Перейти к содержимому


Эркиндик-news.


  • Please log in to reply
темада 129 жооп бар

#121 Leili

Leili

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 107 билдирүү

Жиберилди 20 March 2015 - 12:57

УОК өзүнө лидер кылып Кубанычбек Кадыровту шайлап алды

 

Улуттук оппозициялык кыймылдын (УОК) лидерлигине Кубанычбек Кадыров шайланды. Мындай чечим кечээ, 19-марттын кечинде чогулган жыйында кабыл алынган. Эскерте кетсек, өткөн жумада депутат Равшан Жээнбеков УОКтун лидерлигинен кетип, кадамын ал жаңы, жаш лидерлер келиш керек экендиги менен түшүндүргөн болчу. Ал эми Кадыров "Чындык" партиясынын лидери, оппозициялык саясатчы.

Кошумча: УОК өлкөдө 2 жылдан бери иш алпарып келет. Анын курамына Камчыбек Ташиев, Мелис Мырзакматов, Акматбек Келдибеков сыяктуу саясатчылар киргени менен кийинчерек кыймыл Ташиевди катарынан чыгарган. Акыркы маалыматтарга ылайык, УОК 30-мартта Жалал-Абадда курултай өткөрөт деген кептер бар.



#122 Leili

Leili

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 107 билдирүү

Жиберилди 20 March 2015 - 12:58

Кыргызстанда доллардын баасы 63 сомго кымбаттады

 

Кыргызстанда доллардын баасы 63 сомго кымбаттады. Бул ай ичинде доллардын баасы 2 сомго көтөрүлдү. Бүгүн, 20-мартта борбор калаада долларды 62.85 сомго сатып алып, ал эми сатууга 63.1 сомдон берилүүдө. Доллардын бугу чейинки кунун эске алганда акыркы аптада доллар 1.2 сомго көтөрүлгөн. Ал эми Улуттук банк бүгүн доллардын номиналдуу баасын 62,3125 сомго бекитти. 

Кошумча: Улуттук банктын  бир айлык эс алуусунан кийин валюталык рынокко $24,7 миллион чыккан.



#123 Jalt

Jalt

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2278 билдирүү

Жиберилди 27 April 2015 - 17:36

Президент башына манго ыргыткан аялга үй белек кылды

Венесуэлланын президенти Николас Мадуро башына манго ыргыткан аялга үй белек кылды. Бул тууралуу Лента.Ру булагы жазат.

Белгилүү болгондой, окуя 22-апрель күнү Ансоатеги штатында болуп, анда, президент жаңы транспорт тармагын ачуу аземинде автобусту башкарып бара жаткан учурда болгон. Автобустун терезеси ачык болгондуктан ал Мадуронун башына тийген.

Ошол эле күнү президент эфир аркылуу болгон окуя тууралуу айтып мангодогу жазууну көрсөткөн. Анда, "Мүмкүнчүлүгүң болсо мага чал"-деген жазуу болгон. Маалым болгондой, өзүнүн телефон номурун калтырган айым 54 жашта болгон. Президенттин жардамчылары аны менен байланышканда, аялдын турак-жайга байланыштуу көйгөйү бар экендиги белгилүү болгон. Буга байланыштуу Мадуро "Улуу вазийпа- турак- жай" аталыштагы программанын алкагында аталган айымга үй берүү макулдугун берген.

Ал эми президентке манго ыргыткан айым, жемишти жаман ойдо ыргытпаганын айткан. "Жанымда кагаз жок болгондуктан, колума тийген нерсеге эле жазып ыргыткан болчумун. Акыркы учурда диабет жана гипертония менен жабыркап жүргөм. Үйлүү болуу менин кыялымдагы каалоом болчу"- деп кошумчалаган айым.

 

Кабар Ордо


Нужно всегда улыбаться, кому-то искренне а кому-то на зло.....


#124 Xuligan

Xuligan

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2511 билдирүү

Жиберилди 14 June 2015 - 01:02

Орусиялык операторлор акыркы 1 жылда WhatsApp, Viber, Telegram жана башка мессенджерлердин айынан 20 млдр доллар жоготушкан.

tGX890VdRyk.jpg



#125 KarlygaCh

KarlygaCh

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 583 билдирүү

Жиберилди 16 June 2015 - 21:57

Интернет баракчаларында "Ата Мекен! партиясы"  "Улуттар Биримдиги " партиясы мененишайлоого барат "-дегендей  мааниде жазышыптыр. Эгерде, "Улуттар биримдиги " партиясы "Ата Мекенге "  кошулса Ташиевдей эле Мырзакматовдун  да  оброю  жоголот. Мен түштүктүк болгонум    менен Текебаевди колдобойм, мага окшоп колдобогондор көп. Анткени, Текебаев  эч нерсе жасабады , качан шайлоо жакындаганда 100 пайызга өзгөрдү. Эл тарабында болуп калды,ушундай эки жуздүүлөрдүн айынан Кыргызстанды жоготууга аз калдык. Мырзакматов кантсе да акылы менен болсун да, Артында эли бар эл менен эле боло берсин да, ошондо элдин алкышын алат, депутат болбосо да депутаттардан өйдө авторитети бар.Мырзакматов элге берген , эл үчүн иштеген эмгеги бар , эмгегин билген эли артынан калбай , кайда болсо да атын атап, Мелистин үнүн угузуп, "Мелис" деп ураан чакырып турушат. 



#126 Xuligan

Xuligan

    Устат

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 2511 билдирүү

Жиберилди 11 August 2015 - 17:00

Бишкектик кыз ашыкча эл салган маршруткаларды сотко берди

 

Жибек Орозбекова "маршруттук таксилердеги башаламандык үчүн" өкмөттү сотко бергенин юрист Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, шейшемби күнү саат 15-00дө Орозбекованын арызы Бишкек райондор аралык сотто каралат.

"Ал эл ашыкча салынган маршруткада жүрүүдөн тажап, өкмөттү сотко берди. Маршруткалардагы башаламандык үчүн өкмөт жооп берет экен. Орозбекова Жибек прецеденттер мектебинин стажеру. Ал стажировка маалында маршруттук таксилерге канча киши салуу керектиги боюнча стандарттардын бар-жогун аныктаган", — дейт юрист.

Токтакунов билдиргендей, Орозбекова бул маселе боюнча Транспорт министрлигине, Жол кайгуул кызматына, ИИМге, мэрияга кайрылган. Ал жактан стандарттар бар экенин, бирок кайсы жакта экенин билбей тургандыктарын атышкан.

Адвокаттын айтымында, Орозбекова жолдо жүрүү коопсуздугу боюнча атайын комиссия бар экенин айтат. Ал ченем-укуктук актыны иштеп чыгып жана эреже стандарттарын, техникалык ченемдерди жана башка документтерди даярдашы керек.



#127 Tina

Tina

    Форумчу

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1484 билдирүү
  • ДарегиМаленькая страна)

Жиберилди 16 May 2016 - 21:48

JBoGfo50_wc.jpg

Бул сурот кинодон алынган, фотошоптолгон же эски сурот эмес. 

7 май 2016-жыл., Рэй, Колорадо


Если будешь улыбаться, все мечты начнут сбываться. :)


#128 Mirlan

Mirlan

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 135 билдирүү

Жиберилди 22 May 2016 - 11:30

Агент 007-нин башкы ролун аткарган Дэниел Крэйг, кийинки Агентти аткаруудан жана 100 млн $ гонорардан баш тартты. 



#129 Mirlan

Mirlan

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 135 билдирүү

Жиберилди 25 May 2016 - 19:02

Атамбаев акыркы күндөрү өтө каттуу диванда жатып, эс алып койгонго. Дагы 3 күнгө отпускага кетти. Менин оюмча Турцияга кетсе керееек. :)



#130 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 06 June 2016 - 01:35

Индиялык 25 жаштагы Баблу өз айылын таштап кетүүгө мажбур болгон. Ал гигантизм илдети менен жабыркагандыктан бир колу адаттан тыш чоңоюп, салмагы 20 килограммга жеткен. Туугандары аны жаман жин-шайтандар торуп алган деген ишеним менен Баблудан баш тартышып, үйдөн кууп чыгышкан. Эми ал Мумбайда жаңы жашоо баштоого аракет кылып жүргөн чагы.

0-67-620x333.jpg

1-221-620x348.jpg


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар