Перейти к содержимому


Фото

Бактылуулар кандай өмүр сүрөт


  • Please log in to reply
темада 26 жооп бар

#1 Leo

Leo

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 676 билдирүү

Жиберилди 18 May 2016 - 18:06

Бактылуу адамдар өзгөчө өмүр сүрүшөт: Башкаларга салыштырмалуу алар жашоосундагы ар бир мүнөттү бактылуу жашагысы келишет.

Бакыт биздин жашоодогу нерселерди кандай көз караш менен кабыл алышыбызга көз каранды.

Кээ бир учурлары биз менен таптакыр байланышы жок жагымсыз учулар да болуп турат. Бирок, ошону кандай кабыл алуу жана жакшылыкка же жамандыкка буруп алуу өзүбүзгө гана көз каранды.

 

1. Алар баарына жагууга аракеттенбейт

 

Көпчүлүк учурда башкалардын алар тууралуу кантип ойлоору баары бир. Алар өздөрүнө гана ишенип аларды гана жакшы көргөндөр менен мамиле курушат. Башкалардын алардын жашоосуна мурдун салып буйрук беришкендиге жол бербей дайыма өздөрүнүн тандоосун жасашат. Алар ар дайым тандоо жасоону жана бирөөнүн макулдугуна эмес жүрөгүнүн макулдугуна моюн сунушат кимде ким ага ийгилик ааласа кыбанат каалбагандар менен мамилени улантпайт.

 


#2 Tina

Tina

    Форумчу

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1484 билдирүү
  • ДарегиМаленькая страна)

Жиберилди 20 May 2016 - 22:19

Бактылуу адамдар башкаларга жамандык каалабайт, колунан келген жардамын аябайт, башкаларга жагуу учун эмес жашоонун ырахатын татуу менен омур сурушот. 


Если будешь улыбаться, все мечты начнут сбываться. :)


#3 Leo

Leo

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 676 билдирүү

Жиберилди 21 May 2016 - 20:55

2. Алар кылууга милдеттүү болгон нерсени эмес өздөрүнө жакканын жасашат.

 

Бир нерсени кылынышы керек болгондугу үчүн эмес жаккандыгы үчүн жасоону туура көрүшөт. Алар бир туугандарына милдетүү болгон үчүн же бир тууган болгон үчун жардам бербейт. Алар жакындарын сүйүп, урматтаган үчүн жана чын жүрөктөн жардам бергиси келгендиги үчүн көмөк беришет. Аларга жеке тандоо башкалардын оюнан биринчи турат. Жана дайыма бактылуу өмүр сүрүшөт.

 

 

 



#4 Aiym

Aiym

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 637 билдирүү

Жиберилди 22 May 2016 - 01:40

Бактылуу адамдар бироолорго озунун пайдасы учун эмес ошол адамдын пайдасы учун жардам берип, бактылуу болушат. Мына ушул чыныгы бакыт.


Альхамдулиллях!


#5 kabarchy

kabarchy

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 369 билдирүү

Жиберилди 25 May 2016 - 03:58

Ар бир нерсенин, кырдаалдын экинчи жагын коро алуу менен тен салмактуулукту сакташат жана муну менен алр окунучуо кабылбайт ошону менен  ар дайым позитивдуу боло алышат. Алар учун бактылуу муноттор бар, ошондой эле  кайгылуу муноттор да, а кайгылуу жашоо бактыуу омур суруу жок. Алардын коз карашында булкан кратырында да атомдук ядро кабыкчасында да бактыуу муноттор бар)))



#6 KarlygaCh

KarlygaCh

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 583 билдирүү

Жиберилди 26 May 2016 - 14:18

Жашоону көрдүңөрбү, баары кыйынчылыктан турат, кыйынчылыктан чыгып кетүүнүн өзү -бактылуулук. Таза тамак таап жеп, таза жүрүү-бактылуулук. Бирөөлөргө жамандык каалабай , алардын ийгилигине кубануу өзү-бактылуулук. Өзүңдүн туура жүргөнүңдү, колдон келсе башкаларга сенин жардамың тийсе -бактылуулук. Кудайды таанып, аны менен болуу-бактылуулук. Ушуга окшогон жакшы ишердир менен жүрсөң, Кудайдан сурасаң сага бактылуулук өзү келет.



#7 Marjana

Marjana

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 62 билдирүү

Жиберилди 28 May 2016 - 01:41

Бактылуулук жакын адамдарың менен. Сен сүйгөн,сага күйгөн, жаныңда дайыма болгон, капаңды-кубанычыңды тең бөлүшкөн. Бул нерселер кадимки эле көрүнүш деп ойлошуңар мүмкүн. Бирок бактылуулукту ишенген жакының бар экенинде сезесиң. 



#8 Kala

Kala

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 229 билдирүү

Жиберилди 28 May 2016 - 20:56

Сулейман хандын баласына айтып жаткан кеңештеринде бир сөз бар экен. 

 

"Көрө албас, ичи тар адам менен эч качан достошпо. Ал сени аз гана нерсеге сатып сенден кетет"-деп айтат. Чын эле көрө албас адамдардан этият болгондор бактылуу болбой калгандан сактанган болот.



#9 Vazir

Vazir

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 257 билдирүү
  • ДарегиUSA

Жиберилди 13 August 2016 - 17:59

Бактылуулар баар нерсесин баалап, жок нерсесине шугур кылып омур сурушот, антпесе адамга эч нерсе жетпейт, эч нерсе бактылуу да кыла албашы мумкун.


.Я принимаю свою жизнь такой, какая она есть, и сам выбираю, какой ей быть в будущем :) 

 


#10 Tina

Tina

    Форумчу

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1484 билдирүү
  • ДарегиМаленькая страна)

Жиберилди 13 August 2016 - 23:21

Бактылуулар ар бир отконгон мунотундо бакытты сезишет. Жашоодо кандайдыр бир кыйын же ынгайсыз абалдар болсо да аны кийин кубануу, жылмаюу менен эстешет. 


Если будешь улыбаться, все мечты начнут сбываться. :)


#11 Leo

Leo

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 676 билдирүү

Жиберилди 14 August 2016 - 20:48

Бактылуу жашоо жок бактылуу мүнөттөр гана болот. Ошол мүнөттөр бүткүл жашооңо жетет. 



#12 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 26 August 2016 - 21:37

Бактылуулуктун эң башкы душманы көрө албастык менен ичи тардык. Ушул дарты жок адам гана бактылуулукту сезе алат. 


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#13 Leo

Leo

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 676 билдирүү

Жиберилди 29 August 2016 - 21:52

Бактылуу омур суруш учун бир жолу кылган катаны кайра кылбоо керек



#14 Sladkaya

Sladkaya

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 222 билдирүү

Жиберилди 19 September 2016 - 21:23

Бактылуу болуу бул – ар бир адамдын өз колунда. Ал эми ар бир пендени бактылуулук жолуна алып барчы нерсе анын ниети, тилеги, инсандык жеке сапаттары жана аракети. Бакыт дүйнөсүнө баруу өтө эле машакаттуу эмес, болгону айрым жагдайларга маани берүү гана керек.


Сага убактысы жок адамга сен да убактыңды коротпо. 


#15 Sladkaya

Sladkaya

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 222 билдирүү

Жиберилди 19 September 2016 - 21:23

 Мал-мүлккө, материалдык жетишкендиктерге маашырланып ашыкча сүйүнбөш керек. Анткени “Акча колдун кири” (Макал). Андан ажырап калуу ага толук ишеним арткандарды азап-муӊга салары турган иш. Андыктан жараткан берген белектер анын жолунда, Ал ыраазы боло турган иштерде коротулса анда ага кайгырбай, тескерисинче руханий ырахат аласың. 


Сага убактысы жок адамга сен да убактыңды коротпо. 


#16 Sladkaya

Sladkaya

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 222 билдирүү

Жиберилди 19 September 2016 - 21:23

Бул дүйнөнүн оош-кыйышы, өйдө-төмөнү көп болот эмеспи. Кандайдыр бир көйгөйгө тушугуп калган учурда, адам үмүтсүздүккө чалдыкпай өзүнүн ишенимине таянып, руханий чыйралууга өтүүсү керек. 


Сага убактысы жок адамга сен да убактыңды коротпо. 


#17 Sladkaya

Sladkaya

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 222 билдирүү

Жиберилди 19 September 2016 - 21:24

 Адам баласы жашоосунда ар кандай окуяларга күбө болот. Бул чындыкты алдын ала аӊдап кабыл алуу зарыл. Ошондо кайгылуу окуяларга да, кубанычтуу көз ирмемдерге да кандай мамиле кылып, кандай абалда болуу керектигин түшүнөт. Анан дагы эмнеге кайгырып, эмнеге кубануу керектигин билүү дагы маанилүү. 


Сага убактысы жок адамга сен да убактыңды коротпо. 


#18 Sladkaya

Sladkaya

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 222 билдирүү

Жиберилди 19 September 2016 - 21:24

 Адам баласы көбүнчө кыял менен жашайт. Бирок ошол кыялданган нерселер реалдуулукка жакын болсо, анда адам жетпей калган арзуусуна, кармай албай калган мүмкүнчүлүктөрүнө кайгыруусун жүйөлүү деп караса болот. Анткени инсанды бактысыздыкка жетелеген факторлордун ичинде акылга сыйгыс кыялдарынын ишке ашпай калганына кайгырып, өзүн азапка салгандыгы болуп саналат. 


Сага убактысы жок адамга сен да убактыңды коротпо. 


#19 Sladkaya

Sladkaya

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 222 билдирүү

Жиберилди 19 September 2016 - 21:24

Бакытты башка жактан издебейли. Бакыт – ар бир адамдын үй-бүлө уясында. Ошондуктан ар бирибиз өз үй-бүлөбүздөгү бакыттын баркына жетели. Ата-эне, бир туугандар, өмүрлүк жар, бала-бакыра... Мына бакыт... 


Сага убактысы жок адамга сен да убактыңды коротпо. 


#20 Sladkaya

Sladkaya

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 222 билдирүү

Жиберилди 19 September 2016 - 21:24

Ден-соолук бул – эң чоң бакыт. Албетте бир эле өзүбүздүн эмес, жакындарыбыздын ден-соолугунун чыӊ болушу да биз үчүн маанилүү.


Сага убактысы жок адамга сен да убактыңды коротпо. 



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар