Перейти к содержимому


Фото

Нооруз боюнча кеп...


  • Please log in to reply
темада 20 жооп бар

#1 teltaeb

teltaeb

    Студент

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1660 билдирүү
  • facebook:Baitik.teltaeb@facebook.com

Жиберилди 26 January 2014 - 21:51

Нооруз боюнча кеп...
Автор: Чубак ажы Жалилов

.
Айтайын дегеним, бул макала сымал сөзүм мусулмандарга багытталат. Акыйкатты туу тутунган, чыныгы такыба момундарга багышталат. Башка диндегилер, теңирчилер, коммунисттер же жөн эле дин менен иши жокторго тиешеси жок. Ошондой эле өзүн мусулманмын деп, бирок насилинде мусулман боло албаган чалакайымдар да окубай эле коюшса болот.
Бул айтайын деген сөзүм акыйкат, а бирок кеп-сөздөн коркуп, эл эмне дейт деген айыңдан чочуп, кашыктап араң жыйнаган аптарыйкатын чөмүчтөп чачып аламбы деп элтеңдеген молдокелерибиз негедир ушул маселени көтөрбөй келишет. А түгүл ушул жөнүндө шариатта кандай экенин айт десе жаа бою качкандарды да көрдүм. Бирок чындык баарынан улуу.
Канчалык алдамчы сезимге, жалган иллюзияга берилип албайлык, бул түш сыяктуу жалган жашоонун эсесин тартаар, эсебин берээр күн да келет. Ошол күнгө өзүмө азык катары, колумдан келген садакамды чачкан болуп сөзүмдү баштайын... .
Нооруз майрамы жөнүндө сөз болгондо көпчүлүгүбүз мусулмандардын майрамы катарында кабылдап, эч эрөөн- төрөөнү жок эле майрамдап келебиз. Ал эле эмес Муфтийлик аманатта болгон учурумда жакынкы коңшу өлкөлөрүнүн Баш Муфтийинен Нооруз менен куттуктоосу келген. Иран Ислам республикасы Ноорузду мамлекеттик деңгээлде өткөрүп, жер-жерлердеги элчиликтери айт менен куттуктагандай эле куттукташып, бере турган белектерин таппай, алдастап калышат.
Акыйкатты материяда издегендердин акылы көздөрүндө, ал эми көз руханиятта сокур. (Бедиуззаман Саид Нурси)

#2 teltaeb

teltaeb

    Студент

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1660 билдирүү
  • facebook:Baitik.teltaeb@facebook.com

Жиберилди 26 January 2014 - 22:04

Деги эле мусулманчылыкта Нооруз туурасында эмне кеп айтылат?
.
Азирети Имам Насааий "Сунан суграа" (1557) жана Абу Дауд "Сунан" китебинде (1134) сахих иснад менен бул риваятты келтиришет. Анда, Азирети Анастан мындай айтылат:
Пайгамбарыбыз алайхис салам Мадийнага хижрат кылып келген убакта, Мадийналыктардын бир жылда эки күнү бар эле. Мына ошол эки күндү алар оюн-күлкү менен өткөзүшөөр эле. Пайгамбарыбыз алайхис салам алардан сурады: "Бул эмне болгон эки күн?". Алар:"Нааданчылык (Исламга чейинки) доордон бери ушул эки күнү оюн ойноп, көңүл ачабыз!" ,дешти. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтты: "Аллах Таала бул эки майрамыңардын ордун, эки жакшы майрам менен алмаштырды. Алар Курман айт менен Орозоайт".
Хадиске шарх бергенде, Мулла Алий Каары Ханафий Мишкаттыншархы "Миркаатта" (3\293), Мухаммад Идрис Кандехлавий Ханафий"Таьлик ас сабихте" (2\213), Имам Тиибий Шаафеьий" Каашифте" (3\242), Имам Халил Ахмад Сахааранфуурий Ханафий "Базлул мажхудта" (5\247) жалпысынан, дээрлик баары мындай айтышат:
.
· Пайгамбарыбыз алайхис салам Мадийнага келгендеги эки майрамдын алгачкысы "найрууз" (нооруз), экинчиси "михиржаан" майрамдары эле. · Нооруз түпкүлүгүндө перс элдеринин тилинен алынганда "нуу" жаңы, "руз" күн деген маанилерди ичине камтып, жыйынтыгында жаңы күн дегенди туюнтат. Күн менен түн теңелген күнгө айтылып, күн календары боюнча жылдын биринчи күнү деп таанылат. Хижрий жыл эсеби мухаррам айынын биринен, Григорий (мийладий) жыл эсеби январдын биринен башталгандай эле мааниге ээ.
.
· Михиржаан болсо күздөгү күн менен түн теңелген учурга туш келген күндү белгилөө болуп саналган. Ошондой эле аба-ырайынын да орточо болгон, жыл арасындагы суук менен ысыктын так ортосуна туш келгендиги менен да өзгөчөлөнөт.
.
· Байыркы фалсафачылар жогоруда айтылган себептерден улам өздөрүнө майрам катары кабылдаган болуу керек деген божомолдор айтылат. Ошол учурдагы адамдар фалсафачыларынын акыл-эстерин жогору санагандыктан, бул эки күндү майрам катары таанышкан. Пайгамбарлар келгенден кийин фалсафачылардын алып келгендерин жокко чыгарышкан.
.
· Айтылган эки майрам жакшы эмес майрамдар. Чыныгы жакшы майрамдар Курман айт менен Орозо айт майрамы. Кудай Таалам эки жаман майрамдын ордуна эки жакшы майрамды алмаштыргандыгын Пайгамбарыбыз алайхис салам кабар берди.
.
· Нооруз, Михиржан жана башка мусулман эместердин майрамдарын, майрамдоого, аздектөөгө шариатыбыз тыюу салат.[/b]
Хаафиз Ибн Хажар Шаафеьий мындай дейт: "Мына ушундай кемчиликке мисирликтер да туш болуп олтурушат. Себеби көпчүлүк мисирликтер жөөттөр менен тарсалардын майрамдарына шериктеш болушат, Алар майрамдарын кандай таазим кылышкан болсо, булар да ошентишет, ошол күндөрү жасанып кийинишет, жакшы даамддар менен дасторкондорун кооздошот, айтор (ыймансыздар) эмне нерсени аткарса ошол нерселерди аткарышат. (Базлул мажхууд 5\203).
Башкалардын майрамдарын майрамдоонун туура эместигин Имам Ибнул Хааж Мааликий өзүнүн берекелүү эмгеги "Мадхалда" (биринчи томдун аягы, экинчи томдунбашында) кенен баяндаган.
Акыйкатты материяда издегендердин акылы көздөрүндө, ал эми көз руханиятта сокур. (Бедиуззаман Саид Нурси)

#3 teltaeb

teltaeb

    Студент

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1660 билдирүү
  • facebook:Baitik.teltaeb@facebook.com

Жиберилди 26 January 2014 - 22:10

Фыкых аалымдарынын сөзүнө кулак салсак:
.
· Фатаавал Баззаазияда (6\333-334) мындай айтылат:
1. Мажуустардын (отко сыйынгандардын) ноорузуна чыгуу, ошол күнү алар жасаган нерселерди кошо жасап аларга окшошуу, алардын кылык- жоруктарына ылайык болуу – (ыймандан чыгуу). Көбүнчө ошол динде болуп, андан кийин мусулманчылыкты кабыл алгандардан көп кездешет бул сыяктуу окуялар. Алар ошол күнү Нооруз майрамдагандар менен чогуу майрамдашып жүрө берип, (ыймандан чыгып кеткендерин) өздөрү да баамдабай калышат.
.
2. ...Ноорузданооруз урматына бир жумуртканы белекке берсе (ыймандан чыгат). Ал эми нооруз майрамдаган мажуустар ошол күнгө даярдаган даамдарынан мансаптагыларга, тааныш- туунуштарына белекке бере турган болсо, алардын майрамын майрамдашкандай, аларга окшошкондой таризде кабыл алуу арам. А бирок аларга окшошпостон, жөн гана мурдатан алыш-бериш болгонун эстеп, ошол мааниде берген даамдарын алганга уруксат берилет. Ошого карабастан андан сактануу аманчылыкка, ыйман саламатчылыгына жакын.
Мааниси: Ким Нооруз урматына аларга белек берсе алардын майрамын колдогон, аларга көмөк көрсөткөндөй, адашуусуна жол ачып бергендей болот.
.
3. Мусулман пенде Нооруз күнү башка мусулманга белек берсе, ниетинде Ноорузду аздектөө эмес, жөн гана бир туугандык сезим менен, үрпкө айланган (мисалы ай сайын беришип жүргөн болсо) адаты менен берсе, аны менен (ыймандан чыгып кетпейт). А бирок ошол күнү белек беришпегени жакшыраак. (Ыймансыздарга) окшошуп калбоо максатында белек берүүнү андан мурда, же андан кийин ишке ашыргандыгы макул... (МаселеТатаархаанияда да айтылган (5\354).
.
4. Имам Абу Хафстан риваят: "Ким Кудай Таалага элүү жыл ибаадат кылып, андан соң Нооруз күнү келип кээ бир мушриктерге, Нооруздун урматына белек берсе, акыйкатта (ыймандан чыкты)... (Маселе Татаархаанияда да айтылган (5\354).
Акыйкатты материяда издегендердин акылы көздөрүндө, ал эми көз руханиятта сокур. (Бедиуззаман Саид Нурси)

#4 teltaeb

teltaeb

    Студент

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1660 билдирүү
  • facebook:Baitik.teltaeb@facebook.com

Жиберилди 26 January 2014 - 22:15

Фатаавал Базаазия жана анын автору жөнүндө маалымат:
.
Китептин толук аты "Ал Жаамиьул важииз", автордун толук аты "Имам Хафизуддин Мухаммад бин Мухаммад бин Шихааб ал Кардарий Ханафий, Ибн ал Баззааз деген ат менен белгилүү болгон. 827-хижрада акырет сапарына узаган. Аталган китепти Фатаава жана Ваакиьаат китептеринин каймактарын калпып алып, белгилүү китептерден терип жазган. Далили күчтүү маселеге таржих берип жан тартып, ынсаптуулук менен жазылган адеми көркөм китеп. Китепти 812-хижрий жылы жазып бүтүргөн. (Кудайым, менин китептеримди бүтүрүүмдү да насип эткейсиң). Аалымдар айтышат: Бул китеп, маселе таппай карайлаганда, жооп таппай алдастаганда төтөк болчу, кайрылып барчу китеп. Белгилүү Муфтий Абу Суьуудка, "Эмне үчүн зарыл маселелерди чогулпайсыз? Эмне үчүн китеп жазбайсыз?" , деп айтылганда, ал киши " Мен Баззаазиянын авторунан уяламын. Анын китеби турганда кантип китеп жазганга даап кирише алам. Анткени ал урматтуу жана шарапаттуу бир жыйнак китеп, зарыл болгондой маселелердин төрөлөрү камтылган. (Кашфуз зунуун). Китеп менин китепканамда бар, каалоочуларга көрсө болот
Акыйкатты материяда издегендердин акылы көздөрүндө, ал эми көз руханиятта сокур. (Бедиуззаман Саид Нурси)

#5 teltaeb

teltaeb

    Студент

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1660 билдирүү
  • facebook:Baitik.teltaeb@facebook.com

Жиберилди 26 January 2014 - 22:17

Имам Абу Хафс жөнүндө маалыматтар:
.
Ахмад бин Хафс, Абу Хафс Кабиир деген ысым менен белгилүү. Белгилүү имам. Азирети Имам Абу Ханийфанын шакирити Имам Мухаммад бин Хасан Шейбаанийден илим алган. Имам Бухарий экөө замандаш болгон.
· Ал Фатааваат Татаархаанияда (5\354) мындай деп айтылат:
1. "Ал Жаамиь ал Асгарда" айтылат:
"Бир адам Нооруз күнү, мурда-кийин сатыпалбаган нерсесин , мушриктер Ноорузду урматтагандай эле урматтоо ниетинде сатып алса каапыр болот. А бирок жөн гана жегени, ичкени же жөн эле жандын ырахаты үчүн алган болсо эч нерсе эмес.
Акыйкатты материяда издегендердин акылы көздөрүндө, ал эми көз руханиятта сокур. (Бедиуззаман Саид Нурси)

#6 teltaeb

teltaeb

    Студент

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1660 билдирүү
  • facebook:Baitik.teltaeb@facebook.com

Жиберилди 26 January 2014 - 22:40

Ал Фатаава ат Татаархаания жана анын автору жөнүндө маалымат:
Татаархаания китеби "Мухиит Бурхаанийдин" , "Захийранын" , "Хааниянын" , Зохийриянын" маселелерин чогултуп, "Хидаянын" тартибинде жазылган үлкөн эмгек. Китептин негизги аты "Заадус сафар" кээ риваяттарда "Заадул мусаафир" деп наамдалып, кийинчерээк "Татаархаания" деген ат менен белгилүү болгон. Ошол убакта амир болуп Татаар хаан турган, бийликтин эки тизгин бир чылбырын колуна алып, андыктан анын урматына ошентип аталган. Автору Мавлаана Аалим бин Алааь Ал Индарпатий Ханафий. Хижранын 786-жылы акыретке сапар тарткан. (Кашфуз зунуун, Нузхатул хаваатир). Китеп менин китепканамда бар, каалоочулар көрсө болот.
· Хулаасатул фатаавада (4\387) мындай деп айтылат:
1. Нооруз күнү мажуусийлер чогулуп майрамдаганы жаткан жерге мусулман адам келип "Жакшы жорукту (сүннөттү) башташыптыр" деп айтса, каапыр болот.
(Бул маселе Баззаазияда да айтылат 6\333).
Мааниси:Ар бир тандоо баш тартуу деген кеп бар эмеспи. Бул мусулман болгон адамдын тигилердин майрамын "жакшы жорук, жакшы сүннөт" деп айтып жаткандыгысы, Ислам майрамдарын "жаман жорук" деген маанини камтыйт. Андыктан ыймандан чыгат (Мулла Алий каары, Шарх алфаазил куфри 206).
Акыйкатты материяда издегендердин акылы көздөрүндө, ал эми көз руханиятта сокур. (Бедиуззаман Саид Нурси)

#7 teltaeb

teltaeb

    Студент

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1660 билдирүү
  • facebook:Baitik.teltaeb@facebook.com

Жиберилди 26 January 2014 - 22:42

Хулаасатул фатаава жана анын автору жөнүндө маалыматтар:
Автору Таахир бин Ахмад бин Абдурашиид Бухарий Ханафий, Имам, Имамдын уулу, көркөм кулк-мүнөздүү, жакшы адептүү үлкөн аалым. Бухарада хижранын 482-жылы туулуп, Сархаста хижранын 542-жылы Жумаадал уула айында Аллахтын мээримине көчкөн. "Хизаанатул ваакиьаат" жана"Нисааб" китептерин жазып, андан соң ушул эки китебин кыскартып" Хулаасатул фатаава" деген китебин жазган. (Табакаатул ханафийя). Китеп менин китепканамда бар, каалоочулар көрсө болот.
· Аллаама Бадр Ар Рашиид Ханафийдин "Алфаазул Куфр" аттуу китебине Аллаама Мулла Алий Каары Ханафийдин берген шархында (206-208) мындай айтылат:

1. Ким куфур ээлери чогулган жерге Нооруз күнү чогулган болсо, акыйкатта каапыр болду,анткени мына ошол каапырдыкты жарыя кылуу, аларга колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.

Акыйкатты материяда издегендердин акылы көздөрүндө, ал эми көз руханиятта сокур. (Бедиуззаман Саид Нурси)

#8 teltaeb

teltaeb

    Студент

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1660 билдирүү
  • facebook:Baitik.teltaeb@facebook.com

Жиберилди 26 January 2014 - 22:47

Мулла Алий Каары жана китеби жөнүндө маалыматтар:
Имам, Аллаама Абул Хасан Алий бин Султан Мухаммад Каары Харавий, андан соң Маккий Ханафий Нуруддиин. Имам Лакнавийдин айтуусунда хижранын 1014-жылы акырет сапарына Мекке шаарында узап, Маьлаа мазарына коюлган. Ал киши өткөндө Мисир аалымдары чогулуп, Азхар мечитинде жаназа намазын гоиб түрдө окушкан. Хадис жана фыкых илимдеринин тизгинин бирдей кармаган саналуу аалымдардын бири. Китеп Мулла Алий Каарынын акыйда жаатындагы кадыр-барктуу китептеринин бири. Китепти д\Тоййиб бин Умар Хусейин Шанкийтий тахкик кылып, жарыкка чыгарган. Китеп менин китепканамда бар, каалоочулар көрсө болот.
Акыйкатты материяда издегендердин акылы көздөрүндө, ал эми көз руханиятта сокур. (Бедиуззаман Саид Нурси)

#9 teltaeb

teltaeb

    Студент

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1660 билдирүү
  • facebook:Baitik.teltaeb@facebook.com

Жиберилди 26 January 2014 - 22:52

Жыйынтык сөз:
.
Платон менин досум, акыйкат андан жогору турат. Өзүм Ханафий мазхабын карманган болгондуктан, Ханафий аалымдарынын пикирлерин алардын китептеринен берүүнү туура деп таптым.Туура, кээ бирлер мени ушул себептен жаман көрүүсү мүмкүн, жок нерсени айта берет деп да ойлоосу мүмкүн. А балким башка агымдарга таандык деп да айтып жиберүүсү мүмкүн. Андайды көрүп да калбадыкпы? Сөз чынынан бузулбайт. Кудай Тааламдын алдындагы жоопкерчилигимди сезип, болгонун болгондой айттым. Ошого карбастан бир аз жумшагыраак болсун деген таризде уламалардын сөзүндөгү "каапыр болду" деген сөздөрдү "ыймандан четтеди" деген сөз менен түшүндүрүүнү туура деп таптым, жана ага далил катары бул сөздөрдү () кашанын ичине келтирдим.
Кээ бирлер айтуусу мүмкүн: Эмне зыяны бар Нооруздун? Арча түтөткөнү жаманбы? Же сүмөлөк кайнатканы жаманбы? Жөн эле жаз майрамы деп тособерсек болбойбу?
Жооп: Арча түтөтүү шариатыбызда бар. Аны сүннөт деп билебиз. Арча түтөткөн жерден шайтан- шабыр качат, ар кандай оорулар тукум курут болот. Арча түтөтүүнү Ноорузга эле байлаган туура келбейт. Келин келгенде, журт которгондо, конок келгенде кыргыз дайыма эле арча түтөтүп келген. Ал эми сүмөлөк бышыруу түштүк кыргыздарынын, коңшулаш өзбек, тажиктердин, ал эми көжө кайнатуу түндүк кыргыздарынын, коңшулаш казактардын илгертен келе жаткан жазгы үзүмчүлүк тамагы. Андан кыйкым издөөнүн кереги жок. Мекке шаарында жашап жүргөнүбүздө коңшуларыбыз сүмөлөк кайнатчу эле, эч кандай ноорузу жок эле...
Андан сырткары кайсы бир күндү майрам тутунуу, шариатыбыздын бир өкүмүн аткаруу демек. Майрам деп белгилөө Кудай Тааламатаандык жумуш. Аллах Таала Куранда: "Жакшы иштерде бири-бириңерге көмөкчүболгула! Жаман, күнөө иштерде бири-бириңерге жардамчы болбогула!", деп баса белгилейт. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Ким кайсы коомго окшошсо, ал ошол коомдон болот!"
.
Дагы бир жолу айтам, бул сөзүм мусулмандар үчүн айтылган кеп...
.
Урматым менен бир тууганыңар Чубак ажы
Акыйкатты материяда издегендердин акылы көздөрүндө, ал эми көз руханиятта сокур. (Бедиуззаман Саид Нурси)

#10 teltaeb

teltaeb

    Студент

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1660 билдирүү
  • facebook:Baitik.teltaeb@facebook.com

Жиберилди 19 March 2015 - 17:50

Алдыга жылып калсынчы...
Акыйкатты материяда издегендердин акылы көздөрүндө, ал эми көз руханиятта сокур. (Бедиуззаман Саид Нурси)

#11 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 21 March 2015 - 17:25

Нооруздун Исламга тиешеси жок жана Исламдын Ноорузга, аны майрамдагандарга тиешеси жок.


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#12 teltaeb

teltaeb

    Студент

  • Колдонуучулар
  • PipPipPip
  • 1660 билдирүү
  • facebook:Baitik.teltaeb@facebook.com

Жиберилди 04 March 2016 - 22:30

Жакында Нооруз эмеспи...
Акыйкатты материяда издегендердин акылы көздөрүндө, ал эми көз руханиятта сокур. (Бедиуззаман Саид Нурси)

#13 Xatiko

Xatiko

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 125 билдирүү

Жиберилди 05 March 2016 - 00:01

Жакында Нооруз эмеспи...

Урааа, Нооруз, сумолок)))


Жду того, кто никогда не придёт.


#14 MMA_KYRGYZSTAN

MMA_KYRGYZSTAN

    Окурман

  • Бандагылар
  • 28 билдирүү

Жиберилди 09 August 2016 - 17:16

Нооруздун Исламга тиешеси жок жана Исламдын Ноорузга, аны майрамдагандарга тиешеси жок.


Атабабан аткарып келген салтты бузушка кандай акын бар сенин? Эми эле кичине исламды уйронуп, намаз окуп алып баары жокту кыйраткансып "ал жок, бул жок" деп акылдуусуна баштадынар тообо))

#15 Janylka

Janylka

    Устат

  • Модераторлор
  • 6914 билдирүү
  • facebook:Жаныл Султанова
  • ДарегиОш. Алай

Жиберилди 10 August 2016 - 12:46

Атабабан аткарып келген салтты бузушка кандай акын бар сенин? Эми эле кичине исламды уйронуп, намаз окуп алып баары жокту кыйраткансып "ал жок, бул жок" деп акылдуусуна баштадынар тообо))

Ата-бабанын майрамдарын жакшы билип алсаңыз болор эле.


Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут.

Мавлана Жалалиддин Руми


#16 KaGanat

KaGanat

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 30 билдирүү

Жиберилди 16 August 2016 - 22:46

Биз кыргыздар кызык эле калкпыз негизи. Жаны жыл, же 31-декабрь биздин майрам эмес, бирок кимдин майрамы болсо ошолордон да откоруп майрапдап-белгилейбиз. Ноорузда биздин майрам эмес, бул да кимдин майрамы болсо, муну да ошолордон ашырып майрамдап салабыз. Дагы: "Атабабабыздан калган салттык, же уй-булолук майрам" - деп сыймыктанып алганыбызчы))...

#17 Leo

Leo

    Күйөрман

  • Колдонуучулар
  • 675 билдирүү

Жиберилди 17 August 2016 - 10:00

Ким кайсы майрамды майрамдайт ал өзүнүн иши да силердин ишиңер эмне. Болбойт деп айтып койдуңарбы болду да. Өзү билет да акылдуу адам изденет, изденген адам табат. Зачем жумурткадан кыр издеп. Идеалдуу боло албаганыңардан кийин бирөөгө өзүңөрдүн оюңарды таңуулап не кыласыңар.



#18 AALMAZZ

AALMAZZ

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 192 билдирүү

Жиберилди 17 August 2016 - 10:25

Мага майрамдар деги жакпайт майрамдабай эле койсонор болбойбу эч бирин



#19 KaGanat

KaGanat

    Окурман

  • Колдонуучулар
  • 30 билдирүү

Жиберилди 21 August 2016 - 02:13

Ата-бабанын майрамдарын жакшы билип алсаңыз болор эле.


Ошол ата-бабабыздын майрамдарын биле албай аркандай пайдасыз майрамдардан пайда издеп журушотторда))...

#20 Akyikat

Akyikat

    Күйөрман

  • Администраторлор
  • 635 билдирүү

Жиберилди 23 August 2016 - 20:05

Lео, Alen_Dolon

 

Дагы бир ирээт темаларды булгап, темада сырткары сөздөрдү жазып, тартип бузсаңар эскертүүсүз эле түбөлүктүү сайттан четтетилесиңер!


Эркиндик - мейкиндик алкагында !



0 колдонуучу бул теманы окуп жатат

0 колдонуучулар, 0 коноктор, 0 жашыруун колдонуучулар