Перейти к содержимому


Фото

Жер үстүндө жети чындык


  • Please log in to reply
темада 3 жооп бар

#1 Nuraika

Nuraika

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 596 билдирүү

Жиберилди 11 June 2018 - 20:26

Илгери илим-билимдин артынан сая түшүп, өмүрүн сабаттуу болууга, акыйкатты издеп табууга арнаган бир пенде устатына 20 жылдан ашуун убакыт кызмат кылат. Бир күнү устаты шакиртин жанына чакырып, андан эмнелерди үйрөнгөнүн сурайт. Ошондо шакирти эч нерсеге алмашкыс «жети чындыкты» үйрөнгөндүгүн мындайча тизмектетип айтып берет.

 

Биринчиси: Жашоодо адамдардын чын көңүлдөн сүйүп, дос күткөн нерселеринин дээрлик баары, тилекке каршы, жарым жолдо жалгыз таштаганын байкадым. Мындан улам, бул дүйнөдө эле эмес, тиги дүйнөгө сапар тарткан учуруңда да сени жалгыз-жарым калтырбаган, ишенимдүү, чыныгы досту издедим. Ал эми чыныгы дос деген өз ээсине кайтарымдуу, пайдалуу, жакшы иштер экенине көзүм жетти. Булар түбөлүктүү өмүр жолундагы адам баласынын эч түгөнбөгөн жан азыгы жана чыныгы достору болуп эсептелет.

 

 

Экинчиси: Көпчүлүк адамдар ушул беш күндүк өмүрүндө байлыктын артынан сая түшүп, мал-мүлк топтоонун аракетинде болушат. Топтогон байлыгын атайын сактоочу жайларда сакташып, атүгүл, жоготуп албоо үчүн колдон келген бардык чараларды көрүшөт. Айрымдары байлыгына, атак-даңкына, аброюна жана сулуулугуна чиренишсе, а мен болгон байлыгымды жана күчүмдү Жараткан ыраазы болгон иштерге жумшадым, көңүлүмдү жалгыз гана Жараткандын сүйүүсүнө арнадым.

 

 

Үчүнчүсү: Бул жалганда адам баласы көбүнесе көрпенделик кылып, байлык, мансап, атак-даңк үчүн башкалардын эле эмес, өз абийирин дагы аштай төгүп, арзыбаган нерселерге жетүүгө жан үрөп келет. Атүгүл, адамдардын көпчүлүгү атак-даңкка жетүү үчүн ыплас жолдорду пайдаланышып, башкаларды басмырлаганга чейин барышат. Арийне, көз ирмемчелик бул өмүрдө адам баласы акыл калчап, адептүү болуп, жамандыктан сактанып, жакшылыкка жанашуу аркылуу гана өзүнүн кимдигин сактап каларын байкадым.

 

 

Төртүнчүсү: Адам баласы эртели-кеч бири-биринин кемчилигин аңдуу менен алектенгенин жана балдай ширин жашоосун ууга алмаштырып жатканын көрдүм. Терс көрүнүштөрдүн негизги булагы менменсинүү, өзүм билемдик, көралбастык жана текеберлик сыяктуу жаман сапаттар экенин байкадым. Ошондо жан дүйнөмдү аруулап, бардыгы менен достошуп, бакубат турмушта кубанычка бөлөнүп, терең ишенимде жашоонун жолун таптым.

 

 

Бешинчиси: Адамдар эмнегедир өздөрүнүн кетирген кемчиликтеринин себебин дайыма башкалардан издешет, башкаларды айыптаганга аракеттенишет. Ошентип, кемчиликтерден кутулууну ойлошот. Чындыгында, адам баласынын башына кандайдыр бир жамандык келсе, баары өздөрүнүн жасаган иштеринин айынан экенин билишпейт. Мына ушулардын баарын туюп, өзүмдү өзүм таразалап, напсимдин каалоолорун тыйып, жаман жоруктарга баш бакпоого, жамандыктын торуна түшпөөгө аракеттендим.

 

 

Алтынчысы: Адам баласы бир сындырым нан үчүн жана көртирликтин айынан жаман-жакшыны ылгабай, түрдүү зордук-зомбулуктарга барышууда. Мындайлар, биринчиден, башкалардын акысын жеп, жокчулукка кириптер кылып, күнөөгө батып жатышкан болсо, экинчиден, ушул жоругу үчүн улам ойлондуруп, кейитип, түйшөлткөн азапка туш болушат. А бирок чындыгында, адам баласы уруш-талашсыз, ынтымак-ырашкерликте жашаганда, кудайдын берген ырыскысына каниет кылып, ысырапсыз пайдаланганда, баары бакубат турмушта жашамак.

 

 

Жетинчиси: Адам баласы бул дүйнөдө дайыма бирөөнө таянууга жана ишенүүгө муктаж. Айрымдар чыныгы бейпилдикти, бакытты байлыктан, мансаптан, сымбаттан ж. б. у. с. утурумдук муктаждыктардан издегендиктен, аларга толугу менен ишенип, туруктуу таяныч катары карашат. Мен болсо Жаратканга болгон бекем ишенимим, Ага болгон тунук сүйүүм аркылуу негизги таянычты таба алдым, жалгыз гана Жараткандан жардам сурадым. Мына ошентип, чексиз ишенимди жана бейпилдикти, бакытты жолуктурдум».

Шакиртинин «жети чындыгын» баштан-аяк кунт коюп уккан устаты мындай дейт: «Баракелде, уулум! Абдан таамай белгиледиң. Адам баласын бул дүйнөдө жана аркы дүйнөдө чыныгы бакытка алып барчу нерселердин баары мына ушул сен айткан жети чындыктын айланасында экенин баамдадым»



#2 Nats

Nats

    Күйөрман

  • Модераторлор
  • 836 билдирүү
  • ДарегиПлутон

Жиберилди 22 June 2018 - 13:29

Аябай сонун жазылыптыр жеткиликтуу болуп. Автор ыраазычылык сизге.

Ashik olmak bu mutlu olmaktir, sevarken hic bir zaman degishmeyelim...

Моя жизнь моя история..


#3 Chabandes

Chabandes

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 608 билдирүү

Жиберилди 24 June 2018 - 09:42

таасирлер кучтуу

Жакшылык жана такыба иштерде бири-биринерге жардам бергиле (Xадис)


#4 kabarchy

kabarchy

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 369 билдирүү

Жиберилди 08 September 2018 - 03:51

°•°
=


0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар