Перейти к содержимому


Фото

Саясат сиз үчүн?


  • Please log in to reply
темада 11 жооп бар

#1 Leo

Leo

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 676 билдирүү

Жиберилди 14 June 2016 - 18:59

 Саясат сиз үчүн жашооңузда кандай роль ойнойт? Саясатка кызыгасызбы? Саясатты такыр сүйлөшпөй койо аласызбы? Кайсы саясатчынын баалайсыз?

 

Ар масаледе, күнүмдүк турмушта, жашоо-шартта деги эле сүйүүдө да саясат болот эмеспи. Мына ошол саясат менин жашоомдо өтө чоң роль ойнойт. Мен жакшы жашоого жетким келсе анда саясатты таанышым керек. Себеби-саясат туура жүргөн өлкөдө мен да тапкан тыйыным калыс жумшалып, сүйгөнүм менен бөтөн жакка тентибей бактылуу жашай алам. Саясат туура болсо саякатчы болом, саясат туура болбосо саясатчы болом. Андыктан саясатсыз жашай алгандар барбы? Мен баалаган саясатчылардан Насридин Исанов агайбыз. Калгандарын келечек көрсөтөөр.



#2 SteFan

SteFan

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 847 билдирүү

Жиберилди 14 June 2016 - 19:03

Саясаттан терең түшүнүгү жок адам гана саясата кызыкпайм-деп кутулат. Саясат жашоомдо чоң мааниге ээ эмес анткени саясатты ыйман менен аргындаштырсак гана калыс бийлик жүргүзүүгө болот. Саясат тууралуу сүйлөшпөй койуу мүмкүн эмес. Исмаил Исаков, Бөдөш Мамырова, Садыр Жапаров..


Өзүмчүл, акылыңарга моюн сунбаган, эси жок жүрөгүңөрдүн аракеттерине өзүңөрдү айыптабагыла! Анткени ошол жүрөк тартуулаган бакыт эч качан кайталангыс учур боюнча кала берет. 


#3 Sladkaya

Sladkaya

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 222 билдирүү

Жиберилди 14 June 2016 - 19:06

Мен саясатка кызыкпайм кызыкканда эмне саясатты озгортуп сала албагандан кийин кайдыгерлик менен озунду сооротосун да болбосо жалгыз эмне кылып алмак элен саясатчы боло калгандардын баарын эле коркутуп-уркутуп койсо же ака менен оозун жаап коюп жатпайбы...


Сага убактысы жок адамга сен да убактыңды коротпо. 


#4 CauseLove

CauseLove

    !!!الحمد لله

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1573 билдирүү
  • ДарегиKG.

Жиберилди 16 June 2016 - 10:38

Саясат мен үчүн катып калган нандай. Тишим өтпөйт, 'жей' да албайм..


Я нравлюсь себе больше, когда я с тобой..


#5 Vazir

Vazir

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 257 билдирүү
  • ДарегиUSA

Жиберилди 16 June 2016 - 13:25

Саясат мен учун мамлекетин жана элдин маселеси, турмушу жана эртенки келечеги. Эгер саясат саясатчылардын гана иши болгондо конул да бурмак эмесмин. Ошондуктан жогорудагы нерселер болгондугуна байланыштуу мен кайдыгер карай албайм.


.Я принимаю свою жизнь такой, какая она есть, и сам выбираю, какой ей быть в будущем :) 

 


#6 Qwa-Tick

Qwa-Tick

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 296 билдирүү

Жиберилди 16 June 2016 - 14:43

Саясат мен үчүн катып калган нандай. Тишим өтпөйт, 'жей' да албайм..

 

Саясат мен учун б*ктой. Сасык.


«... - Эй, байке, а жеңем каяктан болот? 
- Оштон. 
- ммм... 

- Эй эмне, эмне болду?!! 
- Жо... Эчтекемес... Мен жашамак белем, өзүнүз жашайсыз да...» 

# /"Биртууганчик" кинотасмасынан/


#7 Tina

Tina

    Форумчу

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1484 билдирүү
  • ДарегиМаленькая страна)

Жиберилди 17 June 2016 - 00:42

Саясатта эмне болуп атат экен деп эл катары эле акыркы маалыматтардан калбоого аракет кылам. Ашыкча кызыкпайм деле


Если будешь улыбаться, все мечты начнут сбываться. :)


#8 KarlygaCh

KarlygaCh

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 583 билдирүү

Жиберилди 17 June 2016 - 11:11

Саясат бул- окуу. Азыркы мезгилде, кыргыз элинин ичинде, саясатты  сүйлөбөгөн , саясатка кызыкпаган адам жокко эсе. Базардакы аялдардан тартып, кемпир , чалдарга чейин саясат менен алек, анткени, кыргызды саясат менен жашаганга , биздин эл башчыларыбыз алып келип койду. Эгерде жакшы жашоо болсо, жаштар өз жеринде иштесе, ким эле саясатты сүйлөп отурмак эле.Баар  келип." Бийликтин - ээси эл"-деп лознгга жазып коюп, жеп -жутарлардын элди ойлобой, элдин байлыгына ээ болушуп,жыргап жаткандыгында болуп атат. Эгерде, алалар өздөрү эле жебей элди да ойлоп ,элдин байлыгын элге иштеткенде, эл да саясат менен алектенбей, өз жеринде жүрбөйт беле?



#9 Beksultan

Beksultan

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 152 билдирүү

Жиберилди 17 June 2016 - 12:09

Мен мамлекеттеги болуп жаткан баардык маселе, журуп жаткан иштерди саясат деп эсептейм. Саясатчы дегенде, ошол иштерди алгылыктуу иш менен, жаны идеалар менен жолго салганга аракет кылган адамды айтам.
Олкодо болуп жаткандарга кайдыгер эмесмин, демек саясат менин жашоомдун бир болугу десем болот.

#10 KarlygaCh

KarlygaCh

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 583 билдирүү

Жиберилди 20 June 2016 - 14:54

Баарынан да Кыргызстанда саясат менен оорубаган адам, жок болсо керек. Сууларыбыз сатылып жатса, алтын казылып башка мамлекеттерге чыгып кетип жатса, балдарыбыз башка өлкөнүн жарандыгын алып, неберелерибиз өз тилин билбесе, Кыргызстанга кытайлар менен түрктөр толуп алса, кыздарыбыз кимдин колунда акча болсо ,ошону карап отурса, кантип саясатты ойлобойсуң? Саясатты ойлобой койуу үчүн мамлекет өз атуулдарын жумуш менен,  жакшы жашоо менен камсыз кылыш керек. Өздөрү кыргыздын байлыгын талап,жеп атышса, ал байлыктар жатпы элге тиешелүү болсо, кантип анан саясатты ойлобойбйз. Силер ,жаштар, саясатты ойлобой турган заман алып келишиңер керек. Кыргыздын жерин көрүнгөнгө талатпаш үчүн, Кыргызстанга келгиле, бир муштум болуп биригип, ата-бабалардан калган байлыкты, мыйзам жолу менен тикеден тик туруп тартып алуу керек.



#11 Nuraika

Nuraika

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 596 билдирүү

Жиберилди 02 September 2016 - 20:48

Саясат азыркы биздин жашоонун кааласак да каалабасак да темасы. Себеби саясаттан башка талкуулай турган эч нерсебиз жок.



#12 shok-bala

shok-bala

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 15 билдирүү

Жиберилди 16 September 2016 - 09:15

Саясат мен учун бирин-бирин алдамай оюну.
Кантробанда булар элдерге жакшы иш бере тургандын ордуна,элдин акчасын жемей кыскасы ото жаман акыбалда.


0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар