Перейти к содержимому


Фото
- - - - -

demo N таш

же жөн эле демонтаж

  • Please log in to reply
темада 6 жооп бар

#1 demo

demo

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 193 билдирүү

Жиберилди 04 January 2018 - 13:32

/ биякка адам аз кирет экен

шондуктан меням болсо

аздыр-көптүр, аз-маз жазып, секин-секинден

көргөн-билгенимден,

учуртмасы барлардан,

кээде жөн ле былжырак кептерди жазып турсамбы дедим..

 

мыйыгыңардан күлүп,

балким, бырс бышкырып,

мурунду чүйрүп

же "иии,ушундайбы?" - деп

окуп коёрсуңар.

 

же окубай койсоңор деле майли, өлүвам кетсин.

 

p.s. жазма эрежелерди дайым сактоону не абищщаю, такшыто, шу-шуть каталар болсо, көз жуумп коё бермей, окой?

 

кеттик анда.



#2 demo

demo

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 193 билдирүү

Жиберилди 04 January 2018 - 13:35

кирип аткан жаниварларды карасам менин окурмандарым негизинен Гугул менен Бинг болот окшоду.



#3 demo

demo

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 193 билдирүү

Жиберилди 04 January 2018 - 13:39

башынан эле байкагам, шыто, адам канчалык дүйнөтаанымы тар, көрөңгөсү эптемей (а, балким, такыр эщтеме жок), өз пикири жок, бирөөнү ээрчимей болгон сайын жалтырак-жултуракка, шаан-шөкөткө, оюн-зоокко жакын болот деп. мисалы, цыган эли (ошолордон болуп окуп аткандар болсо сорри) чириген бай болгон күндө да мойнуна жылтырак-жултурактарды илгени илген, тоңкуганы тоңкуган, ырдаганы ырдаган. бул бир эле мисал. бир гана ал эмес бизден деле толтура эмеспи, көчүгүн жапкан көк чапан жок да анан бергени дүңгүрөгөн той, карызга белчеден баткан, ибо "эл эмне дейт?"



#4 demo

demo

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 193 билдирүү

Жиберилди 04 January 2018 - 13:40

э, айтмакчы, комментарий жазбагыла. былжырай берейинчи жөн.



#5 demo

demo

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 193 билдирүү

Жиберилди 12 February 2018 - 15:16

убагында Высоцкий ырдаган эле

"тоолордон мен көрө элек
тоолор гана мыкты болушу мүмкүн.."

деп, анын сыңарындай, тоо көрсөм эле жүрөгүм элөөрүп, эреркеп (ыйлавайле) кетеримди байкадым. жүрөктүн согушу ылдамдап, алыстан көрсөм да жакын жеткенге шашып.. менимче, мындай диагноз тоо койнунда чоңойгон ар бир эле кимседе болсо керек.

"тоооооо-оооо-оооо-лоооооор,
.......тоооооо-оооо-оооо-лоооооор,
тоооооо-оооо-оооо-лоооооор,
чапкан атка жеткирбей, жеткирбей бара жатты"

Нүзүп аталыктын Намангандагы ичинде не бир куш сайрап турган бакта башы ыргырда, тоону эстеп көзүнө жаш келгенин алыста жүрүп тоо койнун сагынган адам жакшы түшүнөт.



#6 demo

demo

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 193 билдирүү

Жиберилди 16 February 2018 - 13:29

Кембагал үй-бүлөнүн баласы мектептеги классташтары бир риялдан чогултуп класс менен бир жакка барышмак экен. Үйүнө келип ата-энесине айтса акча жоктугун айтып берише алышпайт. Бала капа болуп ыйлап, ызаланып эртеси мектепке барат. Бардык балдар акча берип атканда ал бөлүнүп бир четте турат. Аны байкаган мугалими сурайт:
- Ай, Сулайман, сен барасыңбы?
- Жок, агай. Бара албайм.
Агайы эмне экенин сурабай эле (кээ бир мугалимдер зирек болот эмеспи?) окуучусу үчүн чөнтөгүнөн бир риял кошуп Сулайманды да класс менен кошо зоопаркка алып кетет.

 

Арадан канча жылдар өткөндөн кийин ошол бала эр жетип, Саудия эмес дүйнөдөгү эң бай адамдардын биринен болуп чыга келет. 2012-жылдары 95 жаш курагында бир канча миллиард доллар акчасын кайрымдуулукка жумшап, калганын мураскерлерине бөлүп берип өзүнө болсо жашаганына жете тургандай эле каражат алып калат.

 

Иши жүрүп турган кезде кайдандыр бир ошол окуя мунун эсине түшөт да сураштырып жүрүп ошол окуткан агайын издеп табат. Алдын ала чалып: “Мен сиздин окуучуңуз болом, сиз менен бир жүздөшүп, амандашсам дедим эле”, - деп анын дарегин алып үйүнө барат. Ар кайсыны сүйлөшүп отуруп айтат:
- Устаз, эсиңиздеби, бая бир жылы бардык балдар бир риялдан чогултуп жүрүшкө барарда, мен акчам жоктугунан бара албай кысынып, бөлүнүп турганда сиз мен үчүн акча чыгарып мени элден бөлүнбөй барышыма салым коштуңуз эле. Ошол карызымдан кутулайын деп келдим.
- Сен акылың ордуңдабы? Качанкы бир риялды төлөйүн деп келгениң эмнең? Сен ушул жакка келгенче эле жүздөгөн риялды машинеңе бензин куюп эле кетирдиң го? – деп мугалими таң калат.
- Эгер сиз макул болсоңуз, машинеме отуруңуз сиздин карызыңыздан кутулуп коёюн. Бир гана шарты – сиз макул болуп кабыл алышыңыз керек.


Устазы макул болуп машинесине отурат. Сулайман сураштырып билишинче мугалими Палестинадан Саудияга келип иштеген болот. Учурда карыздары көп жана алган пенсиясына эптеп жашап аткан болот.


Бир заңгыраган чоң үйдүн жанына келгенде токтотуп:
- Устаз ушул үйдү сизге белек кылам.
Агайы аябай таң калып:
- Мен бул белекти кабыл ала албайм. Бир риял үчүн ушунча аласа алганым туура болбойт.
- Устаз, сиз азыр ушул үйдү көрүп сүйүнүп атасызбы?
- Ооба. Жакшы үй экен! Чоң үй ар бир эле адамдын кыял го?.
- Анда ошо үйгө кошуп могу машинемди да белек кылсамчы?
- Анда кубанычыма чек жок болмок.
- Жок, устаз, жаңылышасыз.
Сиздин бул кубанычыңыз баары бир менин ошондогу кубанычыма эч тең келе албайт! Мен ошондо жана өмүр бою ошого ыраазымын, - деп устазына үйдү, машинени белек кылып, андан тышкары өзүнүн банкынан анын атына өлчөмсүз банктык эсеп ачып ал каалаган убакта каалаган суммада колдоно ала тургандай мүмкүнчүлүк түзүп берет.

 

* Бул эч кандай ойдон чыгарылган окуя эмес. Турмушта чындап эле болгон. Жана ал бай адамдын аты Сулайман Раджихи. Убагында “Форбес” журналына чыккан.

 

Ал эми икаядан мораль: Сага кыпындай жакшылык кылганды унутпа, канчалык бийиктикке жетсең да!



#7 demo

demo

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 193 билдирүү

Жиберилди 16 February 2018 - 13:32

Биринчиден Telegram ды ким ойлоп тапса да аябай ыраазычылык билдиргим келет!

Жана ал жактагы көп нерсени билүүгө боло турган каналдардын ээлерине - вайбер, вотсап, фейсбук ж.б.у.с. дын да орду бар, бирок, бир нерсе билем, үйрөнөм дегенге Telegram дан өтөөрү жок экен!




0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар