Перейти к содержимому


Фото

Паспорт жана улут маселеси


  • Please log in to reply
темада 27 жооп бар

#21 KarlygaCh

KarlygaCh

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 583 билдирүү

Жиберилди 03 July 2016 - 15:08

Биз аз улуттуу элдиз, бизге улут сөзсүз керек. Кыргыз улутундагы киши президенттикке келип, кыргыз эли үчүн кам көрбөсө, башкаларга кыргыз элинин кызыкчылыгы кызыктырбайт экен. Жазып эле жатышпайбы" Акаев калмак экен, Каптагаев калмак экен, Бакиев кыпчак, Атамбаеев ичкилик ж,б "-деп. Аз улуттуу эл бул сөздөрдү жөн эле жазып жаткан жок. Кыргызга кыргыз гана күйөт, таза кандуу кыргыз келип, кыргыз үчүн күйүп-бышпаса, кыргыз ушинтип жол таппай жем боло берет. Азыр кытай жээндер көбөйдү, дагы он жылдан кийин кыргызстандык болуп кытай башкарса эмне болот?  Кийинки президенттин чыныгы кыргыз экенин тактап, жети атасына чейин билип, ачык шайлоо өткөрсөк жакшы болот эле. Өзүбүз да элибиз да караңгылыктан чыгып, чыныгы кыргыз үчүн иштей турган азаматтарыбызды бийликке алып келүүгө аракет кылышыбыз керек. Эл баарыбыз укугубузду коргоп, өз энчибизге ээ болбосок болбойт. Эми улутту жок кылып, кыргызды маңкуртка айландыргысы келгендерге, каршы туруп, паспортту мурдакыдай калтырып, бийликке чыныгы кыргызды алып келгенге аракет кылалы???



#22 Tina

Tina

    Форумчу

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1484 билдирүү
  • ДарегиМаленькая страна)

Жиберилди 15 July 2016 - 23:47

Жазып койгондон эч нерсе болбойт го. Бул депутаттардын спектакли, адамдарга калп эле бир тема ачып берип коюп башка олутту бир нерсе жасап жатышат. 


Если будешь улыбаться, все мечты начнут сбываться. :)


#23 Aiym

Aiym

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 637 билдирүү

Жиберилди 16 July 2016 - 19:40

Жазып койгондон эч нерсе болбойт го. Бул депутаттардын спектакли, адамдарга калп эле бир тема ачып берип коюп башка олутту бир нерсе жасап жатышат. 

Маладээс! элди алаксытып туруунун дагы бир ыкмасы десениз)


Альхамдулиллях!


#24 KarlygaCh

KarlygaCh

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 583 билдирүү

Жиберилди 19 July 2016 - 17:40

Жакында Сарпашевди кетирүү боюнча жаштар чыгышты, туура болду себеби биз аз элбиз паспортко улутту жазбаса, эртең кыргызды кайсы улут башкарат. Көрүп атабыз го башкалар кыргыздарды өнүктүрүп жатканын, кыргызга кыргыз эле күйөт.



#25 Qwa-Tick

Qwa-Tick

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 296 билдирүү

Жиберилди 20 July 2016 - 13:50

Улуттун жок болушу паспорттогу графага байланыштуубу?

 

Мен да ушул суроону берейин дедим эле.

 

Паспортко улутту жазбай кою, кыргыздын жок болуп кетүү сүнө алып келе турган көйгөйлүү маселе.

Кыргыз аз улут, алибетте, жоголуп  кетүү коркунучу бар, себеби, "кыргыз"-деп жазылбаса, кыргыз үчүн эч ким күйбөсө, бара-бара жок болуп кетет.

 

Чын эле ушинтип ойлойсунарбы, э?

 

Эми улутту жок кылып, кыргызды маңкуртка айландыргысы келгендерге, каршы туруп, паспортту мурдакыдай калтырып, бийликке чыныгы кыргызды алып келгенге аракет кылалы.

 

Дагы бир төңкөрүш жетишпей жатты эле…

 

биз аз элбиз паспортко улутту жазбаса, эртең кыргызды кайсы улут башкарат.

 

Бири-бирине тиешеси жок түшүнүктөр.

Башкаруучубузду шайлап алуу өзүбүздүн колубузда. Кыргызды шайласак, кыргыз эле башкарат. 


«... - Эй, байке, а жеңем каяктан болот? 
- Оштон. 
- ммм... 

- Эй эмне, эмне болду?!! 
- Жо... Эчтекемес... Мен жашамак белем, өзүнүз жашайсыз да...» 

# /"Биртууганчик" кинотасмасынан/


#26 Qwa-Tick

Qwa-Tick

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 296 билдирүү

Жиберилди 20 July 2016 - 13:52

Аны эмне чоң проблема кылып жиберишти?

Паспортко улутуң жазылабы же жазылбайбы, андан сенин жеке жашооңдо да, улуттун (кыргыз элинин) жашоосунда да эч нерсе өзгөрбөйт.

 

«Паспортко улуту жазылбай калса улут жоголот» деп кайсы мээси ашып-ташып башына батпай жаткан патриот-сөөрөй айтып жатыптыр?

 

Совет мезгилине чейин (тагыраак, 1932-жылы советтик паспорт пайда болгонго чейин) кыргыз эли  паспорт-саспорту жок эле жашап, кылымдарды карытып УЛУТУН, аны менен бирге каада-салт, үрп-адат, руханий байлыктарын, жоготпой эле келген. Азыр эми паспортуңда «кыргыз» деп жазылбай калса, кыргыз болбой каласыңбы???

 

Негизи, паспортто улутту көрсөтүү – жаранды идентификациялоонун кошумча бир даражасы гана. Болду. Бүттү. Ал жазуудан «көбүрөөк» кыргыз болуп калбайсың.

 

Менин оюмча, улут жазуусун паспорттон алып салуу демилгесинин максаты - улутчулдукту жоюу, улуттар аралык жаңжалдары азайтуу. Билбейм, бирок ошентип ойлогум келет.

 

 

П.с. Патриот болуп, «кыргыз» экенин көрсөткүсү келгендер, паспорттогу жазууга жамынбай, иш жүзүндө көрсөтсүн.

 

П.п.с. 16-июлда Бишкектик «Азия Mix» КВН командасы Калининград областындагы Светлогорск шаарында өткөн «Голосящий КиВиН» фестивалында башкы приз «Большой КиВиН в Золотом» кубогун утуп алышыптыр. Куттуктайбыз, азаматтар!


«... - Эй, байке, а жеңем каяктан болот? 
- Оштон. 
- ммм... 

- Эй эмне, эмне болду?!! 
- Жо... Эчтекемес... Мен жашамак белем, өзүнүз жашайсыз да...» 

# /"Биртууганчик" кинотасмасынан/


#27 Rozana

Rozana

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 432 билдирүү

Жиберилди 29 July 2016 - 12:00

Кыргыз деп жазып алган канча неме бизди уятка калтырып журушот. Эмнеси болсо да адам озу улутун сактоого аракет кылбаса паспортко жазып койгон деле бекер.


Удача — это постоянная готовность использовать шанс.


#28 Xatiko

Xatiko

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 125 билдирүү

Жиберилди 09 August 2016 - 11:04

Улут жазылыш керек. 


Жду того, кто никогда не придёт.



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар