Перейти к содержимому


Эркиндик-news.


  • Please log in to reply
темада 129 жооп бар

#1 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 19 January 2014 - 23:57

Бул темада дуйнодо,олкобуздо,коомубузда болуп жаткан жанылыктарды болушсонор болот.

#2 SteFan

SteFan

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 845 билдирүү

Жиберилди 20 January 2014 - 01:25

Жакында эле Москвада бир озбекти бычактап кетишиптир кочодо. Азыркы тапта бул жакта -23градуска чейин суук болуп жатат..

Өзүмчүл, акылыңарга моюн сунбаган, эси жок жүрөгүңөрдүн аракеттерине өзүңөрдү айыптабагыла! Анткени ошол жүрөк тартуулаган бакыт эч качан кайталангыс учур боюнча кала берет. 


#3 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 20 January 2014 - 10:00

Киевдеги баш аламандык
учурунда Виталий Кличко өрт
өчүргүч каражаттын бутасы болду
Украиналык “Удар” партиясынын лидери,
мушкер, WBC версиясы боюнча Дүйнө
чемпиону Виталий Кличко Киевдеги баш
аламандык учурунда өрт өчүрүүчү
каражаттын бутасы болду. Бул тууралуу чет
элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 19-январь
күнү катталган. Митингге чыккандар
коопсуздук кызматкерлери тарапка күйүүчү
жана жарылуучу каражаттарды ыргытышкан.
Ушул учурда коопсуздук кызматкерлери өрт
өчүрүүчү каражатты колдонууга мажбур
болушкан.
Кличко чогулган элдин алдына чыгып,
Украинанын президенти Виктор Януковичти
белгилүү Муаммар Каддафи жана Николае
Чаушескунун тагдырын кайталоодон
качуусун эскертти. “Бул бийлик толугу
менен алмашууга тийиш. Чеушеску
менен Каддафинин тагдырын
кайталоодон качыңыз”,- деди мушкер.
Эске салсак, Ливияны 42 жыл башкарган
Муаммар Каддафинин бийлиги 2011-жылы
жыйынтыкталып, президент өлтүрүлгөн. Ал
эми Румынияны 1974-1989-жылдар
аралыгында башкарган Николаэ Чаушеску
сот тарабынан атууга буйрулган.

#4 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 20 January 2014 - 21:06

“Улуттар биримдиги” Ош шаардык кеңешинен чыкпайт. Жаңылыктар түрмөгү. “Улуттар биримдиги” партиясы Ош шаарындагы жаңы мэрди шайлоо процесси мыйзам бузуулар менен өттү деген билдирүү таратты.



#5 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 20 January 2014 - 21:11

Ош мэри Кадырбаев акталганы аныкталды. БШК Оштун жаңы мэри Айтмамат Кадырбаев мурда соттолгону тууралуу маалыматтарга чекит коюп, ага күбөлүк тапшырды.



#6 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 20 January 2014 - 21:15

Украина: Президент оппозиция менен
сүйлөшөт
Киевде демонстранттар менен полициянын
катуу кагылыштарынан кийин президент
Виктор Янукович оппозиция менен
сүйлөшүүгө макулдугун билдирди.

#7 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 21 January 2014 - 16:53

21.01.2014
iis_world
Эрдоган Сириядагы окуяга каршылык
көрсөттү
Эрдоган дүйнөдөгү өлкөлөргө бул
канкордуктун токтотулуусу үчүн чакырык
салды

#8 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 21 January 2014 - 16:55

Сергей Лавров Ирандын Женева -2
жыйынына катышпашынын жаңылыш
болорун айтты
Лавров чечимдин БУУнун имиджине зыянын
тийгизерин белгиледи

#9 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 21 January 2014 - 16:57

Украинада абал
Митингге чыккандар менен полициянын
арасындагы кагылышуулар түнү менен да
улантылды 21.01.2014

#10 Jamgyrchy

Jamgyrchy

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1876 билдирүү

Жиберилди 21 January 2014 - 17:04

Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев 2 кабаттуу үй салдырып жатат. Бул тууралуу Белоруссиянын “Народная Воля” басылмасында жарыяланган. Хан сарай салынып жаткан жер престиждүү аймак болуп эсептелинет. 

 

fd16.jpg


Размещенное изображение

#11 Gulchetay

Gulchetay

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1243 билдирүү

Жиберилди 22 January 2014 - 04:26

Тоодон лыжа менен түшүп келатып жараат алган башпрокурор ооруканадан чыкты.

 

Бул тууралуу Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунан билдиришти.

 

Маалыматтарга караганда, Аида Салянова өзүн канаттандырарлык сезип калды, стационардык дарыланууга да муктаж эмес. Бирок Башпрокуратура жетекчиси мурункудай эле ишке жарамдуу эмес, андыктан үй шартында дарыланат.

Буга чейин кабарлангандай, башпрокурор Орловкадагы тоо лыжа базасынан жыгылып жараат алган. Анын үч кабыргасы, оң акыреги сынган. Операцияны борбор жетекчиси, профессор Сабырбек Жумабеков жасаган.

Медиктер азырынча Аида Салянова качан жумушка чыгарын айткан жок.



#12 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 23 January 2014 - 11:36

«АзияУниверсалБанктын» экс-
жетекчиси М.Надель
Италиянын тоо-лыжа курортунда кармалды

#13 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 23 January 2014 - 11:37

Украинада В.Кличко
мөөнөтүнөн мурда
президенттик шайлоону талап кылып,
чогулгандар менен кошо окко көкүрөгүн
тосоорун билдирди

#14 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 23 January 2014 - 11:39

НАТО
Афганистандагы
жаңы миссиясын 2015-жылы 1-
январда баштайт

#15 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 23 January 2014 - 17:01

Ысык-Көл облусундагы ок
атышуу болгон чек арадан облустун аңчылар
союзунун жетекчиси Александр Барыкиндин
өлүгү мууздалган абалда табылды, деп
билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
Маалыматта айтылгандай, А.Барыкиндин
мууздалган денеси бүгүн, 23-январда кыргыз
чек арачылары менен белгисиз тараптын
ортосундагы ок атышуу болгон Пикертык
пунктунун аймагынан табылган.
Ошондой эле, кол салгандар А.Барыкинге
тиешелүү мергенчилик үчүн колдонулган
«Вепрь» мылтыгын алып кетишкен.
Учурда, аталган аймакка бир нече посттор
коюлду, деп белгилейт ИИМ.
Эске салсак, бүгүн, 23-январда Ысык-Көл
облусундагы чек ара кошууну тилкесинде
Кыргызстандын чек арачылары менен
белгисиз тараптын ортосунда атышуу болду.
Белгисиз адамдар аңчылык чарбанын
башчысын өлтүрүштү.
Окуя болгон жерге барган чек арачыларга
дагы белгисиз тараптан ок атуулар болуп,
жыйынтыгында мыйзам бузган дагы эки
адам каза болду.

#16 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 23 January 2014 - 20:45

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү тарабынан
жүргүзүлгөн атайын операциянын
жүрүшүндө кыргыз-кытай мамлекеттик чек
арасын бузгандардын баардыгы жок
кылынды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек
ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, атышууда кыргыз чек
арачылары жана атайын даярдыктагы
жоокерлер Жети-Өгүз районундагы “Ак-
Шыйрак” участкасында мамлекеттик чек
араны бузган баардык 11 белгисиз адамды
өлтүрүштү.Кыргыз тараптан бир чек арачы
жеңил жаракат алган.
Мурда атышуудан кыргыз тарапка кол
салгандардын экөөсү өлтүрүлгөндүгү
маалымдалган болчу. Бирок ыктыярдуу
түрдө багынып берүү боюнча узак
сүйлөшүүдөн кийин алар баш
тартышкандыктан, жок кылынды.
Учурда алардын жарандыгы жана
мамлекеттик чек араны мыйзамсыз
бузуусунун максаты иликтенүүдө. Алдын ала
маалымат боюнча, баардыгы Кытайдын
жарандары болуп саналат.

#17 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 25 January 2014 - 11:07

Кыргыз-кытай чек арасында жок кылынган
11 адамдын сөөгү Кытайга өткөрүлүп
берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара
кызматынан билдиришти. Маалыматка
ылайык, уйгур сепартисттери деп шектелген
топтун мүчөлөрүнүн сөөгү алгач Бишкекте
экспертизадан өткөрүлөт. Андан соң
Кытайга өткөрүлүп берилет. Бул боюнча
Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги менен
макулдашылды.

#18 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 25 January 2014 - 11:08

Сириядагы жоолашкандар
бетме-бет сүйлөшөт
Бул жөнүндө Улуттар уюмунун жана Араб
Лигасынын чабарманы Лахдар Брахими
жума күнү маалымдады.

#19 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 25 January 2014 - 11:09

Янукович өкмөт алмашат деп сөз
берди
Киевде нааразылар конушун кеңейтип,
баррикада куруп, Айыл чарба министрлигин
ээлеп алышты. Бирок төрт күн бою полиция
күчтөрү менен кагылышуулар болгон жайда
жума күнү тынч болду. Украинанын
президенти Виктор Янукович парламенттин
28-январдагы чукул чакырылган
сессиясында өкмөт алмашарын билдирди.
Янукович жума күнү диниятчылар менен
болгон кездешүүдө Киевдеги тирешүүлөр
учурунда камакка алынган нааразылар
бошотуларын жана митинг-жыйындарга
каршы мыйзамдарга түзөтүү киргизилерин
да жар салды.

#20 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 25 January 2014 - 11:11

Американын улуттук космос агенттиги –
НАСА дүйнө калкын өз аттарын космос
кемесинин бетине жана микрочипке
чегерүүгө чакырды. Ар бир каалоочунун аты
OSIRIS-REx космос кемесинин үстүнө атайын
боёк менен түшүрүлөт. Каалоочулар өз
аттарын http://planetary.org/bennu сайтына
30-сентябрга чейин кошсо болот. Эгер
каалоочунун аты кабыл алынып, OSIRIS-REx
кемесинин бетине (кузов же фюзеляж десе
деле болот) чегериле турган болсо, дароо
эле тастыктоочу сертификат берилет.
OSIRIS-REx кемеси 2016-жылы Бенну
астероидине үч жылдык сапар тартат.
Байыркы египеттик кудайдын атын алып
жүргөн астероид Күндү 436 күндө айланат.
Бенну учурда Жерден 32 227 900 000 (32.23
миллиард) чакырым алыс.
Роботтоштурулган космостук кеме туурасы
500 метр астероидде эки жылдай изилдөө
өткөрүп, 2023-жылы Жерге Беннунун 60
грамм топурагы салынган капсуланы
жөнөтөт. Космостук кеме өзү андан ары
Күндүн орбитасына жөнөп кетет. АКШнын
президенти Барак Обама 2025-жылга чейин
астероидге адамдарды жөнөтүү тилеги бар
экенин айткан. (BAz)


0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар