Перейти к содержимому


Эркиндик-news.


  • Please log in to reply
темада 129 жооп бар

#41 Jamgyrchy

Jamgyrchy

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1876 билдирүү

Жиберилди 03 February 2014 - 14:20

Америка жараны, мотоцикли менен кошо жерге берилди. 

 

1391403129_vasiyeti-uzerine-motosikletiy  

 

Америкада 82 жаштагы Билли Стэндлинин керээзи аткарылды.

Американын Огайо штатында боор оорсунан каза болгон Билли Стэндли 1967-жылкы модел Harley Davidson мотоцикли менен топуракка берилди. Ал өлөр алдында мындай керээзин үй-бүлө мүчөлөрүнө айткан болчу. Атайын айнектен куту даярдалып, мотоциклге Биллин сөөгү мумияланып, көмүлдү. Билли 4 баланын атасы болчу.


Размещенное изображение

#42 Jamgyrchy

Jamgyrchy

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1876 билдирүү

Жиберилди 03 February 2014 - 14:22

КАИРДЕ ҮЧ ЧОҢ ЖАРДЫРУУ БОЛДУ. 

 

1391335662_000_nic6288605_8867.jpg  

 

Египеттин борбор шаары Каирде үч чоң жардыруу болуп өттү. Жардыруудан беш киши каза таап, жетимиштен ашууну жарадар болгон. Эң чоң жардыруу катуу кайтаруудагы полиция штабына жакын жерден орун алган. Жардыруу абдан күчтүү болгондуктан, анын добушу бүтүндөй шаарга угулду. Жакын жерде турган Искусство музейи да жабыркады.


Размещенное изображение

#43 Jamgyrchy

Jamgyrchy

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1876 билдирүү

Жиберилди 03 February 2014 - 22:41

Дарыгерлер Шумахерди комадан чыгара башташты.  

 

1391093477_town-ya1.ru_.jpg  

 

Франциянын Гренобль шаарында дарыгерлер унаа жарышынын чемпиону Михаэл Шумахерди жасалма комадан чыгарууну баштады. Шумахер декабрдын аягында Францияда лыжа тээп жүргөндө жыгылып, мээсине доо кетип, андан бери эс-учуна келбей жатат. Спортчунун менеджери комадан чыгаруу жараяны көпкө созулушу мүмкүндүгүн эскертти. Дарыгерлер Шумахердин мээсине буга чейин эки жолу операция жасаган. Спортчунун качан калыбына келери боюнча дарыгерлер азырынча маалымат берише элек.


Размещенное изображение

#44 Jamgyrchy

Jamgyrchy

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1876 билдирүү

Жиберилди 03 February 2014 - 23:49

Кой - Таштагы аскер бөлүгүндө жоокер муунуп алды. 

 

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, чукул чакырылыштагы аскер кызматкердин денеси бүгүн түштөн кийин казарманын жер төлөсүндө табылды. Бул жоокер Жалал-Абад облусунан чакырылып, 10 ай кызмат өтөгөн. Өз өмүрүнө кол салуунун божомолдору айтылбайт. Тергөө жүрүүдө. Окуя болгон жерге Аскердик прокуратуранын кызматкерлери жөнөп кетти. Кошумчалап кетсем бул, жоокер тараптан өз жанын кыюнун бир ай ичиндеги экинчи учуру. Биринчи каргаша 11-январьда Канттагы аскер бөлүгүндө катталган.


Размещенное изображение

#45 Jamgyrchy

Jamgyrchy

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1876 билдирүү

Жиберилди 03 February 2014 - 23:53

Ажылык уюштуруудан келип түшкөн көмүскө киреше - 6 миллион сомго жетет. 

 

28115_m.jpg  

 

Бул тууралуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө ажылык уюштуруунун так баасы белгисиз. Мындан тышкары, Кыргызстандык зыяратчыларга Арабия бөлгөн орундар чет элдиктерге сатылган учурлар белгилүү. Молдалиевдин айтымында, быйылкы ажылык Түркия жана Малазиянын мисалында уюштурулат. Бирок ал кандай принципти камтыйт – такталбайт.


Размещенное изображение

#46 Jamgyrchy

Jamgyrchy

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1876 билдирүү

Жиберилди 03 February 2014 - 23:56

Сузак районунда медрсенин имараты кулап кеткенден 56 адам жабыркады.  

 

28116_m.jpg  

 

Бул тууралуу 24 агенттигине райондук оорукананын башчысы Замира Орунбаева билдирди. Анын айтымында, жабыкагандар колу - буттарынан сынык алган. Учурда сегиз адам ооруканага жаткырылып, калганы рентгенге түшүүдө. Эске салсам, бүгүн Күмүш - Азиз айылында курулуп жаткан медреседе куран окулуп жатканда, имараттын экинчи кабаты кулап кеткен. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштөөдө.


Размещенное изображение

#47 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 04 February 2014 - 10:24

Шейшемби күнү Украин парламенти
президенттин ыйгарым-укуктарын чектөөнү
талкуулайт. Оппозиция президент Виктор
Януковичти кызматтан кетүүгө чакырууда.
Сасык тумоодон кийин дүйшөмбү күнү
кызматына киришкен Янукович Украина
“экстремизм жана радикализмге, бийлик
үчүн умтулгандардын коомду
кайраштыруусуна жол бербейт” деп
билдирген. Президент Януковичтин
парламенттеги тарапкерлери эгерде
кризистен чыгуунун башка жолу табылбаса,
Янукович мөөнөтүнөн мурун шайлоого
макул болорун билдирүүдө. Януковичтин өз
пикири айтыла элек.
Орус бийлиги Украин оппозициясын
“коркутуу жана ультиматум” жолунан баш
тартууга, бийлик менен сүйлөшүп,
кризистен чыгуунун жолун издөөгө
чакырды. (AiT)

#48 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 04 February 2014 - 10:25

Орусиянын Коргоо министрлигинин “Звезда”
телерадиокомпаниясынын билдирүүсүнө
караганда, 3-февралда Москвада
Кыргызстан Коргоо министри Таалайбек
Өмүралиев Орусиянын Коргоо министри
Сергей Шойгу менен жолугушту. Анда
аскердик-техникалык кызматташуу маселеси
талкууланган. Москва Кыргызстанга 1 млрд.
доллардан ашуун суммага курал берерин
буга чейин билдирген. Орус маалымат
каражатынын маалымдоосуна караганда, ал
курал бериле баштады. Сергей Шойгу
ошондой эле Орусия Канттагы аскердик аба
базасын мындан ары дагы бекемдерин
билдирген. Кыргызстан министри өз
кезегинде Манас аба майданынан
америкалык аскерлерди чыгаруу боюнча
чечимдер кабыл алынганын маалымдаган.
Кыргызстандын Коргоо министрлигинин
маалымат кызматы сапардын жыйынтыгы
боюнча кийинчерээк маалымат берилерин
билдирди. (AiT)

#49 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 04 February 2014 - 10:30

Кышкы Олимпиада ачылаарына аз
калган Сочидеги жаңы спорттук жана
башка жайлар миңдеген мигранттардын
күчү менен курулду. Далай мигранттар
үчүн Сочи – акча табуу, жаңы иш орду
болуп берсе, дагы миңдеген адам
учурдан пайдаланып, ортодон акча
жасаган шылуун фирмалардын тузагына
илинди.
Эки жыл мурун карызга батып кыйналган
Евгений Подрезов Ростов-на-Донудан
атайлап Сочиге иш издеп барган. Андан
бери 28 жаштагы Евгений карызынан
кутулмак тургай, мурдагыдан да көп карыз
мойнуна илинип, айласы кетип турган чак.
Аны "Сочиде курулушта иштеп, көп акча
табасың" деп азгырып алып барган фирма
бир аз мурдараак банкрот болду деп
жабылып калды. Бул фирма Сочиге
алпарган 108 киши эки жылдай курулушта
иштегени үчүн 305 миллион рублдей
маянасын алалбай убара тартып жаткан кез.
Алар менен чогуу иштеген Роман Кузнецов
Оренбургдан барган, октябрь айында
айлыгымды төлөбөсөңөр өз жанымды кыям
деп коркутуп, оозун ийне-жип менен тигип
алган.
Өзбекстандык жумушчу Бахшыло Бозоров
48 жашта, көп жылдан бери Орусияда
иштеп жан багат. Былтыр жазда Сочиде көп
акча табасың деп ишендирген фирма
аркылуу Олимпиада айылын курууга
киришкен. Эки ай күнүнө 12-13 саат
курулушта иштеп, убада кылынган
айлыктын жарымын гана алган соң, Сочиге
ыраазымын деп баарын таштап баса берген.
Төлөнбөй калган маянасын кайтарып алуу
аракетин баштаганда, жумушка уруксат
берген бардык кагаздары жайында болсо да,
Бахшыло депортация, же көчөдөгү
куугунтуктан чочулап, шашылыш кайра
артка кетүүгө аргасыз болгонун айтат:
- Көп киши депортация болду. Биз менен
иштегендердин көбү күчтөп чыгарылды бул
аймактан. Коркконубуздан көчөгө да чыкпай
калганбыз.
Өткөн сентябрь айында Сочи шаары
жайгашкан Краснодар крайынын
акимчилиги мыйзамсыз мигранттарга каршы
кеңири өнөктүк жарыялап, улутчулдарды
козутуп үймө-үй кыдырып текшерип
баштайт. Бийлик өкүлдөрүн ал рейддер
маалында белине кылычын байланган
жергиликтүү казактар тобу коштоп жүрдү.
Алардын аракети текке кетпей, былтыр жыл
аягында Сочи Олимпиадасына арналган
далай имарат-жайларды курган миңдеген
мигранттар колдору буралган бойдон
полиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, андан
ары аймактан чыгарылды. Алар албетте,
иштеген ишим үчүн айлыгымды ала
элекмин деп суроо-талап койгонго дааган
жок. Дагы бир тобу иштеген жеринде
жашынып, көчөгө чыкпай отуруп калышты.
Сочиде жайгашкан Миграция жана мыйзам
аттуу бейөкмөт уюмдун жетекчиси Семен
Симонов рейддер маалында колго түшкөн
бардык мигранттар күчтөп чыгарылганын
айтат:
- Олимпиада имараттарын курууга келген
миңдеген адамдар аягында ушундай
мамилеге туш болушту. Керектүү жайлар
курулуп бүтөөр замат, жумушчуларды
кубалап чыгара башташты. Далайы эмгек
акысын албай калышты. Бардык
документтери жайында болгон мигранттар
да кысымдан, көчөдөгү кордук,
басмырлоодон качып, баарын таштап
кетүүгө аргасыз болушту.
Сочи Олимпиадасын камдап, спорттук
жайларды жана башка имараттарды курууга
жүздөгөн кыргызстандыктар да катышышты.
Алардын арасында да жасалма фирмаларга
алданып, жумалап жумушсуз отуруп
калгандар болгонун, карызы өсүп, айлыгын
алалбай беймаза болгондо күйүткө чыдабай
өз жанын кыйгандар да болгонун
“Азаттыктан” мурда кабарлаган элек.
Сочи Олимпиадасы албетте, миңдеген
адамдарга акча табууга мүмкүндүк берди,
ошол эле учурда дагы миңдеген адамдарды
кыйын абалда калтырып, кара күчүн бекер
коротуп, аман-эсен кутулганына тобокел
кылууга мажбурлады.
"Эркин Европа/Азаттык"

#50 Jamgyrchy

Jamgyrchy

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1876 билдирүү

Жиберилди 04 February 2014 - 13:55

Сузак районундагы мечеттин кулашынан жабыркагандардын 50дөн ашыгы үйлөрүнө кое берилди.  

 

28117_m.jpg  

 

Бул тууралуу 24 агенттиги, аймактык ооруканынын башкы дарыгери Жеңиш Мамазаировго таянып маалымдайт. Анын айтымында, жалпысынан медициналык жардамга 59 адам кайрылган. Алардын жетөө ооруканага жаткырылып, калганы амбулатордук жардамдан кийин үйлөрүнө жиберилди. Жабыркагандардын колу-буттары сынып, баш мээси чайкалган. Эки адамдын арка омурткасы сынды. Алардын абалы туруктуу деп бааланып, зарыл болсо операция жасалат, дейт Мамазаиров. Эске салсам, Күмүш - Азиз айылында кечээ куран окулуп жатканда мечиттин экинчи кабаты кулап кеткен.


Размещенное изображение

#51 Jamgyrchy

Jamgyrchy

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1876 билдирүү

Жиберилди 04 February 2014 - 13:57

Саруу айылында Каракол-Балыкчы жолу жарым-жартылай ачылды.  

 

28118_m.jpg  

 

Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирет. Учурда Жети-Өгүз районунун жашоочулары жана унаалар акырындап кое берилүүдө. Милиция кызматкерлери митингчилер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Мындан тышкары, жакынкы айылдардан тургундар келип, саруулуктарды тартип жана тынчтыккка чакырууда, дешти ички иштер министрлигинен. Эске салсам, Саруу айылынын жашоочулары былтыркы Жети-Өгүздөгү башалмандыктардын катышуучуларын эркиндикке чыгарууну талап кылууда.


Размещенное изображение

#52 Jamgyrchy

Jamgyrchy

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1876 билдирүү

Жиберилди 04 February 2014 - 13:59

Ошто аял үч баласы менен согуш жүрүп жаткан Сирияга качып кетти.  

 

28120_m.jpg  

 

Аларды издөө боюнча милицияга арызды жолдошу берди, деп маалымдайт Тengrinews, жергиликтүү укук коргоочуларга таянып. Аял 29-январга караган түнү Сирияга кетип жатканын жөнүндө жолдошуна смс жазып, ошол бойдон келген эмес. Эске салсам, буга чейин түштүктө белгисиз топтор кыргызстандыктарды Сириядагы согушка тартып жатканы аныкталган. Былтыр жазында Кызыл-Кыя шаарынын бир нече тургундары учуп кетип, бирөө Ош аэропортунда кармалган. Ал эми быйыл январьда боевиктер тарапта согушкан эки Кыргызстандык жана бир Казакстандык колго түшкөн.


Размещенное изображение

#53 Jamgyrchy

Jamgyrchy

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1876 билдирүү

Жиберилди 04 February 2014 - 14:01

Нарын облусунун жашоочулары ГЭСтин курулушу алдына участокторун бергени үчүн компенсация алууда.  

 

28121_m.jpg  

 

Бул тууралуу регион жетекчисинин биринчи орун басары Эмиль Алымкулов билдирди. Ал түшүндүргөндөй, кеп, ГЭСтин Жогорку Нарын каскадынын курулушу жөнүндө болуп жатат. Долбоорго 242 гектар жер зарыл. Ал эми Орток айылынын 83 үй-бүлөсү бул участокту айыл чарба үчүн мамлекеттен ижарага алган. Алар 2013-жылы пайда көрүүдөн кол жууганы үчүн жалпысынан 10 миллион сомдон ашык акчага компенсация алат, деди Алымкулов.


Размещенное изображение

#54 Jamgyrchy

Jamgyrchy

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1876 билдирүү

Жиберилди 04 February 2014 - 14:02

Бишкек-Ош жолу кыймыл үчүн ачык.  

 

28122_m.jpg  

 

Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министрлиги билдирүүдө. Эске салсам, кечээ трассанын 208-чакырымында кар көчкү жүрүп, ал кечки маал тазаланган. Ошону менен бирге өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүүдө - жааган жана жаай турган жаан-чачындарга байланыштуу, тоолуу автожолдордо кар көчкү жүрүү коркунучу сакталуда. Андыктан айдоочулар транспорт ортосунда 500 метрлик аралыкты сактоосу зарыл.


Размещенное изображение

#55 Jamgyrchy

Jamgyrchy

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1876 билдирүү

Жиберилди 04 February 2014 - 14:06

Пакистан өкмөтү "Талибан" менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрөт. 

 

Пакистандын Өкмөтү шейшембиде “Талибандын” өкүлдөрү менен биринчи сүйлөшүүлөрдү өткөргөн жатат.  

 

140204065253_pakistan_taliban_304x171_ap  

 

Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф кырдаалды тынчтык жол менен жөнгө салууга үмү бар экенин билдирген. Бирок эгер сүйлөшүүлөр максатына жетпей калса, Өкмөт аскердин күчү менен аракет кылышы мүмкүн экени айтылууда.

Пакистандык талибдер өлкөнүн аймагында шариаттын мыйзамы менен жашаган “чыныгы исламдык мамлекет” түзүү үчүн күрөшүүдө.

2013-жылы эле талибдердин кол салууларынан 1200 карапайым адам жана аскер көз жумду.

Пакистандык талибдердин башчысы Хакимулла Мехсуда АКШнын учкучсуз башкарылган аскер учагы менен өлтүрүлгөндөн кийин бул кыймылды Маулана Фазлулла башкарып калды. Ал дайындалгандан кийин талибдер Өкмөт менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө барбай турганын билдиришкен.


Размещенное изображение

#56 Jamgyrchy

Jamgyrchy

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1876 билдирүү

Жиберилди 04 February 2014 - 14:09

Ошто көпүрөнүн курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иш козголду.  

 

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ош шаардык прокуратурасы калаадагы Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн долбоорун жана курулушун жүргүзүүдө жол берилген мыйзам бузууларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери боюнча эки кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка караганда, шаардык мэрия алдындагы тендердик комиссия колунда лицензиясы жок кытайлык “Гуй Суе” деген компанияга жеңишти берип, “Лицензиялоо жөнүндөгү" мыйзамдын талаптарын бузган. Кыргызстандын мыйзамы боюнча курулушту долборлоо иштери милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш.

Ошондой эле Ош шаарынын тендердик башка комиссиясы курулуш иштерин жүргүзүү үчүн тендер өткөрүп, анда да лиценциясы жок кытайлык “Сью Джоу” компаниясын жеңүүчү кылып тандап алган. Шаар прокуратурасы бул жерде дагы “Лицензиялоо жөнүндө” мыйзамдын талаптары бузулуп, натыйжада мамлекетке 12 млн сом зыян келген деп билдирип жатат.


Размещенное изображение

#57 Jamgyrchy

Jamgyrchy

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1876 билдирүү

Жиберилди 04 February 2014 - 14:14

Еврокомиссия: Евробиримдиктеги коррупция "таң калтырат."  

 

140203160922_slovo_corruption_03_02_304x  

 

 

Еврокомиссия Евробиримдиктеги коррупциянын кулачы «таң калтырат» жана ЕБнын экономикаcына жылына 120 млрд. евро зыян алып келүүдө деп билдирүүдө.

Ички саясат боюнча европалык комиссар Сесилия Мальстрем бул темада баяндама жасаардан мурда швециялык Goeteborgs-Posten газетасына макала жарыялап, анда коррупция демократиялык институттарга ишенимди кетирип, легалдуу экономиканы ресурстардан ажыратып, уюшкан кылмыштуулукка жардам берип жатканын эскертти.

Еврокомиссиянын биринчи баяндамасында сурамжылоого катышкан он ишкердин төртөө Европада коррупция ишкерликти өнүктүрүүгө олуттуу тоскоолдук кылып жатканын айтышкан.

Сесилия Мальстрём баяндамасында Евробиримдиктин ар кандай өлкөлөрүндөгү саясий талкууларга карап көргөндө коррупция башка өлкөлөрдүн көйгөйүндөй таасир калтырат, пара алган саясатчылар, чиновниктер жана ишкерлер дегеле чет элде гана бардай көрүнөт деп белгилейт.

А чынында бул Европалык Биримдиктин да көйгөйү, деп белгиледи еврокомиссар. Анын айтымында, коррупция Евробиримдиктин бардык өлкөлөрүндө бар, бирок ар бир өлкөдө анын формасы ар башка.

Жуликтер жана мафиоздор.

"Европадагы проблеманын масштабы таң калтырат, анткен менен Швеция коррупцияга байланышкан кырдаал салыштырмалуу жакшы өлкөлөрдүн катарына кирет", - дейт Мальстрём.

Еврокомиссардын баяндамасына караганда уюшкан кылмыштуулук көп тараган өлкөлөр болуп Болгария, Румыния жана Италия эсептелет, бирок паракорлук жана салык төлөөдөн качуу Евробиримдиктеги бардык өлкөлөргө тараган.


Размещенное изображение

#58 Jamgyrchy

Jamgyrchy

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1876 билдирүү

Жиберилди 04 February 2014 - 14:18

Москвада окуучу мугалим менен полицейди атып өлтүрдү.  

 

140203105253_moscow_shooting_304x171_rtr  

 

Москвада №263 мектепте куралдан ок атып, адамдарды барымтага алган окуучу кармалды. Бул кайгылуу окуяда бир мугалим жана полиция кызматкери курман болду.

Дагы бир полиция кызматкери жаракат алды. Бирок мектеп имаратындагы окуучулардын эч кимиси жабыркаган жок.

Адамдарды барымтага алууга аракет кылган өспүрүм 10-кластын окуучусу, окуунун отличниги. Ал мектепке атасынын куралын алып келип, география мугалими 29 жаштагы Андрей Кирилловду бир нече жолу атып жиберген.

Ал андан кийин жетип келген полицейлерды ата баштаган, натыйжада 38 жаштагы прапорщик Сергей Бушуевди өлтүргөн. Курман болгон мугалим менен полицейдин артында аялы жана балдары калды.

Бул окуя жөнүндө Россиянын президенти Владимир Путин өзүнүн пикирин билдирди, ал өзүнүн сөзүндө эмне үчүндүр Отрадныйда болгон бул инцидентти жаман көркөм табит менен байланышта карады.

"Жаңы муунду жакшы көркөм табит менен тарбиялаш керек, алар театралдык, драматикалык, музыкалык искусствону түшүнө билиши абзел. Эгер бизде бул иш талаптагыдай жасалган болсо, анда бүгүнкү Москвада болгондой кайгылуу окуя мүмкүн болмок эмес,” - деди Путин Псковдо маданият жана искусство боюнча президенттик кеңештин президиумунун жыйынын ачып жатып.  

 

Алтын медалга бараткан.  

 

140204035554_moscow_school_304x171_reute  

 

Би-Би-Синин кабарчысы Олег Болдырев окуя болгон жерден билдиргендей, мугалимдер кармалган окуучунун бир аз кызуу кандуу экенин айтып жатышат. Бирок алар аны мындай ишке түрткөн себептерди билишпейт.

Аталган мектептеги педагогдордун биринин айтымында, “бала абдан жакшы окучу, өзүн тынч алып жүрчү, мектептен сырткары иштерге да катышчу” жана алтын медал ала турган жолдо бараткан.

Ал эми классташтарынын айтымында, анын жакшы окуган отличник экени чын, бирок көп ачылбаган түнт жабык окуучу экен.

География мугалими менен болгон чыр-чатакты класссташтары билишпейт, география мугалими жөнүндө жаман эч нерсе айтышпайт.

Ошол эле учурда укук коргоо органдарындагы булак "Интерфакс" агенттигине окуучунун кылмыштуу аракети география мугалиминен өч алуу максатында болгонун билдирди.

Расмий өкүлү Владимир Маркиндин айтымында, окуучу бала баардыгы мылтыктан он бир ок аткан. Анын ичинен төртөө менен география мугалимин аткан, андан кийин жетип келген полицейлерди ата баштаган.

Окуучу андан кийин класска бекинип алып, классташтарын чыгарбай койгон. Баланын атасы келип, бронежилет кийип алып баласы менен бетме-бет сүйлөшкөнү класска киргенде гана башка окуучулар чыга баштаган. Ата-бала экөө гана калганда спецназ кирип барган.
 


Размещенное изображение

#59 Guest_aote_*

Guest_aote_*
  • Коноктор

Жиберилди 04 February 2014 - 14:59

Rahmat

#60 Jamgyrchy

Jamgyrchy

    Устат

  • Бандагылар
  • PipPipPip
  • 1876 билдирүү

Жиберилди 04 February 2014 - 15:13

http://erkindik.ru/news/show/246/


Размещенное изображение


0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар