Перейти к содержимому


Фото

Библия.

Байыркы бал Китеп

  • Please log in to reply
темада 101 жооп бар

#1 Debirut

Debirut

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 58 билдирүү

Жиберилди 09 January 2014 - 13:00

Эң оболу китептин аталышын чечмелегим келип турат. Библиотека дегенди түшүнбөгөн жан жок чыгар. Так ушул сөз грек тилиндеги Библия деген сөздөн алынган. Кыргызча китептер деген маанини берет. Ар кандай доордо, ар кандай адамдар тарабынан Кудайдын Ыйык Рухунун шыктандыруусу менен жазылган бул Китеп Кудайдын адам баласы менен болгон мамилесин ажайып баяндап келип, келечекте эмне болорун кабарлайт. Азырынча ушул...



#2 Debirut

Debirut

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 58 билдирүү

Жиберилди 31 March 2014 - 12:01

Библиянын Өзүндө Библия тууралуу эмне дейт:

Баарынан мурда Ыйык Жазуудагы бир да пайгамбарчылыкты эч ким өзүнөн өзү айтпагандыгын билишиңер керек.
Себеби пайгамбарчылык эч качан адамдын каалоосу менен айтылган эмес. Аны Кудайдын ыйык адамдары Ыйык Рухтун жетеги менен айтышкан (2 Петир 1,20-21).

 

Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү, кош миздүү ар кандай кылычтан курч: ал жандан рухту ажыратып, муунга чейин, сөөктүн чучугуна чейин жетет, жүрөктөгү ойлорду, ниетти соттойт (Эвр.4,12)

 

ж.б.



#3 Jaryk

Jaryk

    Жапжарык ))))

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 3112 билдирүү

Жиберилди 03 April 2014 - 03:31

Мен бул динди жакшы билбегендиктен бир нерсе айтуудан алысмын. Бирок динди жакшы билген бир адамдан уккандай болдум эле "жаны башка дин түшкөндө, мурдагы диндеги бүт адамдар жана пайгамбар дагы жаңы динди тутуу керек" деп. Мааниси ушул сүйлөмгө окшош, дал китептегидей жаза албадым кечиресиңер. Эгер билгендер бар болсо тактап коёсуздарбы.


th-549989A8.jpeg

#4 Debirut

Debirut

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 58 билдирүү

Жиберилди 03 April 2014 - 22:25

Ишеним жолунун башы болот жана улана берет. Жараксыз болуп, эскирип кала турган жол болсо, ал адамдын гана ою болушу мүмкүн. Библияда алмустактан бери келаткан, Кудай менен адам баласынын ортосундагы мамиле баяндалат. 



#5 Debirut

Debirut

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 58 билдирүү

Жиберилди 03 April 2014 - 22:36

Библия тууралуу суроолорго Библия эң так жооп берет. Теңир мага: «Сен туура көрүп турасың, анткени Менин сөзүм жакында аткарылышы үчүн, Мен Өз сөзүмө көз салып турам», – деди (Жеремия 1,12). Теңирдин Сөзүндөгү чындыктар Теңирдин Өзү тарабынан сакталуу.



#6 Tilek

Tilek

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2147 билдирүү
  • facebook:mirbek.atambaev
  • ДарегиТоктогул.Кара-Жыгач

Жиберилди 05 April 2014 - 21:09

Пайгамбар(с.а.в)га бир куну Умар (р.а) кирип келип Тоораттан бир канча баракчаларды коргозгондо Пайгамбар (с.а.в) дын ачуусу келип эгер Муса (а.с) тирилип келсе ал да мага эргешмек деп айткан.Ошол сыяктуу Иса(а.с) кыяматка жакын Пайгамбар (с.а.в) ды эрчиген биз сыяктуу мусулман катары жер устуно тушурулот.Азыркы библия чыныгы Иса (а.с) га тушурулгон библия эмес.Ушул убака чейин адамдар тарабынан канча ирет бурмаланып,оздору калагандай оз ойлорун киргизип жиберишкен.

Инсандын бул дуйного жаралуусунун сыры жана эн улуу максаты - ааламдын Жаратуучусун тануу,ага ыйман келтируу,ага ибаадат кылуу.(Бедиуззаман Саид Нурси).


#7 Debirut

Debirut

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 58 билдирүү

Жиберилди 05 April 2014 - 22:01

Бурмаланды дегенди айткандардын биринен да негизин уга элекмин. Кайсы жери, кандай болуп бурмаланыптыр деген суроого негиздуу жооп боло элек.

 

Бир туугандык таза сүйүүгө ээ болуу үчүн, рух аркылуу чындыкка тил алуу менен жаныңарды тазалап, бири-бириңерди дайыма чын жүрөктөн сүйгүлө.
     
23 Себеби силер чирий турган уруктан эмес, чирибей турган, Кудайдын түбөлүк кала турган тирүү Сөзү аркылуу кайрадан төрөлдүңөр.
     
24 Анткени ар бир адам чөп сыяктуу, анын даңкы да талаа гүлүндөй. Чөп куурайт, гүл соолуйт.
     
25 Ал эми Теңирдин сөзү түбөлүк калат. Бул сөз болсо – силерге жарыяланган сөз (1Петир,1,23-25). 



#8 Ali.muslim

Ali.muslim

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 131 билдирүү
  • facebook:Али Муслим

Жиберилди 05 April 2014 - 22:54

кыяматка чейин ислам дининен башка дин кабыл болбойт деген куръан да Аллах таала!
Алар Аллахтын нурун ооздору менен өчүрмөкчү болушат, Аллах болсо, кафирлер каалашпаса да, Өз нурун толо чар-тарапка жаюуну каалайт» [9:32]

#9 Debirut

Debirut

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 58 билдирүү

Жиберилди 06 April 2014 - 14:38

Библияда Кудай адам баласын жараткандан берки тарых бүтүндөй камтылган. Китеп 1600 жылдын аралыгында 40 ка жакын пайгамбарлардын Кудайдын Ыйык Рухунан шыктануусу менен жазылган. Пайгамбарлар 1600 жылдын ар кандай мезгилдеринин жашоочулары болушса да, биринин айткан сөзү бириники менен уланып, бир пайгамбардын айтуусу менен башталган окуялар экинчи пайгамбардын мезгилинде аткарылып келген. Кудайдын адамзатын күнөөсүнөн куткаруудагы улуу тарыхы ушундайча улам учугу уланып келип, Ыйык Жазуу баянынын туу чокусу болгон окуя – Ыйса Машайактын бүткүл адамзатынын күнөөсүнүн кунун төлөөсү ишке ашат. Ыйык Жазуу адамзаттын тарыхындагы эң байыркы Китеп болуп, эң байыркы окуялардан тартып, алдыда боло турган дүйнөнүн акырындагы окуяларды өзүнө камтыйт.

...

Бул адамдын өмүрүндөгү эң маанилүү чындыктардан күмөн санатуу кимдиндир кызыкчылыгында бар. Мында жазылгандарды төгүнгө чыгаргылары келгендерди жолуктуруп жүрөм. Алар аны бурмаланган дешип, Кудайдын Сөзү экендигине шек туудургулары келишет. Бирок эч ким эч качанда, Ыйык Жазуунун чыныгы Кудайдын Сөзү экенин жокко чыгара албайт. Ыйык Жазууга чындап дит коюп окуган адамга анын чындык экенин, андай жалган болушу мүмкүн эмес экенин түшүнүү кыйын эмес. Анын чыныгы Кудай Сөзү экенине жетишердик далилдер бар. Анын бирин сиздерге сунуш кылайын.

1947-жылы Иудеянын тоолуу аймактарында, туздуу деңизге жакын жайгашкан Вади Кумран үңкүрлөрүнөн көп сандагы бүтүн бойдон сакталган Ыйык Жазуунун байыркы кол жазмалары табылган. Бул кол жазмаларда Ыйык Жазуудагы Ышайа пайгамбардын китеби толук бар болуп чыкты. Кол жазмаларда көрсөтүлгөн убакыт боюнча алар биздин доорго чейинки 200-жылдан баштап, биздин доордун 68-жылына чейинки убакытты камтыйт. Албетте Ышайа пайгамбардын китеби биздин доорго чейинки кол жазмаларга таандык. Эми ошол кол жазмалар менен бүгүнкү күндө биз окуп жүргөн, канчалаган колдон колго, тилден тилге которулган Библиянын эч кандай айырмачылыгы жок экени ырасталды. Бул кокусунан ачылган, “Өлүк деңиз кол жазмалары” жана “Кумран табылгалары” деген аталышка ээ болгон баалуу табылганын артынан байыркы кол жазмаларды ирээти менен изилдөө жүргүзүлө баштады. Бүгүнкү күндө  Ыйык Жазуунун 175 байыркы кол жазмалары табылган. Алар азыр илимий мекемелерде сакталууда. Ар кайсы өлкөдөн келген адистер аларды дайыма изилдөөдө.

 

...Кудайдын Сөзүндөгү ар бир адамга тиешелүү болгон керемет убадаларды айтып берсең ишенгилери келбегендер көп эле жолугат. Анын чындык экенин далилдемекке Жазуудагы алдын ала айтылып, анан аткарылган пайгамбарчылыкты айтканыңда “Кайдан билесиң, бирөө эле атайын ошондой кылып жазып койгондур” дегендерди да жолуктургам. Мынчалык түйшүк кимге керек болмогунан да, улуу чындыктарды тануунун эмне зарылчылыгы бар экенин ойлоном. Ошондо сөзүмдүн башында айтып кеткендей, бул эң маанилүү чындыктарга күмөн санатууга кызыкдар болгон күч бар экенин эстейм. Адам баласынын ошол күчтөргө жеңилип, көнүп берип жатканы аянычтуу. Чыныгы өмүрдүн сөздөрүнө караганда, эч кандай чындыкка негизделбеген акылсыздыктарга ишенип, ошол ишенимдерин тутуп жашап жүргөндөр бар. Жаңы жаңырган айды көрө калып үч ирет жүгүнгөндөрдү жолуктургам. Сиз деле жолуктургандырсыз. Алар айды жараткан, уга алган, көрө алган Жаратуучуга табынбастан, кулагы жок, көздөрү жок жансыз айга табынышат. Чыныгы баалуулуктар тууралуу айтканда эмнегедир жүйөөсү болсо да, болбосо да каршы пикир айтууга шашышат. Ал эми логикага туура келбеген нерселерге каршы пикир деле айтышпайт. Мисалы, ымыркайдын күндүзү көшүлүп уктап, түнкүсүн ыйлаганын тууралоо үчүн, кийимдерин сыртынан кийгизип коюу керек деген кеңеш беришет. Мындай кеңештерди таң калбай эле, каршы пикирде суроо бербей эле угуп, атургай ошондой кылгандар да бар. Буларды айтып жатканымдын себеби, окурман, адамдын туура жолду тандоосуна атайын тоскоолдук кыла турган күчтөр бар экенин баамдап, аларга жеңдирбей, чындыкты акылга сыйбаган жосундардан ажырата билүүңүзгө жардам кылгым келди.

Жогоруда келтирилген “Кайдан билесиң, бирөө эле атайын ошондой кылып жазып койгондур” деген жоромол чындыкка жакындай албастыгын оңой эле көрүүгө болот. Ии, деп туруңуз. Ыйык Жазуу мазмунуна жана андагы Кудайдын убадаларынын аткарылыш иретине жараша эки чоң бөлүктөн турат. Кудайдын Куткаруучуну убадалаган жана ошол убаданын аткарылышына карай өнүккөн окуялар, келе турган Куткаруучу тууралуу пайгамбарчылыктар камтылган бөлүк “Байыркы келишим” деп аталат. Бул келишим, муундан муунга тукуму уланып келаткан адамдарды убадаланган Куткаруучуга жетелеп келүүчү келишим болчу. Жазуудагы бардык пайгамбарчылыктардын негизин түзгөн эң негизги пайгамбарчылык – Ыйса Машайактын бүткүл адамзаттын күнөөсүнүн кунун төлөп куткаруусу “Жаңы келишим” деп аталган Жазуунун экинчи бөлүгүн түзөт. Бул келишим Кудайдын адамдар менен түзгөн жаңы келишими, Ыйсанын кун төлөп куткаруусу аркылуу болгон келишим.  Бул эки келишимдин маанилерине жараша осуяттары да бар. Ошол маанилерине жараша байыркы келишимди “Эски осуят”, жаңы келишимди “Жаңы осуят” деп да аташат. Жалпысынан алып Эски осуятты куткарылуу тууралуу пайгамбарчылык, ал эми Жаңы осуятты ошол пайгамбарчылыктардын аткарылышы десек да болот. Машайакчылыктан башаты, негизи болуп эсептелген, иудейлердин ишенимин изилдеп көрүңүз. Сиз ошондо Кудай Сөзүнүн чындык экенине айныгыс болуп ынанасыз. Ыйса Машайак жер үстүнө келгенде, иудейлер (бизче жүйүттөр) экиге бөлүнгөн. Бири Эски осуятта убадаланган Куткаруучу – Ыйса Машайак экенине ишенсе, бири ишенбей, Анын жолун жолдогондорду адашкандар катары санашкан. Ошого байланыштуу Ыйса Машайактын жер үстүндөгү өмүрү, кылган иштери жана Анын осуят, убадалары Ыйык Рухтун шыктандыруусу менен жазылганда Кудай Сөзү катары кабыл алышкан эмес. Иудей элинин урпактары азыркы күнгө чейин Жаңы Осуятты Кудайдын Сөзү катары санабай келишет. Аларда азыр Эски осуят гана Кудайдын Сөзү катары окулат. Эми, алар окуган
Эски Осуят менен биз окуп жаткан Ыйык Жазуунун биринчи бөлүгү болгон Эски осуятты салыштырып көрсөңүз эч айырма жок. Айырманын жоктугу Эски осуят адамдарга Жаңы осуят жарала электе эле ачылганын айгинелейт. Эгерде сиз өзүңүзгө ишенсеңиз, Жазуудагы жүздөгөн жылдар мурун алдын ала айтылган пайгамбарчылыктар орундалганын көрө аласыз.



#10 KarlygaCh

KarlygaCh

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 583 билдирүү

Жиберилди 07 April 2014 - 14:59

Жаштар! Опурталдуу жолдон этият болгула  Кудай бирөө гана ал жалгыз, төрөлгөн эмес, төрөбөйт дагы бардык нерсе ага гана таандык. Анын ордун ээлей турган эч нерсе жок, ошондуктан ар кандай динге кирип күнөөгө батпагыла. "Кудайдын буйругусуз кумурсканын буту сынбайт"-дейт элибиз. Ошондуктан бардык жакшы жана жаман нерселер Кудайдын буйругу менен болот. Ата -бабабыз калтырып кеткен ислмга эле сыйыналы.



#11 Debirut

Debirut

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 58 билдирүү

Жиберилди 07 April 2014 - 17:08

Жаштар! Опурталдуу жолдон этият болгула  Кудай бирөө гана ал жалгыз, төрөлгөн эмес, төрөбөйт дагы бардык нерсе ага гана таандык. Анын ордун ээлей турган эч нерсе жок, ошондуктан ар кандай динге кирип күнөөгө батпагыла. "Кудайдын буйругусуз кумурсканын буту сынбайт"-дейт элибиз. Ошондуктан бардык жакшы жана жаман нерселер Кудайдын буйругу менен болот. Ата -бабабыз калтырып кеткен ислмга эле сыйыналы.

Кыргызга канчанчы муундагы аталар ата-баба болот болду экен? Динге сыйынуу керекпи же Кудайгабы? Жазгандарыныз ушундай суроолорду козгойт. Бул суроолордун жообун мен жакшы билем. Өзүңүз үчүн жооп берип коюңуз.



#12 Ali.muslim

Ali.muslim

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 131 билдирүү
  • facebook:Али Муслим

Жиберилди 07 April 2014 - 20:57

Иса а.с тушурулгон инжил азыркы убака келип бурмаланып кеткен, Ойлон Деби ар бир пайгамбар келгенде мурдагы пайгамбарды ээрчуу ташталган, кээ бир учурда 2 пайгамбар да келген, эн акыркы пайгамбар Мухаммад с.а.в жана мындан башка пайгамбар келбейт ошого эн акыркы пайгамбар алып келген китеп динге гана ээрчилет, андан мурдагы китептерге динге ээрчисен кабыл болбойт! Кудай бироо ал торобогон жана торолбогону жонундо Куранда айткан, ким ага шерик келтирсе кафир болот! Хиристиян дини Иса а.с дын убагында кабыл болгон андан кийин башка пайгамбарлар келген жана хиристиян дини кабыл болбойт! Ушуну билип туруп да кайтпаса тозоко тушот шек кумонсуз!
Алар Аллахтын нурун ооздору менен өчүрмөкчү болушат, Аллах болсо, кафирлер каалашпаса да, Өз нурун толо чар-тарапка жаюуну каалайт» [9:32]

#13 HyPMyXaMMeT

HyPMyXaMMeT

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 50 билдирүү

Жиберилди 08 April 2014 - 14:07

Кыргызга канчанчы муундагы аталар ата-баба болот болду экен? Динге сыйынуу керекпи же Кудайгабы? Жазгандарыныз ушундай суроолорду козгойт. Бул суроолордун жообун мен жакшы билем. Өзүңүз үчүн жооп берип коюңуз.

Создун торкунуно маани берин, туп туз кабыл албай.

 

Ата-баба деген жалпы бизден мурда жашап откон аталарыбызды айткан!

Жалгын гана Аллах сыйынууга татыктуу. Исламга дегени ката жазып алса керек, 


Аллах Велик!


#14 Debirut

Debirut

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 58 билдирүү

Жиберилди 08 April 2014 - 18:34

Создун торкунуно маани берин, туп туз кабыл албай.

 

Ата-баба деген жалпы бизден мурда жашап откон аталарыбызды айткан!

Жалгын гана Аллах сыйынууга татыктуу. Исламга дегени ката жазып алса керек, 

Динге сыйынбаш керек, мына ушул сөздүн төркүнүнө маани берип кой сен дагы. Анткени жалгыз Кудайга сыйынган адамдардын башкаларды жектеген адаты болбош керек.



#15 angelo4ka_96

angelo4ka_96

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 391 билдирүү

Жиберилди 08 April 2014 - 22:08

Аа, Деби, бул жерде да бар турбайсызбы? Эмне демекчимин, Арыбаңыз!  :)


Жүрөктөр ыйманга толсун...

#16 HyPMyXaMMeT

HyPMyXaMMeT

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 50 билдирүү

Жиберилди 09 April 2014 - 14:20

Динге сыйынбаш керек, мына ушул сөздүн төркүнүнө маани берип кой сен дагы. Анткени жалгыз Кудайга сыйынган адамдардын башкаларды жектеген адаты болбош керек.

Сиздин жалгыз кудайыныз учообу ошондо?

 

Айттымго Ислам дининде Аллахка сыйынгыла дегенди айткан деп!


Аллах Велик!


#17 Debirut

Debirut

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 58 билдирүү

Жиберилди 09 April 2014 - 15:21

Сиздин жалгыз кудайыныз учообу ошондо?

 

Айттымго Ислам дининде Аллахка сыйынгыла дегенди айткан деп!

Учоо дегенди силерден эле угабыз :).



#18 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 09 April 2014 - 18:21

Эн таза жана жалгыз дин-Ислам, ким Ислам дининде болуп жана Пайгамбарыбыз С.А.Вдын жолун эрчисе алар адашпайт.

Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#19 Debirut

Debirut

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 58 билдирүү

Жиберилди 10 April 2014 - 21:09

Биз баарыбыз койлордой болуп адашып жүрдүк, ар кимибиз өз жолубузга бурулуп кеттик, ошондо Теңир баарыбыздын күнөөлөрүбүздү Анын мойнуна жүктөдү.
     
7Аны катуу кыйнашты, бирок Ал кыйналганда, үн чыгарган жок. Ал союлуш үчүн жетеленип келген козу сыяктуу, кыркмачынын алдында үнсүз жаткан кой сыяктуу үн чыгарган жок.
     
8Ал камактан жана соттон алынды, бирок Анын санжырасын ким айтып бере алат? Анткени Ал тирүүлөрдүн жеринен бөлүнүп алынды, Менин элимдин кылмыштары үчүн өлүм жазасына тартылды.
     
9Ага кылмышкерлер менен бирге мүрзө даярдашты, бирок Ал байдын мүрзөсүнө коюлду, анткени Ал күнөө кылган эмес, Анын оозунан жалган сөз чыккан эмес.
     
10Бирок Теңир Анын кыйналуусун туура көрдү, ошондуктан Ал Аны азапка салды. Ал Өз жанын айып үчүн чалынуучу курмандыкка чалгандан кийин, Ал узак жашаган укум-тукумун көрөт, ошондо Теңирдин эрки Өзүнүн колу менен ийгиликтүү ишке ашат (Ыш.53,6-10).



#20 Benyamin

Benyamin

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 302 билдирүү

Жиберилди 10 April 2014 - 21:56

Ой, Деби сизге такыр тушунбодум. Тенирчи дейлиби? же машайыкчы дейлиби?
Досторум ыйманга жол салгылачы,
Досторум эл деп күйүп жангылачы,
Өзгөрсүн жакшы жакќа тагдырыңар,
Өзүңөр ушул бойдон калгылачы!


0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар