Перейти к содержимому


Фото

Дос тандоо жөнүндө


  • Please log in to reply
темада 20 жооп бар

#1 Jamgyr

Jamgyr

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 41 билдирүү

Жиберилди 27 May 2015 - 18:00

Ар дайым эсиңде болсун уулум! Тирүү адам доссуз болбойт. Адамдын доссуз болгонунан көрөкчө жолдошсуз болгону ийги. Бир даанышмандан: «Дос жакшыбы, же жолдош жакшыбы?» — деп сураганда ал «дос жакшы» — деп жооп берген экен. Ошондуктан достуктун жолу жөнүндө ойлонгун, аларга белектер жөнөтүп, ар дайым адамкерчилик кылгын. Анткени, ким өз досун эстебесе, досу дагы аны түк эстебейт. Ал адам түбөлүк доосуз калат. Ар дайым дос күтүүнү адатка айландырган. Себеби, Кимдин досу көп болсо, анын айыптары да ашкере болбойт. Кадырбаркың жогорулайт. Арийне, жаңы дос тапканыңда, эски достон кол үзбөгүн. Алардан жүзүңдү үйүрбөгүн, Дайыма досуң көп болсун. Элде: «Мыкты дос — адамга чоң дөөлөт» — деген сөз бар. Адамдар тууралуу ойлоп көрсөң, алар сени менен достук мамиледе болушат. Алгач жарым дос болушат. Ушундайлар менен жакшы мамиледе болгун. Алар менен ар кандай жакшы жана жаман кырдаалда достошкун. Ошентип алар сенин көп жакшылыктарыңды көрсө, кийинчерээк акырындык менен ынтымактуу дос болот. Дагы эсиңде болсун, досуңдун достору дагы сенин досуң болуп эсептелет. Алардын сенин досуңа болгон достугу сенин достугуңдан дагы көбүрөөк болуусу ыктымал. Эгер досуң сенин душманыңды жакшы көрсө, андай достон этиет болгун. Досуң сага себепсиз күнөө кылса, анын достугуна таңданбагын. Дүйнөдө андан айыптуураак жана андан дагы жаманыраак адам жок. Түшүнгүн, дүйнөдө эч бир айыпсыз адам болбойт. Сен дайым ак көңүл, боорукер болгун. Адатта ак көңүл, боорукер адамдардын айыбы азыраак болот. Адамкерчиликсиз, кадырбарксыз адамдарды дос санабагын. Мындай адамдардын касиети болбойт. Мындай антташкан достордун тобуна кийирбегин. Анткени, алар тек гана убактылуу «Жарма достор», арнамыс тутуп достошпойт.

Жакшы менен жаманды ажырата тааный билгин. Экөөнө тең достук мамиле жаса. Жакшыларга чын дилиңден, жамандарга тил учунда достук мамиле жасагын. Ошону менен эки жамаат тең достук мамиле жасашат. Анткени, ар дайым эле өз досуна адамдын күнү түшүп турбайт. Айрым бир учурда зарылдыктын кесепетинен жамандарга да ишиң түшүп калат. Ошол себептүү эки жамаатка тең бирдей достук мамиледе болушуң кажет нерсе. Акылсыз адамдар менен эч убакта дос болбогун. Акылсыз дос акылдуу душмандан жаман. Акылсыз достун жасаган айрым бир ишин, акылдуу душман да жасабайт. Асылзаада, адамкерчиликтүү, илимдүү, ишенимдүү адамдар менен достошкун. Эч качан досторуңдун акысын жеп кетпегин.

«Кабуснамэден»



#2 Xuligan

Xuligan

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2511 билдирүү

Жиберилди 28 May 2015 - 11:43

Канча досуң болбосун, убакыт өзү тандап коет.



#3 Ainash

Ainash

    Патриотка

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1402 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 03 June 2015 - 18:42

Досторумдан кечирим сураймын. Кечиргиле мен силерге татыктуу дос боло албадым. 


Умей смеяться когда грустно...., умей грустить когда смешно...,умей казаться равнодушной,....когда на сердце совсем не то!


#4 Chabandes

Chabandes

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 607 билдирүү

Жиберилди 16 June 2015 - 22:52

турмуш озу досторду тандап коет

Жакшылык жана такыба иштерде бири-биринерге жардам бергиле (Xадис)


#5 happykyz.

happykyz.

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 176 билдирүү

Жиберилди 18 June 2015 - 00:20

Сонун сөздөр экен, дос тандоо тууралуу.

Прикрепленные файлы


Максаты жок адам— ачкычы жок кулпу сыяктуу.

#6 Madi

Madi

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 94 билдирүү
  • ДарегиКыргызстан

Жиберилди 27 September 2015 - 18:37

Азирети Али айтат: Жакшы досу болбогон адам он колу жок адамга окшош. 


Таарынабыз, тагдыргабы? Кимде айып? Окунобуз ар бир кунго мунайып. Бакыт озу ошол болуп журбосун? Ар бир танды тосуп алуу жылмайып...


#7 Xatiko

Xatiko

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 125 билдирүү

Жиберилди 09 October 2015 - 11:04

Итин досун болсо болсун, бирок досун ит болбосун. 


Жду того, кто никогда не придёт.


#8 happykyz.

happykyz.

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 176 билдирүү

Жиберилди 25 October 2015 - 23:17

Чынында эле ушундай окшойт.

Прикрепленные файлы


Максаты жок адам— ачкычы жок кулпу сыяктуу.

#9 Rozana

Rozana

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 432 билдирүү

Жиберилди 08 March 2016 - 01:02

Психологдордун айтымында, эгерде достугунар 7 жылдан ашса, анда туболукко болот экен. 


Удача — это постоянная готовность использовать шанс.


#10 Tina

Tina

    Форумчу

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1484 билдирүү
  • ДарегиМаленькая страна)

Жиберилди 12 March 2016 - 16:25

Кыйкырсаң - баары угат. Шыбырасаң - жаныңдагы адам угат. Бир гана чыныгы досуң, унчукпай турган кезиңде да сени уга алат.


Если будешь улыбаться, все мечты начнут сбываться. :)


#11 Marjana

Marjana

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 62 билдирүү

Жиберилди 01 April 2016 - 01:12

Азыркы учурда чыныгы достор өтө сейрек  кездешип калды. 



#12 Rozana

Rozana

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 432 билдирүү

Жиберилди 25 July 2016 - 22:45

Дос-кулаган жеринден которот.

 

Жакшы дос-кулап баратканында кол сунат.

 

Чыныгы дос-кулап кетишине эч качан жол бербейт.


Удача — это постоянная готовность использовать шанс.


#13 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 02 August 2016 - 22:52

Мен жакшы дос, жакшы суйгон кыз, жакшы аял боло албайм. Ошого менден алыс болуп, бактылуу жашаган жакшыраак )))).

Сенин журогундун Жарыгы..


#14 Leo

Leo

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 675 билдирүү

Жиберилди 29 August 2016 - 21:53

Сакелердин бир макалы бар "Ишенбегин досуна саман тыгат посуна"-деген)



#15 Kala

Kala

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 229 билдирүү

Жиберилди 09 September 2016 - 22:23

турмуш озу досторду тандап коет

 Эң туура сөз. Достор арасында көрө албастык, ичи тардык анан тең тайлашуу болбошу керек. Достордун ортосунда болгону чексездик гана өкүм сүрсө түбөлүктүү болот достук.



#16 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3341 билдирүү

Жиберилди 10 September 2016 - 21:06

Эң туура сөз. Достор арасында көрө албастык, ичи тардык анан тең тайлашуу болбошу керек. Достордун ортосунда болгону чексездик гана өкүм сүрсө түбөлүктүү болот достук.


Чексез деген не?

Сенин журогундун Жарыгы..


#17 Chabandes

Chabandes

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 607 билдирүү

Жиберилди 11 September 2016 - 08:39

Мен жакшы дос, жакшы суйгон кыз, жакшы аял боло албайм. Ошого менден алыс болуп, бактылуу жашаган жакшыраак )))).


Эмнеге?

Жакшылык жана такыба иштерде бири-биринерге жардам бергиле (Xадис)


#18 Kala

Kala

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 229 билдирүү

Жиберилди 12 September 2016 - 13:03

Өз өлтүрбөйт жат жарытпайт-деген макал бар. Жат бирөөлөр убактылуу кызыкчылык үчүн жакын болушат дос болушат кызыкчылык түгөнгөндө мамиле бүтөт. Ошондуктан өзүңдүкүлөр менен дос болуш керек.



#19 AALMAZZ

AALMAZZ

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 192 билдирүү

Жиберилди 05 October 2016 - 21:05

Достор ар турдуу болуп болунот арак дос, акча дос, мансап дос, чыныгы акыреттик дос болуп. Ушул достордун арасындагыларды акыреттик досту табуу кыйын жана алар кыйын кундо гана билинет. Арак, акча, мансап досторун жуз болсо бир акыреттик досун ошол жузуно жетет ошого адашпай таанып алгыла.



#20 Leo

Leo

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 675 билдирүү

Жиберилди 20 December 2016 - 23:32

Достордун чыныгы достугу эч качан бири, бирине чек койбойт. Бири,бирине озундой ишенет жана ар дайым каражат жактан колдой албаса да моралдык жактан жолок болот. Ушуну эптей клбагандар болсо анда алар жон гана убактылуу бири бирине койгон планы боюнча мамилелеш.


0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар