Перейти к содержимому


Фото

Философия жана жашоодогу табияттын жазылбаган кенештери

Улап жаз

  • Please log in to reply
темада 3 жооп бар

#1 Nuraika

Nuraika

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 596 билдирүү

Жиберилди 09 June 2018 - 18:37

Жашооңузга күч, жигер, кайрат берген таасирдүү сөздөр, омоктуу ойлор. Айрым ой толгоолор жашоодогу кээ бир кадамдарыңызды туура ташташыңызга көмөкчү болоруна ишенебиз.Ийгиликсиз никеде жылдарыңды короткончо, татыктуу түгөй издөө менен жылдарыңды коротконуң жакшы.

 

Табышмактуу аялдар жок, жандырмагын таба албаган эркектер бар.

 

Мени чындык менен соксоң сок, бирок эч качан жалган менен аяба.

 

Эч ким сенин көз жашыңа татыктуу эмес, татыктуулар сени эч качан ыйлатпайт.

 

Аркаңа карап кылчайба. Ар убак алдыда жүр. Сага керек адамдар, өздөрү сени кууп жетет.

 

Сенин бирөөгө берген эң баалуу белегиң — бул убактың. Анткени, сен эч качан кайтарып алалбас мүнөттөрүңдү берип жатасың.

 

Жубайлар, бирине көз, бирине кол болуусу керек. Колуң ооруганда көзүң ыйлайт. А көзүң ооруганда, колдоруң жашыңды аарчыйт.

 

Сени сатып кеткендерге дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүү, биринчисинде ата албаган адамга, экинчи жолу ок берген менен барабар.

 

Жүз жолу жардам берсең да унутуп коюшат. А бир жолу баш тартып койсоң, өмүр бою эстеп жүрүшөт.

 

Мени жек көргөн адамдар бар, жек көрө беришсин. Мени жакшы көргөн адамдар бар, жакшы көрө беришсин. Арада мени жаман көрүп, бирок жакшы көрүмүш болгон адамдар да бар. Мына ушундай адамдарды жек көрөм.

 

Улуу адамдар кээде жаш балдардан да ашып, жомокко муктаж болушат.

 

Жараткан бизге эки көздү көрүү үчүн, эки кулакты угуу үчүн, эки колду кармоо үчүн, эки бутту басуу үчүн берип, бирок эмнеге бир эле жүрөк берген? Себеби, экинчи жүрөктү биз издеп табуу үчүн, башка адамга берген экен.

 

Баткакка түшкөн алтын, баары бир алтын бойдон калат, а чаң канчалык бийикке чыкпасын, өмүр бою чаң бойдон калат.

 

Эч нерсе эрте же кеч болбойт. Баары өз убагында гана болот.



#2 CauseLove

CauseLove

    !!!الحمد لله

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1559 билдирүү
  • ДарегиKG.

Жиберилди 11 June 2018 - 09:31

Формула длительных отношений предельно проста:

Он Её обожает. Она Его уважает. :)


Мужчины ищут себе Аишу и Хадиджу, хотя сами далеко не 'Умар и не 'Али..!


#3 Nuraika

Nuraika

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 596 билдирүү

Жиберилди 11 June 2018 - 21:08

Шамалдын сокконун сезген адам шамалга каршы дубал тоспостон, тегирмен курсун. Жашоодо бардык нерсени пайдаланууга үйрөнүү керек. (Моа Цзедун)

 

Тагдыр жана мүнөз — бир эле нерсенин эки башка аталышы. (Л. Н. Толстой)

 

Ар бир адам — өз бактысынын устасы. (С. Иллюстий)

 

Бөлмөнү кооз гүлдөр көрктөндүргөндөй, учкул сөздөр жана таамай айтылган ой-пикирлер адамдын жан дүйнөсүн көркүнө чыгарат. (Капиев Э. М.)

 

Сиз принциптерге эмес, принциптер сизге баш ийиши керек. (М. Жванецкий)

 

Бизге кемчилигибизди бетке айткандарга ыраазы болушубуз керек, чынында… (Паскаль Блез)

 

Балдардын ата-энесине билдирген ыраазычылыгы — аларды ар дайым угуп, аларга тиешелүү сый-урмат көрсөтүүсү болуп эсептелет. (Екатерина Великая)

 

Эмгек менен коштолбогон талант фейерверк сыяктуу «жарк» деп көз ирмемге эч нерсени көргөзбөй калат да, андан кийин өчүп калат. (Гар Р. Мартен дю)

 

Реалдуулук — ага ишенбей койгондо да жок болбой турган нерсе (Филип К. Дик)

 

Ким өзүнөн качкан болсо… ал көпкө качышы керек… (Плавт)

 

Эң кыйын иш — өзүңдү таануу, эң оңой иш болсо — башкаларга акыл айтуу. (Фалес)



#4 CauseLove

CauseLove

    !!!الحمد لله

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1559 билдирүү
  • ДарегиKG.

Жиберилди 12 June 2018 - 13:11

Адамга эң кыйыны күн сайын Адам болуу.

Чыңгыз Төрөкулович. 


Мужчины ищут себе Аишу и Хадиджу, хотя сами далеко не 'Умар и не 'Али..!



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар