Перейти к содержимому


Фото

Пенсиядагы полковник Абдували Акжоловду мыкаачылык менен кимдер сабашкан?

Адам укугу корголобу же кордо

  • Please log in to reply
темада 6 жооп бар

#1 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 24 July 2015 - 09:35

Баардык чынчыл инсандар үчүн!

 

 

Акжоловко капыстан атылган ок...

   Ушул жылдын 3-июлунан 4-июлга караган түнү дагы бир коомчулуктун  үрөйүн учурган окуя орун алды. Тагыраак айтканда, отставкадагы полковник Абдували Акжоловту күч органынын кызматкерлери сабап кетишти. Кийинчерек белгилүү болгондой, ондон ашык адамдын тепкисинде калган полковникти жада калса өлтүрүү аракети да болгон. Адам укугунун мынчалык деңгээлде тепселип жатышынын себеби эмнеде? Мыйзам талаасында оозго аларлык эмгек кылып, пенсияга чыккан Акжоловту жок кылууга эмне үчүн далаалат кылып жатышат? Эмесе кеп башынан болсун.

   Абдували Акжолов Бишкекте такси айдап, күн кечирип жүрчү. Ошол күнү да ал түнкү 23төр чамасында, үйүнө кайтып келе жаткан маалда капталдан келген белгисиз унаадан бирөөлөр ок атышкан. Башынан кайып өткөн ок полковниктин унаасынын алдыңкы айнегин талкалап кеткен. Өмүрүнө коркунуч жараткан абалдан кутулуу үчүн ал качууга аракет кылган. Бирок, он чакты киши полковникти аёосуз сабап башташан. Кийинчерек белгилүү болгондой, мыйзамсыз түрдө ок атып, сабагандар Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери эле. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамды одоно түрдө бузуп, мыкаачылык менен Акжоловту аёосуз түрдө ур-токмокко алышкан. 5-6-сааттай убакыт аралыгында ар кандай ыкмада кордук көргөзүшкөн. Жабырлануучу көп кан жоготуп, бети-башы талкаланып, эс-учун жоготконуна карабастан атайылап тез жардам чакырышпай, таңкы саат 5тер чамасында шаардагы №4 ооруканага жеткиришкен. Ал эми жакындарына эртеси түштөн кийин гана, болжол менен саат 14төрдө кабарлашкан. Күчкө толуп турган күч кызматкерлери Акжоловду кайда алып жүргөн? Бул убакыт аралыгында ага дагы кандай кысымдарды көрсөтүп, эмнелерди жасашкан болушу мүмкүн? Бул белгисиз. Жасаган аракеттери боюнча жалаң мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлер, адамды үч сааттан көп кармаганга мүмкүн эмес экенин, оор абалдагы адамга тез жардам көрсөтүлбөй,  үй-бүлөсүнө кабар бербей жүрүүгө болбойт экендигин кантип билишпейт? Же алар мындайды билгиси жокпу? Балким бул жогорудан берилген буйрук чыгар. Өмүр бою Ички иштер органында иштеп, эми гана жүргүнчү ташып такси айдап, оокатын өткөрүп жүргөн пенсионер Абдували Акжоловдон алар эмнени каалашат? Ага дагы кандай күнөөнү мойнуна алдыруу айласын көрүштү?


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#2 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 24 July 2015 - 09:36

Жабык сот, жыгылган Акжолов

   Эртеси, 5-июлда түшкө маал полковникти сотко алып бармакчы болушкан. Анда да саламаттыгы жол бербегенине карабай, Акжоловту ГСКНдин кызматтык жеңил унаасында ташып, Тез жардам унаасын колдонууга уруксат беришкен эмес. Сот жабык өтүп, анын жүрүшүндө жабырлануучу башы менен жер сүзүп, кулап түшкөн. Мына ошондо гана Тез жардам унаасы чакыртылган. Андан соң Акжоловту №4-ооруканага кайра жеткирүү керек болуп, полковникти ГСКНдин унаасында алып кетишет. Ал эми Акжолов ооруканага жеткенден кийин кан заара ушатып баштаган. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин көптөгөн ур-токмокко кабылган Акжоловдун бет сөөктөрү талкаланып, мурду сынган, бети-башы шишип, көгөрүп кеткени аныкталган. Буга байланыштуу 10-июль күнү аталган оорукананын Лор бөлүмүнүн жетекчисинин жана шаардык оорукананын профессору Насыров Вадим Алдаяровичтин кеңеши менен  республикалык оорукананын “кулак-мурун бөлүмүнө” котормокчу болушат. Ошентсе да тергөөчүнүн кийлигишүүсү менен ал күнү көчүрүлгөн эмес. Эртеси күнү, 11-июлда жабырлануучу Тез жардам менен шаардык ооруканага алып келинип, лор бөлүмүнө көчүрүлгөн. Ошол убакыт аралыгында ондон ашык ГСКНдин кызматкерлери каршылык көрсөтүп, Акжоловту кайрадан №4-ооруканага алып барууга далаалат кылган. Оорулууга улак тарткандай мамиле кылган күч органынын кызматкерлеринин жасаганын тартып жаткан укук коргоочу Токтайым Үмөталиева да алардан кордук көргөн. Тагырак айтканда, анын колун кайрып, тартып жаткан телефонун жулуп алып, сындырганы аракет кылышкан. Баса, жабырлануучуну кайрадан №4-ооруканага алпарууну ГСКНдин кызматкерлери бул ирет да каалашкан. Чакырылган Тез жардамдын кызматкерлери “оорулуунун абалы оор” деп талашканына карабай ГСКНдин балдары аны алып кетүүгө катуу аракет кылышкан. Бул тууралуу коомдук жактоочу Токтайым Үмөталиева “иш тажрыйбамда Тез жардамчылардын оорулуу адамдын саламаттыгын ойлоп, талашканын биринчи ирет көрдүм” – деп айтканы бар. Бул жашоодо адамдык касиетке ээ инсандар да жок эмес. Дал ошондой кадам менен Кочоров аттуу дарыгер жоопкерчиликти өз мойнуна алып, Акжолов шаардык ооруканага калтырылат. Мына ошондон кийин гана, 13-июль күнү Акжоловтон толук,  сапаттуу түрдө анализ алынып, анын башына кан уюп калгандыгы билинет. Ал ошол эле күнү тездик менен ошол оорукананын нейротравматология бөлүмүнө которулат.  Бирок, тилекке каршы бүгүнкү күнү полковник ден-соолугунун өтө жабырланганына, башына кан уюп операция жасалууга муктаж абалда экенине карабай СИЗОдо кармалып турат. 

Полковникти уурдаган ГСКН

   Көп өтпөй, тагырак айтканда 15-июль күнү Акжоловдун жакындары “эмне үчүн бандиттердей болуп ур-токмокко алган кызматкерлерди жоопко тартпайсыңар? Эмне үчүн мыйзам баарына бирдей иштебейт?”-деген суроо менен “Вечерний Бишкекке” маалымат жыйын өткөрүшкөн. Жыйындан кийин ГСКНын кызматкерлери, тездик менен Акжоловду №1 СИЗОго киргизүү аракетин көрүп башташты. Анткени, Акжоловдун саламаттыгын калыбына келтирүүгө  21 күндөн ашык убакыт кетчү болсо, аны мыйзамсыз ур-токмокко алган Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматынын күзүр жигиттери “оор кылмыш жазасынын жеңил түрү боюнча  жоопко тартылышмак”. Ооба, алар өз кылмыш жана былыгын жашыруу максатында эле! Ооруканага жатканына эми гана 13 күн болуп, операцияга муктаж болуп турган Акжоловту 16-июль күнү 20 чакты кызматкер сүйрөп жөнөгөн. СИЗОго көчүрүү тууралуу жакындарына кабарланган эмес. Алар күч колдонуу менен оорулууну карап жаткан баласын да түртүп, №1 СИЗОго жеткиришип, оор абалда турган Акжоловду СИЗОго бир сааттай киргизе албай турушканына туугандары күбө болушкан. Аздан кийин Акжоловду алып жүргөн ГСКНдин кызматтык унаасы, белгисиз тарапты көздөй жөнөйт. Унаа ээрчий жүргөн жакындарынын унаасына экинчи кызматтык унаа тоскоолдук көрсөтүп, Акжоловду алып кетип жаткан автоунаанын изин жашырууга аракет жасаган. Бул киши урдоодон кийин Акжолов республикалык ооруканага, ГСКНын же УКМКнын имаратына да жеткирилбегени белгилүү болгон. Ал эми туугандары кайрадан ГСКНге келип, Акжоловдун дайынын сурап башташкан. Алар “Полковник №4 ооруканада” дешкени менен, оорукана бул маалыматты тастыктаган эмес. Арадан 4 сааттай убакыт өтүп, болжол менен түнкү 11лер чамасында, баягы эки унаа ГСКНдин короосунан катуу ылдамдык менен чыгып жөнөгөндө, артынан туугандары ээрчий жүрөт. Акжолов салынган автоунаа беш-алты жолу аянтты жана ак үйдү айланып, кайрадан ГСКНнын короосуна кирип кетет. Айта кетчү нерсе, бул сааттарда жабырлануучу медициналык көзөмөлсүз унаада жүргөнүнө 5-6 саат убакыт болгон эле. Түнкү саат 12лерден кийин гана башкармалык Акжолов №1 СИЗОго жеткирилгенин билдирген.  Эртеси 17-июль, Улуу Орозо Айт күнү таң заарынан ГСКНдин имаратынын жанына топтолушкан жакындары анын ден-соолугуна тынчсызданып, медициналык жардамга муктаж  Акжоловду  5-6-саат кантип жана кандай абалда алып жүргүшкөнүнө ким жооп берет? – дешип талап коюшканы да жалпы ММК аркылуу коомчулукка жетип турбадыбы?

 

    Мына, урматтуу замандаш, бир топ убакыттан бери өз кесибинин профессионалы, элинин патриоту, мекенчил инсан Акжолов Абдували Жолдошевич күч органдары тарабынан мыйзамсыз айып тагууларга кабылууда. Бир нече жолу, кызыктар маалымат каражаттары тарабынан, өтө оор кылмыш жасаган делген негизсиз  айыптоолор жана куру жалаа менен бул жигиттин адамдык ар намысына тийген маалыматтарды далили жок таркатып келе жатышат.


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#3 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 24 July 2015 - 09:37

Бир кезде чогуу иштешкен кесиптештери Акжолов тууралуу эмне дейт?

ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Эгембердиев : “Мен А.Акжоловду жакындан абдан жакшы тааныгандыктан акыйкаттык үчүн бул жигит тууралуу учкай айтып берүүнү чечтим. Катардагы участкалык инспектор кызматын Свердлов Районундагы шаардык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы кызматын аркалап жүргөн Абдували Акжолов, менин сунушумдун негизинде 1999-жылы борбордук аппараттына ыкчам(опер)кызматкер катары жаңыдан түзүлүлө баштаган №9 бөлүмгө кызматка дайындалган. Анткени, мен ал кезде ИИМдин башкы штабында жооптуу кызматта иштечүмүн. Жумушума байланыштуу территориалык бөлүмдөргө барып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгү тууралуу жеринде маалымат жыйначуумун. Биз таанышкан алгачкы учурлардан тарта эле, мен анын өзүнө тиешелүү район боюнча оперативдүү маалыматтуулугуна, ыкчам маселелерди чечүүдөгү компетенттүүлүгүнө жана ал жердеги жашоочулардын сый-урматына, ишенимине ээ болгон милициянын майору  Абдували Акжолов жөнүндө жакшы ойдо калдым. Ошондуктан ИИМдин борбордук аппаратындагы жооптуу кызматка чоң ишеним менен сунуштаган элем.

Кызматка дайындалган күндөн тарта кыска убакыттын ичинде адис катары такшалганын далилдегенге жетишип, өзүн “кудайдан берилген опер” кызматкер катары тааныта баштады. Мен анын кээ бирлерине токтолоюн:

  • 2002-жылы Эл аралык изилдөөдө жүргөн Мамед Ясын менен Мамед Темин аттуу кылмышкерлер, Абдували мырзанын катышуусунда кармалышты. Бир нече мамлекеттин жасалма жарандык паспорту бар, калың капчыктуу бул кылмышкерлердин максаты, Бишкек шаарынын базарларында террордук актыларды уюштуруу менен бизнесмендерди карактоо жана кол салуу болгон. Акжоловдун ыкчам, туура аракетинен алар кармалып камакка алынышкан. Кытай мамлекетинин укук коргоо органдары тарабынан издөө салынган бул жарандар, өздөрүнүн боштондукка чыгуусу үчүн, а кездеги  милиция кызматкерлерине жарым миллион АКШ долларын  сунушташкан. Бирок, алар Кытай мамлекетине жөнөтүлгөн. Жогорку чиндүү Кытай полицейлери кыргыз милициясында ушул жигиттей так, таза жана профессионалдуу кызматкерлер бар экенин белгилеп келишет. Кытай бийлиги Кыргызстанга, көп жыл издөөдө жүргөн коомчлукка коркунучтуу кылмышкерлер кармалганына  ыраазычылык билдирүү ирээтинде 2002-2005-жылдары 10 млн. АКШ доллары суммасына ылайык 130 даана автоунаа жана криминалдык техникаларды тартуулашкан.
  • 2003-жылы Кочкор районунда мыкаачылык менен 21 адам өлтүрүлүп, кийин автобусу менен бирге өрттөп жиберилген жапайы кылмыш орун алган. Мындай жүзүкаралык менен жасалган кылмыш Кыргызстандын эле эмес, чет мамлекеттеги коомчулуктун үшүн алып, чоң резонанс жараткан. Бул кылмыштын бетин ачууда Акжолов башында турган кызматкерлер тарабынан чогултулган ыкчам маалыматтардын жардамында кылмыштуу топ кармалган. Кылмыштуу топтун башында Абазов аттуу криминалдуу авторитет болгон. Бул кылмыш иши боюнча түнү-күнү чуркап иш алып барган Акжолов, өз ишин берилгендик менен аткарган дасыккан кызматкер катары көпчүлүктүн көңүлүн бура алды.
  • 2005-жылы Жалал-Абад шаарында кээ бир саясатчылар, кандай жол менен болсо да бийликке келүү аракетинде карапайым элдин канын төгүүдөн кайра тартпаган  максаттарына жетүүгө провокациялык, ыплас кадамдарды жасай баштаган. Мында да, Акжоловдун бөлүмү тарабынан чогултулган оперативдүү зарыл маалыматтын натыйжасында, Жалал-Абад шаарында кан төгүүгө алып келүүчү окуяларга жана кыргыз элине карасанатайлык кылган кээ бир саясатчылардын аракетине бөгөт коюулган. Ошентсе да, провокаторлор шаардык милиция бөлүмүнүн имаратын өрттөөгө жана бир канча мамлекеттик объектерди талоонго учуратууга жетишкен.

Эмгек жолун катардагы ыкчамдатылган кызматчыдан баштап Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигиндеги башкы кызматтарга ак мээнети жана тынымсыз аракети менен жеткен Абдували Акжоловду көрө алышпагандар тарабынан 2007-жылы  атайлап Баш прокуратура тарабынан иш козготулат. Бир жыл дыккат жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн, тергөө амалдарынан өткөрүлүп бул жалаа Акжоловго атайын жасалган экени далилденгенден кийин, мыйзамга ылайык өз кызматы берилбей, Бишкек шаардык ИИБнын №9 бөлүмүнүн кызматына дайындалат. 

  • 2010-жылда орун алган апрель окуялары учурунда өз милдетин аткарып кызмат ордунда болуп, жарандарыбызды кол салуулардан жана талап-тоноолордон сактоо үстүндө жумуш алып барган. Эсиңиздерде болсо, бул тополоң мезгилинде жумуш ордун таштай качкандардын саны, жумуш ордунда өз милдетин аткарып калгандардан көп эле. Бакиевдик бийлик мезгилинде туура эмес, текшерүүлөргө, куугунтуктоого кабылган Акжоловду  ИИМдин №9 бөлүмүнүн башчысынын орун басарлыгына кайрадан Убактылуу Өкмөт тарабынан дайындалат.  Ошол мезгилде  массалык баш аламандык болуп кетүү коркунучунда турган Чүй облусундагы Маевка айылы турукташтырылган. Мен, бул жерде да Акжоловдун мээнети өзгөчө экенин чоң ишеним менен айта аламын. Анткени, бул улуттар аралык араздашуу орун алган  районго батынып келген укук-коргоо органында иштеген ыкчам-оперативдүү изилдөө багытындагы кызматкерлердин ичинен Акжоловдой өз милдетин аткаргандар болбогонун баса белгилейм.
  • 2010-жылдын аяккы айларында Бишкек шаарынын отуздай точкасына террордук акция жүргүзүү аракеттери көрүлүп жаткандыгы боюнча алынган ыкчам маалыматтын негизинде, милициянын поковниги Абдували Акжолов башында турган кызматкерлер өмүрүнө коркунуч туудурганына карабастан кылмышкерлерди кармашкан.

Бирок, укук коргоо системасында орун ала баштаган кадр саясатындагы тайкылыктан,  кылмыштын бетин ачууда көрсөткөн эмгеги үчүн бир катар кызматкерлер сыйлык алып, кызмат орундарын жогорулатууга жетишти, жасаган эмгеги кашкайып көрүнүп турса да Акжоловго көңүл бурулган жок. Бирок, өз ишине берилген Абдували мырза, мындай жорукту көңүл жаздымында калтырды. Себеби, ал өз эли, өлкөсү үчүн кызмат кылганды зор сыймык, жарандык милдет деп баалап келет.

 

  • 2010-жылдагы түштүк жергесинде от алган “июнь коогалаңы” учурунда кызматтык командировка менен эң көп болгон ушул Абдували Акжолов экенин эч ким тана албас. Ыкчам маалымат алуу жолу менен кандуу окуяларды уюштуруучулардан болгон экстремисттерди кармоого жана тынчтык орноп элдин ынтымакка келүүсүнө өлчөөсүз салым кошкон Абдували мырзанын эмгегин укук коргоо органдарынын кызматкерлери эле эмес, эл аралык уюмдар жана коомчулук  жогору баа беришти.

Белгилей кетчү нерсе, Акжолов Баткен окуясы орун алып эл аралык террористтер бастырып келген учурдагы жана 2010-жылдагы тынчы жок окуялардын бири болгон бакиевчилер кайра бийликке келүү аракетинде  нааразылык акцияларын уюштуруу үчүн акча таратуу аракеттери боюнча,  дасыккан, тажрыйбалуу кызматкер катары ыкчам маалыматтарды жетекчиликке өз убагында берип турган. Өлкө үчүн жасаган мындай кызматы үчүн башка цивилизациялуу өлкөлөрдө ар кандай шылтоо менен кылмыш иш козгоп, баалуу кызматкерин жүдөтпөй кайра аларга ар тараптан колдоо көрсөтүшөт.


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#4 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 24 July 2015 - 09:37

Ал эми, өмүрүн мамлекеттин коопсуздугун коргоп, элдин тынчтыгын сактоого арнаган Абдували Акжоловго 2011-жылы мыйзам бузуу менен алгачкы кылмыш иши козголот. Анткени, Чүй областынын ИИБнын башчысы Бактыбек Жусубалиев, келе жаткан Президенттик шайлоонун алдында атайын түзүлгөн сценарий боюнча, куру жалаа менен камакка алдырып, ден-соолугуна залал келтирип, милициянын тарыхында болуп көрбөгөн шумдуктуу окуя башталган. Мындай зулумдук ушул күнгө чейин уланууда. Тактап айтып коюучу нерсе, 2011-жылдын 8-август күнү Акжоловду шектүү катары кармашат, ал эми жабырлануучу деп эсептелген Тян Владимир арызын кийинки күнү 9-августта  жазганы тергөө учурунда аныкталган. Мыйзамды мындай одоно бузуу буга чейин катталбаса деле керек. Тян Владимирдин арызына ылайык Акжолов, бизнесмен Тяндын 10 млн. сом акчасын күч менен тартып алган деп күнөөлөйт. Ошол эле учурда “Манас” аэропортунда катардагы кызматкер Тян мындай чоң акчаларды кайдан алганы изилденбейт жана 5 ай боюу соттук териштирүүгө Тян бир да жолу катышпайт.  Тяндын 2010-жылдагы революциядан кийинки контрреволюцияны уюштуруу максатында акча таратканы тууралуу маалымат бар. Ал маалымат министрликке түздөн-түз жеткирилген жана Тяндын мыйзамсыз акча таратып жүргөнү аныкталып, ал качып кеткен. Анан 2011-жылы пайда боло калып “Акжолов акчамды тоноп алды” деп арыз жазган. Тян түздөн-түз акчасын ким алганын, канча акча экенин тергөө учурунда  да, так айталган эмес. Анын акчаны алып чыгып берген баласы: “7 млн. сом акчаны бир баштыкка салып бергем”-деген көрсөтмө берген. Эксперттик текшертүүлөрдөн ал суммадагы акча бир баштык эмес, эки баштыкка да батпай, анын айтканы жалган экени далилденген. Ушул сыяктуу инкриминацияланган айып тагуулардын бири ошол кезде киши колдуу болуп өлгөн Нарын облусунун губернатору Чекиевдин өлүмүнө шектүү делген, айып тагышкан.

Экс губернаторду чыныгы өлтүргөн адамдар табылгандан кийин, Акжоловдон кечирим сурап да коюшкан эмес. Республикада жыл сайын жасалма документтер менен “Ажыга баруу сапары” кимдир бирөөлөр үчүн киреше булакка айланган боюнча кылмыштын бетин ачууда Акжоловдун баа жеткис салымы бар.

Бирок, берген буйрукту аткарып жатабыз деген кызматкерлерге Адам укугу баарына бирдей деген мыйзамды бузганга, ким укук берди? Шектүү делсе, мыйзам жолу менен кармап, күнөөсүн мойнуна коюулушу керек! Эмне үчүн Акжоловду күнөөлүү деп табууга жандалбастап жатышат? Апрель талап-тоноолордогу айыбы ачылгандан же “Ажылык сапардан” киреше таппай калгандан ж.б. көптөгөн сырлар ачылат деген ичи ириген сыртында патриот көрүнүп жүргөндөрдүн жасаган кадамдарыбы?

Абдували мырзага болгон зулумдук качан токтойт? Кыргызстанда Адам укугу корголобу? Эптеп жасалма айып тагып, ишти бүтүрө салчуу Арзыматтар, эртең ушул тагдыр өз баштарына келбейт деп кепил боло алышабы? 

Ошондуктан укук коргобой эле, кордогондордордон коргоп алуу аракетин жердештери, айылдаштары колго алып “Абдували Акжоловду коргоо комитети” түзүлүп өз аракетин көрүшүүдө жана Бийлик өкүлдөрүнө башчыларына кайрылуу жолдошууда. Ал эми, мынчалык деңгээлге жеткирип көптөп, ортого алып сабашкан ?? кызматкерлерге  карата жазылган доо арыз каралып, алар мыйзамдуу жоопко тартылбай, өз кызматтарында жүрүшкөнү эмнеден кабарлайт?

 

 

 

Деги Кыргызстанда Адам укугу барбы? – деген суроо азырынча ачык бойдон турат”


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#5 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 24 July 2015 - 09:41


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#6 demo

demo

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 193 билдирүү

Жиберилди 19 August 2015 - 17:26

Окуп көрсөм, аталган адам, почти эмгеги сиңген экен баатыр экен.. Жок жерден караланып атыптыр..

 

Интернеттен бир маалымат сайтынан илгери раматылык экс-муфтийди ур-токмокко алгандарды айдактаган деген шектенгендердин анабашында ушул адам турат деп окудум.

 

Кандайча байланышы бар?

Албетте жактоочулары муну танышы турган иш, бирок, "мент менен дохтурдан Кудай сактасын" дегендей ушул кесипти аркалагандардан ар дайым абайлап жүрүү керек экенин өзүмө эреже кылып алгам.

 

Эгерде муфтийди токмоктоп (анын себебинен кайтыш болгон) кеткендерге катышы бар болсо, анда "ажап болуптур" дээр элем. Анткени, Жараткан өзүнө кызмат кылган адамдарды качан да болсо коргоп, өчүн алып берет!

 

Эгерде катышы жок "кой оозунан чөп албаган" момун болсо.. анда акталып чыксын. Саясий оюндар канчалык кызык болсо да аларда адилеттүүлүк артык эмеспи?!



#7 Aiym

Aiym

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 637 билдирүү

Жиберилди 03 September 2015 - 13:38

Жаштыгым, мастыгым-деп коюшат экен. Жаш кезде бир нерсенин артын көрбөй же алдына көз салбай, оюма келгенди оттой берчүү элем. Кийин башкаларды айыптоодон мурда далил талап кыла баштадым өзүмдөн. Ушундай экен анан ушинтип айтышты дегенден өзүмдү сактап калган чагым. Мисалы азыр Атамбаепти айыптаганда, көзгө көрүнгөн далил менен гана айыптай алам. Анын себеби газдын сатылганы, түштүктүн эли 8 ай газсыз отургандыгын бир мисал кылып айтсам болот. Ой деги айта берсе арман көп. Эмии Акжоловтун башкаларды уруп, токмоктогонун көруп, сүрөткө тартып, кармап албаган үчүн эч нерсе дей албайм. Ошон үчүн да аны соттоп же ал үчүн түрмөгө отургузуп коюшпады окшойт. Эми азыр КРда бийликтегилер эмне кааласа ошол болот, болуп калгандыгы үчүн дагы айрым жолуна тоскоол болгондорду сүрүп чыгарып жатышкан чагы. Мен бир адамды апакай деп айта албайм. ООба жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт-демекчи жаңылгандыгы да бардыр мүмкүн аны бир Кудай анан өзү билеттир. Бул Кудайдын берген жазасы же суноосуду аны биз айта албайбыз. Ал эми 12кг гашиш менен кармалды дегенинин далили жок ошого мен күнөөсүз деп ойлойм. Эгер чын эле ошончо маңзат менен кармалса, алып барып тынч эле түрмөгө салса болмок анан кантип эле 12 балага каршылык көрсөтүп, мыкаачылык менен сабалат, бул логично да туура эмес го дейм. Алгач эмнеге антти деген ой гана кыйнайт себеби ага карата да далилим жок.


Альхамдулиллях!



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар