Перейти к содержимому


Фото

Сооронбай Шариповичке кайрылуу


  • Please log in to reply
темада 1 жооп бар

#1 Nats

Nats

    Күйөрман

  • Модераторлор
  • 840 билдирүү
  • ДарегиПлутон

Жиберилди 23 October 2018 - 17:56

Мен азыр жалпы журтума , элиме , жериме , ага - ини , эже - синдилериме кайрылып турам. Урматтуу бир туугандарым , бугунку кундо биздин ондоп тузоп , туура жолду табып олкобузду, озубуздун келечегибизди , балдарыбыздын келечегин ойлонуп , бизге аманат кылып , бизге гулдой келечекти белек кылып беруу учун коп жоготууларга чыдап ошентсе да бизге бугунку кундогу эркин жашоону , эркин келечекти тапшырып кеткен ата бабаларыбыздын эмгектерин кор кылбай , баалап , биз да келечек урпактарыбызга артка кеткен аманат эмес, алдыга жылып гулдой ачылган келечек буйурганга аракет жасап , ар бирибиз чын дилибиз менен эмгектенип алдыга жылууга умтулалы. Бугунку кундо биз ондой турчу , биз чара коро турчу , биз озгорто турчу маселелер абдан коп. Алардын бири эн негизги маселе бул мектеп окуу жайлар, биз жаштарды куноолоп жаштар начар чыкты, жаштар тигинтти , мынтти деп,  аларды эч кайсыл жака аралаштырбай чет жактарга барып мигрант болуп иштегенге озубуз туртку берип жатабыз. Жаштардын оюн , созун укпастан чондор оз билемдик кылып , эч нерсе менен иши болбогондой. Мен озум да чет жакта мигрант болуп иштеп журом , мен озумдун келечегими , келечекте балдарымдын келечегин ойлоп жатам, ар бир ата эне балдарынын келечегин ойлойт да , чон иште иштегендер, ак уйдо олтургандар албетте балдарынын келечегин Кыргызстандан кутпойт , балдарын журт тышына окутушуп , элдин пайдасына кетчу акчаларды оз кызыкчылыктары учун коротуп келатышат, ачуу чындыкты айтып чыккандар кокусунан олуп калып жатышат. Бирок бул качанга чейин уланат ? ким буларды токтотушат ? жалпы эл токтотуп , озгорууго жалпы эл киришпесе ким киришет  ? ким азыр мени колдогусу келбей турат ? ошол адам айтсынчы , ошол адамдын бала чакасы ушундай корупцияга толгон , билими  алсыз олкодо кандай келечек менен жашап отуусун ойлонууда ? 

Эмне учун мектептер негизги маселе ? мектептерде мугалимдердин айлыктары аз, ал акчасы эч нерсеге жетишпейт уй булону багуу учун айлык жетиштуу болуусу керек, айлык жетишпеген сон иштебейт да. Мектепте иштеп  аз айлык алганча , пол жууп эки эсе коп айлык аласын дешип чет жака кеткендер канча. Шаарга жол айылдан башталат демекчи , келечеке жол мектептен башталат да, ошон учун биз мектеп , окуу жайларыбызды кучтондуруубуз керек.  Мектептерди кобойткондон мурда мугалимдердин айлыктарын кобойтуруусу керек, мектепте мугалим кучтуу болсо анын колунан чыккан окуучулар да келечекте мыкты адамдар болуп чыгат да, мектеп коп болгону менен мугалимдер кучсуз болсо , анын эмне пайдасы бар ? айлыгы аз болсо мугалимдердин деле кобу иштегиси келбейт да, аз акчага азыркы заманда ким иштесин? Баары Дуйшон агай эмес да, коптогон мугалимдер айлыктын аздыгынан чет жакта журушот, бир гана мугалимдер эмес башка кесиптин ээлери да , булардын баары эмне учун чет жакта журушот ? мамлекетибизде озу тандап аркалаган кесибинин узурун коро албаганы учун журушот да. Озунор карап коргулочу , интернеттен изилденип коргулочу , онуккон , жетишкен олколордун билим жактан , мектеп окуу жайлары жакшы онуккон, келечектин онугуусуно билим суудай керек.  Бугунку кунубуз кандай ? бугунку кунубуз ийгиликсиз, кайсыл эшике кирбегин акча сурашат, баланды мектепке алып бардынбы акча корупцияны да жоюш керек!  Ошондуктан мен сиздерге келиниздер баарыбыз кайдыгер болбой бул маселени чечели, унубузду чыгаралы , Президентибизге жеткирели.  Президент деле билет бул маселелер эн негизги маселе экендигин ошентсе да унчукпай олтурат, биз  эл маселени которуп чыкпасак бул маселе чечилбейт, дуйно жузу билсе да. Бизге деген Сооронбай Шарипович убада бербеди беле мугалимдердин айлыгын 26 минге чейин которуп берем деп, кайда калды бул убадасы ? Биз деген убада берген сон эмнеге аны талап кылбай жатабыз ? биз деген оз жарандык унубузду эмнеге чыгарбайбыз ? Мен Ажобуздун берген убадасын аткаруусун талап кылып кетемин. 


Ashik olmak bu mutlu olmaktir, sevarken hic bir zaman degishmeyelim...

Моя жизнь моя история..


#2 Nats

Nats

    Күйөрман

  • Модераторлор
  • 840 билдирүү
  • ДарегиПлутон

Жиберилди 26 October 2018 - 13:27

Мен дагы бир маселени которгум келип турам, Сооронбай Шарипович айтпады беле " Менде 35 коррупционер адамдын тизмеси бар, мен аларды каматып , алган акчаларын бюджетке токтуром " деп, бирок ал адамдардын камалып , акчаларын бюджетке тогулгонунон эч кандай маалым жокго, эмнеге ? "айтылган соз атылган ок" деген жакшы соз бар эмеспи элибизде, мен ишенип келгем Ажобузга, бирок, ишеничим акталбай калабы деп чочулап кетем. Бизге келген Ажолорубуздун баары эле умут берип, умутубузду актабай , убакытты эптеп откоруп эле кетип жатпады беле, мен Сооронбай Шариповичтен умутторубузду талкалоосун куткум келбейт, мен бул Ажобуздун тарыхта аты алтын тамгалар менен жазылып, Мекенине ак эмгек кылган Жусуп Абдырахманов сыяктуу адамдардын катарын толуктап калуусун умут кылам. Тарых демекчи тарыхка коз чаптырсак Курманжан Датка энебиз элибиз, жерибиз учун озунун баласын курмандыка чалган, эмне учун мен бул нерсеге токтолдум, мумкун Ажобуздун дос тууганы бул коррупцияга аралашканы бардыр , балким жакын досу , балким инисидир мумкун ушунун айынан бул айтылган убада аткарылбай тургандыр, эгер ошондой болгон убакта да эл учун, мекен учун баарын аткарышы керек деп ойлойм. Олкобуздун келечегин ойлогон адам , журогундо Мекенине болгон суйуусу бар адам деп умут кылам. Канчалаган адамдын тагдыры , Кыргыздын тукуму келечекте кандай болушу биздин бийликтен коз каранды да, Мекен учун ак эмгек жасаган адам канчалаган адамдардын алкышына калат, тарыхта калат. Ойлоп корсок тарыхта калуу оной эмес. Тарых мейличи , Кыргызстан кен байлыктарга бай олколордун арасынан дуйно жузу боюнча 7-орунду ээлеп турган, биз ошол кен байлыктарыбыз менен укмуш онуго турчу олко элек, канчалаган кендерибизди кайдагы бир оз билемдик кылган адамдар сатып , жон пайдаланбай экологиябызды бузуп сатып жок кылып жатышат, биздин баш мыйзамда жазылган жер, суу байлыгы Кыргыз элиники деп , бирок ошол кендерден тушкон байлыктар Кыргыз элинин бюджетине эмес , ошол ишти жасап жаткан адамдардын чонтогуно кетип жатпайбы. Бул ото кудайдан коркпой жасаган корунуш , канчалаган адамдардын , элдин акысын жеп жатышат булар, биздин ата бабаларыбыз колун тийгизбей кеткен байлыктарыбызды жок кылып жатышат, алар келечекте жегичтер чукуп жесин деп таштаган бекен , урпактарыбыздын келечеги учун катылган байлыктар да булар. Жер устундогу байлыктарыбызды айтпай эле коеюн , канчалаган завод фабрикаларыбызды сатып майдалап жеп, жер устундо эч нерсе калбаганда жерди казып жеп баштадынар , болбойт мындай элдин каргышынан , элдин назарынан, эн алгач Кудайдан коркушу керек булар. Сырткы карыздарыбызды бир кен менен кутулуп койсок боло турчу турубуз бар, бирок бул койгойлорду чечуу ары турсун ойлоп да койбойт. Кытайлар эмне учун тайрандап жатышат биз аларга карыз болгонубуз учун тайрандашат да, биздин олкого келип оз уйундо жургондой журушот. Карызыбыздан эн биринчи Кытайдан кутулушубуз керек, булар акчага эмес жерге кызыккан адамдар , оздорунун жерине батышпай оз урпактарын 2ден ашпасын деп закон киргизген санын , эмне учун деп ойлойсунар албетте жер жетишпегендиктен , оз олкосундо жер жетпей биздин жерди тартып алып койгондо анан коросунор, ойлонушубуз керек. Бир гана Шариповичке эмес элге да кайрылгым келет, бийликтин ушунчалык келечегибизге кайдыгер болгонун карап олтургандан тажабадыкбы ? булар келечекке кайдыгер , биз буларга кайдыгер болгонду токтотолу. Бийлик ким менен бийлик мекен менен эл менен бийлик, биз эл буларды сындап, аткарган иштерине коз чаптырып келечегибиз учун кайдыгер болбойбу


Ashik olmak bu mutlu olmaktir, sevarken hic bir zaman degishmeyelim...

Моя жизнь моя история..



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар