Перейти к содержимому


Фото

Админдерге суроо?


  • Please log in to reply
темада 97 жооп бар

#1 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3301 билдирүү

Жиберилди 16 July 2015 - 06:03

Суроо бере турган тема жок экен. Бар болсо ошого кошуп койгула а мени кубалабай эле.

Менин дүйнөмдөгү кээ бир сүрөттөрүм неге көрүнбөй калган?


Сенин журогундун Жарыгы..


#2 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 16 July 2015 - 17:19

Сүрөттөр көчүрүлүп коюлган беле же жүктөлүп? Эгерде көчүрүлгөн болсо, кээ бир сүрөттөр бир топ убакыттан кийин көрүнбөй калат экен.


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#3 happykyz.

happykyz.

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 176 билдирүү

Жиберилди 19 July 2015 - 19:12

Смайликтерди кайдан таап, кантип койсо болот?

Туура эле бердим да ээ суроону )))
Максаты жок адам— ачкычы жок кулпу сыяктуу.

#4 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 20 July 2015 - 09:33

Смайликтерди кайдан таап, кантип койсо болот?

Туура эле бердим да ээ суроону )))

Сайтка телефондон киресизби же компьютер? Эгерде мобилдик версия болсо смайликтер көрүнбөйт, толук версияда көрүнүп элое турат. Мындай :)- болуп.


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#5 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3301 билдирүү

Жиберилди 21 July 2015 - 00:15

Сүрөттөр көчүрүлүп коюлган беле же жүктөлүп? Эгерде көчүрүлгөн болсо, кээ бир сүрөттөр бир топ убакыттан кийин көрүнбөй калат экен.

BB код аркылуу. Бүт баары көрүнбөй калса түшүнөт элем. Бирок бири көрүнсө бири көрүнбөй кызыктай го. Карап койсоңор жакшы болот эле.


Сенин журогундун Жарыгы..


#6 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3301 билдирүү

Жиберилди 23 July 2015 - 00:01

Сүрөт жүктөгөндө чыгып кала турган "Миниатюры" деген сөздү алып койсоңор болобу?


Сенин журогундун Жарыгы..


#7 Neska

Neska

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 7 билдирүү

Жиберилди 26 July 2015 - 18:58

profilge kantip surot koiso bolot?

#8 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3301 билдирүү

Жиберилди 26 July 2015 - 21:40

profilge kantip surot koiso bolot?


Профилге киргенде суроттун ордун карасаныз "изменить" деп турат. Ошону бассаныз окно ачылат ошол жактан сурот кое бересиз тандап алып каалаганынызды.

Сенин журогундун Жарыгы..


#9 Qwa-Tick

Qwa-Tick

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 296 билдирүү

Жиберилди 10 August 2015 - 10:06

Форумдун эрежелери каякта?


«... - Эй, байке, а жеңем каяктан болот? 
- Оштон. 
- ммм... 

- Эй эмне, эмне болду?!! 
- Жо... Эчтекемес... Мен жашамак белем, өзүнүз жашайсыз да...» 

# /"Биртууганчик" кинотасмасынан/


#10 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 10 August 2015 - 13:01

Форумдун эрежелери каякта?

Саламатсызбы? 

Эреже түзүлгөнү менен каттоо барагына коюла элек. Маалымат үчүн: 

 

Урматтуу каттоодон өтүүнү каалаган сайтыбыздын окурманы, ERKINDIK.RU сайтына куш келдиңиз!

Каттоодон өтүү сизге:

  • Өзүңүз тандаган ник(ысым) менен сайттын баардык бөлүмдөрүнө кирип жүрүүгө;
  • Сайттагы бардык макалаларга комментарий калтыруу;
  • Таанышуу, санаалаштык чөйрөңүздү байытуу;
  • Форумга өтүп, өз ойлоруңузду билдирген темаларды ачып, колдонуучулар менен кеңири пикир алмашуу;
  • Дил баянга ой-толгооңузду үзгүлтүксүз жайгаштыруу;
  • Форумдагы коммерциялык бөлүмдөрдөн (“Сатам-алам”, “Тейлөө”, “Ижара”, “Жумуш”) максаттуу, акысыз пайдалана алуу;
  • Креативдүү сунуш-пикирлериңизди сайттын жетекчилигине жазып, жөнөтө алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн эшигин ачат.

Көңүл буруңуз!

1.      Сайтка латын тамгалары менен гана катталуу мүмкүн. Мисалы: Marat, Nurgul... (Сайттын жетекчилигинин атайын макулдугу менен таанымал өздүгү бар адамдарга гана кыргыз жана орус тамгаларында катталууга мүмкүнчүлүк берилет. Мисалы: Атай Мукашев, Касым Айтбаев ж.б.у.с).

2.      Тандалган никти(ысым) экинчи ирет ондоо мүмкүн эмес. Ошондуктан көңүл коюп, дыкат болуңуз.

3.      Каттоодо жеке өзүңүзгө гана таандык электрондук даректи көрсөткөнүңүз туура. (Каттоодон өтүүнү электрондук дарегиңиздеги шилтеме аркылуу өтүп гана тастыктай аласыз!)

4.      18 жашка чейинки колдонуучуларга чектөөлөр бар болгону үчүн өзүңүздүн чыныгы жаш-курагыңызды көрсөтүү жактырылат.

5.      Каттоодон өткөн колдонуучу,  нигинин(ысымынын) активдештирүү режимин күтөт. Эң узагы 24 саат убакыт аралыгында колдонуучунун ниги(ысымы) тиешелүү админ тарабынан активдештирилет.

6.      Андан соң колдонуучу ошол маалдан баштап дил баянга ой-толгоосун жазууга жана каалаган макалага комментарий калтырууга укуктуу болот.   

7.      Эгер катталган колдонуучу канча бир убакытка сайтка кирбей калса да ага сайттын эшиги жабылбайт. Сайттын жетекчилиги ал колдонуучуну каалаган учурда кайра кабыл алганы даяр.

 

 

Ар бир колдонуучу өзүн коомдук адеп-ахлакка ылайык, тарбиялуу алып жүрүүсү абзел. Сайтта каттоодон өткөн бардык колдонуучу бирдей экенин, айланаңыздагыларга  сый мамиле кылуу жактырыларын жана ал мамиле сиздин бийик интелектиңиздин далили болоорун унутпаңыз.

 

Тыюу салынат!

 

1.      Адепсиз, уят сөздөрдү жазууга, кимдир-бирөөнүн абийирине шек келтирип, анын өздүгүнө урматсыздык кылууга, намысын тепселөөгө;

2.      Улутуна, динине тийиштик кылып, шылдыңдоого;

3.      Уруу, жерлигине карап бөлүүгө, улуттар аралык чырды баштап, аны тутантууга;

4.      Сайттын кайсы бир колдонуучусунун маалыматтарын(өздүк сүрөттөрүн, дарек-жайын ж.б.у.с) өзүнүн уруксатысыз жайгаштырууга;

5.      Тилдин грамматика эрежелерин одоно бузуп, жалаң баш тамгалар менен жазууга, диалект сөздөрдү ашкере пайдаланып, башка тилдеги котормосу кыйын сөздөрдү көп колдонууга;

6.      Интимдик кызмат сунуштоого;

7.      Таанымал инсандардын атын далилсиз каралоого, фактысы жок билдирүүнү жазууга, алардын сүрөт, видеолорун шылдың иретинде монтаждоого;

8.      Кызыл түстү колдонууга(бул түстө сайттын башкармалыгы, администратор жана модераторлор гана жаза алышат);

9.      Сайттын жетекчилигин ачык сынга алууга;(сын-пикирлер тиешелүү электрондук даректерге жөнөтүлүшү керек).

 

Эсиңизде болсун!

-          Сайтта кыргыз тилинде гана жазууга болот! Коммерциялык бөлүмдөрдө гана орус тилин пайдалануу мүмкүн; 

-          Жазган билдирүүңүздү өчүрүү мүмкүн эмес. Билдирүүңүз сиздин жеке пикириңиз болуп саналат жана анын мазмуну-максатына сайттын башкармалыгы жооп бербейт;

-          Ошондой эле дил баянга башка сайттардын шилтемесин жайгаштырууга;

-          Маанисиз, мазмуну түшүнүксүз тема ачууга, темаларга жалаң быйтыктар менен гана жооп калтырууга;

-          Темадан алыс билдирүү жазууга(флуддоого);

-          Ачык(кызыл, сары, ач жашыл ж.б.у.с окууга кыйынчылык туудурган) түстөрдү колдонууга болбойт.

 

Жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерге макул болбогон, сайттын эрежелерин үзгүлтүксүз бузган, колдонуучулардын көп арыздануусуна себепчи-колдонуучу жазаланат(сайттан четтетилет, анын кайрадан катталбашы үчүн бардык чаралар көрүлөт. Кырдаал талап кылса IP даректерден кирүүгө мүмкүнчүлүгүн да толугу менен жабат).

 

Кошумча: эрежелер маал-маалы менен өзгөртүлүп турушу толук мүмкүн.

 

Биздин сайтка куш келдиңиз. Сизди катарыбызга кошуудан кубанычтабыз! : )


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#11 Oo_Beishekan

Oo_Beishekan

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 219 билдирүү
  • ДарегиЖайлоо

Жиберилди 17 August 2015 - 12:00

Иштебеген админдерге кандай жазалар бар? Буларыңар чапанды жамынган, семиз депутаттарга окшош экен го ыя? Активдүү деле эмес эч бири.


Жайлоодон чоооң салам. Кыргызстанга жана Россияга!


#12 Xuligan

Xuligan

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2511 билдирүү

Жиберилди 18 August 2015 - 12:53

Иштебеген админдерге кандай жазалар бар? Буларыңар чапанды жамынган, семиз депутаттарга окшош экен го ыя? Активдүү деле эмес эч бири.

Ошону айтсаңыз деги бир кыймылдаган модератор көрүнбөйт. 



#13 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3301 билдирүү

Жиберилди 19 August 2015 - 01:18

Жанылка иштеп атат го

Сенин журогундун Жарыгы..


#14 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 22 August 2015 - 21:59

Иштебеген админдерге кандай жазалар бар? Буларыңар чапанды жамынган, семиз депутаттарга окшош экен го ыя? Активдүү деле эмес эч бири.

 

 

Ошону айтсаңыз деги бир кыймылдаган модератор көрүнбөйт. 

 

 

Жанылка иштеп атат го

 

Жазалар тууралуу админдер кабардар. Админдерге гана тиешелүү болгон бөлүмдө баары маал-маалы менен каралып турат. 


Эркиндик - мейкиндик алкагында !


#15 Oo_Beishekan

Oo_Beishekan

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 219 билдирүү
  • ДарегиЖайлоо

Жиберилди 23 August 2015 - 14:00

Түшүнүктүү.


Жайлоодон чоооң салам. Кыргызстанга жана Россияга!


#16 Nats

Nats

    Күйөрман

  • Модераторлор
  • 790 билдирүү
  • ДарегиПлутон

Жиберилди 19 September 2015 - 12:01

Толук версиядан кирип жатам, смайликтер кайда?
Ashk olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman degishmelim...

Моя жизнь моя история..

#17 Tina

Tina

    Форумчу

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1484 билдирүү
  • ДарегиМаленькая страна)

Жиберилди 19 September 2015 - 14:06

Толук версиядан кирип жатам, смайликтер кайда?

Прикрепленные файлы

  • Прикрепленный файл  натс.jpg   70.68К   0 Количество загрузок

Если будешь улыбаться, все мечты начнут сбываться. :)


#18 Nats

Nats

    Күйөрман

  • Модераторлор
  • 790 билдирүү
  • ДарегиПлутон

Жиберилди 19 September 2015 - 14:11


Толук версиядан кирип жатам, смайликтер кайда?


Мындай болтат меники
Ashk olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman degishmelim...

Моя жизнь моя история..

#19 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 19 September 2015 - 16:41

Nats, Интернет скорость начар болсо да ушинтип калат. Бул сайттын катасы эмес интернетиңизди текшерип көрүңүз.


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#20 Nats

Nats

    Күйөрман

  • Модераторлор
  • 790 билдирүү
  • ДарегиПлутон

Жиберилди 19 September 2015 - 16:55

Охохооо Жанылка эже, мен вай фай менен кирем...))))
Ashk olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman degishmelim...

Моя жизнь моя история..


0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар