эскертип коёюн кимде ким алдындарды уурдайм деп жаман ой кетсе дал мунун кейпин кийет уктуңарбы?!

 

Ары жакта күтүлбөгөн окуга жалдырай карап турушкан жигиттер түшүндүк дегендей баштарын ийкегилешти. Бардыгы каптар көмүлгөн жерде эч нерсе калган жокпу дегендей дагы бир сыйра карап чыгышты. Андан соң жапа тырмак шашылыша аттарына миништи. Эң акыркысы болуп атына минип бараткан жигит муну эмне кылалы дегендей жерде колу-буту байланып жаткн Абдулданы көрсөттү. Мүкөш аны бир топко карап турду да колун шилдети.

 

-Мейли бул жерде кала берсин, эми мунун бизге пайдасы да жок, зыяны да жок, кана кеттик жигиттер!

 

Бардыгы шашылыша аттарын чий аралай бастырышты. Бир аз жүргөн соң Мүкөш атынын оозун тарта жанындагы атчан жигитке буюрду.

 

-Бар тигинин колун чечип кой, карышкырларга жем болот, канча калса да бул алтындарды таап бергенге ошонун эмгеги бар да.

 

Бирөөсү кайра артка чаап кетти да кылычы менен байлануу жиптерди үзө чаап бат эле тигилерди кууп жетти.

 

Бул 1916-жыдын сентябрь айынын орто чени болчу. Ким жеткиргени белгисиз бул алтындар туралуу окуя көп өтпөй эле орустарга каршы Сары Өзөн Чүйдөгү солтолор менен Көлдөгү бириктирип өз алдынча башкарууга аракет баштаган Алымбай даткага да жетти. Ал муну угаар замат эле өзү баш болуп жыйырмага жакын тандалма жигиттерин алып Мүкөш хандын сары изине чөп сала, Токмок тарапка шашылыш жөнөдү. Бул мезгилде орус падышачылыгынын солдаттары Көл, Нарын, Сары Өзөн Чүйдүн эч нерсесин калтырбай жолуккан эле адамдарын аёосуз жазалап, өлтүрүп келатышкан.

 

Алымбай датка Сары Өзөн Чүйдүн эч нерсесин калтырбай тоолорду, какту-колотторду, калың чийлердин арасын кыдырып издеп, ар кайсы жерлерге чалгынга жиберип, акыры Мүкөш ханды жигитттери менен тапты да түн ичинде эс алып жатышканда калың чий арасында курчоого алышты. Адгенде кароолчуларын өлтүрүштү, андан соң акырын акмалап келишип бир кишини да чыкканга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Туш тараптан качырып кол салыша бардыгын туткун кылганга аракет кылышты. Бирок карангылыктан пайдаланып Мүкөш хан качып кеткен болчу. Аны издеп жер сыпалап таппай калышты.

 

-Эч нерсе эмес ал эртеби-кечпи кармалат. Андан көрө каптагы алтындарды издегиле! –Алымбай датка өзүнүн желдеттерине буйрук бере сүйлөдү. Бардыгы туш-туш тарапка жабыла издешип, каптардагы катылган алтындарды таппай коюшту. Андан соң жерде колу-буттары байланып жаткан Мүкөштүн жигиттерине кайрылды.

 

-Каптагы алтындарды кайда жашырдыңар, чыныңарды айткыла, айтпасаңар ар бир арым чай кайнамда четинен башыңар шылынып бирден өлө бересиңер, бол тез айткылы?! Жерде байланып жатышкан алтоо унчугушпаган соң Алымбай датка кылычын сууруп чыгып четинде жатканынын башын шылый чапты да анын жанында жаткан жигитке кайрылды.

 

-Мына бирөө кетти, эми экинчиси сенин кезегиң.

Ал дагы унчукпай койду эле анын да башын кыя чапты.

-Кана айтасыңарбы же... айтпасаңар барлыгыңар момунун жолун жолдоп тиги дүйнөгө сапар тартасыңар башыңар шылынып...

 

-Балким сен айтып жүрбө? –Алымбай датка үчүнчүсүнө келди. Ал жакшы эле айтайын деди эле жанындагы байлануу тургандарды бир карап алып унчукпай туруп калды. Ачуусу келген Алымбай анын да башын шылый чапты.

 

-Мен айткан сөзүмө турам, бул жерде жаткандардан бириңер да аман калбайсыңар. Эгерде аман калам десеңер көрсөтүп бергиле казына каякта жашырылуу?! Ал төртүнчүсүнө келип кылычын анын мойнуна такады эле ал ордунан туйлай жалынып жиберди.

 

-Мени өлтүрө көрбөгүлө чиедей эки балам бар, алардын убалынан корккула!

-Анда каптарды кайда жашырдыңар айткын?

-Эгер менин жанымда аман калтырсаңар айтып берем алар кай жакта катылганын. Колумду-бутумду чечкиле, көрсөтүп берем.

 

Алымбай датка колун чечкиле дегендей башы менен жаңсап буйрук берди эле эки-үч жигит анын буту-колундагы жиптерди чечип бошотуп жиберишти. Ал ордунан тура алдына түшүп алып, калың чийлерди аралап жөнөдү. Жыйырма кадамдай баскан соң терең чуңкурдун жанына алып келди да ушунда дегендей сөөмөйү менен чуңкурдун ичин көрсөттү. Алымбай датканын буйругу менен көмүлгөн топурактарды казып жиберишти да каптарды эки-үчөөлөп көтөрүп, бери жакка чыгара башташты. Эч нерсесин калтырбай алып чыгышкан соң түнү менен кайдадыр жөнөп кетишти. Ал эми алги Мүкөштүн жигиттерин болсо бирин да калтырышпай өлтүрүп салышты.

 

Жолдо баратканда Алымбай датка өзүнүн эң ишенимдүү деген Карабек баатырды өзүнө чакырып алып акырын шыбырай сүйлөдү.

 

-Бизге мынча кишинин кереги жок, бул жыйырма желдеттин арасынан ишенимдүү деген онун тандап ал дага оноосунун көзүн курут. Күбөлөрдүн аз болгону жакшы, анын үстүнө кырдаалды да өзүң көрүп турасың. Орустар бизди бул жерде жашаганга мүмкүнчүлүк бербейт. Баары бир Кытай тарапка кетүүгө туура келет.

 

Анын сөзүн Карабек түшүндүм дегендей башын ийкеп кабыл алды дагы жигиттерин ээрчите ары көздөй жөнөп кетти. Көп өтпөй эле кайра келди.

 

-Сиздин буйругуңузду аткардым мырзам, оноосунун көзүн куруттук, булар болсо менин ишенимдүү кишилерим.

 

-Эң жакшы кеттик анда.

Ат, эшектерге жүктөлгөн каптарды түнү менен тоонун коктулары аркылуу алып жүрүп отурушту. Күндүзү орустардын солдаттары менен кагылышып калышы мүмкүн болчу. Жол карата Карабек экөө ар кандай пландарды түзүштү.

 

-Мныдай кылабыз..., - Алымбай датка өзүнүн бирден –бир ишенимдүү оң колу Карабекке түшүндүрүп жатты, -бул алтындарды Көл аркылуу Кытай тарапка алып өтөбүз. Эгер алып өткөнгө мүмкүнчүлүк болбосо дегеле адам баласынын буту жетпеген тоонун арасында үңкүр бар, ошол жакка буларды жашыраюыз да алтындарды жашырышкан күбөлөрдүн көздөрүн тазалайбыз. Түшүнүп жатасыңбы, мынча байлыкка экөөбүздөн башка эч ким ээ болушу мүмкүн эмес. Мына өзүң менен туптуура он киши болуп атасың. Алдындардын баары жашырылгандан кийин акыр аягында өзүң гана калышың керек.

 

1916-жылы сентябрдын аяк ченинде Алымбай датка баш болгон он киши тоо аралап жүрүп отурушуп, Көлдүн Үч-Чат деген жерине келишти, андан соң улам жогорулап тоо аралап жүрүп отурушуп, мөңгүлүү, көк муздуу сыйгалак тоо бооруна туш келишти.

 

-Буларды ушул жол менен аркы бетине алып өтүшүбүз керке.

Карабек жигиттери менен үч күндүн ичинде музду өткөөлдү чагып жол жасап чыгышты. Андан соң аттар сыйгаланып кетпеш үчүн каптар менен кум төктүрдү ошол өткөөлгө. Коркунучтуу өткөөлдөн тигилердин тигилердин эки адамы музга тайгаланышып, тээ төмөн карай учкан боюнча кетишкен. Андан башка дагы бир ат эки кап алтындары менен кошо төмөн карай учуп кетти. Аларга алаксыганга убакыт жок болчу. Коркунучтуу өткөөлдөн аман-эсен өтүп алышты. Арадан үч чай кайнам убакыттан соң Алымбай датка Карабек баатыр баш болгон жети жигит үңүрдүн  оозуна жетип келишти.

 

-Бул жерде бир канча ушундай үңкүрлөр бар, дегеле адам баласынын аягы басып келген эмес. Тээ илгери бала кезде өмүр бою тоо арасында жашаган Жакып мерген деген киши көрсөткөн ушул үңкүрлөрдү, атүгүл бир түнөп да кеткенбиз бул үңкүрлөрдүн ичине. Бул үңкүрлөрдүн кайсынысына кишилер баралбасын мен жакшы билем. –Карабек баатыр үңкүрдүн бардык сырларын Алымбак даткага айтып берди.

 

Тээ тоо башында жар боорундагы үңкүргө каптарды бирден ташып отурушуп араң дегенде жеткиришти, андан соң бардыгы жабылыша үңүрдүн оозун таш менен бекитишип жаап чыгышты. Иш аяктаган соң жети жигиттин бешөө дароо эле ошол жерден өлтүрүлдү.

 

-Булардын бизге зыяндарынан башка пайдалары жок.

Бул Алымбай датканын буйругу болчу. Өлүктөрдү болсо зоокадан төмөн карай ыргытып жиберишти. Кайтып келишип муз өткөөлдөгү кумдарды тазалап, суу куюп, кайра тайгалак кылып ташташты.

 

-Мына эми бул жакка эч ким өтө да албайт биз эми артка кайтпашыбыз керек. Жогору чыгып мобул тоону ашсак ары жакта Кытайлардын чек арасы көрүнүп турат түнү менен ары жакка өтүп кетебиз. Алар үчөө болчу, Алымбай датканын буйругу менен үчүнчү жигит да тоодон түшө электе эле Карабек баатыр аркылуу өлтүрүлдү.

 

Кытай чек арасынан жаңыдан өтүп баратканда Карабектин оозунан ак көбүк агып оңкосунан сайылды. Жолдо келатканда Алымбай датка тамагына уу кошуп берип салган болчу. Өздөрү менен кошо ала чыгышкан бир каптай алтындарды экинчи атка бекем байлаган Алымбай датка Кытай жергесине аман-эсен өтүп кетти.

 

Ошол боюнча ал өлүү тирүүсү белгисиз Кытайдан кайрылып келген эмес. Катылган казына ошол боюнча дайынсыз жоголгон. Мунун тарыхын Мөкүш хан баш болгон бирин-серин гана адамдар билишчү, бирок казына каякка жашырылганын эч ким билген эмес. Бул 1916-жылдын сентябр айынын аягы октябрь айынын башы болчу.


Сенин журогундун Жарыгы..


#49 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 29 May 2015 - 10:06

КАЗЫНА КАЙРАДАН ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛДУ

(бүгүнкү заман)

 

-Деги тирүүсүңбү?-ар жактан чуркап келген Садыр Карабаев Каныбекти кучактап калды, -сени өлтүрүп коюшабы же барымтага алып алышабыз деп чочуладык эле.

 

-Мен го тирүүмүн, андан көрө тиги таш короодогу Саид тирүү болсо экен, казынанын кайда экенин жападан жалгыз ошо гана билет.

 

-Кызыл кыргын атышуу жүрүп жаткан капчыгай чычкан өтө алгыс болуп солдат, милициялар менен курчоого алынды. Ондон ашык вертолёт каршылык көрсөткөндөргө үстүлөрүнөн аба аркылуу сокку берип турду. Ибрагимдин куралдуу тобу туткундалган соң, таш короонун ичиндегилерге каршылык көрсөтпөөлөрү, багынып берүүлөрү туралуу сунуштар коюла баштады. Бир аз убакыт өткөн соң анча-мынча каршылык көрсөтүшкөндөрү менен алар да ак желек көтөрүшө бирден чыга башташты. Багынбай, моюн сунуп бербөөгө аргалары калбай калган. Солдаттар катуу курчоого алганы аз келгенсип, үстүлөрүнөн вертолёттор сокку бергенге даяр турушкан. Туткунга түшкөндөрдүн бардыгы куралсыздандырылып, солдаттар алардын жан жерлерин текшерип атышты. “Куралдуу үч топтун бардыгы толугу менен колго түшүп беришти” дегенди укканда Каныбек, Садыр Карабаев баш болгон беш­-алты куралдуу топ таш короонун ичине Саидди издеп кирип барышты. Туткундардын арасынан Хамидке жолукту. Каныбек анын жанына басып келип жүзүнө тике карады. Экөө бир саамга тиктеше түшүштү.

 

-Саид каякта?

-Көргөн жокмун аны, сыягы атышу мезгилинде окко учту окшойт?

-Короо ичиндеги өлүктөрдү издеп атышып, акыры бурчта көмкөрөсүнөн жаткан Саиддин өлүгүн таап алышты. Ок так эле чекесине анан жүрөк тушуна бир канча жолу тийиптир.

 

-Шайтан алгырдыкы муну эбакта тигил дүйнөгө жөнөтүшкөн турбайбы, -Каныбек ачуулана ордунан туруп туткундарга барды.

 

-Муну ким атты?!

-Туткундардын бирөөсү тажик тилинде сүйлөп Хамидди көрсөттү, -аны тигил киш азыр эле атып таштады!

Хамид болсо ырсайып күлүп койду.

-Бүттү, алтын силерге да жок, мага да жок.

-Мындай болушу мүмкүн эмес, кантип дитиң барып аттың Саидди? Каныбек ушунча жылдан берки эмгегинин баары текке кеткенине күйүп кетти, -балким анын картсы сенде болуп жүрбөсүн?

-Саид эч кандай карта чийбептир, мурунку картасын эстеп, мээсине түйүп жок кылып салыптыр. Тек гана анын кайда жашырылганын билет экен. Мага да айтпай койгонунан ачуум менен өлтүрүп салдым...

Туткунга түшкөндөрдүн баарыдыгы куралдары менен кошо борборго алынып кетти. Атайын жыйырма кишиден топ түзүлүп, үчкө бөлүнүшүп, алтын алтын издегич аппараттырды алып келишип тоолорду, капчыгайларды, кокту-колотторду кыдырышып алтын издеп кетишти. Үңкүрлөрдүн баардыгын текшеришип карап чыгышты, бирок бир нерсе таба алышкан жок. Жоголгон казынаны издегендин бир гана пайдасы жайы-кышы эрибеген көк муздуу тоонун тээ төмөн жагындагы шаркыратманын ичинен 300 килограммдай таза алтын таап чыгышты. Экспертизалык текшерүүдө анын көп жылдар бою суу алдында жатканы аныкталды. Бирок ошолордун бардыгы тээ качанды биз кездеги Кокон хандыгынын казынасынын алтындары экени айкын болду. Ал эми негизги көп бөлүгү болсо ошол боюнча дайынсыз кетти.


Сенин журогундун Жарыгы..


#50 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 29 May 2015 - 10:07

ПРОЛОГ ОРДУНА

 

Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүк тарабындагы бийик ак кар, көк муздуу тоо арасына жашырылган казынаны бир жыл бою издешкен атайын топ дегеле алтындардын шек-шеберин да билбей коюшту. АКыры тажашканда аны убактылуу токтотууга туура келди.

 

-Мейли табылбаса, эң башкысы алар биздин жергебизде жашырылуу. Эртеби кечпи табылат, дагы кылымдап табылбай жатып калбаса болду. Өкүнүчтүүсү, алтында азыр табылганда, кыйналып жаткан мамлекетибиз бутуна туруп оңолуп кетет беле?, - Садыр Карабаев Каныбекке жолукканда ушуларды айтты, -бул боюнча атайын экиспедиция түзүлгөн, жылдын кандай гана мезгили болбосун ушунун үчтүнөн  издешет. Аларда алтын жаткан жерлерди көрөстө турган аппараттары бар, кандай болсо да табылат деген ишенич бар.

 

Ошондон соң алтындын артынан ууга чыккандар өзүнөн-өзү тыйылып, Кыргыз жергеси тынчып калды, ал эми мурунку туткунга түшкөн куралдуу топ болсо түрмөдө өз мөөнөттөрүн өтөп бүткөндө өз мекенине жөнөтүлдү. Алтын азгырыгы менен Хамидди акчага сатып алууга Афганистандан кишилер келишти эле Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү макул болушпай, качан гана мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин аны бошотушту. Ал өз мекенине кетти, кайрадан мафияны жетектеп жүрөбү белгисиз. Ал эми Каныбек болсо майорлук чинди алып, ички иштер бөлүмүндө начальник кызматка чейин көтөрүлдү. Кахардын чини, иш кызматы кайрадан ордуна келтирилип, аскер комиссариатында бир райондун начальниги болуп иштеп жүрдү. Өз мекенине кетпей, бул жактан үйлөнүп-жайланып биротоло Кыргызстанык болуп калды. Тээ илгери көптөгөн адамдарды азапка салып, нечендеринин өмүрүн кыйып, акыры дайынсыз жоголуп, кылымдап жаткан казына кайрадан “жылт” этип пайда болду да, нечендрди азапка салып, нечендердин өмүрүн кыйып кайрадан дайынсыз жоголду. Эми алар биздин убагыбызда табылбаса, келесек муундарыбыз таап, ошолор үзүрүн көрөөр, ошондо мамлекетибиз азыркыдай кыйналбай буттарына туруп кетээр. А балким дагы нечендеринин өмүрүн кыйып, азапка салаар. Кайрадан кылым карытып адамдардын тагдыры менен ойноор... Аны мезгил өзү көрсөтөт.

 

 

Соңу.


Сенин журогундун Жарыгы..


#51 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 29 May 2015 - 10:08

Детективди же укмуштуу окуяларды сүйгөн урматтуу окурмандар!

 

Саадатбек Мырзакул уулунун “Кара пояс же жоголгон казына баяны” аттуу эки доорду, эки кылымды көп кызыктуу окуяларды өзүнө камтыган детективдүү чыгармасы кийин толук жыйнак үч китеп болбой бир китеп болуп чыкканда, ошондо толугу менен окуйсуңар. Ал эми кийинки кезекте анын “Туткун кыз” жана “Менчик түрмөнүн тозогунда” деген эки чыгармасы менен таанышасыңар, криминалдуу окуясын окуйсуздар!

 

Анда жасалма түрмөгө түшүп, чет мамлекеттерге сатылган, шордуу дайынсыз жоголгон сулу кыздар, ал эми экинчи китебинде болсо менчик түрмөгө азап-тозокторго кабылышкан бейкүнөө адамдар жөнүндө баяндалат.


Сенин журогундун Жарыгы..


#52 Tilek

Tilek

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2163 билдирүү
  • facebook:mirbek.atambaev
  • ДарегиТоктогул.Кара-Жыгач

Жиберилди 18 June 2018 - 16:41

Ушул чыгарма китеп болуп чыкты беле?

Инсандын бул дуйного жаралуусунун сыры жана эн улуу максаты - ааламдын Жаратуучусун тануу,ага ыйман келтируу,ага ибаадат кылуу.(Бедиуззаман Саид Нурси).


#53 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 18 June 2018 - 23:24

Ушул чыгарма китеп болуп чыкты беле?


Чыга элек окшойт го.

Сенин журогундун Жарыгы..


#54 Chabandes

Chabandes

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 607 билдирүү

Жиберилди 24 June 2018 - 19:23

Детективди же укмуштуу окуяларды сүйгөн урматтуу окурмандар!
 ал китептери чыкканбы
Саадатбек Мырзакул уулунун “Кара пояс же жоголгон казына баяны” аттуу эки доорду, эки кылымды көп кызыктуу окуяларды өзүнө камтыган детективдүү чыгармасы кийин толук жыйнак үч китеп болбой бир китеп болуп чыкканда, ошондо толугу менен окуйсуңар. Ал эми кийинки кезекте анын “Туткун кыз” жана “Менчик түрмөнүн тозогунда” деген эки чыгармасы менен таанышасыңар, криминалдуу окуясын окуйсуздар!
 
Анда жасалма түрмөгө түшүп, чет мамлекеттерге сатылган, шордуу дайынсыз жоголгон сулу кыздар, ал эми экинчи китебинде болсо менчик түрмөгө азап-тозокторго кабылышкан бейкүнөө адамдар жөнүндө баяндалат.


Жакшылык жана такыба иштерде бири-биринерге жардам бергиле (Xадис)



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар